Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 3
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, аймактык коомдук өз алдынча башкарууну мындан ары өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында, Кара-Балта шаардык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин «Кара-Балта шаарынын үй комитеттери жөнүндө Жобону бекитүү” жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. «Кара-Балта шаарынын үй комитеттери жөнүндө» Жобо, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2004-жылдын 10 декабрындагы № 1 «Кара-Балта шаарынын үй комитети жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиякомиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Аалыев |
Кара-Балта шаардык
кеңешинин 2018-жылдын
9-августундагы №3 Токтомуна
Тиркеме №1
«Кара-Балта шаарынын үй комитети жөнүндө»
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. «Үй комитети жөнүндөгү» бул Жобо (мындан ары – Жобо) көп кабаттуу курулуштардагы көп батирлүү үйлөрдөгү үй комитеттеринин ишмердүүлүк чөйрөсүн, негизги укуктарын, аларды негиздөө тартиптерин аныктайт.
1.2. Комитет үй жашоочуларынын атынан түздөн-түз үй жашоочуларына катыштуу маселелерди чечүүгө катышат жана коомдук негизде иш алып барат.
1.3. Комитет жашоочуларды бардык формадагы менчик турак фондусунун бүтүндүгүн жана өз убагында ремонттоп турууну камсыздоо үчун жашоочулардын кеңири катмарын тартуу максатында иш алып барат, ошондой эле үйлөрдүн айланасындагы аймактарды, жашылдандыруу объектилерин, кичи архитектуралык формаларды, спорттук курулуштарды кароо, көрктөндүрүү, жана үй жашоочуларын муктаждыктарын канагаттандырууга байланышкан иш чараларды өткөрүү, турак-жай жаатындагы социалдык маселелерди биргелешип чечүү, жашоочулар ортосундагы достук мамилени өнүктүрүү, жашоого ыңгайлуу чөйрөнү түзүү боюнча иш жүргүзөт.
1.4. Комитет өз ишин алып барууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларын жана Жобону негиз кылып алат.
1.5. Уюштуруу формасы боюнча үй комитети юридикалык тарап болуп эсептелет, банкта эсеби жана өзүнүн мөөрүнө ээ.
2. Үй комитеттерин негиздөө тартиби
2.1. Комитет үй жашоочуларынын арасынан жалпы жыйында тандоо жолу менен түзүлөт.
2.2. Комитеттин төрагасы комитеттин мүчөлөрүнүн арасынан биринчи жыйында шайланат.
2.3. Комитеттин биринчи жыйыны кеминде үч жашоочудан турган демилгечи топ тарабынан чакырылат.
2.4. Жыйындын протоколу жыйындын төрагасы жана катчысы тарабынан бекитилет. Протокол тиешелүү күбөлүк берүүгө негиз болуп саналат.
3. Үй комитетинин иш алып баруу чөйрөсү жана негизги укуктары
3.1. Комитет өз милдеттерин жана максаттарын ишке ашыруу үчун төмөнкү укуктарга ээ:
• жашоочулардын, коомдук уюмдардын жана юридикалык тараптардын ыктыярдуу салымдарынын эсебинен топтомо фонд түзүп, кийин ал каражаттарды турак жай фондун кароого жана эксплуатациясына жумшоого;
• ремонт иштерин жана үйдүн айланасындагы аймактарды көркктөндүрүү иштерин аткаруучу топторду түзүүгө жана ишмердүүлүгүнө өз ресурстары менен катышууга;
3.1.1. Социалдык инфраструктураны, турак-жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүүгө, коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого багытталган иш чараларды өткөрүү үчүн үй жашоочуларын уюштурууга.
3.1.2. Төмөнкүлөргө коомдук көзөмөл жүргүзөт:
• турак-жайдын техникалык эксплуатациялык нормалары менен эрежелеринин жашочулар тарабынан сакталышына;
• турак-жай фондун сактоого;
• батирлердин кайра пландалышына;
• турак-жай фондунун турак эмес имаратка тиешелүү чечимдер менен бекитилген документтердин негизинде өткөрүлүшүнө;
• үй айланасындагы аймактардын абалына;
Турак-жай-коммуналдык кызматтардын сапатына жана аткарылган көлөмүнө;
3.1.3. Үйдү, подъездди, көчөлөрдү, жанаша аймактардагы көрктөндүрүү объектилерин, жылуулук тармактарын, электр энергия берүү тармактарын, газ, суу, канализация тармактарын пландалган негизде сезондук жана ремонт иштеринин аткарылган көлөмүн аныктоо максатындагы кароо-текшерүү боюнча комиссиянын ишине катышат.
3.1.4. Жылуулук, электр энергиясынын, газ жана суу жоготууларын азайтууга арналган иш чараларга катышат.
3.1.5. Подъезддердеги сырткы эшиктердин бүтүндүгүнө жана жылууланганына, жылуулук берүү жабдууларына, подъезддердеги, жер төлөлөрдөгү жана сырттагы жарыктандыруу тармактарына, радио жана телефон байланыштарынын, телевизиондук антенналардын, почта кутучаларынын бүтүндүгүнө, лифттердин, инженердик жабдыктардын абалына, подъезддердин, жер төлө, үй айланасындагы аймактардын тазалыгына, таштандылардын өз убагында чыгарылышына, чатырдын бүтүндүгүнө, суу түтүктөрүнүн, жаан суулары аккычтардын талаптагыдай абалда болушуна.
3.1.6. Жашоочуларга мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына, турак-жай эксплуатациялык жана башка уюмдарга кайрылуу жасаганга көмөк көрсөтүү.
3.1.7. Жашоочуларды алардын макулдугу менен тазалоо, көрктөндүрүү, бак-дарактарды багуу, жашылдандыруу, спорттук курулмаларды куруу жана сактоо, балдар аянтчаларын, эс алуу жайларын, кичи архитектуралык формаларды, иттерди сейилдетүү аянтчаларын куруу жана багуу боюнча коомдук иштерге катышуусун уюштуруу.
3.1.8. Жашоочулар менен бирге подъезддерди, жер төлөлөрдү, балкон, лоджия, үй айланасындагы аймакты үлгүлүү абалда кармоо боюнча иш алып барат.
3.1.9. Кызмат адамдары менен биргеликте жана жашоочулардын макулдугу менен турак жайлардын техникалык абалына жана санитардык абалына кароо жүргузөт, батирлердеги коомдук тартипти бузуу көрүнүштөрүн жоюу боюнча чараларды көрөт. Жергиликтүү бийлик органдарына узак убакыт бою эч ким жашабаган батирлер туурасында маалымат берет. Калктын ит, мышык жана башка үй жаныбарлары боюнча каттоо жүргузөт. Селсаяк итерди кармоо боюнча арыз берет.
3.1.10. Батирлердин жашоочуларынын ортосундагы бир нече үй-бүлө жашаган батирлердеги жалпы пайдалануудагы жайларды колдонуу жана аларды тазалоого жана коммуналдык кызмат акыларын бөлүп төлөөгө байланышкан чыр-чатактарды чечүүгө катыша алат.
Бир подъездде, үйдө, көчөдө жашоочулардын ортосунда жакшы коңшулук мамиле орнотуу боюнча өбөлгө түзөт. Өз укуктарынын алкагында жашоочулардын кайрылуусун карайт, зарыл болгон учурларда материалдарды тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик, муниципалдык органдарга жөнөтөт.
3.1.11. Аймактык инспектор менен дайыма байланышты кармайт. Зарыл болгон учурларда укук коргоо органдарына коомдук тартипти, паспорттук режимди бузуу фактылары туурасында маалымат берет. Укук коргоо органдары менен биргеликте, өзгөчө бир учурларда үй жашоочуларынын коомдук тартипти сактоого катышуусун уюштурат.
3.1.12. Турак-жай фондун кароону жакшыртууга багытталган жашоочулар ортосундагы жарыш-сынактарды уюштурат. Турак-жай фондун мыкты караган үлгүлүү жашоочуларды, жашаган жери боюнча коомдук иштерге активдүү катышкандарды сыйлыкка көрсөтөт.
3.1.13. Шаардын билим берүү мекемелерине массалык-спорттук иштерди өнүктрүүгө, тарбия, балдардын бош убактыларын туура өткөрүүнү уюштурууга көмөк корсөтөт, балдардын кароосуз калган фактыларына, коомдук тартиптке каршы жүрүм-турумдарына жана ата-энелердин балдарын тарбиялоо маселесине кайдыгер мамлелерине көңүл бурат, жүрүм-туруму начар үй-бүлөлөр менен өспүрүмдөрдү тарбиялоо иштерин жүргүзөт.
3.1.14. Саламаттыкты сактоо мекемелери жана санитардык кызматтарга профилактикалык жана эпидемияга каршы иш чараларды өткөрүүгө жардам берет, өрт коопсуздугу боюнча органдарга батирлердин, жалпы пайдалануудагы жайлардын, коммуналдык объектилердин өрт коопсуздугу боюнча абалдарын камсыздоого көмөк көрсөтөт.
3.1.15. Жарнама тактасынын абалына жана бүтүндүгүнө көз салат жана ага тиешелүү материалдарды жайгаштырат. Мүмкүнчүлүккө жараша жашоочуларга коммуналдык кызматтардын үзгүлтүккө учурашы же башка турак-жай-коммуналдык чарбага байланыштуу маанилүү маселелер туурасында кабар берет.
3.1.16. Шаар депутаттарына калк менен жолугушуусуна, жарандарды кабыл алуусуна, участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмесин түзүүгө жана толуктоого, ден соолугуна же башка себептерге байланыштуу шайлоо участкасына бара албай турган жарандарды аныктоого көмөк көрсөтөт.
4. Үй комитеттин экономикалык ишмердүүлүгү
4. 1. Үй комитети юридикалык тарап болуп эсептелет жана жашоочулардын атынан өзүнүн жеке каражаттарына жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан берилген мүлкүнө же башка субъектилерге, ошондой эле жеке каражатына алынган же түзүлгөн мүлккө ээлик кыла алат.
4.2. Үй жашоочуларынын жыйыны мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, алардын структуралык бөлүмдөрүнүн мүлктөрүн жана башка үйдун жашоочуларынын коммуналдык-тиричилик жана социалдык-маданий муктаждыктарын камсыздоо үчүн маанилүү болгон мүлктөрдү алардын менчигине өткөрүп берүү же сатуу боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу.
4.3. Мүлктөрдү өткөрүп берүү, сатуу, сатып алуу тартиби жана бекер негизде пайдаланууга же менчикке берилген мүлктөрдүн тизмеси жалпы жыйында чечилет.
5. Үй комитетинин финансылык ресурстары
5.1. Үй комитетинин финансылык ресурстарыал юридикалык тарап болгондуктан, өзүнүн жеке каражаттарынан, карыз алынган каражаттардан, ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан белгилүү бир максаттар үчүн берилген бюджеттик каражаттардан турат.
5.2. Жеке финансылык ресурстар жашоочулардын өзүлөрүнүн каражаттарынан, ыктыярдуу салымдарынан, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын кайрымдуулуктарынан жана башка каражаттардан тузүлөт.
5.3. Каражаттарды үйдүн муктаждыктарына бөлүштүрүү үй жашоочуларынын жыйынын чечиминин негизинде ишке ашат;
6. Үй комитетинин жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен өз ара карым-катнашы
6.1. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары:
• жашоочуларга турак-жайды, жанаша жайгашкан аймактарды, жалпы пайдалануудагы жайларды өз алдынча эксплуатациялоо жана кароо иштерин алып барууга көмөк көрсөтөт;
• үй комитети жөнүндөгү уставды иштеп чыгууга жана анын андан ары өнүгүшүнө, ийгиликтүү иш алып барышына тиешелүү шарттарды тузүүгө көмөк көрсөтөт;
• үй комитети менен биргелешкен ыйгарым укуктуу чөйрөлөрдү аныктай алат ошондой эле алардын макулдугусуз чечим кабыл алууга болбой турган маселелердин тизмегин беките алат;
• үй комитеттерине жашоого ыңгайлашпаган имараттарды, жалпы пайдалануудагы жайларды, үйдүн айланасындагы аймактарды алар ишмердүүлүктөрүн жүргузүү үчүн өткөрүп берет;
• үй комитеттеринин ишмердүүлүгүн тескейт, аларга уюштуруу жана методикалык жагынан жардам берет;
• үй комитеттери менен келишимдерди түзөт, жашоочулардын жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышына өбөлгө болот;
7. Комитет төрагасынын милдеттери
7.1. Комитет төрагасы комитеттин ишин уюштурат, жыйынды даярдайт, өткөрөт, уюштурат, комитеттин чечимдеринин аткарылышына көзөмөл кылат;
7.1.1. көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн ремонту, карап-багуу иштеринин аткарылышына жана алар боюнча түзүлгөн келишимдердин аткарылышына көзөмөл кылат, көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу актысына кол коет, сапат боюнча нормативдердин бузулушу же көрсөтүлгөн кызматтардын мөөнөттүүлүгү бузулганда, коммуналдык кызматтар көрсөтүлбөгөн учурларда же сапатсыз коммуналдык кызматтар көрсөтүлгөн учурларда актыларга кол коет;
7.1.2. көп батирлүү үйлөрдөгү менчик ээлери берген ишеним каттын негизинде сотто менчик ээсинин өкүлү катары катыша алат;
7.2. Өз алдынча куруп алган курулуштарды, погреб, гараждарды, батирлерди жана жалпы пайдалануудагы жайларды кайра пландоо, жашыл бак-дарактарды кыюу фактыларын аныктап-табууга көмөк көрсөтөт;
7.3. Төраганын укуктары:
7..3.1. Турак жайларды жана жалпы пайдалануудагы жайларды пайдалануу эрежелерин бузган турак-жайга, турак эмес жайларга, кошумча тургузулган курулуш турактарга ээлик кылган, жалдап алган жеке адамдар, юридикалык тараптарга карата коомдук таасир этүү чараларын көрүү.
7.3.2. Үйдү (анын бөлүгүн) жанаша аймактагы объектилерди, жылуулук берүү, электр энергия, газ, суу берүү тармактарын ремонт иштери бүткөрүлгөндөн кийин кабыл алуу боюнча комиссиянын ишине катышуу.
7.3.3. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жана алар менен бирдей категориядагы аз камсыз жарандардын батирлерин ремонттоого жардам көрсөтүү боюнча шаардын өз алдынча башкаруу органдарына, коммуналдык уюмдарга сунуш келтирүү.
Жалгыз бой жана улгайган жарандарга, каза болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө, көп балалуу үй-бүлөлөргө, ата-энесиз калган балдарга жана башка социалдык жактан коргоого муктаж болгондорго жардам көрсөтүү жаатында социалдык коргоо органдары менен байланыш тузүү. Жалгыз жашаган адамдардын каза болгондугу туурасында тиешелүү органдарга маалымат берүү.
7.3.4. Үй жашоочуларын комитет жыйынына же подъезддин (үйдүн) жашоочуларынын жалпы жыйынына чакыруу.
7.3.5. Өз ишинде турак-жай-эксплуатациялык уюмдар менен кызматташуу, аракеттенүү.
7.3.6. Подъезддин (үйдүн) жашоочуларынын жалпы жыйынына катышуу.
7.4. Комитет төрагасы жыл сайын жашоочулардын алдында жалпы жыйында комитеттин иши боюнча отчет берет жана эки жылда бир жолу шайланат.
8. Комитеттин документациясы комитета
Төрага дайыма төмөнкү документерди жүргүзөт:
8.1. Комитеттин жыйындарынын протоколдорунун журналы.
8.2. Жашоочулардын арыздары жана сунуштарын жана алар боюнча көрүлгөн чараларды каттаган журнал.
8.3. Турак-жай-эксплуатациялык, коммуналдык жана башка уюмдар тарабынан үйдү, коммуналдык курулмаларды, көрктөндүрүү объектилерин, жылуулук берүү жана электр энергиясы, газ, суу берүү тармактарын тейлөө жана ремонт иштеринин аткарылышын каттоо журналы.
8.4. Комитеттин атынан жөнөтүлгөн каттардин экинчи нускасы жана ал кайрылууларга келген жоопторду камтыган папка.
8.5.Ишке керектүү башка материалдар.
8.6. Үй комитеттери “Коммерциялык эмес уюм жөнүндөгү” мыйзамда каралган тартипте каттоодон өтүп юридикалык тарап катары укук ала алат, же мамлекеттик каттоосу жана юридикалык тарап катары укук албай иш алып бара алат.