Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-октябры № 169/25-4
Муниципалдык кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтүү максатында, Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин кызматкерлердин профсоюздук комитетинин төрагасынын жааматтык келишими жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 18-январында Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин кызматкерлердин жааматтык келишимин бекитүү жөнүндө №118/16-4 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин кызматкерлердин жааматтык келишимини бекитилсин (тиркеме).
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Токмок шаардык мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин жамааттарынын жалпы чогулушунда кабыл алынган 2018-жылдын 8-августунун №43 протоколу
| Бекитилген Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-октябрынын №169/25-4 токтому менен |
Токмок шаардык мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин эмгек жамааттарынын
ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМИ
Жалпы жоболор
Ушул жамааттык келишим иш берүүчүлөр Токмок шаарынын мэри Д.Дж.Амангельдиев, Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Т.А.Солтобаев, мындан ары карай “Администрация” менен Токмок шаардык мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин эмгек жамааттарынын Токмок шаардык мэриясы менен Токмок шаардык кеңешинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик союзунун кесиптик союзу комитетинин төрагасы Б.К.Кадыркуловдун, мындан ары карай “Кесиптик союз комитети” ортосундагы эмгек жана социалдык мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик акт болуп эсептелет.
Жамааттык келишим Кыргыз республикасынын “Жамааттык келишимдер жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык кесиптик союздун мүчөлөрү болуп эсептелген муниципалдык кызматкерлердин укуктары менен кызыкчылыктарын коргогон юридикалык документ болуп эсептелет жана мыйзамдарда каралбаган белгиленген жана кошумча эмгек, социалдык-тиричилик жеңидиктери менен кепилдиктерди камтыйт.
Ушул Келишимде пайдаланылган кыскартуулар:
ЭК- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
ЖК-Кыргыз Республикасынын «Жамааттык келишимдер жөнүндө» Мыйзамы;
1-БӨЛҮК
Жамааттын ишмердүүлүгү жана андагы өз ара эмгек мамилелери
1. Кесиптик союз комиетинин мүчөлөрү эмгек жамааттарынын алдына коюлган башкы милдеттер:
1.1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Мыйзамдарын сактоо жана аткаруу;
1.2. Токмок шаарынын калкына берилген аймакта жашоону камсыз кылган социалдык жана маданий тейлөөлөрдүн иштешин жана өнүгүүсүн камсыз кылууну уюштуруу;
1.3. Токмок шаарынын Стратегиялык өнүгүү программасын, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен калкты социалдык коргоо пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана ага көзөмөл жүргүзүү;
1.4. Мэрия менен шаардык кеңештин кызматкерлеринин күч-аракеттерин шаардын жашоочуларынын керектөөлөрү менен талаптарын канааттандырууга багыттоо;
1.5. Шаардын коомчулугунун баардык катмарларынын күчүн экономикалык кубаттуулукту кайрадан калыбына келтирүүгө, социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, шаардыктардын жашоо деңгээлин жогорулатууга мобилизациялоо
2. Администрациянын милдеттери:
2.1. Кесиптик союз комитетинин мүчөлөрүнүн жогорку өндүрүмдүүлүктө жана натыйжалуу иштөөлөрү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
2.2. Ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен белгиленген эмгек акыны төлөп берүү (ЭК 157-берене): иштеген жылдарына, класстык чинге, ардак наамга, квалификациялык даражага жана иштин өзгөчө шартары үчүн (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому) кошумча төлөөлөрдү жүргүзүү;
2.3. Кесиптик союз комитети менен макулдашуу боюнча:
2.3.1. Муниципалдык кызматкер өргүүгө чыккан учурда ден соолугун чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө жөлөк пул төлөп берүү (КР 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын 38-беренесинин 1-пунктуна); (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлери менен муниципалдык кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн баалоо жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 4-абзацына ылайык).
2.3.2.Мэрия менен шаардык кеңештеги күн тариби:
Иштин башталышы – саат 8:30да (ЭК 101-берене);
Иштин аякташы – саат17:30да;
түштөнүү саат12ден саат 13кө чейин (ЭК 114-берене);
техникалык тыныгуулар саат10дон саат10:20га чейин, саат15тен саат15:20га чейин.
2.3.4. Эки эс алуучу күнү бар, беш күндүк жумушчу аптасы деп белгиленсин.
2.4. Айрым учурларда, ишемби, жекшемби күндөрү, же болбосо суткалык нөөмөткө туруу каралган.
2.5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө чыккан учурда кызматкерлерге социалдык колдоо көрсөтүү жана иштешин сүйөмөлөө максатында материалдык жардам төлөө жүргүзүүнү ишке ашыруу.
3. Кесиптик союз комитетинин милдеттери:
3.1. Эмгек жана аткаруучулук тартипти бекемдөөгө жардам берүү;
3.2. Кесиптик союздун мүчөлөрү болуп эсептелген жамаатты кызматтык жоопкерчилиги белгиленген милдеттерди аткарууга мобилизациялоо;
3.3. Кызматкерлерге эмгек мыйзамдуулугун, эмгек шарттарын, сыйлоону, тартип жоопкерчилигин түшүндүрүү;
3.4.Кызматкерлерди иштен тышкаркы мезгилде ишке тартуунун негиздүүлүгүн көзөмөлдөө;
3.5. Мезгил-мезгили менен эмгек акысын чегерүүнүн жана салыктын алынуусун текшерип туруу;
3.6. Кесиптик союздун мүчөлөрү болуп эсептелген ар бир кызматкердин эмгекке укуктарын коргоону ишке ашыруу;
3.7.Кыргыз республикасынын Эмгек Кодексинин 68-беренесине ылайык жетекчи курам менен катардагы кызматкердин жакынчылык, тууганчылык фактысынын бар экендигин аныктоо.
2-БӨЛҮМ
Социальные права и гарантии работников
4. Администрациянын милдеттери:
4.1.Кесиптик союз комитетинин кызматкерлерин-мүчөлөрүн материалдык колдоо максатында 2018-жылдын 1-октябрынан тартып биринчи кезекте зарыл болгон товарлар менен тейлөөлөргө керектөө баасынын өсүп кеткендигине байланыштуу тамактанууга, жол киреге, турак-жай коммуналдык тейлөөлөргө ай сайын 8000 (сегиз миң) сом өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр төлөнүүсү белгиленсин (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлери менен муниципалдык кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн баалоо жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун 4-пунктунун 4-абзацына ылайык).
4.2.Эмгек жамаатынын мүчөлөрүн социалдык колдоо максатында өсүп жаткан инфляцияны эсепке алуу менен Админстрация жыл сайын август айында айыл чарба азыктарын камдоого эки айлык эмгек акысынын өлчөмүндө төлөмдөрдү төлөп турууга милдеттенет (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлери менен муниципалдык кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн баалоо жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун 4-пунктунун 4-абзацына ылайык).
4.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтомуна ылайык кызматтык жеке компьютерде иштегендиги үчүн иштеги зыяндуулукка 15%дан 30%га чейин эмгек акыларына үстөк төлөөнү жүргүзсүн.
4.4. Кызматкерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча кызматкердин ишмердүүлүгүн баалоону эсепке алуу менен сыйлык акы төлөнүшү мүмкүн (эмгекке акы төлөө фондунун каражатын үнөмдөөнүн эсебинен), (КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык).
4.5.Каржы мүмкүнчүлүгү бар учурда (эмгекке акы төлөө фондунун каражатын үнөмдөөнүн эсебинен) үйлөнгөндө, бала төрөлгөндө, жакын тууганы каза болгондо (ата-энеси, ага-иниси, эже-сиңдиси, же карындашы, балдары) бир жолу бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндө жөлөк пул төлөө жүргүзүлсүн.
4.6. зарыл болгонждорго жеке үй курууга жер тилкеси бөлүнүп берилсин, же турак-жай алууга кезекке катталсын (2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жер тилкелерин жеке турак-жай курууга берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо).
4.7. Төмөнкү мектеп жашында балдары бар аялдарга эмгек акысын сактоо менен 1-сентябрда эс алуу күнү берилсин.
4.8. Өзгөчө кырдаалдарда: үйлөнгөндө, жакындары каза болгондо эмгек акысын сактоо менен 5 күндүк өргүү берилсин.
4.9.Жумушчу эмес майрам күнүнүн алдында иштөө мөөнөтүнүн узактыгы бир саатка кыскартылсын (ЭК 96-беренеси).
5. Кесиптик союз комитетинин милдеттери:
5.1. Жамааттык келишимге киргизилген иш-чаралардын аткарылышына, ошондой эле кызматкерлерди социалдык коргоо боюнча ченемдик жоболордун аткарылышына дайыма көзөмөлдүк жүргүзүп туруу.
5.2. Туулган күнүндө кызматкерлерди куттуктоону уюштуруу.
3-БӨЛҮМ
Кызматкерлердин эмгегин жана саламаттыгын коргоо
6. Администрациянын милдеттери:
6.1. Иш орундарында зарыл болгон тартипти, жарыктандыруу жана жылуулук режимин, коопсуздук техникасынын так сакталышын камсыздоо.
7. Кесиптик союз комитетинин милдеттери:
7.1. Белгиленген коопсуздук эрежелери менен ченемдеринин, эмгекти коргоо боюнча мыйзамдуулуктун сакталышына, ошондой эле ушул жамааттык келишимдин шарттарын аткарууга коомдук көзөмөл уюштуруу.
7.2. Мэрия менен шаардык кеңештин кызматкерлеринин санаториялык-курорттук дарылануусу менен эс алуусун уюштуруу.
4-БӨЛҮМ
Кесиптик союздун ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери
8.Администрациянын милдеттери:
8.1.Кесиптик союз комитетине иштөө үчүн зарыл болгон байланыш каражаттарын, компьютердик техниканы пайдаланууга бекер берүү.
8.2.Кесиптик союздун мүчөлүк төлөмдөрүн накталай эмес, бухгалтерия аркылуу кармап калууну камсыздоо.
9. Кесиптик союз комитетинин милдеттери:
9.1.Ушул жамааттык келишимдин жоболорунун ишке ашырылуусуна, эмгек жамаатында социалдык чыңалууну төмөндөтүүгө, жамааттык эмгек талаштарынын келип чыгууларынын алдын алууга көмөк көрсөтүү.
9.2.Кайра уюштуруу, кыскартуу, эмгек талаштарын чечүү учурунда кесиптик союздун мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана кесиптик союздун мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрүү.
5-БӨЛҮМ
Келишимдин иштөө мөөнөтү жана тараптардын аны ишке ашыруудагы жоопкерчиликтери
10.1.Жамааттык келишим ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана 2 жыл аралыгында иштейт. Тараптардын Жамааттык келишимди 3 жылдан ашык эмес мөөнөткө узартууга укуктары бар (ЭК 43-беренеси, ЖК 13-беренеси).
10.2.Жамааттык келишимди ишке ашырууга көзөмөлдүк эки тараптан тең жүргүзүлөт. Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү эки тараптын өз ара мкулдашуусу боюнча жүргүзүлөт (ЖК 14-беренеси).
10.3.Жамааттык келишимдин аткарылышынын жүрүшү жыл сайын эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда талкууланат (ЖК 15-беренеси).
10.4. Ушул Жамааттык келишиминде белгиленген милдеттенмелердин аткарылбай калышына жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чектеринде эки тарап тең алып жүрөт (ЖТ 16-беренеси).
10.6. Жамааттык келишим 4 нускада түзүлдү. Коллективный договор составлен в 4-х экземплярах.
«Администрация» | «Профком»
|
Токмок шаарынын мэри | Мэрия менен шаардык кеңештин кесиптик союз комитетинин төрагасы
|
_____________Д.Дж.Амангельдиев | _______________ Б.К.Кадыркулов |
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы
| ____________ Т.А.Солтобаев
|