Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели № 29/2-9
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-июнь 2014-жылдагы № 242-б буйругуна ылайык, Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүн тактоо жана аталыштарды ыйгаруу мэриянын жооптуу кызматкерлери аркылуу такталып, бардык көчөлөрдүн аттары 2014-жылдын 29-августунда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин № 28/13-2 токтому менен бекитилген.
Шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 28-мартындагы отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүнүн аттары толук коюлуп, такталып бүткөндүгүнө байланыштуу, көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүнү токтотуп туруу боюнча 5 жылга мораторий коюлсун.
2. Шаардык кеңештин аппаратына токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Сарбагышев |