Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели № 29/2-8
Чолпон-Ата шаарынын Жайыт комитетинин 2017-жыл 4-апрелдеги иш кагазын, жайыт маселелери боюнча элдик сходдун , шаардык кеңештин «Экология, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, транспорт байланышы, жер (жайыт,үлүш) жана жеке ишкер боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаарынын жайыт комитетинин мүчөлөрү № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чолпон-Ата шаарынын жайыт комитетинин 2017-жылга карата иш-планы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жайыт пайдалануучу менен жайыт комитетинин ортосундагы малды жаюу үчүн жайыт жерлерин пайдаланууга берүү макулдашуусу № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жайытка чыга турган малдарга төлөнүүчү акылар төмөндөгүдөй суммада коюлсун:
-бир бодо малга биринчи айда 350с, андан кийинки айларга 300сомдон;
-бир кой-эчкиге биринчи айда 60 с, андан кийинки айларга 50сомдон.
5. Чолпон-Ата шаарынын мэриясына:
- жайыт чек арасынын маселесин жайыт комитети менен бирдикте чечүү тапшырылсын;
- борбордук паркка, эс алуу жайларынын аймагына бодо малдар кирип, гүлдөрдү, чөптөрдү жеп, санитардык абалды бузса, жеке менчик мал ээлерине ар бирине 5000 (беш миң) сом өлчөмүндөгү айып пулу салынсын;
- үлүш жерлердеги айдалган эгиндерге, көп жылдык чөптөргө бодо малдар, кой-эчкилер кирип зыян келтирсе, зыяндын өлчөмү эсептелинип мал ээлери аркылуу жабырлануучуга төлөнүп берилсин, ошондой эле жеке менчик мал ээлерине ар бир бодо малга 1000 (бир миң) сом, ар бир кой-эчкиге 300(үч жүз) сом өлчөмүндөгү айып пулдары салынсын;
- айып салынган малдарды кармалуучу жай даярдалып, салынган айып пулдар мэриянын эсептик счетуна которулсун.
6. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо, КыргызРеспубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү шаардык кеңештин аппаратына тапшырылсын.
7. Токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин «Экология, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, транспорт байланышы, жер(жайыт,үлүш) жана жеке ишкер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Сарбагышев |
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин
«25» апрель 2017-жылдагы
№29/2-8 токтомунун
№ 1 тиркемеси
Чолпон-Ата шаарынын жайыт комитетинин мүчөлөрү
1. Бакиров Азамат-жайыт комитетинин төрагасы
2. Иманбеков Бердибек Шайлообекович-шаардык кеңештин депутаты
3. Токталиев Самат Саламатович-шаардын тургуну
4. Бакиров Чоро Жунушакунович-шаардын тургуну
5. Акматов Жангазы Урсаевич-шаардын тургуну
6. Чекиров Бекмурат Сокинович-жүз башы
7. Исакожоев Нурлан Асанович-жүз башы
8. Кулабаев Улан Кеңешович-жүз башы
9. Көлбаев Нурбек Асанканович-жүз башы
10. Орузбаев Эшмухамет Дүйшөналиевич-ветеринардык адис
11. Бектуров Акыл Сыдыкович-жер адиси
12. Турсунакунов Сулайман Сагынбекович-башкы адис, юрист
13. Сыдыков Сабыркул Жайыкович- малчы
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин
25-апрель 2017-жылдагы
№29/2-8 токтомунун
№ 2 тиркемеси
Чолпон-Ата шаарынын жайыт комитетинин 2017-жылга карата
Иш-планы
№ | Аткарылуучу иш | Мөөнөтү | Ким аткарат | Эскертүү | |
башталышы | бүтүшү | ||||
1 | Малчылар жана жарандар менен жыйын өткөрүү, тарифти чечүү, жайыт салыгын түшүндүрүү | март | апрель | Жайыт комитети, мүчөлөрүү. |
|
2 | Малдын башын тактоо | март | апрель | Жайыт комитети, комиссия |
|
3 | Ички жайыттарды бөлүү жана бекитип берүү | апрель | май | Жайыт комитети, комиссия |
|
4 | Малчылар менен келишим түзүү жана жыйын өткөрүү, салык чогултуу | апрель | май | ЖПБ,малчылар |
|
5 | Жайытка кетчү жолдорду оңдоо: кургактын оозун. | Жай айларынын ичинде | Күзүндө | Жайыт комитетинин төрагасы жана түзүлгөн бригадалар |
|
6 | Суу ичүүчү булактарды оңдоо, чар кудуктагы булакты тазалоо | Жай ичинде |
Күзүндө | Жайыт комитетинин төрагасы жана түзүлгөн бригадалар |
|
7 | Жайытта малдын жайгашуусун текшерүү жана кемчиликтерди четтетү | Жай ичнде | Күзүндө | ЖПБ, комиссия |
|
8 | 10 комплект кыркын кайчы алуу, купканы салуу | Жай ичинде | Жай ичинде | ЖПБ, вет. Врач. |
|
9 | Пастерелеоз, Эмкар бруцеллеоз эмдөө | Жаз | Жай ичинде | Вет.врач |
|
10 | Бруцеллиоз, серология – КРС, МРС. | Июнь | Июль | Вет. врач |
|
11 | Алдын ала эмдөө КРС – шарп, бруцеллиоз, серлогия | Ноябрь | Декабрь | Вет. Врач |
|
12 | Жылдын жыйынтык отчету | Январь | Январь | ЖПБ төрагасы, вет.врач |
|
Жайыт комитеттин төрөгөсы | А. Бакиров |
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин
25-апрель 2017-жылдагы
№ 29/2-8 токтомунун
№ 3 тиркемеси
Малды жаюу үчүн жайыт жерлерин пайдаланууга берүү макулдашуусу
____ ______________2017-жыл Чолпон-Ата ш.
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жайыт комитети, Жобонун негизинде аракеттенген, төрагасы Бакиров Азамат Жунушканович, мындан ары “Жайыт комитети” деп аталган жана 2-тараптан ___________________________________________________________________________
(малчынын аты жөнү, фамилиясы)
«Жайыт пайдалануучу» ушул Макулдашууну түзүштү:
1. Макулдашуунун предмети
1.1. Жайыт комитети___________________________________________________________________________________________________________________________________________ жайытын пайдаланууга белгиленген тартипте берет, ал эми Жайыт пайдалануучу алат.
1.2. Жайыт жерлерди мал жаюунун ченемдерин сактоо менен малды жаюуну ишке ашыруу үчүн берилет.
2. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акысы жана башка төлөмдөр
2.1. Ушул Макулдашуунун 1.1 пунктунда көрсөтүлгөн, жайыт жерлерин пайдалануу үчүн Жайыт пайдалануучу Жайыт комитетине жыл сайын ( ай сайын же тараптар макулдашкан башка мөөнөттөрдө) 2017-жылдын 01-октябрынан кеч эмес, бодо малдар (жылкы, уй) үчүн _____ сом өлчөмүндө, майда жандыктар ( кой, эчки) үчүн ______ сом өлчөмүндө акы төлөп берет.
2.2.. Жайыт пайдалануу үчүн акысын өз убагында төлөбөгөн учурда Жайыт пайдалануучу Жайыт комитетине ________ сом өлчөмүндө айып пул төлөйт.
- төлөмдүн мөөнөтүн өткөрүүнүн ар бир күнү үчүн 0.5% өлчөмүндө айып пул эсептелет.
2.3. Ушул Макулдашууда каралбаган, ушул Макулдашуунун шарттарын бузуу үчүн Тараптардын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
2.4. Тараптар бардык салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөшөт.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. Жайыт пайдалануучу укуктуу:
-макулдашуунун жана жайыт билеттеринин шарттарын кайра кароо боюнча сунуштарды киргизүү;
– жайыт билетинде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн жана пайдалануу түрүнүн чегинде жайыт жерлерин пайдаланууну ишке ашыруу;
3.2. Жайыт пайдалануучунун милдеттери:
3.2.1 жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акыларын өз убагында төлөөгө.
-1-майга карата жазгы жайлоолорго көчүүгө.
-10-июнга карата алыскы жайлоолорго көчүүгө,
-алыскы жайлоолордон 1-октябрга чейин түшпөөгө.
-алыскы жайлоолордон 1-октябрга чейин түшсө _________ сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө.
4.1 Жайыт комитетинин укуктары.
– Жайыт пайдалануучунун жайыт мыйзамдарынын талаптарын, жайытты пайдалануу эрежелерин жана Макулдашуунун шарттарын сактоосуна контроль жүргүзүү;
-Макулдашуунун шарттарын кайра кароо же макулдашууну бузуу боюнча сунуштарды киргизүү;
– белгиленген тартипте Жайыт пайдалануучуларга алар жайыт жерлерине келтирген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо коюу;
– жайыттардын пайдалануусун текшерүү, мал санактарды уюштуруу.
4.2. Жайыт комитети милдеттүү:
– Жайыт пайдалануучуга белгиленген тартипте жайыт билеттерин берүү;
- Жайыт пайдалануучуга жайыт мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
5. Жайыт пайдалануунун мөөнөтү.
5.1. Жайыт пайдалануу 1 (бир) жылдык мөөнөткө түзүлөт.
6. Макулдашууну бузуунун тартиби
6.1. Ушул Макулдашуу жайыт билетин артка кайтарып алуу менен төмөндөгү учурларда тараптардын биринин демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда бир жактуу бузулушу мүмкүн:
– Кыргыз Республикасынын жайыт мыйзамдарын бузуу үчүн;
– Макулдашууда белгиленген мөөнөттөрдө жайыттарды пайдалануу акысын төлөбөө;
7. Талаштарды чечүүнүн тартиби
7.1. Ушул Макулдашуу боюнча пайда болушу мүмкүн болгон бардык талаштарды Тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аркылуу чечишет.
7.2. Эгерде сүйлөшүүлөр процессинде Тараптар ортосунда макулдашууга жетишилбесе, алардын ортосундагы талаштар сот тартибинде чечилет.
Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 2 нускада түзүлдү жана кол коюлгандан баштап күчүнө кирет.
Тараптардын юридикалык даректери жана колдору:
Жайыт комитети: Жайыт пайдалануучу:
Жайыт комитетинин төрагасы
паспорт №_______________
берилген күнү____________
_________________А. Бакиров ________________