Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 28/2
“Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2017-2018-2019-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө”
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджеттин түзүлүшүн бекитүү жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана ФЭБнүн башчысы-Т.Таласбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин көлөмү киреше булактары төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жергиликтүү бюджеттин жалпысы 1952.6(Бир милион тогуз жүз элүү эки мин алты жүз )сом тендөөчү грант 4524.7(төрт милион беш жүз жыйырма төрт мин жети жүз )сом жалпысы 6477.3 (Алты милион төрт жүз жетимиш жети мин үч жүз)сом суммасы кабыл алынсын
2.Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2018-2019 жылдардагы жергиликтүү бюджетинин трансфертинин болжолдуу көлөмү кабыл алынсын
3.Кара-Жыгач айылдык өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү кабыл алынсын
4.Республикалык бюджеттен берилүүчү тендөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга каралып калган акча каражаты башка түрдүү статьяларга жумшалсын.
5.Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарын ар бир түрү боюнча ай сайын аткарууну айыл өкмөтүнүн салык инспекторуна милдеттендирилсин.
6.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамдык 21-статьясына ылайык, жалпы жылдык бюджетинин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1%ге чейинки же болбосо 63.6(алтымыш үч мин алты жүз)сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резерфдик фонду болуп бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын 2013-жылкы 8-июль №403 токтомуна негиз айыл өкмөтүнө статүс алган айылдарга 5(беш) айыл башчыга жана 2(эки) аскер кызматкери жетектөөчу адистин денгелинде калган штат бирдиктер менен жалпысы 21 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Кара-Жыгач айылдык өкмөтүнүн 2017- жылга жүгүртүлүүчү накталай акча каражатына185.6(бир жүз сексен беш мин алты жүз) сом бөлүнүп берилсин.
9.Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөтүнүн буйргунун негизинде жүргүзүлсүн.
10. Жогоруда аныкталган жергиликтүү бюджеттин өзгөрүүлөрү жана аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине квартал сайын билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Т. Таласбаевге милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү айылдык кенештин сессиясына сунуштоо жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбеков |