Загрузка документа…
АК – ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12- июлу № 7
“Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо жана муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жонундогу типтүү ЖОБО жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынчы башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агентигинин
06.04.2018-жылы № 01-18/41 буйругу менен жактырылган муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү ЖОБО жана муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндөгү типтүү ЖОБОго таянып, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-абзацын аткаруу максатында Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынчы башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин
06.04.2018-жылы №01-18/41 буйругу менен жактырылган ЖОБО.
а) Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү ЖОБО №1 тиркемеге ылайык жактырылсын.
2.Жактырылган жобонун белгиленген тартипте аткаруу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн муниципалдык менчикти башкаруу комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин төрагасын орун басары Н.Абдикеримовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Имаров |
БЕКИТЕМИН:
Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык
кеңешинин төрагасы:_________ А.Имаров.
“12” 07. 2018-ж.
№ 7 токтомуна 1-тиркеме
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү ЖОБО
1. Бул жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды (мындан ары - мүлк) эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
2. Бул жобо төмөнкү муниципалдык менчиктеги мүлккө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, белгиленген тартипте сатууга, башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлккө карата колдонулат:
- курулушу бүтө элек обекттер;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган, атап айтканда курулушка, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон, авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.
3. Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жарабай калуу;
- аны эксплуатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.
4. Негизги каражаттар обөекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгаша, мындай обөектти таанууну токтотуудан улам болгон пайдага же чыгашага милдетүү түрдө киргизүүгө тийиш.
5. Негизги каражаттар обөекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгашасы, эгер мындайлар бар болсо, эсептен чыгаруудан түшкөн таза кирешелер менен бул обөекттин баланстык наркынын айырмасы катары аныкталат.
6. Негизги каражаттардын жарабай калуусу жергиликтүү кеңеш кабыл алган жободо белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тарабынан жүргүзүлөт.
7. Баланстан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылышы мүмкүн:
а) физикалык эскирүүнүн, авариянын, табигый кырсыктардын, эксплуатациялоо шарттарынын бузулушунун натыйжасынан улам пайдаланууга жараксыз абалга келгендер;
б) моралдык жактан эскирген;
в) мекеменин, уюмдун жана башка обөекттердин курулушуна, кеңейишине, реконструкцияланышына жана техникалык кайра жабдылышына байланыштыруу.
Ошол эле учурда негизги каражаттарды калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон учурларда эсептен чыгарууга жатат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары негизги каражаттарды баланстан чыгаруу негизги каражаттардын бирдиктеринин наркына карабастан жүргүзүлөт.
9. Негизги каражаттардын пайдаланууга жараксыздыгын, аларды калыбына келтирүү, оңдоого мүмкүн эместигин жана натыйжасыздыгын аныктоо, ошондой эле негизги каражаттарды эсептен чыгарууга зарыл болгон документтерди тариздөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын буйругу менен туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү курамда түзүлөт:
- жетекчи жана анын орун басары (комиссиянын төрагасы);
- башкы бухгалтер;
- негизги каражаттардын эсеп жүргүзүүсү жана жоопкерчилиги жүктөлгөн жак;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын инженердик, техникалык, технологиялык, курулуш, экономикалык жана башка кызматтардын кызматкерлери;
- жергиликтүү кеңештин өкүлү;
- жергиликтүү жамааттын өкүлү.
10. Туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү иштерди ишке ашырат:
а) эсептен чыгарууга жаткан обөекттиге түздөн-түз кароону жүргүзөт, ошондой эле учурда зарыл болгон техникалык документтерди (паспорт, кабаттар боюнча планды жана башка документтерди), ошондой эле бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтарын пайдаланат жана анын жарактуулугун калыбына келтирүүнү жана андан ары колдонууну белгилейт;
б) зарыл болгон учурларда негизги каражаттардын (атайын аппаратура же жабдуу боюнча) жараксыздыгы жөнүндө корутундуну берүү үчүн тиешелүү түзүмдөрдүн адистердин же көз карандысыз эксперттерди чакыра алат;
в) обөекттини эсептен чыгаруунун конкреттүү себептери (эскирүү, реконструкциялоо, эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарынын бузулушу, авариялар жана башкалар) белгиленет;
г) эксплуатациялоодон негизги каражаттардын мөөнөтүнөн мурда жарабай калышына күнөөлүү болгон адамдарды табат жана бул адамдарды колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
д) эсептен чыгарылуучу обөекттин өзүнчө түйүндөрүн, деталдарын, материалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктайт жана аларды баалоону жүргүзөт;
е) эсептен чыгарылуучу негизги каражаттардан жарактуу түйүндөрдү, деталдарды, материалдарды, түстүү жана баалуу металлдарды алууну контролдоону жүргүзөт, алардын сапатын, салмагын аныктайт жана алардын тийиштүү кампага берилишин көзөмөлдөйт;
ж) негизги каражаттардын айрым обөекттерин эсептен чыгарууга төмөнкү актыларды түзөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт (форма НК-1);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө акт (тиркелген форма НК-2 ылайык).
11. Негизги каражаттарды эсептен чыгарууга комиссия тарабынан түзүлгөн актылар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчысы тарабынан бекитилет.
12. Колдонуудагы обөекттерди жаңы курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу жабдуу эсептен чыгарылган учурларда комиссия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген колдонуудагы обөекттерди кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык кайра жабдуу планында каралган эсептен чыгарууга берилген жабдууга шайкештигин текшерүүгө жана актыга аларды эсептен чыгарууга пунктка жана план бекитилген датага шилтеме берүүгө тийиш.
13. Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын обөекттерин мүнөздөөчү төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: обөект жасалган же курулган жыл, анын мекемеге келип түшкөн дата, эксплуатацияга берилген убакыт, обөекттин алгачкы наркы (жаңы баалангандар үчүн – калыбына келтирүү), бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтары боюнча эсептелген амортизациянын суммасы жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны. Негизги каражаттардын обьектинин жарактан чыгуу себептери, анын негизги бөлүктөрүнүн, деталдарынын, түйүндөрүнүн, конструктивдик элементтеринин абалы да толугу менен чагылдырылат.
14. Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарын эсептен чыгарууда автомобилдин канча жүргөндүгү көрсөтүлөт жана автомобилдин агрегаттарына жана деталдарына жана аны ажыратуудан алынган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгүнө техникалык мүнөздөмө берилет.
15. Авариянын натыйжасында жарактан чыккан негизги каражаттарды баланстан чыгарууда авария жөнүндө актыга эсептен чыгаруу жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле аварияга түрткү болгон себептер такталат жана күнөөлүү адамдарга карата алынган чаралар көрсөтүлөт.
16. Көчүрүүчү, компьютердик техниканы, байланыш каражаттарын баланстан чыгарууда техникалык экспертизалоо жана ажыратуудан алына турган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө актылардын көчүрмөлөрү тиркелет.
17. Ажыратылган жана демонтаждалган жабдуулардын башка машиналарды оңдоого жарактуу бардык деталдары, түйүндөрү жана агрегаттары, ошондой эле негизги каражаттарды жоюудан алынган башка материалдар тийиштүү эсептерге кириштелет, аталган баалуулуктар эске алынат, ал эми жараксыз деталдар жана материалдар экинчи чийки зат катары кириштелет.
Ошол эле учурда кара, түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу жана эсептен чыгаруу, ошондой эле чийки затты утилдештирүү алгачкы чийки зат, материал жана даяр продукция үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
18. Баалуу металдарды колдонуу менен даярдалган деталдар жана түйүндөр, ошондой эле кара жана түстүү металлдардан жасалган жана мекеменин керектөөсү үчүн пайдаланылбаган деталдар жана түйүндөр иштин мындай түрүнө лицензиясы бар тийиштүү уюмдарга сатылууга жатат.
19. Эсептен чыгарылган негизги каражаттардан алынган жана кайталап пайдаланууга жарабаган экинчи чийки зат сатылышы мүмкүн. Сатуудан түшкөн акча каражаттар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.
20. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жергиликтүү кеңеш бекиткен Жобонун негизинде мүлктү эсептен чыгаруунун процедурасын сактоосун камсыз кылат жана уюштурат.
21. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн компетенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Жобонун талаптарын сактоосун камсыз кылат жана акча каражаттарды максаттуу жумшоосун көзөмөлдөйт.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жергиликтүү кеңешке туура эмес маалыматты камтыган документтерди бергендиги үчүн жооп берет.
Катчы | У.Маткалыкова |