Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 111
Уч-Терек айылдык кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында «Кapa-Суу» көлүнө «Алатай» жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндөгү Кыргыз Республнкасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы «Кыргыз Республикасынын биологогиялык түрдүүлүгүн сактоонун 2024-жылга чейинки мезгилге карата артыкчылыктары жана Кыргыз Республнкасынын биологиялык түрдүулүгүн сактоонун артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча 2014-2020 -жылдардын иш аракеттери планы жонундогу» № 131 токтомуна ылайык, Кыргыз Республнкасынын окмотуно караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токтой чарбасы мамлекеттик агенттигниин № 01-28/82 2015-жылдын 21 –январында келген катын комитети карал талкуулашып Уч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXIV- сессиясына сунуш кылынып, депутаттардын ойлору томөндөгүдөй айтылды: «Кара-Суу» колүнө мамлекеттик паркын уюштуруу кечиктирилгис маселе экени белгиленди, анткени азыркы учурда Кара-Суу көлүн ар кандай жеке тараптар жеке кызыкчылыгына мыйзамсыз пайдаланууну көздөп жатышканы баарыбызга белгилүү. Ошондуктан көлду жаратылыш паркына берүү менен мындап аркы көлдун суктанарлык кооздугу менен туристтерди тартып пайдалануу Уч-Терек айыл аймагынын элинин келечегине оӊ таасирин берет деген ишенимде ойлор айтылып Уч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Суу участкасынын «Кара-Суу» көлүнө (Алатай» мамлекеттик жаратылыш паркын уюштурууга макулдук берилсин.
2. Кара-Суу участкасындагы «Кара-Суу» көлүнүн иш кагаздарын тактап жана мыйзамга ылайык туура берилишин камсыздоо, Уч-Терек айыл аймагынын өкмотүнүн башчысы Р. Сейдалиевге, жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевге, жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.
3. Кара-Суу участкасынын Кара-Суу көлүн мыйзамсыз учурдагы пайдалапуучуларына катуу чара корүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Уч-Терек айылдык кеңешининин төрагасынын орун басары М. Чолпонкуловго тапшырылсын.
5. Бул токтом wwvv.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндон тартып мыйзамдуу күчүно кирет
6. токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |