Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 7/3
“Кара-Жыгач айылынын тургуну Кызыл-Туу орденинин ээси-Көкчө Жанузаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө”
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер, курулуш,архитектура, айыл чарба экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 токтомунун негизинде Көкчө Жанузаковдун ысымын тубөлуккө калтыруу максатында көчөнүн атын ыйгаруу 2021-жылдын 1-январына чейин убактылуу токтотулсун.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер, курулуш,архитектура, айыл чарба ,экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |