Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 131
Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун 2024-жылга чейинки мезгилге карата артыкчылыктары жана Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча 2014-2020-жылдарга карата иш-аракеттер планы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 26-июлундагы Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер: Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун 2024-жылга чейинки мезгилге карата артыкчылыктары жана Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча 2014-2020-жылдарга карата иш-аракеттер планы (мындан ары – Иш-аракеттер планы) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жыл сайын 22-майга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Иш-аракеттер планын ишке ашырууну координацияласын жана мониторингдесин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы токтому менен бекитилген |
Биологиялык түрлөр (мындан ары – биологиялык түрлөр) адамдын жашоосу жана цивилизациянын туруктуу өнүгүшү үчүн керектүү экосистемалардын болушуна зарыл шарттардын түзүлүшүнө негиз болот, социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө, анын ичинде жакырлыкты азайтууга салым кошот.
Биологиялык түрлөрдүн азайышы биотанын бүлүнүшүнө, биосферанын бүтүндүгү жана анын Жердеги тиричилик үчүн зарыл болгон чөйрөнүн өтө маанилүү сапаттарын сактап туруу кудуретинин жок болушуна алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет жана эл аралык укуктун субъекти катары 1996-жылы «Кыргыз Республикасынын Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен 1992-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында кабыл алынган Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга (мындан ары – БАК) кошулган, бул биздин өлкөгө эл аралык шериктештиктин алдында айрым милдеттенмелерди, анын ичинде тиешелүү Артыкчылыктарды жана Аракеттер планын иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу боюнча айрым милдеттерди жүктөйт (БАКнын 6-беренеси).
2010-жылы Япониянын Нагоя шаарында БАКтын тараптарынын 10-конференциясында Биологиялык түрлөрдү сактоо жана туруктуу пайдалануу жагындагы 2011-2020-жылдарга карата стратегиялык план кабыл алынган, ал беш стратегиялык максатты жана 20 маселени (мындан ары – Айти маселелери) камтыйт, алардын багыттары: коргоого алынуучу райондордун системаларынын туруктуулугун арттыруу; продуктулуу ландшафттардын ишинде биологиялык түрлөрдү сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча иштерди интеграциялоо; Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколун ишке ашыруу үчүн потенциалды күчтөндүрүү; генетикалык ресурстарды пайдаланууга жеткиликтүүлүктү жөнгө салууда жана пайдаларды чогуу алууда потенциалды күчтөндүрүү; ошондой эле өбөлгө түзүүчү тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жолу менен БАК боюнча милдеттенмелерди улуттук деңгээлдеги пландоо процесстерине интеграциялоо.
Бул Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун 2024-жылга чейинки мезгилге карата артыкчылыктары (мындан ары – Артыкчылыктар) Кыргыз Республикасынын биологиялык түрлөрдү сактоо жагындагы стратегиясын, программасын, принциптерин жана негизги багыттарын аныктайт. Анын негизинде Аракеттер планы – Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча этаптуу иш-чаралардын комплекстери турмушка ашырылат.
Артыкчылыктар жумушчу жолугушууларда жана тегерек столдордо болгон талкуулардын, даярдалган материалдарды тийиштүү министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жогорку окуу жайлардын (мындан ары – жож), коомчулуктун жана көз каранды эмес эксперттердин катышуусу менен талкуулоолордун натыйжасында иштелип чыкты. Артыкчылыктарды иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча 4-улуттук отчетунун маалыматтары пайдаланылды.
Кыргыз Республикасы Евразиянын борборунда жайгашкан, Борбордук Азиянын ариддик жана экстраариддик түздүктөрү менен курчалып турат жана анын жаратылыш чөйрөсү Жердин Чыгыш жарым шарында Сахарадан тартып Гобиге чейин созулган чөлдүү зонанын катуу таасирине дуушар. Океанга чейинки аралык – 3 миң километрге жакын, бул өлкөдөгү жалпы кургакчылыкты жана климаттын континенталдуулугун аныктайт. Бийиктиктин амплитудасы деңиз деңгээлинен 500 метрден 7134 метрге чейин.
Кыргыз Республикасынын дарыялары Борбордук Азиялык агып чыкпай турган: Арал, Тарим, Ысык-Көл, Балхаш бассейндерине кирет. Жылдык жалпы агым 50 миң км3 жакынды түзөт. Борбордук Азия элдеринин бакубат турмушу дээрлик толугу менен бийик тоолордон башталуучу дарыяларга көз каранды, ал эми дарыялардын жакшы болушу алардын агымы түзүлгөн зонадагы табигый экосистемалардын сакталышына толугу менен байланыштуу.
Кыргыз Республикасынын аймагынын дээрлик 90 пайызы деңиз деңгээлинен 1500 метрден жогору турат. Бул жердин жан-жаныбарларга салыштырмалуу бай болушу деңиз деңгээлинен 7 миң метрге чейинки бийиктикке көтөрүлүп турган жана атмосферанын жогорку катмарларынан ным топтогон Тянь-Шань жана Памир-Алай бийик тоо системасынын болушунун аркасында мүмкүн болууда.
Бийик тоолор бир түрдүү түздүктөрдүн арасында биологиялык ар түрдүүлүктүн аралындай көрүнөт. Кыргыз Республикасынын биологиялык түрлөрүнүн мүнөзү аймактын кыйла бөлүгүнүн бийик экенин чагылдырып турат жана бул жерде тоолуу жана бийик тоолуу түрлөр басымдуулук кылат.
Кыргыз Республикасынын тоо экосистемалары өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын кайталангыс топтолушун сактап турат. Кыргыз Республикасынын аймагы экосистемалык гана эмес, ошондой эле түрдүк деңгээлде биологиялык түрлөрдүн топтолушунун жогорку даражасы менен айырмаланат. Аймактын аянтына карабастан, Кыргыз Республикасы түрлөрдүн кыйла жогорку ар түрдүүлүгүнө – Жердин 0,13 пайыз бетиндеги бардык белгилүү түрлөрдүн 1 пайызга жакынына ээ.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 166га жакын вирус жана бактерия, козукарындын жана башка төмөнкү өсүмдүктөрдүн 3676 түрү, жогорку өсүмдүктөрдүн 3869, жөнөкөй өсүмдүктөрдүн 101 түрү бар, 14600 түрдөгү курт-кумурска жана башка муунак буттуулар, 1,5 миңден ашык башка омурткасыздардын түрлөрү, балыктын 75, жерде-сууда жашоочулардын 4, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 33, канаттуулардын 390, сүт эмүүчүлөрдүн 84 түрү белгилүү. Омурткасыздардын фаунасы али толук белгилүү эмес.
Түрдүк деңгээлде омурткалуу жаныбарлар: балыктар, амфибиялар, сойлоп жүрүүчүлөр, куштар жана сүт эмүүчүлөр кыйла толук жана жетиштүү так изилденген. Алардын бардыгы боюнча тизмелер, маалыматтар (Кыргыз Республикасынын генетикалык фондунун кадастры) жарыяланган. Омурткасыздар бир кылка изилденген эмес. Айрым топтор боюнча кыйла толук тизмелер бар.
Төмөнкү өсүүчү өсүмдүктөрдүн флорасынын белгилүү бөлүгү жетиштүү ишенимдүү аныкталган. Ар кандай топтордо жана республиканын булуң-бурчтарында изилденишинин даражасы 20%дан 90%га чейин өзгөрүп турат.
Түтүктүү өсүмдүктөрдүн флорасы салыштырмалуу толук изилденген. Түрлөрдүн көбүнүн гербарийлик нускалары бар. «Кыргыз ССРинин флорасы» (1965) чыккан учурдан тартып Кыргыз Республикасынын түтүктүү өсүмдүктөрүнүн курамындагы болгон бардык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен алардын тизмеси түзүлгөн, ал Кыргыз Республикасынын түтүктүү өсүмдүктөрүнүн колдо болгон түрдүк курамын алда канча толук эсепке алууга мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө сүт эмүүчүлөрдүн көп түрлөрү – кызыл карышкыр (Cuon alpinus), орто азиялык кундуз (Lutra lutra), жейрен (Gazella subgutturosa) жана тоодак (Otis tarda L.), көркоо шакылдак (Аguita heliaca) сыяктуу канаттуулар дээрлик жолукпайт. Жалтырак мандалак (Tulipa nitida), Островский мандалагы (T. ostrowskiana), кызгылт (T. rosea) мандалактар, жапайы өскөн анар (Punica granatum) жок болуп кетүү чегинде турат. Негизги себеп – чарбалык иштин натыйжасында жашаган жерлеринин бузулушу жана адамдардын жок кылышы.
Боз варан (Varanus griseus), орок тумшук (Ibidorhyncha struthersii), чаар күсөн (Volmella peregusna negans), илбирс (Felis uncia), күрөң аюунун тянь-шандык түрү (Ursus arctos isabellinus) сыяктуу сейрек түрлөр, көптөгөн тар эндемикалык түрлөр, ошондой эле Фергана тоо кыркасынын Ак-Терек коктусунда гана жашаган cирафороидес моллюскасы (Siraphoroides moltschanovi) сыяктуу реликт эндемикалар же Никитина Отостегиясы (Otostegia nikitinae) өсүмдүк реликти өтө коркунучтуу абалда.
Кыргыз Республикасында түрлөрдүн азайышынын олуттуу себептеринин бири – түрлөрдүн жашаган жерлеринин бөлүндү болушу жана жалпы аянтынын азайышы, ошондой эле антропогендик таасирлердин биоценологиялык натыйжалары. Ошол эле учурда экосистемалардын өкүм сүрүшүндө жана алардын туруктуулугунда жаныбарлардын көпчүлүк түрлөрүнүн ролу изилдене элек. Түрлөргө инвентаризация жана мониторинг дайыма жүргүзүлбөйт, негизинен айрым топтор боюнча жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, амфибиялардын 2 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 8 түрү, балыктын 7 түрү, муунак буттуулардын 18 түрү жана жогорку өсүмдүктөрдүн 83 түрү, козукарындын 4 түрү киргизилген.
Адамдын иш-аракетинин натыйжасында айрым түрлөр таптакыр жок болуп кеткен, башкалары жок болуу коркунучунда турат. Ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн фаунасында 3 түр кырылып жок болгон, 15 түр жок болуу коркунучунда турат; канаттуулардын фаунасында 4 түр өлүп жок болду, 26 түрү коркунучта турат; өсүмдүктөрдө жоготуулар азыраак – бир түр гана жок болгон, 56 түр жок болуу коркунучунда турат.
Биологиялык ар түрдүүлүккө ар кандай факторлор, климаттын өзгөрүшү сыяктуу дүйнөлүк факторлор таасир этет, бирок бул факторлордун таасири салыштырмалуу жай жана байкалбайт; өрт сыяктуу ар кандай жаратылыш кырсыктары таасир этет. Биологиялык түрлөргө эң көп таасир эткени – адамдын иш-аракети.
Антропогендик мүнөздөгү факторлордун ичинен биологиялык түрлөргө эң көп коркунуч келтирип жаткандар:
- ар кандай типтеги токойлорду кыюунун браконьердик жана башка түрлөрү;
- мал жаюунун натыйжасында токойдун табигый калыбына келишине тоскоолдук кылуу;
- малды ашыкча жаюунун кесепетинен табигый жайыттардын бузулушу;
- кен казуучу ишканалардын ишинин натыйжасында табигый экосистемалардын участокторунун жок болушу;
- курулуш жана башка муктаждыктар үчүн жерлерди бөлүүнүн натыйжасында токой аянттарынын азайышы;
- дарылык өсүмдүктөрдү ченемсиз көп чогултуу;
- негизги көлмөлөрдө ихтиофаунаны ченемсиз көп уулоо, бул балыктын көп түрлөрүнүн, анын ичинде эндемикалык балыктардын запасынын азайышына алып келүүдө;
- балыктын жат түрлөрүн байыр алдыруу, анын натыйжасында көлмө-суулардагы баалуу өнөр жайлык түрлөрдүн жана эндемиктердин саны азаюуда;
- ири жана орто сүт эмүүчүлөргө браконьердик аңчылык.
Жолдорду, инфраструктураны, шаар куруу түйүндөрүн, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линияларды куруу табигый чөйрөнүн бөлүндүлүгүн пайда кылып, табигый миграциянын жолдорун бузуп жатат жана канаттуулар менен жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн өлүмгө учуроо себептеринин бири болууда.
Эреже катары бийик тоолордо, өзгөчө сезгич жана аялуу экосистемаларда жүргүзүлүүчү кен казуу иши тынчсыздануу факторунун, флора менен фауна жашаган жерлердеги табигый экосистемалардын бузулушунун жана булганышынын булагы болуп жатат.
Биологиялык түрлөрдү сактоо көйгөйүн натыйжалуу чечүү үчүн ар түрдүү кызыкдар тараптардын чөйрөсүнүн: мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, коомчулуктун, жождордун, табигый ресурстарды пайдалануучулардын өздөрүнүн тыгыз кызматташуусу зарыл. Мында жергиликтүү, республикалык жана региондук деңгээлдерде жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жагынан маалымдоо жана экологиялык ой жүгүртүүнү жана маданиятты калыптандыруу маселелерине зор маани берилүүгө тийиш.
Айлана-чөйрөнү коргоо көйгөйлөрүнө заманбап комплекстүү мамиле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (мындан ары – ӨКЖА) тармагын өнүктүрүүнү, Жаратылышты коргоонун эл аралык союзунун (мындан ары – ЖКЭС) Кызыл китебине жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын сейрек түрлөрүн коргоону талап кылат.
Кыргыз Республикасында ӨКЖА тармагын түзгөн ар түрдүү 90 объект уюштурулган, алардын жалпы аянты 1,2 млн. га, бул республиканын аймагынын 6,0%ын түзөт.
Кыргыз Республикасында ӨКЖАнын аянтын кеңейтүүгө карай туруктуу тенденция бар экенине карабастан, азыркы учурда алардагы абал улам начарлап баратат, бул эң жакынкы учурда кыйла баалуу жаратылыш объекттерин жоготууга алып келиши мүмкүн.
Бүгүнкү күндө ӨКЖАнын кыйла актуалдуу көйгөйлөрү төмөнкүдөй:
- айрым учурларда ӨКЖАнын аймагында жана чектеринде калктуу конуштар жайгашкан, алар ӨКЖА менен чырлашуучу кырдаалдарга алып келген чарбалык ишти жүргүзүшөт;
- начар материалдык-техникалык база;
- корук ишин жүргүзүүнүн, биологиялык түрлөрдү мониторингдөөнүн жана баа берүүнүн методологиясы жана ыкмалары эскирген;
- экологиялык туризмди өнүктүрүү механизмдери жок;
- кадрлык потенциал начар;
- заказниктерде жана жаратылыш эстеликтеринде, ошондой эле башка ӨКЖАнын башка категорияларында иштин реалдуу абалы жөнүндө маалымат жок.
Кыргыз Республикасынын фаунасын жана флорасын илимий изилдөөнүн тарыхы бир жарым кылымды камтыйт, түрлөрдүн жарымынан ашыгы соңку жарым кылымда белгилүү болду, бул учурда биота жергиликтүү илимий борборлордун базасында план ченемдүү түрдө изилдене баштады.
Биологиялык түрлөрдүн өзгөрүүсүнүн тенденциялары бир учурда болбогондуктан жана изилдөөлөр жетишсиз болгондуктан өзгөрүүлөрдү көзөмөлгө алуу татаал. Айрым түрлөр бирин-серин табылгалар боюнча белгилүү. Көп сандагы жана мурда кеңири таралган түрлөрдү кошпогондо, түрлөрдүн басымдуу көпчүлүгүнүн ареалдары аныкталган эмес. Айрым райондор боюнча түрлөрдүн толук тизмеси жок.
Кемирүүчүлөр менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкеч курт-кумурскаларынын айрым түрлөрүнүн санын эсепке алуу өткөн кылымдын 20-30-жылдарынан тартып жүргүзүлгөн. ХХ кылымдын 40-жылдарынан тартып аңчылык-өнөр жайлык түрлөрдүн санын эсепке алуу жана геоботаникалык изилдөөлөр дайыма салыштырмалуу жүргүзүлдү. Кийин дары өсүмдүктөрдүн запастарын аныктоо боюнча иштер башталды. Өткөн кылымдын 70-80-жылдарынан тартып көбүнчө Кыргыз Республикасынын Түндүк бөлүгүндө кургак жердеги омурткалуулардын санын масштабдуу эсепке алуу жүргүзүлдү.
20-кылымдын 80-жылдарынын аягында жана 90-жылдарынын башында бул иштер дээрлик токтоп калган. Мониторингдин начардыгынан улам биологиялык түрлөрдүн учурдагы абалы жана өзгөрүү тенденциялары боюнча ишенимдүү маалыматтар иш жүзүндө жок.
Кыргыз Республикасынын тоо экосистемалары өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өзгөчөлүү жамааттарын сактап турат жана маданий өсүмдүктөрдүн өсүү борбору, биологиялык түрлөрдү жана флора менен фаунанын генетикалык фондун сактоочу жай.
Кыргыз Республикасындагы биологиялык түрлөрдүн абалы кыйла даражада экосистемалардын туруктуулугуна байланыштуу. Ар бир биологиялык түр өзүнчө табигый экосистеманын бир бөлүгү болуп саналат жана ушул колдоп турган экосистемадан тышкарыда түр катары сакталууга кудуретсиз. Көпчүлүк учурда биологиялык түрлөрдү сактоодогу көйгөйлөр дал ушул табигый экосистемалардын бузулушу, антропогендик бузулуу менен байланышкан.
Кыргыз Республикасында бузулган экосистемалардын аянты опурталдуу деңгээлге жакындады. Табигый экосистемалар адам жашаган ыңгайлуу чөйрөнү камсыздоонун алмашылгыс факторлору болуп саналат. Алар ар бир экосистемага мүнөздүү түрлөрдүн комплексин сактамайынча ойдогудай өкүм сүрүшү мүмкүн эмес. Түрлөрдүн санынын азайышы экосистемалардын жалпы биологиялык азыктуулугунун төмөндөшүнө гана эмес, ошондой эле ойдогудай экосистеманы калыбына келтирүү мүмкүн эместигине, аны кем экосистема менен алмаштырууга алып келет, жаратылыш чөйрөсүнүн кайра кайткыс бузулушуна жана экологиялык стабилдүүлүктү камсыз кылуу мүмкүн эместигине алып келет.
Кыргыз Республикасында тундралык бийик тоолуу аналогдордон (бийик тоолордогу чөлдөр жана альпика), орто кеңдиктеги токойлордун бөксө тоолуу аналогдорунан тартып талаалардын жана чөлдөрдүн бөксө тоолуу жана жапыз тоолуу аналогдоруна чейин табигый экосистемалардын 20 классы, ошондой эле суу экосистемалары (саздуу, көлдүү, дарыялуу) бар.
Аймактын 10%га жакынын антропогендик экосистемалар ээлейт. Табигый экосистемалар тигил же бул даражада антропогендик таасирге дуушарланган, бул алардын ойдогудай өкүм сүрүшүн жана түрлөрдүн табигый ар түрдүүлүгүн сактоо кудуретин бузуп жатат.
Кыргыз Республикасы токою аз аймактарга кирет, токойлорду негизинен тоолордогу бак-дарактар түзөт, алар кыйла ар түрдүү жана баалуу породаларга бай. Кыргыз Республикасынын токойлорунун 90%га жакыны деңиз деңгээлинен 700 метрден 3500 метрге чейинки бийиктикте турат.
2010-жылдын 1-январындагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын токой өскөн аянты 1,1 млн. гектарды же өлкөнүн жалпы аянтынын 5,61%ын түзөт.
Кыргыз Республикасынын токойлору өзүнүн кайталангыстыгынан жана зор экологиялык маанисинен улам курчап турган чөйрөнүн абалын жөнгө салуунун жана климаттын терс өзгөрүшүн болтурбоонун дүйнөлүк процесстеринде зор мааниге ээ. Тоолордун беттеринде өсүү менен, алар сел жүрүп кетпешине өбөлгө түзөт, тоолордо жер көчкүлөр жана кар көчкүлөр пайда болушуна тоскоолдук кылат, дарыяларда суунун агымын жөнгө салып, аларды жыл бою бир калыпта кармайт. Ошондуктан токойлордун Кыргыз Республикасы үчүн, ошондой эле дыйканчылыгы сугатка негизделген Борбордук Азия үчүн мааниси зор.
Буга байланыштуу республиканын бардык токойлору Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык жаратылышты коргоочу, экологиялык, санитардык-гигиеналык, ден соолукту жакшыртуучу жана башка коргоочу функцияларды аткаруучу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын токойлорун төрт түр: жаңгак-мөмөлүү, карагай, арча жана сай токойлору түзөт.
Табигый экосистемаларга дарыялар, саздар, көлдөр кирет. Алардын ичинен агын суулар алда канча көп таралган. Кыйла ири көлдөр – Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек. Ысык-Көл менен Чатыр-Көл туюк бассейндерден турат.
Саздар анча көп эмес аянтты ээлейт. Өткөн кылымдын экинчи жарымында алардын көпчүлүгү кургатылган.
Биологиялык көз караштан алганда суу экосистемалары көбүнчө өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын түрдүк курамы салыштырмалуу аз болгон аз тоюттуу көлмө-сууларга кирет. Аларда бир катар эндемикалык түрлөр жашайт, бул аларга дүйнөлүк маани берет. Өткөн кылымда Кыргыз Республикасынын көлмө-сууларына балыктын ондон ашык жат түрлөрү коё берилген. Алардын айрымдары жалпы кармалышы аз болгонуна карабастан, өнөр жайлык болуп калды. Мурда балык жашабаган Соң-Көлгө жана Чатыр-Көлгө балык коё берилген, анын натыйжасында көлдөрдүн баштапкы экосистемасы бузулуп, сууда жана суу жээктеринде жашаган куштардын уя салуучу жерлери коркунучка дуушарланды, бул Рамсар конвенциясына кошулуудан келип чыккан өлкөнүн милдеттенмелерине карама-каршы келет.
Талаалар жана жарым чөлдөр деңиз деңгээлинен 500 метрден 1000 метрге чейинки бийиктиктердеги өрөөндүү аймактарда жана тоолордун ортосундагы ойдуңдарда сакталып калган. Алардын аянты чоң эмес жана агроценозго жана урболандшафтка өздөштүрүүдөн улам дайыма азаюуда. Өлкөнүн биологиялык түрлөрүн сактоо үчүн бул экосистемалардын мааниси өтө жогору, анткени флора менен фаунанын талаадагы жана чөлдөгү түрлөрү, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жок болуп бараткандар: чөл өсүмдүктөрү, сойлоп жүрүүчүлөр, куштардын, сүт эмүүчүлөрдүн талаалык түрлөрү ушул экосистемаларда жашайт.
Флоранын жана фаунанын реликт формаларынын элементтери, анын ичинде омурткасыздардын эндемикалык 49 жана өсүмдүктөрдүн 12 түрү бар ботаникалык топтун курамы боюнча бай жаңгак-мөмө токойлорунун экосистемасы Кыргыз Республикасы үчүн кайталангыс болуп саналат. Бул экосистеманын участкалары, ошондой эле карагай-пихта токойлору Чаткал тоо кыркасынын түштүк-чыгыш макро-жылгасында жана Фергана тоо кыркасынын түштүк-батыш макрожылгасында жайгашкан, алардын ичинен Кыргызстанда пихтанын эндемикалык түрү басымдуулардын бири.
Кайталангыс экосистеманын бири – суу-саз экосистемаларына кирген Ысык-Көлдүн экосистемасы саналат. Ысык-Көлгө жат түрлөрдү байыр алдыруу боюнча кеңири масштабдуу иштер башталганга чейин көлдүн ихтиофаунасы балыктын 16 түрүнөн жана ички түрлөрүнөн турган, алардын көпчүлүгү эндемикалык болгон.
Кыргыз Республикасынын генетикалык ресурстары (дары өсүмдүктөр, маданий өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрү ж.б.) өтө бай жана ар түрдүү, бирок жетиштүү изилдене элек. Республиканын аймагында жапайы өскөн флоранын пайдаланылуучу өсүмдүктөрүнүн 1600 түрү өсөт, пайдалуу түрлөрдүн кыйла көп санын бул көп түрлүү тектер камтыйт: Poaceae (дан) – 224 түр, Fabaceae (буурчак) – 222, Asteraceae (астра) – 80, Brassicaceae (капуста) – 73, Rosaceae (роза) – 50, Alliaceae (пияз) – 49 түр, жана башкалар.
Дары өсүмдүктөрдүн 200дөн ашык түрү табылган, алардын ичинде өзгөчө баалуулары: каракол аконити (A. karacolicum), түркстан канбасым (Leonurus turkestanicus), сары чай чөп (Hypericum perforatum), кадимки өз эне-өгөй эне (Tussilago farfara), чычырканактын ашы (Hippophae rhamnoides) жана башкалар.
Республиканын жаратылышы жапайы өскөн, чарбалык мааниси бар өсүмдүктөргө бай. Мындай өсүмдүктөргө төмөнкүлөр кирет: жылаңач кызыл мыя (Glycyrrrhiza glabra), бөрү карагат (Berberis), жалбырагы жок тикендүү телпек (Anabasis aphylla), фергана сүттүү чөп сымалдары (Euphorbia ferganica), кийик оту (ар кандай түрлөрү) (Thymus) жана башкалар.
Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү жаңгак-мөмө токойлору өзгөчө баалуу. Бул жерде ар кандай түрлөр көп жана ошону менен катар жаңгактын, алманын, бадамдын, мистенин, алчанын, алмуруттун жана башкалардын эбегейсиз зор формалык ар түрдүүлүгү бар, бул өз учурунда Н.И.Вавиловго аны маданий мөмө өсүмдүктөрдүн келип чыгуу борборлорунун бирине кошууга мүмкүндүк берген. Ушул өңүттөн алганда массив эбегейсиз зор генофондду сактоочу катары баасы зор.
Кыргыз Республикасында өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын пайдалануу чаржайыт мүнөздө, генетикалык ресурска жеткиликтүүлүктү алуудан тартып түпкү продуктуну иштеп чыкканга чейинки бардык этаптарда аракеттенген тараптардын кызматташтыгынын механизмдери жок, тараптардын ортосунда репродуктивдүү материалды өткөрүп берүү системасы иштелип чыккан эмес, генетикалык сыноолор боюнча изилдөөлөр жүргүзүлбөйт, үрөн питомниктери, ошондой эле өсүмдүк селекциясынын маалымат системасы жана башкалар жок.
Гермоплазманын банкын (гендик банк) түзүү өсүмдүктөрдүн ех-situ генофондун сактоо стратегиясынын маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат. Гермоплазманын банкы ботаникалык бактарда жана арборетумдарда, ошондой эле талаадагы гендик банктарда жана өнүмдөрдүн банктарында тирүү өсүмдүктөрдүн коллекцияларын түзүү системасына интеграциялоо менен генетикалык ресурстарды ишенимдүү сактоо жана туруктуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Гермоплазманын банктарын түзүү зарылдыгы генофондду ботаникалык бактарда сактоонун айрым кемчиликтери бар экенине байланыштуу келип чыгат:
1) тирүү коллекциялар тигил же бул түрдүн геномунун бир аз бөлүгүн гана камтыйт;
2) өстүрүү шарттарында популяцияларда өзү менен өзү чаңдашуу жана окшош түрлөр менен гибриддешүү тобокелдиги бар, бул гендик эрозияга же кала берсе генотиптин өзгөчөлүгүнүн жоголушуна алып келиши мүмкүн.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана табигый ресурстарды, анын ичинде биологиялык түрлөрдү сарамжалдуу пайдалануу жагындагы мамлекеттик саясаттын негиздери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 506 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун концепциясында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 599 «Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралардын 2011-2015-жылдарга карата комплексин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралардын 2011-2015-жылдарга карата комплексинде түптөлгөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгы менен 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы бекитилген, ага туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн айлана-чөйрөнү коргоо маселелери киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 218 «2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программанын долбоорун жактыруу жөнүндө» токтому менен 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программа жактырылган. Бул Программанын артыкчылыктарынын бири болуп өзгөрүп жаткан климаттын шарттарында биологиялык түрлөрдү сактоо жана жаратылыш экосистемаларын калыбына келтирүү саналат.
Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоо жагындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Суу кодекси жана Кыргыз Республикасынын Токой кодекси, Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө» жана башка мыйзамдары менен, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылары биологиялык түрлөрдү сактоо менен байланышкан укуктук мамилелердин кеңири чөйрөсүн жөнгө салат, атап айтканда, аларда чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдер жана талаптар белгиленген, экологиялык укук бузуулардын түрлөрү, жоопкерчилик чаралары жана жоопкерчиликке тартуу тартиби аныкталган, жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартиби, алып коюу ченемдери жана квоталары белгиленген, коргоочу жана калыбына келтирүүчү чаралар каралган.
Алар флоранын жана фаунанын түрлөрүнүн алда канча маанилүү комплекстерин, экосистемаларды жана ландшафттарды табигый туруктуу кайрадан өндүрүү абалына чейин сактоо жана калыбына келтирүү, түрлөрдүн жашоого кудуреттүү популяциясын алардын табигый чөйрөсүндө (in-situ) сактоо жана калыбына келтирүү жана биологиялык ар түрдүүлүктүн компоненттерин алар табигый жашаган жерлерден тышкары жакта (ex-situ) сактоо үчүн негиздерди түзөт.
Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдары биологиялык түрлөрдү сактоо жагынан мамилелерди жөнгө салат, бирок жергиликтүү калктын катышуусунун жана алар биологиялык түрлөрдү сакташынан алуучу пайданын механизмдеринин жоктугунан улам азыркы эл аралык стандарттарга жана талаптарга толук ылайык келбейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын талаптарын жана аларды турмушка ашыруунун социалдык-экономикалык шарттарын эске алуу менен мыйзамдык базаны өркүндөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча ишти жүргүзүп жатат.
Алсак, климаттын глобалдык өзгөрүшү менен байланышкан жаңы көйгөйлөрдү жана маселелерди белгилеп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылдын 2-октябрындагы № 549 «2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын бекиткен, аларда негизги секторлор: суу ресурстары, айыл чарбасы, калктын ден соолугу, климаттык өзгөчө кырдаалдар, токой ресурстары жана биологиялык түрлөр боюнча адаптациялык чаралар каралат.
Мындан тышкары, ак илбирсти сактоо жана санын калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 732 «Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун 2013-2023-жылдарга карата улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө» токтому менен Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун 2013-2023-жылдарга карата улуттук стратегиясын, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 320-б буйругу менен ушул Стратегияны турмушка ашыруу боюнча 2013-2017-жылдарга карата иш-аракеттердин планы бекитилген.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылдын 18-октябрындагы № 569 «Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды жана Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруунун 2013-2017-жылдарга карата иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө» токтому менен Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды жана аларды ишке ашыруунун 2013-2017-жылдарга карата иш-аракеттер планын бекиткен.
Биологиялык түрлөрдү сактоо жагындагы кырдаалды талдоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өнөктөштүк начар экенин, жоопкерчилик так аныкталбаганын көрсөтүп турат, бул экологиялык жактан маанилүү чечимдерди кабыл алууда алардын өз учурунда жана толук өз ара байланышта иштешүүсүнө тоскоолдук кылат.
Тарыхый жактан ушундай түзүлгөн: республикалык деңгээлдеги көпчүлүк түзүмдөр жаратылыш ресурстарын коргоо жана биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча ишке тартылган, бирок бөлөк-бөлөк иштешет. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун иштелип чыккан тармактык стратегиялык документтеринде биологиялык түрлөрдү сактоо маселеси көп учурда эске алынбайт.
Мамлекеттик органдардын жана башка уюмдар менен мекемелердин ортосунда маалыматтарды алмашуу жана өз ара пайдалануу расмий кайрылуулардын жана суроо-талаптардын деңгээлинде өтөт, ошондой эле зарыл болгон учурда айлана-чөйрөнүн абалына жана ага таасир эткен факторлорго өлкөлүк экологиялык баа берүүнү аткаруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүү аркылуу өтөт.
Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча ушул Артыкчылыктарды жана Иш-аракеттер планын турмушка ашырууну координациялоо үчүн Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча координациялык комитетти уюштуруу зарыл.
Ушул Артыкчылыктар Кыргыз Республикасы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенция боюнча алган милдеттенмелерди турмушка ашырууга багытталгандыктан, аларды турмушка ашыруу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү жана тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкреттүү жооптуу адамдар жана бөлүнүштөр белгиленген тиешелүү милдеттенмелерди жүктөө зарыл.
Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде биологиялык түрлөрдү сактоо тармагында атайын адистер даярдалбайт. Республиканын билим берүүсүнүн иштеп жаткан системасында биологиялык түрлөрдү сактоо маселеси «Айлана-чөйрөнү коргоо жана жашоо-турмушту камсыздоо», «Туруктуу өнүктүрүү», «Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу» сыяктуу жана башка сабактарда бар.
Биологиялык түрлөрдү сактоону камсыз кылуу үчүн адамдык ресурстарды өнүктүрүү жагындагы иш айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу маселелери жагынан иштөөчү сектордун адистерин даярдоого гана эмес, ошондой эле адамдын экологиялык дүйнө таануусун, ой жүгүртүүсүн жана маданиятын калыптандырууга да багытталууга тийиш.
Биологиялык түрлөрдү сактоо жагынан квалификациялуу адистерди даярдоого көптөгөн жогорку окуу жайлар: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университети, “Манас” атындагы Кыргыз-Түрк университети, Ош технологиялык университети жана башкалар катышат. Биологиялык түрлөрдү сактоонун илимий саясаты негизинен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий институттарында жана илимдин докторлорун жана кандидаттарын даярдоого катышуучу бир катар жождордо калыптанат.
Кадрларды даярдоодо Кыргыз Республикасында иштеген эл аралык уюмдар чет өлкөлөрдүн илимий мекемелеринде биздин адистердин стажировкасын уюштуруп, ошондой эле биологиялык түрлөрдү сактоо жагынан маалыматты, инновациялык технологияларды жана ыкмаларды алмашуу боюнча эл аралык илимий конференцияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүп кыйла роль ойноп жатышат.
Айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө объективдүү жана ишенимдүү талдоо маалыматтарына мамлекеттик органдардын, ошондой эле кеңири коомчулуктун жеткиликтүүлүгү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-августундагы № 553 «Кыргыз Республикасынын 2006-2011-жылдарда курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук докладды жактыруу тууралуу» токтому менен Кыргыз Республикасынын 2006-2011-жылдарда курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук доклад жактырылган, ал эл аралык стандарттарды жана талаптарды эске алуу менен экологиялык көрсөткүчтөргө негизделген.
Бул Артыкчылыктарды турмушка ашыруу биологиялык түрлөрдүн жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн мааниси жөнүндө элге түшүнүк берүү, анын маалымат алышын жана маалымдар болушун арттыруу үчүн бүткүл топтолгон потенциалды пайдаланууну талап кылат.
БАКтын тараптарынын 10-конференциясында кабыл алынган, Айти милдеттерин камтыган, Биологиялык түрлөрдү сактоо жана туруктуу пайдалануу жагындагы 2011-2020-жылдарга карата стратегиялык планга ылайык ушул Приоритеттердин ролу жогоруда белгиленген Стратегиялык пландын Концепцияларына 2050-жылга карата жетишүү үчүн 2020-жылга карата биологиялык түрлөрдү сактоо жана биологиялык түрлөрдүн жоголушун болтурбоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүүдө турат: биологиялык түрлөр тиешелүү түрдө бааланган, ал сакталып, калыбына келтирилип жана акыл-эстүү колдонулуп, экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана планетанын мыкты абалын колдоп, бүткүл адамзат үчүн зарыл пайданы алып келүүдө.
Артыкчылыктардын негизги максаты туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын биологиялык түрлөрүн сактоону жана сарамжалдуу пайдаланууну көздөйт.
Кыргыз Республикасынын муктаждыктарын жана артыкчылыктарын эске алуу менен бул Артыкчылыктарда төмөнкүдөй 4 стратегиялык максат жана 13 милдет аныкталган.
1-стратегиялык максат: 2020-жылга карата мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын ишинин түзүмүнө калктын жашоо-тиричилигинин жана Кыргыз Республикасынын экономикасын туруктуу өнүктүрүүнүн негизи катары биологиялык түрлөрдү сактоо тематикасын киргизүү.
1.1-милдет: Коомдун жана мамлекеттик органдардын биологиялык түрлөрдү сактоо чөйрөсүндөгү жарандык демилгелерди колдоонун маанилүүлүгүн түшүнүүсүнүн деңгээлин күчөтүү.
Жарандык коомду, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес түзүмдөрдү айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү жагынан маалыматтык камсыздоо көйгөйү соңку жылдары улам актуалдуу болуп баратат.
Бардык кызыкдар жактарды жана максаттуу аудиторияларды маалымдоонун жана биологиялык түрлөрдү сактоо маселесиндеги маалыматтык кампаниялардын натыйжалуулугунун жетишсиздиги азыр актуалдуу болууда. Бул биологиялык түрлөрдү сактоо ишинде негизги тематикалык багыттар боюнча маалыматтын жетишсиздиги, ошондой эле коммуникациялык процесстердин, маалыматтык материалдардын сапатынын төмөндүгү, сапаттуу маалыматтык материалдардын жоктугу, маалымат каналдарын натыйжасыз пайдалануу жана жалпыга маалымдоо каражаттарында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жарыяланып жаткан материалдардын чаржайыттыгы менен байланышкан.
Коомдо жана мамлекеттик органдарда биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча иштин приоритеттери тийиштүү деңгээлде каралбайт. Биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча иш айрым адистешкен мамлекеттик органдын милдети катары каралат. Жарандык коомдун бул тармактагы демилгелери үзүл-кесил жана чаржайыт турмушка ашырылып жатат.
Биологиялык түрлөрдүн сакталышын камсыздоо үчүн адамдык ресурстарды өнүктүрүү жагындагы иш айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча иштеген адистерин даярдоого гана эмес, ошондой эле адамдын экологиялык дүйнө таануусун, ой жүгүртүүсүн жана маданиятын калыптандырууга да багытталууга тийиш.
Негизги чаралар:
биологиялык түрлөр жана экосистемалык кызмат көрсөтүү тематикасын билим берүү программаларына, маданиятка, мамлекеттик пландарга, өнүктүрүү программаларына жана тармактар менен өндүрүштөрдүн бардык чөйрөлөрүндөгү өндүрүштүк процесстерге киргизүү;
өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоодо, анын ичинде генетикалык ресурстарды пайдаланууга негизделген демейки билимдер менен технологияларды колдонуу менен биологиялык түрлөрдүн маанилүүлүгү жана экосистемалык кызмат көрсөтүүнүн ролу жөнүндө калктын маалымдар болушун арттыруу.
биологиялык түрлөрдү жана генетикалык ресурстарды коргоо, чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча жарандык демилгелерди колдоо.
1.2-милдет: Саясаттын, маданияттын, билимдердин жана аракеттердин натыйжалуулугунун ортосундагы шайкештикти камсыздоо.
Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү, анын ичинде биологиялык түрлөрдү жана экосистемаларды сактоо маселесинде шайкеш аракеттерди камсыз кылуу багытында иштеген бир катар институттар (коомдук кеңештер, адистешкен комитеттер жана башкалар) бар. Биологиялык түрлөрдү сактоо жагынан турмушка ашырылып жаткан аракеттер өз ара макулдашылган эмес жана жаратылышты сактоо маданиятынын жана механизмдеринин, топтолгон билимдердин жоктугунан улам жетиштүү натыйжалуу эмес.
Негизги чаралар:
биологиялык түрлөрдү коргоо жана кайрадан калыбына келтирүү жагынан көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун аныктоо; мониторингдик маалыматтардын базасын түзүү жана жүргүзүү;
биологиялык түрлөрдү сактоо жана туруктуу пайдалануу, ӨКЖАны башкаруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине коомчулукту тартуу механизмин иштеп чыгуу.
1.3-милдет: Жаратылышты пайдалануунун бардык чөйрөлөрүндө тиешелүү мониторинг системасын иштеп чыгуу жана биологиялык түрлөргө кысымды кыйла чектөө үчүн биологиялык түрлөрдү сактоо маселесин экономикалык чечимдерге киргизүү.
Кабыл алынып жаткан экономикалык чечимдер биологиялык түрлөрдү сактоо маселелерине тиешеси болот. Бул чечимдер биологиялык түрлөрдү сактоо маселесин калдык принциби боюнча карайт. Жаратылышты пайдалануунун бардык чөйрөлөрүндө тиешелүү контролдоо системасын камсыздоо жана биологиялык түрлөргө кысымды кыйла чектөө механизмдери жок.
Негизги чаралар:
биологиялык түрлөрдү жана экосистемалардын туруктуулугун сактоо көз карашынан алганда кабыл алынып жаткан чечимдерди талдоо боюнча министрликтердин жана административдик ведомстволордун функцияларын аныктоо;
жаратылыш ресурстарын пайдалануунун экологиялык жактан коопсуз ченемдерин жана көлөмдөрүн өркүндөтүү;
биологиялык түрлөр үчүн баалуулуктарды аныктоо менен жерлерге мамлекеттик инвентаризация жүргүзүү;
жаратылыш ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн маалыматтык системаларды киргизүү;
биологиялык түрлөрдүн абалынын мониторинг усулун өркүндөтүү жана бир түргө келтирүү;
айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн эриш-аркак аракеттенүүсүнүн учурдагы системасына талдоо жүргүзүү.
2-стратегиялык максат: Биологиялык түрлөргө оорчулукту азайтуу жана аны туруктуу пайдаланууну стимулдаштыруу
2.1-милдет: Айрыкча аялуу экосистемаларды жана генетикалык ресурстарды сактоо жана калыбына келтирүү, түрлөрдүн жоголушунун, алар жашаган жерлердин бузулушунун жана бөлүндү болушунун темптерин кыйла төмөндөтүү.
Кыргыз Республикасында генетикалык ресурстардын, түрлөрдүн жана экосистемалардын зор көп түрдүүлүгү байкалат, алардын кыйла бөлүгүнө ашыкча оорчулук келүүдө. Биологиялык түрлөргө антропогендик оорчулук жогору. Бир катар табигый экосистемалар түзүмдүк жана көрүнүшү жагынан ушунчалык бузулгандыктан, нормалдуу күрдүүлүккө жана өз алдынча калыбына келүү кудуретин жоготкон. Табигый чөйрөлөрдүн бузулушу жана фрагментациясы, аялуу түрлөрдүн популяциясынын саны жана аянтынын азайышы уланууда, бул аларды туруктуу пайдаланууга мүмкүндүк бербей жатат.
Негизги чаралар:
биологиялык түрлөргө зыян келтирип жаткан жаратылышты пайдалануу субъекттерин тактоо;
экосистемалардын туруктуулугун сактоонун сектордук пландарын, экологиялык таасирге баа берүүнүн жана анын терс таасирин азайтуунун каражаттарын иштеп чыгуу;
балыктын эндемикалык түрлөрүнүн популяциясын туруктуу пайдалануу деңгээлине чейин калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү;
жок болуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдүн импортун же экспортун чектөө системасын Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенциянын (мындан ары – СИТЕС) жоболоруна ылайык өркүндөтүү;
биологиялык түрлөрдү сактоо жагынан ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү.
2.2-милдет: Биологиялык түрлөрдү сактоо чөйрөсүндө башкаруу системасын өркүндөтүү.
Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоо чөйрөсүндө башкаруу системасынын болгонуна карабастан анда жаратылыш процесстеринин динамикасынын жергиликтүү өзгөчөлүгү, жаратылыш менен эриш-аркак мамиледе болуунун маданий салттары жетиштүү эске алынган эмес.
Негизги чаралар:
экосистемаларды жана биологиялык түрлөрдү сактоону жана калыбына келтирүүнү, туризмди, шаардык парктарды жана калктуу конуштардагы жашыл зоналарды мамлекеттик колдоону камсыздоо;
мамлекеттик түзүмдөрдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында функциялык өзгөрүүлөрдүн негизинде жаратылышты коргоочу ченемдик укуктук актыларды талдоо жана кайра карап чыгуу;
генетикалык ресурстар чөйрөсүндөгү саясатты, генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуу жана пайданы биргелешип пайдалануу системасын иштеп чыгуу;
жаныбарлар менен канаттуулардын айрым түрлөрүнүн, анын ичинде жок болуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдүн жана кайтарылган түрлөрдүн санын статистикалык эсепке алуу системасын кайра карап чыгуу;
Биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча координациялык комитеттин иштешин камсыздоо.
2.3-милдет: Инвазивдик бөтөн түрлөрдү артыкчылыктары боюнча, ошондой эле аларды алып келүүнү жана таратууну болтурбоо үчүн аларды интродукциялоо жана орун которуу жолдорун тактоо жана классификациялоо.
Инвазивдик бөтөн түрлөр биологиялык түрлөргө жана экосистемаларга, түрлөр жашаган жана өскөн жерлерге коркунуч келтирип, тикелей экономикалык кесепеттерге дуушарлантып, түшүм жана мал чарба продукциясын өндүрүү азаят, балык чарбасына жана башкаларга таасирин тийгизет.
Кыргыз Республикасында инвазивдик бөтөн түрлөрдүн (зыянкечтер, ооруну козгогучтар жана отоолор) таралышына түрткү берген негизги фактор болуп өлкөлөрдүн ортосундагы соодалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштардын кеңейиши жана туризмдин өнүгүүсү эсептелет.
Республикада болбогон карантиндик объекттердин киришинен максималдуу коопсуздукту камсыздоо, республиканын экологиялык коопсуздугун жана биологиялык түрлөрүн сактоо милдети тиешелүү мамлекеттик органдарга жүктөлгөн, бирок аларда эриш-аркак аракеттенүүнүн так иштелип чыккан пландары жок.
Негизги чаралар:
биологиялык түрлөргө жана экосистемаларга коркунуч жараткан инвазивдик бөтөн түрлөрдү республикага алып келүүгө жол бербөө үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын ишин координациялоону өркүндөтүү;
инвазивдик бөтөн түрлөрдү приоритеттери боюнча, ошондой эле алардын интродукция, орун которуу жана таралуу жолдорун инвентаризациялоо жана баалоо;
иш-чараларды каржылоо системасын жакшыртуу.
2.4. Финансылык ресурстарды мобилизациялоо.
Биологиялык түрлөрдү сактоо чөйрөсүндө башкаруу системасынын учурдагы функциялашы негизинен бюджеттен каржыланат.
Биологиялык түрлөрдү сактоону каржылоо калдык принциби боюнча жүргүзүлөт. Республикалык жана облустук бюджеттерден бөлүнгөн каражаттар жетишсиз.
Негизги чаралар:
республикада биологиялык түрлөрдү сактоого бөлүнүүчү финансылык ресурстарга инвентаризация жана чыгымдалышына баалоо жүргүзүү;
биологиялык түрлөрдү жана экосистемаларды сактоого багытталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;
биологиялык түрлөрдү сактоо, трасттык фондду түзүү боюнча иш-чараларды каржылоонун жаңы механизмдерин түзүү;
биологиялык түрлөрдү жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануудан финансылык каражаттарды алуу механизмин иштеп чыгуу.
2.5-милдет: Биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча региондук жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Эл аралык донорлордун жана өнөктөрдүн катышуусу менен биологиялык түрлөрдү сактоо чөйрөсүндөгү долбоорлор турмушка ашырылып жатат. Региондук жана эл аралык кызматташтык боюнча демилгелер начар өнүккөн, үзүл-кесил жана жетишсиз.
Негизги чаралар:
биологиялык түрлөрдүн абалын мониторингдөө боюнча эл аралык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү жана маалымат алмашуу;
кыйла маанилүү суулуу-саздак жерлерди, анын ичинде мөңгүлөрдү Рамсар конвенциясынын тизмесине киргизүү;
трансчегаралык ӨКЖАларды түзүү;
Биологиялык коопсуздук жөнүндө Картахена протоколу боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин турмушка ашыруу үчүн өлкөнүн потенциалын күчөтүү.
3-стратегиялык максат: Экосистемаларды жана ар кандай түрлөрдү коргоону жана алардын абалына контролду жакшыртуу.
3.1-милдет: ӨКЖАлардын жана экологиялык тармактардын системасын өркүндөтүү.
Негизги чаралар:
жаңы ӨКЖАларды уюштуруу жана иштеп жаткандарынын аянтын 2024-жылга карата өлкөнүн аймагынын 10 пайызына чейин кеңейтүү;
кыйла маанилүү суулуу-саздак жерлерге ӨКЖАнын статусун берүү;
ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана табигый мурастар тизмесине киргизүү үчүн негизги аймактарды аныктоо;
биологиялык түрлөргө жана ӨКЖАны башкаруунун натыйжалуулугуна экономикалык баа берүүнүн эл аралык системаларын киргизүү.
3.2-милдет: Агрардык-биологиялык түрлөрдү жана алардын жапайы түрлөрүн сактоону жакшыртуу.
Кыргыз Республикасында башка жактарда болбогон агрардык-биологиялык түрлөр – өсүмдүктөрдүн 93 жергиликтүү сорту жана үй жаныбарларынын бир нече породасы бар. Тянь-Шанда маданий өсүмдүктөрдүн окшош түрлөрүнүн 132 формадагы тектик түрү табылган. Ошондой болсо да, агрардык-биологиялык түрлөрдү, өзгөчө демейки породаларды жана маданий өсүмдүктөрдүн окшош түрлөрүнүн тектик формаларына тийиштүү түрдө изилдөө, сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу жок.
Негизги чаралар:
сорттук жана породалык ар түрдүүлүктү сактоонун, аларды фермаларда жана питомниктерде өстүрүүнүн, ошондой эле жергиликтүү сортторду жана породаларды чарбалык жайылтуу, өстүрүү боюнча программаларды иштеп чыгуу;
үй өндүрүшүнүн салтка айланган технологияларында колдонулган микроорганизмдердин топторун жана түзүмүн аныктоо;
өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү, эндемикалык жана кыйла аялуу түрлөрүнүн генетикалык банкынын потенциалын күчөтүү жана статусун жогорулатуу.
4-стратегиялык максат. Биологиялык түрлөрдүн жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн социалдык маанисин жогорулатуу, экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр жана салтка айланган технологиялар менен туруктуу камсыз кылуунун пайдасынын көлөмүн көбөйтүү.
4.1-милдет: Жергиликтүү жамааттарды жана калктын аялуу катмарларын биологиялык түрлөрдүн ресурстарын жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу пайдалануудан пайданын көлөмүнүн көбөйүшү менен социалдык коргоону арттыруу.
Азыркы учурда экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө механизмдери иштелип чыкпаган. Жергиликтүү жамааттардын жана калктын аялуу катмарларынын кызыкчылыктары кысымга алынууда, алар жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу жана кирешелүү пайдалануу процессинен тышта калган.
Негизги чаралар:
биологиялык түрлөрдү жана жогорку социалдык-рекреациялык статусу бар экосистемаларды, дарылоочу-курорттук зоналарды, эс алуучу жерлерди башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы БАКка карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколун ратификациялоо.
4.2-милдет: Экосистемалардын байымдуулугун арттыруу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана чөлгө айланууга каршы күрөшүүгө түрткү болуучу көмүр кычкылды топтоодо биологиялык түрлөрдүн салымын көбөйтүү.
Дээрлик бардык секторлордон кыйраткыч кысымдын өсүшү табигый, өзгөчө токой экосистемалардын кыйла бөлүгүнүн бузулушуна алып келүүдө. Экосистемалардын азыктуулугунун жана биологиялык түрлөрүнүн азайышы алардын жагымсыз климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жана чөлгө айланууга каршы туруштук берүү кудуретинен ажыратат, бул олуттуу экономикалык зыянга алып келиши мүмкүн.
Негизги чаралар:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бузулган жерлердин 10 пайыздан ашыгын калыбына келтирүүнү караштыруучу Бузулган жерлерди калыбына келтирүү боюнча программасынын долбоорун иштеп чыгуу;
климаттын өзгөрүү шартында 30 миң гектар аянттагы тоо токойлорун жана жер ресурстарын туруктуу өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү.
4.3-милдет: Жергиликтүү жамааттардын биологиялык түрлөрдү жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануудагы, салттуу үй чарбаны жүргүзүүдө болуп келген билимдерин, жаңылыктарын жана практикасын мамлекеттик деңгээлде колдоо.
Көчмөн элдин эсте калган, бирок иш жүзүндө колдонулбаган жаратылышка карата мамилесин жана табият менен эриш -аркак жашоо салттарын туруктуу калыптандыруу. Азыркы шартта жаратылышка ушундай мамилени жана салтты кайрадан жандандыруу экосистемалар менен түрлөрдүн калыбына келишине көмөктөшүп, ошол эле учурда жандуу жаратылыштын ресурстук потенциалын арттырып, ошондой эле бир катар үй өндүрүштөрүн кайрадан калыбына келтирүүгө түрткү берүү менен жакырчылыкты азайта алат.
Негизги чаралар:
- учурдагы салттуу билимдер менен технологияларга анализ жүргүзүү;
- салттуу билимдердин брендине жана технологияларына ээлик кылууга жергиликтүү жамааттардын укуктарын коргоо боюнча ченемдик жана администрациялык чараларды иштеп чыгуу;
- салттуу билимдерди пайдалануу менен экосистемалык ыкма принциптерин колдонуу.
9. Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун артыкчылыктарын мониторингдөө жана ишке ашырылышын баалоо Бул Биологиялык түрлөрдү сактоо артыкчылыктарын ишке ашыруунун мөөнөтү биологиялык түрлөрдү өнүктүрүү динамикасына жана татаалдыгына жараша 2014-жылдан тартып 2024-жылга чейин – орточо он жылдык мөөнөттө.
Бул Артыкчылыктарды турмушка ашырууга мониторинг тиешелүү иш-чараларды туруктуу талдоону жана турмушка ашырууга бааны берүү аркылуу жүргүзүлөт. Мониторингдин алынган маалыматтарынын негизинде Артыкчылыктарды турмушка ашыруунун натыйжалуулугуна баа берилет. Иш-аракеттер планын аткаруудагы жетишилген жылыштар жана кемчиликтер кылдат талданат. Алынган натыйжалардын негизинде ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды ылайыктуу пайдалануу боюнча турмушка ашыруудагы кийинки кадамдар үчүн чечимдер кабыл алынат.
Бул Артыкчылыктарды натыйжалуу турмушка ашырууну камсыз кылуу жана алдыга коюлган максаттардан жана милдеттерден четтөөлөрдү табуу, биологиялык түрлөрдү сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча тиешелүү зарыл чараларды талдоо жана киргизүү үчүн Иш-аракеттер планынын иш-чараларын турмушка ашырууга кыска мөөнөттүү баа берүү 2020 жана 2024-жылдары жүргүзүлөт.
Программаны турмушка ашыруунун натыйжалуулугун көз карандысыз эксперттердин тобу аныктоого тийиш.
Бул артыкчылыктардын жоболору Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча 2014-2020-жылдарга карата иш-аракеттер планын этаптуу аткаруу аркылуу жүзөгө ашырылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине
ылайык 2014-2020-жылдар – биринчи этап жана 2020-2024-жылдар – экинчи этап.
Стратегиялык максаттарга жана Иш-аракеттер планынын милдеттерине жетишүү кызыкдар тараптардын: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, айрым министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин, ошондой эле эл аралык донор уюмдардын биргелешкен иш-чараларын турмушка ашыруу аркылуу белгиленген. Көпчүлүк иш-чараларды ГЭФ, ПРООН, ФАО, ЮНЕП, WWF, KOICA жана башкалардын колдоосу менен эл аралык долбоорлорду турмушка ашыруунун алкагында аткаруу пландаштырылууда.
Иш-аракеттер планынын иш-чараларын турмушка ашыруунун бул схемасы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, кызыкдар министрликтер менен ведомстволорду, коомдук уюмдарды жана бирикмелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана коомчулукту тартууну камсыз кылат.
Тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун Иш-аракеттер планын турмушка ашыруу боюнча отчеттору жалпылоо жана талдоо жүргүзүү үчүн жыл сайын Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органына берилет.
Бул Артыкчылыктарды турмушка ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык каржылоо булактары тартылат.
Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына тиешелүү жылга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын, ошондой эле эл аралык донор уюмдардын гранттык каражаттарынын чегинде каржыланат.
Бул Биологиялык түрлөрдү сактоо артыкчылыктарын ишке ашыруунун мөөнөтү биологиялык түрлөрдү өнүктүрүү динамикасына жана татаалдыгына жараша 2014-жылдан тартып 2024-жылга чейин – орточо он жылдык мөөнөттө.
Бул Артыкчылыктарды турмушка ашырууга мониторинг тиешелүү иш-чараларды туруктуу талдоону жана турмушка ашырууга бааны берүү аркылуу жүргүзүлөт. Мониторингдин алынган маалыматтарынын негизинде Артыкчылыктарды турмушка ашыруунун натыйжалуулугуна баа берилет. Иш-аракеттер планын аткаруудагы жетишилген жылыштар жана кемчиликтер кылдат талданат. Алынган натыйжалардын негизинде ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды ылайыктуу пайдалануу боюнча турмушка ашыруудагы кийинки кадамдар үчүн чечимдер кабыл алынат.
Бул Артыкчылыктарды натыйжалуу турмушка ашырууну камсыз кылуу жана алдыга коюлган максаттардан жана милдеттерден четтөөлөрдү табуу, биологиялык түрлөрдү сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча тиешелүү зарыл чараларды талдоо жана киргизүү үчүн Иш-аракеттер планынын иш-чараларын турмушка ашырууга кыска мөөнөттүү баа берүү 2020 жана 2024-жылдары жүргүзүлөт.
Программаны турмушка ашыруунун натыйжалуулугун көз карандысыз эксперттердин тобу аныктоого тийиш.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 131 токтому менен бекитилген |
Стратегиялык максаттар | Милдеттер | Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Аткаруу үчүн жооптуулар | Каражат-тын жалпы суммасы,миң сом | Каржылоо булагы | Ишке ашыруу формасы | Күтүлгөн натыйжалар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1. Мамле-кеттик органдар-дын жана коомдук уюмдар-дын ишинин түзүмүнө Кыргыз Республи-касынын калкынын жашоо-тиричили-гинин жана экономи-касынын туруктуу өнүгүшү-нүн негизи катары биология-лык түрлөрдү сактоо темати-касын киргизүү | 1.1. Биология-лык түрлөрдү сактоо чөйрөсүн-дө жарандык демилге-лерди колдоого коомдун жана мамлекет-тик органдар-дын түшүнүү- сүнүн дең-гээлин күчөтүү | 1.1.1. Биологиялык түрлөрдү сактоо жана экосистемалык кызмат көрсөтүү тематикасын билим берүүчү жана маданий программаларга, мамлекеттик органдардын пландарына жана өндүрүштүк процесстерине киргизүү | 2016-2020-жылдар | БИМ, УИА, КЧКТЧМА, АЧжММ, ЭМ, КЖТМ | 176,6 | КЧКТЧМА, БИМ, КЖТМга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде, эл аралык донор уюмдардын гранттык каражаттары | Биргелешкен жумушчу топторду түзүү, долбоорлор-ду турмушка ашыруу | Биологиялык түрлөр жана экосистема-лык кызмат көрсөтүүлөр тематикасы мамлекеттик органдардын чечимдери менен алардын билим берүүчү жана маданий программа-ларына, пландарына жана өндүрүштүк программа-ларына киргизилди |
1.1.2. Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо методикасынын долбоорун иштеп чыгуу | 2016-2018-жылдар | КЧКТЧМА, УИА, АЧжММ, ЭМ | 141,2 | КЧКТЧМА, УИА, АЧжММ, ЭМга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде | Биргелешкен жумушчу топторду түзүү | Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн токтому менен Экосистема-лык кызмат көрсөтүүлөр-дү баалоо методикасы бекитилди | ||
1.1.3. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоодо, анын ичинде генетикалык ресурстарды жана салттуу билимдерди пайдаланууга негизделген салттуу билимдерди жана технологияларды пайдалануу менен сактоодо биологиялык түрлөрдү сактоонун маанисин жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн ролу жөнүндө жергиликтүү калктын маалымдуулугун арттыруу | 2014-2020-жылдар | КЖТМ, КЧКТЧМА, АЧжММ, УИА, ЖӨБЖОМА, ЭМ, ЖӨБО, ЖМК, Кыргыз-патент | 247,2 | КЖТМ, КЧКТЧМА, УИА, АЧжММ, ЭМ, ЖӨБЖОМАга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде. | Биргелешкен жумушчу топторду түзүү | Акциялар өткөрүлдү, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоодо биологиялык түрлөрдү сактоонун мааниси жана экосистема-лык кызмат көрсөтүүлөр-дүн ролу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылды-рылды | ||
1.1.4. Биологиялык түрлөрдү жана генетикалык ресурстарды коргоо, ошондой эле чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча жарандык демилгелерди колдоо | 2014-2020-жылдар | АЧжММ, КЧКТЧМА, ЖӨБЖОМА, ЖМА, ЖӨБО | 123,6 | АЧжММ, КЧКТЧМА, ЖӨБЖОМА, ЖМА жана ЖӨБОго тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде. | Биргелешкен жумушчу топторду түзүү, долбоорду ишке ашыруу | Мамлекеттик органдардын, ЖМА жана ЖӨБО чечимдери менен биологиялык түрлөрдү жана генетикалык ресурстарды коргоону камсыздоочу чаралар көрүлдү | ||
1.1.5. Биологиялык түрлөрдүн жана өзөктүү экосистемалардын экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрүнүн нарктык баалуулугунун стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу | 2017-жыл | УИА, БИМ, КЧКТЧМА, АЧжММ | 58,9 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде. | Биргелешкен жумушчу топторду түзүү, долбоорду ишке ашыруу | Биологиялык түрлөрдүн жана өзөктүү экосистема-лардын экосистема-лык кызмат көрсөтүүлөрүнүн нарктык баалуулугу-нун стандарттарынын долбоорлору иштелип чыкты | ||
Бардыгы: |
| 747,5 |
| |||||
1. 2: Саясаттын, маданият-тын, билимдин жана иш-аракеттер-дин натыйжа-луулугунун ортосунда-гы макулда-шылган-дыкты камсыздоо | 1.2.1. Биологиялык түрлөрдү коргоонун жана кайрадан калыбына келтирүүнүн көрүлүп жаткан чараларынын натыйжалуулугун аныктоо, мониторингдик маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү | 2015-2016-жылдар | УИА, КЧКТЧМА, АЧжММ, МЧС, УСК | 176,6 | КЧКТЧМА, АЧжММ, МЧС, УСК жана УИАга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде | Биргелешкен жумушчу топторду түзүү | Мамлекеттик органдардын чечимдери менен биологиялык түрлөрдү коргоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар аныкталды | |
1.2.2. Генетикалык критерийлерди аныктоо жана биологиялык түрлөрдү идентификациялоо боюнча илимий изилдөөлөргө дем берүү | 2015-2018-жылдар | УИА, АЧжММ, КЧКТЧМА | 105,9 | КЧКТЧМА, АЧжММ, жана УИАга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде | Биргелешкен жумушчу топторду түзүү | Илимий-изилдөөчү мекемелерге генетикалык критерийлер-ди аныктоо жана биологиялык түрлөрдү идентифика-циялоо боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жардам жана колдоо көрсөтүлдү | ||
1.2.3. Демейки үй жана айыл чарба өндүрүштөрүндө пайдаланылуучу өзгөчө баалуу генетикалык ресурстарды аныктоо
| 2016-жыл | УИА, АЧжММ, КЧКТЧМА | 44,1 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Биргелешкен жумушчу топторду түзүү | Өзгөчө баалуу генетикалык ресурстардын тизмеси түзүлдү | ||
1.2.4. Мамлекеттик органдардын адистери үчүн биологиялык түрлөр, экосистемалык кызмат көрсөтүү, генетикалык ресурстар, жаратылышты туруктуу пайдалануу боюнча билим берүү курстарын уюштуруу жана өткөрүү | 2015-2020-жылдар | КЧКТЧМА, БИМ, УИА, АЧжММ | 141,2 | КЧКТЧМА, БИМ, УИА, АЧжММга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде | Биргелешкен жумушчу топторду түзүү | Мамлекеттик органдардын адистери үчүн биологиялык түрлөр, экосистема-лык кызмат көрсөтүү, генетикалык ресурстар, жаратылышты туруктуу пайдалануу боюнча билим берүү курстар уюштурулду жана өткөрүлдү | ||
1.2.5. Биологиялык түрлөрдү сактоо жана туруктуу пайдалануу, ӨКЖАны башкаруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине коомчулукту тартуу механизмин иштеп чыгуу | 2015-жыл | КЧКТЧМА, УИА, АЧжММ, ЖӨБЖОМА, ЖМА жана ЖӨБО | 58,9 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Биргелешкен жумушчу топторду түзүү | Биологиялык түрлөрдү жана ӨКЖАларды сактоо маселесине коомчулукту тартуу механизми иштелип чыкты | ||
Бардыгы: |
| 526,7 |
| |||||
1.3. Жараты-лышты пайдала-нуунун бардык чөйрөлө-рүндө биология-лык түрлөргө кысымды тиешелүү контролдоо жана чектөө системасын иштеп чыгуу үчүн биология-лык түрлөрдү сактоо маселесин экономика-лык чечимдерге киргизүү | 1.3.1. Биологиялык түрлөрдү жана экосистемалардын туруктуулугун сактоонун көз карашынан алганда министрликтерде жана ведомстволордо кабыл алынып жаткан чечимдерди талдоо боюнча функцияларды аныктоо | 2015-жыл | ЖӨБЖОМА, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 29,4 | КЧКТЧМА, ЖӨБЖОМА, ЖМАга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топ түзүү | Мамлекеттик органдардын, ЖМА жана ЖӨБО чечимдери менен биологиялык түрлөрдү сактоо жана экосистемалардын туруктуулугу маселелери боюнча жооптуулар аныкталды | |
1.3.2. Жаратылыш ресурстарын пайдалануунун экологиялык жактан коопсуз ченемдерин жана көлөмдөрүн өркүндөтүү
| 2014-2020-жылдар
| КЧКТЧМА, ЭМ, ЭӨЖМ, ГМРМА, УИА, АЧжММ, ЖӨБО, ЖМА | 247,2 | КЧКТЧМА, ЭМ, ЭӨЖМ, ГМРМА, УИА, АЧжММ, ЖМА, ЖӨБОго тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топ түзүү | Табигый ресурстарды пайдалануу-нун колдонулуп жаткан нормаларына жана көлөмдөрүнө өзгөртүүлөр-дү жана толуктоолор-ду киргизүүнү караштырган ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | ||
1.3.3. Биологиялык түрлөр үчүн баалуулугун аныктоо менен жер фондуна мамлекеттик инвентаризация жүргүзүү | 2019-жыл | АЧжММ, КЧКТЧМА, УИА, МКК | 58,9 | АЧжММ, КЧКТЧМА, жана МККга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топторду түзүү | Жер фондуна мамлекеттик инвентариза-ция жүргүзүүдө жерлер биологиялык түрлөрдү сактоо үчүн баалуулугун эске алуу менен аныкталды | ||
1.3.4. Ысык-Көл облусун стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгуу үчүн Ысык-Көлдүн экосистемасынын абалына изилдөө жүргүзүү
| 2015-2020-жылдар | УИА, АЧжММ, КЧКТЧМА | 15326,0
| Мамлекеттик органдарга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде, эл аралык донор уюмдардын гранттык каражаттары | Долбоорлор-ду ишке ашыруу | Ысык-Көлдүн экосистемасынын абалына изилдөө жүргүзүлдү, өзөктүү экосистемалардын саны жана абалы аныкталды
| ||
1.3.5. Жаратылыш ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн электрондук маалымат системасын киргизүү | 2020-жыл | УИА, АЧжММ, КЧКТЧМА, | 58,9 | Мамлекеттик органдарга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде
| Жумушчу топторду түзүү | Электрондук маалымат базасы түзүлдү. Электрондук башкаруу менен камтылган аймактардын аянты көбөйдү | ||
1.3.6. Биологиялык түрлөрдүн абалын мониторингдөө усулун өркүндөтүү | 2016-2020-жылдар | УИА, КЧКТЧМА, АЧжММ, УСК | 88,3 | Мамлекеттик органдарга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топторду түзүү | Биологиялык түрлөрдүн абалын аныктоо боюнча жаңы усулдар иштелип чыкты | ||
1.3.7. «Жашыл экономика» ыкмасын ишке ашырууну, жаратылышты үнөмдөөчү жана энергия жактан натыйжалуу технологияларга бара-бара өтүүнү колдоо практикасын киргизүү | 2015-2018-жылдар | ЭМ, ЭӨМ | 82,4 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде
| Жумушчу топторду түзүү | «Жашыл экономика» ыкмалары иштелип чыкты жана ишке ашырылды | ||
1.3.8. Имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу | 2015-жыл | Архкурулуш агенттиги, КЧКТЧМА | 708,0 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары
| Адистерди жана эксперттерди тартуу менен долбоорду турмушка ашыруу | ЖӨБО жана ЖМА үчүн сунуштар иштелип чыкты | ||
1.3.9. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын эриш-аркак аракеттенишинин учурдагы системасына талдоо жүргүзүү | 2014-2017-жылдар | КЧКТЧМА, АЧжММ, Экология инспекция-сы, ЖМА | 1537,7 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Топторду түзүү, долбоорлор-ду турмушка ашыруу | Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча мамлекеттик структуралар-дын эриш-аркак аракеттени-шин жакшыртуу үчүн ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | ||
| Бардыгы: |
| 18136,7 |
| ||||
1-стратегиялык максат боюнча: | 19410,9 |
|
|
| ||||
2: Биологиялык түрлөргө оорчулук-ту азайтуу жана аны туруктуу пайдала-нууга дем берүү | 2.1. Кыйла аялуу экосистемаларды жана генетика-лык ресурстар-ды сактоо жана калыбына келтирүү, түрлөрдү жоготуу-нун, алар жашаган жерлердин бузулу-шунун жана фрагмента-циясынын темптерин кыйла азайтуу | 2.1.1. Жеңилдиктери бар жана биологиялык түрлөргө зыян келтирип жатышкан жаратылышты пайдалануучу субьекттерди тактоо | 2015-жыл | КЧКТЧМА, АЧжММ, Экология инспекциясы | 44,1 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде
| Эксперттик топторду түзүү | Жеңилдик-тери бар жана биологиялык түрлөргө зыян келтирип жатышкан жаратылышты пайдалануучу субъекттер аныкталды |
2.1.2. Экосистемалардын туруктуулугун колдоонун сектордук пландарын, экологиялык таасирге баа берүүнүн жана анын терс таасирин кыскартуунун каражаттарын иштеп чыгуу | 2015-жыл | КЧКТЧМА, АЧжММ, ССМ, ЭМ, ЭӨМ, ЖӨБЖОМА, ЖӨБО, ЖМА | 88,3 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде
| Эксперттик топторду түзүү | Мамлекеттик органдардын, ЖМА жана ЖӨБО чечимдери менен экосистемалардын туруктуулу-гун колдоонун сектордук пландары, экологиялык таасирге баа берүүнүн жана анын терс таасирин кыскартуунун каражаттары бекитилди | ||
2.1.3. Балыктын эндемикалык түрлөрүнүн популяциясын туруктуу пайдалануу деңгээлине чейин калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү | 2014-2020-жылдар | АЧжММ, УИА, КЧКТЧМА, ЖМА | 164,8 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде
| Мониторинг-дик жана эксперттик топторду түзүү | Мамлекеттик органдардын, ЖМА жана ЖӨБО чечимдери менен балыктын эндемикалык түрлөрүн калыбына келтирүү боюнча чаралар бекитилди | ||
2.1.4. Жок болуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдүн импортун же экспортун чектөө системасын CITES Конвенциясынын талаптарына ылайык өркүндөтүү | 2014-2020-жылдар
| КЧКТЧМА, Экология инспекция-сы, УИА | 123,6 | Тиешелүү жылга КЧКТЧМАга каралган каражаттардын чектеринде
| Оперативдүү топту түзүү | КЧКТЧМА, Экология инспекциясы жок болуу коркунучунда турган түрлөрдүн импортуна (алынып келишине) же экспортуна (чыгарылы-шына) контролду CITES Конвенциясынын талаптарына ылайык күчөтүү жөнүндө биргелешкен регламентке кол коюшту
| ||
2.1.5. Кыргыз Республикасынын жаңгак-мөмө токойлорун сактоо боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу | 2015-жыл | КЧКТЧМА, УИА, Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад жана Ош облустарын-дагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | 296,6 | Тиешелүү жылга КЧКТЧМАга каралган каражаттын чегинде, долбоорду турмушка ашыруу | Эксперттик топту түзүү | Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн Жаңгак-мөмө токойлорду сактоо боюнча программаны бекитүү жөнүндө чечиминин долбоору иштелип чыкты | ||
2.1.6. Бузулган жайыттарды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу | 2016-жыл | АЧжММ, УИА, КЧКТЧМА | 44,1 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде
| Долбоорду турмушка ашыруу | Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин бузулган жайыттарды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик программаны жактыруу жана бекитүү жөнүндө чечимдеринин долбоорлору иштелип чыкты | ||
2.1.7. Кыргыз Республикасында Жерлердин чөлгө айланышына каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттер планын жаңылоо | 2014-2015-жылдар | АЧжММ, УИА
| 7355,4 | Эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Долбоорду турмушка ашыруу | Кыргыз Республика-сында Жерлердин чөлгө айланышына каршы күрөшүү боюнча жаңыланган иш-аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн грант каражаттар табылды | ||
2.1.8. Жергиликтүү жамааттардын токой өстүрүү жана тигүү, дарактын тез өсүүчү плантацияларын өнүктүрүү боюнча демилгелерин колдоо | 2014-2020-жылдар | КЧКТЧМА, ЖӨБО, ЖМА | 168210,8 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Эксперттик топту түзүү, долбоорлор-ду турмушка ашыруу | Токойлорду тигүүгө аймактарды аныктоо боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлдү, токой өстүрүү жана тигүү, дарактын тез өсүүчү плантация-ларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү | ||
2.1.9. Кыргыз Республикасынын токой чарбаларында токой үчүн үрөнчүлүк жана токой зыянкечтерин мониторингдөө борборлорун түзүү | 2014-2017-жылдар | КЧКТЧМА | 42031,3 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Долбоорду турмушка ашыруу, эксперттерди жана консультант-тарды тартуу | Кыргыз Республика-сынын токой чарбаларында үрөн сактоочу жайлар, үрөн лаборатория-лары түзүлдү | ||
2.1.10. Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежесинин долбоорун иштеп чыгуу | 2015-жыл | КЧКТЧМА, УИА | 29,4 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде
| Жумушчу топ түзүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежесин бекитүү жөнүндө токтомунун долбоору иштелип чыкты | ||
2.1.11. Кыргыз Республикасынын аймагында жапайы жаныбарларды олжолоого лимиттерди белгилөө жана аңчылыкты пайдалануучуларга квоталарды бөлүштүрүү жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | 2014-жыл | КЧКТЧМА, УИА | 29,4 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде
| Жумушчу топ түзүү | Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республика-сынын аймагында жапайы жаныбарлар-ды олжолоого лимиттерди белгилөө жана аңчылыкты пайдалануучуларга квоталарды бөлүштүрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу чечиминин долбоору иштелип чыкты | ||
2.1.12. “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу | 2014-жыл | КЧКТЧМА, УИА, Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
| 2583,5 | Тиешелүү жылга КЧКТЧМАга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Эксперттик топ түзүү, долбоорду ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө токтомунун долбоору иштелип чыкты | ||
2.1.13. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жыл сайын 1000 га аянтта токой аянттарын түзүү | 2014-2017-жылдар | КЧКТЧМА | 427278,3 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Жумушчу топ түзүү | Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жыл сайын 1000 га аянтта токой тигилди | ||
Бардыгы: |
| 648279,7 |
| |||||
2.2. Биология-лык түрлөрдү сактоо чөйрөсүндө башкаруу системасын өркүндөтүү
Бардыгы 2.3. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келишин жана таралышын болтурбоо үчүн инвазивдик жат түрлөрдү приоритет-түүлүгү боюнча тактоо жана классификациялоо
| 2.2.1. Экосистемаларды жана биологиялык түрлөрдү сактоо жана калыбына келтирүү, туризмди, шаардык парктарды жана калктуу конуштардын жашыл зоналарын өнүктүрүү проблемаларын чечүүгө мамлекеттик колдоону камсыздоо | 2014-2020-жылдар | КЧКТЧМА, КЖТМ, АЧжММ, ЭМ, ЖӨБЖОМА, ЖМА, ЖӨБО, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 206,0 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Ведомство-лор аралык жумушчу топ түзүү | Экосистема-ларды жана биологиялык түрлөрдү сактоо жана калыбына келтирүү проблемала-рын чечүүнү администра-циялык-укуктук колдоо чаралары иштелип чыкты | |
2.2.2. Мамлекеттик түзүмдөрдөгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы функциялык өзгөртүүлөрдүн негизинде жаратылышты коргоочу ченемдик укуктук актыларды талдоо жана кайра карап чыгуу | 2015-жыл | КЧКТЧМА, Экология агенттиги, АЧМ, ГМРМА, ССМ, ЭМ, ЖӨБЖОМА, ЖӨБО, ЖМА | 439,2 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топ түзүү | Ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүлдү, аларды Кыргыз Республика-сынын мыйзамдары-на ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору иштелип чыкты | ||
2.2.3. Токой-аңчылыкты уюштуруу иштерин жүргүзүүнүн жөнөкөй жана чыгымы аз усулун иштеп чыгуу | 2016-жыл | КЧКТЧМА, УИА | 29,4 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Жумушчу топ түзүү | Токой-аңчылыкты уюштуруу иштерин жүргүзүүнүн усулу иштелип чыкты жана КЧКТЧМА-нын буйругу менен бекитилди | ||
2.2.4. «Жашыл өсүш» прогрессине баа берүү индикаторлорун иштеп чыгуу | 2015-жыл | ЭМ, УСК, КЧКТЧМА | 201,4 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Эксперттер-ди жана консультант-тарды тартуу, долбоорду турмушка ашыруу | «Жашыл өсүш» прогрессине баа берүү индикатор-лору иштелип чыкты | ||
2.2.5. Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин жүргүзүү жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | 2014-жыл | КЧКТЧМА, УИА | 29,4 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Жумушчу топ түзүү | Кыргыз Республика-сынын аймагында жаныбарлар-дын жана өсүмдүктөр-дүн сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин жүргүзүү жөнүндө жобонун долбоору иштелип чыкты | ||
2.2.6. Генетикалык ресурстар, генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуу жана пайданы бирге пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу | 2015-2020-жылдар | КЧКТЧМА, УИА, АЧжММ, Экология инспекциясы | 141,2 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Ведомство-лор аралык жумушчу топ түзүү | Генетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | ||
2.2.7. Жаныбарлардын жана канаттуулардын айрым түрлөрүнүн, анын ичинде жок болуу коркунучунда турган жана корулуучу түрлөрдүн санын статистикалык эсепке алуу системасын кайра карап чыгуу | 2019-2020-жылдар | КЧКТЧМА, УСК, УИА | 1584,8 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү, долбоорду турмушка ашыруу | Жаныбарлар-дын жана канаттуулар-дын түрлөрүнүн, анын ичинде жок болуу коркунучунда турган жана корулуучу түрлөрдүн саны боюнча статистика-лык отчеттун жаңыланган формасы иштелип чыкты жана бекитилди | ||
2.2.8. Мамлекеттик токой фондунун жана ӨКЖАлардын аймагындагы жайыттарды башкаруу боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу | 2014 - 2015-жылдар | КЧКТЧМА, Экология инспекциясыАЧМ, ЖМА | 44,1 | КЧКТМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Эксперттик топ түзүү
| Мамлекеттик токой фондунун жана ӨКЖА аймагындагы жайыттарды пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыкты | ||
2.2.9. Биологиялык түрлөрдү туруктуу пайдалануу жагында инновациялык ишти жогорулатуу үчүн ыңгайлуу экономикалык жана мыйзамдык шарттарды түзүү | 2015-жыл | Кыргыз-патент
| 14,7 | Тиешелүү жылга Кыргыз-патентке каралган каражаттын чегинде | Жумушчу топ түзүү | Жаратылыш-ты, анын ичинде биологиялык түрлөрдү туруктуу пайдалануу жагындагы инновациялык долбоорлор иштелип чыкты
| ||
2.2.10. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын сактоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2015-жыл | КЧКТЧМА, Экология инспекция-сы, Ветеринария инспекциясы | 4936,5 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Долбоорду турмушка ашыруу
| Талдоо жүргүзүлүп жана мамлекеттик экологиялык экспертиза-нын талаптарын сактоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | ||
2.2.11. Талдоо жүргүзүү жана жаратылышты коргоочу, ресурс үнөмдөөчү жана калдыгы аз технологияларды киргизүүдө ишканаларга дем берүүнү жөнгө салуучу механизмдерди иштеп чыгуу | 2014-2017-жылдар | КЧКТЧМА, ЭМ, Экология инспекциясы | 19371,4 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү, долбоорду турмушка ашыруу | Ресурс үнөмдөөчү технология-ларды киргизүү боюнча сунуштар иштелип чыкты | ||
| 26998,3 |
| ||||||
2.3.1. Кыйла коркунучтуу инвазивдик жат түрлөрдүн тизмесин (кадастрын) иштеп чыгуу | 2015-жыл | КЧКТЧМА, АЧжММ УИА, ССМ | 58,9 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топ түзүлдү | Мамлекеттик органдардын чечимдери менен кыйла коркунучтуу инвазивдик түрлөрдүн тизмеси бекитилди | ||
2.3.2. Инвазивдик жат түрлөргө каршы күрөшүү системасын, күрөшүүнүн санитардык жана фитосанитардык стандарттарын иштеп чыгуу | 2016-жыл | УИА, ССМ, АЧжММ, КЧКТЧМА, Экология инспекция-сы, Ветеринария инспекциясы | 88,3 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Эксперттик топ түзүү | Мамлекеттик органдардын чечимдери менен инвазивдик түрлөргө каршы күрөштүн санитардык жана фитосанитар-дык чаралары иштелип чыкты жана практикага киргизилди | ||
2.3.3. Инвазивдик жат түрлөр боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жана анын иштешин камсыздоо | 2014-2020-жылдар | КЧКТЧМА, ФМ, ЭМ, АЧжММ | 164,8 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Эксперттер-ди жана консультант-тарды тартуу | КЧКТЧМА чечими менен инвазивдик жат түрлөр боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү жана иштеп жатат | ||
Бардыгы |
| 312,0 |
| |||||
2.4. Финансы-лык ресурстар-ды мобилиза-циялоо | 2.4.1. Биологиялык түрлөрдү сактоого финансылык ресурстардын сарпталышын инвентаризациялоо жана баалоо | 2015-2016-жылдар | ФМ, ЭМ, КЧКТЧМА, АЧжММ, УИА, ЖӨБЖОМА, ЖӨБО, ЖМА | 247,2 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Инвентаризациялоо жана баалоо боюнча жумушчу топ түзүлдү | Биологиялык түрлөрдү сактоого каражаттын жумшалышы-на талдоо жүргүзүлдү | |
2.4.2. Биологиялык түрлөрдү жана экосистемаларды сактоого багытталган донордук каражаттардын пайдаланылышын координациялоону өркүндөтүү | 2014-жыл | МФ, ЭМ, КЧКТЧМА, АЧжММ, УИА, ЖӨБЖОМА | 88,3 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Долбоорлор-ду координациялоо боюнча топ түзүлдү | Координация-лоо функциясы Жаратылыш-ты коргоо конвенцияла-рын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык координация-лык кеңешке киргизилди | ||
2.4.3. Биологиялык түрлөрдү сактоо, трасттык фонд түзүү боюнча иш-чараларды каржылоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу | 2014-2020-жылдар | ФМ, ЭМ, ЮМ, ТИМ, КЧКТЧМА, АЧжММ | 247,2 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топ түзүү | Биологиялык түрлөрдү сактоо, трасттык фонд түзүү боюнча иш-чараларды каржылоонун механизмде-рин караштырган ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | ||
2.4.4. Биологиялык түрлөрдү жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануудан алынган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздоо | 2015-жыл | ФМ, ЭМ, ТЖКМ, АЧжММ, КЧКТЧМА | 73,6 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топ түзүү | Мамлекеттик органдардын чечимдери менен биологиялык түрлөрдү жана экосистема-лык кызмат көрсөтүүлөр-дөн алынган каражаттар-дын максаттуу пайдаланы-лышына контролду камсыздоо боюнча чаралар көрүлдү | ||
2.4.5. Мамлекеттик органдардын башкаруу түзүмдөрүнүн жана адамдарынын финансылык ресурстарды мобилизациялоо боюнча потенциалын арттыруу | 2015-жыл | ФМ, ЭМ, КЧКТЧМА | 44,1 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топ түзүү | Мамлекеттик органдардын башкаруу түзүмдөрүнүн жана адамдарынын финансылык ресурстарды мобилизация-лоо боюнча маалыматтуу-лугун жана кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча курстар өткөрүлдү | ||
2.4.6. Биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча долбоорлор үчүн чакан гранттар, пайызы жок насыя жана микрокредит системасын иштеп чыгуу | 2016 – 2017-жылдар | ФМ, ЭМ, КЧКТЧМА | 29,4 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топ түзүү | Программаларды жана долбоорлорду каржылоо механизмдери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыкты | ||
Бардыгы: |
| 729,8 |
| |||||
2.5. Биология-лык түрлөрдү сактоо боюнча региондук жана эл аралык кызматташ-тыкты өнүктүрүү | 2.5.1. Трансчегаралык ӨКЖАларды түзүү | 2020-жыл | КЧКТЧМА, УИА, ЖӨБО, ЖМА, МКК | 44,1 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде, эл аралык донор уюмдардын гранттары | Жумушчу топ түзүү, долбоорду ишке ашыруу | Коңшу өлкөлөрдүн айлана-чөйрөнүн коргоо тармагындагы органдары жана эл аралык уюмдар менен трансчегара-лык ӨКЖА түзүү жөнүндө расмий сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү | |
2.5.2. Биологиялык түрлөрдүн абалын мониторингдөө, маалымат алмашуу боюнча эл аралык өнөктөштүк мамилени өнүктүрүү | 2015-2020-жылдар | КЧКТЧМА, ТИМ, ЭМ | 105,9 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топ түзүү | Мекемелер-дин ортосунда байланыштар жана өнөктөштүк мамилелер түзүлдү | ||
2.5.3. Кыйла маанилүү суулуу-саздак жерлерди Рамсар конвенциясынын тизмесине киргизүү | 2018-жыл | КЧКТЧМА, УИА, ӨКМ, ЖӨБЖОМА, ЖМА | 58,9 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде. | Жумушчу топ түзүү | Кыйла маанилүү суулуу-саздак жерлердин тизмеси даярдалып жана аларды эл аралык тизмеге киргизүү үчүн Рамсар конвенциясы-нын Секретариа-тына жиберилди | ||
2.5.4. "Рио" 3 конвенциясын турмушка ашырууну мониторингдөө боюнча долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жана ГЭФ-ПРООНго жиберүү | 2014-2016-жылдар | КЧКТЧМА, ПРООН | 27313,7 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Эксперттер-ди жана консультант-тарды ишке тартуу, долбоорду турмушка ашыруу | Климаттын өзгөрүшү, биологиялык түрлөр жана чөлгө айланууга каршы күрөш боюнча "Рио" 3 конвенциясын ишке ашырууну мониторинг-дөө боюнча долбоор турмушка ашырылды | ||
| Бардыгы: |
| 27522,6 |
| ||||
2-стратегиялык максат боюнча бардыгы: | 703842,4 |
| ||||||
3. Экосистемаларды жана түрлөрдү корууну жана абалын контрол-доону жакшыр-туу | 3.1. ӨКЖА жана экология-лык тармактар системасын башкаруу-ну өркүндөтүү | 3.1.1. Кыргыз Республикасынын ӨКЖА өнүктүрүү боюнча Программанын долбоорун иштеп чыгуу | 2015-2016-жылдар | КЧКТЧМА, УИА, МКК, ЖӨБЖОМА | 14,7 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Жумушчу топ түзүү | Кыргыз Республика-сынын ӨКЖА өнүктүрүү боюнча Программа-нын долбоору иштелип чыкты
|
3.1.2. Кыргыз Республикасында ӨКЖА түзүү тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу | 2014-жыл | КЧКТЧМА, УИА, МКК, | 29,4 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Жумушчу топ түзүү | Кыргыз Республика-сында ӨКЖА түзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыкты | ||
3.1.3. Жаңы ӨКЖА уюштуруу жана иштеп жаткан ӨКЖА аянтын 2024-жылга карата Кыргыз Республикасынын аймагынын 10 %ына чейин жеткирүү | 2014 – 2020-жылдар | КЧКТЧМА, УИА, МКК, ЖӨБЖОМАЖӨБО, ЖМА | 164,8 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Жумушчу топ түзүү | Жаңы ӨКЖА уюштуруу жана иштеп жаткандары-нын аянтын кеңейтүү боюнча мамлекеттик органдар, ЖМА жана ЖӨБО менен иш жүргүзүлдү
| ||
3.1.4. Кыйла маанилүү суулуу-саздак жерлерге ӨКЖА статусун берүү | 2015-жыл | КЧКТЧМА, УИА, ЖӨБЖОМА | 44,1 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Жумушчу топ түзүү | Кыйла маанилүү суулуу-саздак жерлер аныкталды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аларга ӨКЖА статусун берүү жөнүндө токтомунун долбоору иштелип чыкты | ||
3.1.5. ӨКЖА башкаруу пландарын жаңылоо жана иштеп чыгуу | 2015-2016-жылдар | КЧКТЧМА, УИА | 23,5 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын каражаттары | Жумушчу топ түзүү, эксперттерди тартуу | КЧКТЧМА чечими менен ӨКЖА башкаруу пландары бекитилди | ||
3.1.6. Мамлекеттик заказниктердин статусун кайра карап чыгуу жана инвентаризациялоо | 2015-2016-жылдар | КЧКТЧМА, УИА, Экология инспекция-сы, ЖӨБЖОМА, ЖМА, МКК | 6221,4 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын гранттары | Жумушчу топ түзүү, эксперттерди тартуу | Заказниктер жана жаратылыш-тын эстеликтери такталды жана инвентариза-цияланды | ||
3.1.7. GEЕ-UNEP-WWЕ «ЭКОНЕТ - Борбордук Азия» долбоорунун сунуштарына ылайык пландалып жаткан ӨКЖА тизмесин бекитүү | 2016 – 2017-жылдар | КЧКТЧМА, УИА, Экология инспекция-сы, ЖӨБЖОМА ЖМА, МКК | 73,6 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү, эксперттерди тартуу | КЧКТЧМА-нын буйругу менен пландалып жаткан ӨКЖА тизмеси бекитилди | ||
3.1.8. Негизги аймактарды аныктоо жана ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурасынын тизмесине киргизүү үчүн сунуш кылуу | 2019-жыл | КЧКТЧМА, БИМ, УИА, Маданият министрлиги | 58,9 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү, консультант-тарды тартуу | ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурасынын тизмесине киргизүү үчүн негизги объекттер такталды | ||
3.1.9. Биологиялык түрлөрдү жана ӨКЖА башкаруунун натыйжалуулугун экономикалык баалоонун эл аралык системасын киргизүү | 2015-2018-жылдар | КЧКТЧМА | 4992,2 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү, консультант-тарды тартуу | Биологиялык түрлөрдү жана ӨКЖА башкаруунун натыйжалуулугун экономикалык баалоонун системасын иштеп чыгуу үчүн грант каражаттар табылды | ||
3.1.10. Кыргыз Республикасынын ӨКЖА улуттук кадастрын түзүү жана такай жүргүзүүнү камсыздоо | 2015-жыл | КЧКТЧМА | 1395,1 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Эксперттер-ди тартуу, долбоорду турмушка ашыруу | КЧКТЧМА чечими менен ӨКЖА туруктуу кадастрын жүргүзүү тартиби бекитилди | ||
Бардыгы: |
| 13106,0 |
| |||||
3.2. Агрардык биология-лык түрлөрдү сактоону жана алардын жапайы тектерин сактоону өркүндөтүү | 3.2.1. Бул программаларды иштеп чыгуу: - сорттук жана породалык түрлөрдү сактоонун, аларды фермалар менен питомниктерде өстүрүү программасын; - жергиликтүү сортторду жана породаларды чарбалык көбөйтүү, өстүрүү боюнча ишке дем берүү программасын
| 2015-жыл | АЧжММ, УИА, КЧКТЧМА
| 29,4 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Эксперттер-ди тартуу | АЧжММ агрардык биологиялык түрлөрдү өнүктүрүүнүн жана колдоонун программа-сын; сорттук жана породалык түрлөрдүн электрондук маалымат базасын түзүүнүн программа-ларын иштеп чыкты | |
3.2.2. Үй өндүрүшүнүн демейки технологияларында колдонулган микроорганизмдер-дин тобун жана түзүмүн аныктоо | 2017-жыл | УИА, АЧжММ, КЧКТЧМА
| 29,4 | АЧжММга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Илимий изилдөөлөр-дү жүргүзүү | Үй технологиясынын штаммдары такталды | ||
3.2.3. Өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү, эндемикалык жана кыйла аялуу түрлөрүнүн потенциалын күчөтүү жана генетикалык банкынын статусун көтөрүү | 2017-жыл | АЧжММ, УИА, КЧКТЧМА
| 29,4 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Жумушчу топ түзүү | АЧжММ жана КЧКТЧМА чечими менен өсүмдүктөр-дүн чарбалык жактан баалуу сортторун жана формаларын узак мөөнөткө сактоону камсыздоо боюнча чаралар көрүлдү | ||
| Бардыгы: |
| 88,3 |
| ||||
3-стратегиялык максат боюнча: | 13106,0 |
| ||||||
4. Биология-лык түрлөрдүн жана экосисте-малык кызмат көрсөтүү-лөрдүн социал-дык маанисин жогорула-туу, экосисте-малык кызмат көрсөтүү-лөр жана демейки техноло-гиялар менен туруктуу камсыз-доодон пайданын көлөмүн көбөйтүү | 4.1. Биология-лык түрлөрдүн ресурста-рын жана экосисте-малык кызмат көрсөтүү-лөрдү пайдалануудан алынчу кирешенин көлөмүн көбөйтүү боюнча жергилик-түү жамааттар-дын жана калктын аялуу катмарла-рынын социалдык корголу-шун жогорула-туу | 4.1.1. Биологиялык түрлөрдү жана жогорку социалдык-рекреациялык статусу бийик болгон экосистемаларды, дарылоочу-курорттук зоналарды, эс алуучу жерлерди башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү
| 2015-2018-жылдар
| ССМ, КЧКТЧМА, УИА, ЭМ, АЧжММ, ЖӨБЖОМА, ЖӨБО, ЖМА | 141,2 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топторду түзүү | Мамлекеттик органдардын чечимдери менен социалдык-рекреациялык жана дарылоочу-курорттук зоналардын негизги категорияларын коргоо боюнча негизги иш-чаралар аныкталды |
4.1.2. Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайда алууда жергиликтүү жамааттардын үлүшүн көбөйтүү | 2014-2020-жылдар | ЭМ, ЖӨБЖОМА, КЧКТЧМА, ЖӨБО, ЖМА | 123,6 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топторду түзүү | Мамлекеттик органдардын чечимдери менен калктын экосистема-лык кызмат көрсөтүүлөр-дөн киреше алуусуна өбөлгө түзүүчү чаралар иштелип чыкты
| ||
4.1.3. Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы БАКка карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколун ратификациялоо | 2014-жыл | КЧКТЧМА, УИА, Кыргыз-патент | 44,1 | КЧКТЧМАга тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде | Жумушчу топ түзүү | Генетикалык ресурстарга жеткиликтүү-лүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы БАКка карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануу-нун Нагоя протоколун ратификация-лоо жөнүндө Кыргыз Республика-сынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты | ||
Бардыгы: |
| 309,0 |
| |||||
4.2. Экосисте-малардын байымдуу-лугун арттыруу жана климаттын өзгөрүшү-нүн кесепетте-рин жеңилде-түүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайла-шууга жана чөлгө айланууга каршы күрөшүүгө түрткү болуучу көмүр кычкылды топтоодо биология-лык түрлөрдүн салымын көбөйтүү | 4.2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бузулган жерлердин 10%дан ашыгын калыбына келтирүүнү караштыруучу Бузулган жерлерди калыбына келтирүү боюнча программасынын долбоорун иштеп чыгуу
| 2017-жыл | АЧжММ, КЧКТЧМА, УИА | 44,1 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде
| Жумушчу топ түзүү | Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн бузулган жерлерди калыбына келтирүү программасы жөнүндө чечиминин долбоору иштелип чыкты | |
4.2.2. Аз көмүр кычкылдуу өнүгүү концепциясын иштеп чыгуу | 2016-жыл | КЧКТЧМА, УИА, АЧжММ | 1001,0 | Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топ түзүү | Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн Аз көмүр кычкылдуу өнүгүү концепциясын бекитүү жөнүндө чечиминин долбоору иштелип чыкты | ||
4.2.3. Климаттын өзгөрүшүнүн шартында 30 миң гектар аянттагы тоо токойлорун жана жер ресурстарын туруктуу өнүктүрүү боюнча чараларды киргизүү | 2015-2020-жылдар | КЧКТЧМА, АЧжММ | 339136,2 | КЧКТЧМА жана АЧжММ тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары
| Долбоорду турмушка ашыруу | Мамлекеттик органдардын чечимдери менен климаттын өзгөрүшүнүн шартында 30 миң гектар аянттагы тоо токойлорун жана жер ресурстарын туруктуу өнүктүрүү боюнча чаралар бекитилди | ||
Бардыгы: |
| 340181,4 |
| |||||
4.3. Жергилик-түү жамааттар-дын биология-лык түрлөрдү жана экосисте-малык кызмат көрсөтүү-лөрдү пайдала-нуудагы, салттуу үй чарбаны жүргүзүү-дөгү болуп келген билимде-рин, жаңылык-тарын жана практика-сын мамлекет-тик деңгээлде колдоо | 4.3.1. Болгон салттык билимдерге жана технологияларга баяндама жасоо
| 2016-жыл | Кыргыз-патент, КЧКТЧМА, АЧжММ, ЖӨБЖОМА, ЖМА | 58,9 | Тиешелүү жылга КЧКТЧМА жана АЧжММга каралган каражаттардын чектеринде | Жумушчу топ түзүү | Салттуу технология-лардын жыйнагы түзүлдү | |
4.3.2. Жергиликтүү жамааттар үчүн салттуу билимдерди пайдалануу менен экосистемалык ыкманын принциптерин колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2018-жыл | УИА, КЧКТЧМА, АЧжММ, ЭМ, ЭӨМ, ЖӨБЖОМА, ЖӨБО, ЖМА | 88,3 | Тиешелүү жылга КЧКТЧМА каралган каражаттын чегинде | Жумушчу топ түзүү | Мамлекеттик органдардын чечимдери менен Жергиликтүү жамааттар үчүн салттуу билимдерди пайдалануу менен экосистема-лык ыкманын принциптерин колдонуу боюнча сунуштар иштелип чыкты | ||
| Бардыгы: |
|
|
| 147,2 |
|
|
|
4-стратегиялык максат боюнча бардыгы: | 340637,61 |
| ||||||
Стратегиялык максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга, бардыгы: | 1076687,8 |
| ||||||
Кыскартуулардын тизмеси:
ТИМ - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
ФМ - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
БИМ - Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги;
АЧжММ - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги;
ЭМ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;
ӨКМ - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
ЭӨМ - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги;
ММТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламатты сактоо министрлиги;
КЧКТЧМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;
ГМРМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги;
ӨБЭАМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик;
МКК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
МСК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик статистика комитети;
Архкурулуш агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
Экология инспекциясы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
Ветеринария инспекциясы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
Кыргызпатент - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы;
УИА - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы;
ӨКЖА - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;
БӨЖО - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
ЖМА - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
ГЭФ - Глобалдык экологиялык фонд;
БАК - Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенция;
СИТЕС - Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенция;
Рамсар конвенциясы - Негизинен сууда сүзүүчү канаттуулардын жашаган жери катарында эл аралык мааниси бар суу-саз жерлер жөнүндө конвенция;
ПРООН - БУУнун Өнүктүрүү программасы;
ЮНЕП - БУУнун Курчап турган чөйрө боюнча программасы;
ФАО - БУУнун азык түлүк жана айыл чарбасы боюнча уюму;
WWF - Табиятты коргоонун Бүткүл дүйнөлүк фонду;
KOICA - Кореянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги;
МСОП - Жаратылышты коргоонун эл аралык уюму.