Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-октябры № 166/25-4
Токмок шаарынын биринчи вице-мэринин муниципалдык менчикте турган мүлктү ажыратуу тартиби тууралуу Жобосун бекитүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган мүлктү ажыратуу тартиби жѳнγндѳ Жобосу бекитилсин. (Тиркеме)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жʏктɵлɵт.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Токмок шаардык кеңешинин
2018-жылдын 5-октябрында
№166/25-4 токтому менен бекитилген
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигинде турган мүлктү өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1.Ушул жобо Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык Токмок шаарынын муниципалдык менчик объектилерин акы төлөө, же бекер берүү тартибинин аныктамасы боюнча Токмок шаарынын муниципалдык менчик объектилерин мындан да натыйжалуу пайдалануу максатында иштелип чыккан.
1.2.Ушул жобонун таасири муниципалдык имараттарга, курулмаларга, турак эмес имараттарга, ошондой эле аталган объектилерге жанашкан жер тилкелерине таралат.
2. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигинде турган мүлктү өткөрүп берүүнүн тартиби
2.1.Муниципалдык менчикте турган мүлктү өткөрүп берүү Токмок шаардык мэриясынын чечиминин негизинде Токмок шаардык кеңешинин макулдугу менен жүргүзүлөт. Берилип жаткан объектиге жанаша жер тилкеси бар болсо анын аянты көрсөтүлүү менен кошо берилет. Токмок шаардык кеңеши тарабынан Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган объектилерди өткөрүп берүү ыкмалары да аныкталат:
-соодалашуу жолу менен өткөрүп берүү;
-тикелей сатуу жолу менен өткөрүп берүү;
-алмашуу;
-белекке берүү мамлекеттин менчигине жана мамлекеттик органдарга гана жүргүзүлөт;
-бекер өткөрүп берүү мамлекеттин менчигине жана мамлекеттик органдарга гана жүргүзүлөт.
2.2.Токмок шаарынын муниципалдык менчик объектилерин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө маселе Токмок шаардык мэриясынын сунуштамасы боюнча каралат. Муниципалдык менчик объектисин өткөрүп берүү жөнүндө кат түрүндөгү арыз келип түшкөндө, же жеке демилге боюнча Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан баардык зарыл материалдар даярдалат.
2.3.Муниципалдык менчик объектисин өткөрүп берүү учурунда Токмок шаардык мэриясы тарабынан өткөрүлүп берилип жаткан объектинин максаттуу багыты аныкаталат. Объектини башка максатта пайдалануу үчүн макулдук, кыймылсыз мүлккө укугун күбөлөндүргөн документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Токмок шаардык мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.
2.4.Токмок шаарынын муниципалдык менчик объектисин өткөрүп берүү учурунда Токмок шаардык мэриясынын буюрмасы менен объектини өткөрүп берүү боюнча комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамына Токмок шаардык мэриясынын, Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлдөрү кирет, ошондой эле комиссиянын курамына Токмок шаардык кеңешинин депуттары кире алышат. Аталган комиссиянын төрагасы жана өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын биринчи вице-мэри ыйгарым укуктуу болуп эсептелет. Комиссиянын курамы 7 адамдан кем болбоого жана так сандан турууга тийиш. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча комиссиянын баардык мүчөлөрү, анын ичинде Токмок шаарынын муниципалдык менчик объектисин кабыл алып, өткөрүп берүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын колдору коюлган кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт.
3.Жобонун корутундусу
3.1.Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын сактабагандыгы үчүн күнөөлүү мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликтүү.
Жооптуу катчысы | С.А. Кабаева |