Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 30-июну № 242-б
Шайлоо процессии өркүндөтүү, 2015-жылдагы парламенттик шайлоолорду жана андан кийинки шайлоолорду ак ниет жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгын көңүлгө алуу менен:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы көчөлөрдүн маалым даректерин чогултууга карата анкетаны толтуруу боюнча нускама бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы бир айлык мөөнөттө:
- "Даректик регистр" долбоорун программалык камсыздоону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын аймагына киргизсин;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызматкерлерине нускамалоо өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы көчөлөрдүн маалым даректерин чогултууга карата анкетаны толтурууга жардам берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүн тактоо жана аталыштарды ыйгаруу боюнча иштерди уюштурушсун;
- калктуу конуштардын көчөлөрүнүн аталыштары жөнүндө кагаз жүзүндөгү жана электрондук форматтагы маалыматты андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо комиссияларынын тутумдук администраторлоруна (макулдашуу боюнча) беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирдикте эки айлык мөөнөттө "Даректик регистр" тутумунун иштөөсүнүн жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттүү пайдалануусунун тартибин регламенттөөчү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30 июнундагы № 242-б буйругу менен бекитилген |
1. Бул Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы көчөлөрдүн маалым даректерин чогултууга карата анкетаны толтуруу боюнча нускама (мындан ары - Нускама) электрондук маалыматтар базасын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы көчөлөрдүн маалым даректерин чогултуу боюнча анкетаны (мындан ары - Анкета) толтуруу тартибин регламенттештирет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан Анкетадагы маалыматтарды өз убагында жана сапаттуу түзүүнү камсыздоо үчүн теменкүлор зарыл:
1) Анкетаны бул Нускаманын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык формада толтуруу;
2) көчөлөрдүн аталыштары мамлекеттик жана/же расмий тилдерде болсо документ боюнча гана киргизүү (тилдердин биринде аталышы болбосо сызыкча коюу).
3. Толтурулган Анкетаны Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо комиссияларынын (мындан ары - АШК) тутумдук администраторлоруна берүү.
4. Толтурулган Анкета айыл өкметүнүн башчысынын, шаардын мэринин колу жана мөөрү менен күболөндүрүлүүге тийиш.
5. Айыл өкмөтүнүн башчысы, шаардын мэри Анкетадагы маалыматтардын тууралыгына, толуктугуна жана актуалдуулугуна жооп берет.
6. АШКнын тутумдук администраторлоруна Анкетадагы маалыматтарды өз убагында жана сапаттуу түзүүнү камсыздоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) толтурулган Анкеталарды кабы л алууда ар бир калктуу конуш боюнча Аикеталардын Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык объекттерин жана аймактык бирдиктерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификаторуна (мындан ары - ААОБТ МК) ылайык туура жана толук түзүлгондүгүн дыкат текшерүү;
2) толтурулган Анкетаны кабыл алууда Анкетадагы маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын, айыл өкмөтүнүн башчысынын, шаардын мэринин мөөрүнүн жана колунун болгондугун текшерүү.
7. Анкетанын l-бөлүмү айыл өкмөтүнүн/шаардын мэриясынын кызматкерлери тарабынан толтурулат.
8. Анкетанын 2-бөлүмү ар бир калктуу конуш үчүн өзүнчө толтурулат.
9. Калктуу конушка кирбеген, бирок айылдык аймактын/шаардын курамына кирген аймактык объект болгон учурда аймактык объекттин тибин жана аталышын көрсөтүү зарыл. Аймактык объекттерге төмөнкүлөр кирет:
- базар;
- парк;
- сквер;
- жайыт;
- өзөн;
- капчыгай;
- контур;
- турак жай массиви;
- бакчалык шериктик.
10. "Көчөнүн тиби" деген графада берилген тизмеден керектүү маанини көрсөтүү зарыл:
- чолок көчө;
- проспект;
- гүлбак;
- кичи район;
- канал;
- көчө;
- аллея;
- туюк көчө;
- участок;
- массив;
- еткөөл;
- бекет;
- контур;
- квартал;
- айрылыш;
- аянт;
- шоссе.
| Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы көчөлөрдүн маалым даректерин чогултууга карата анкетаны толтуруу боюнча нускамага 1 -тиркеме |
№ | Даректик бөлүк | Аталышы |
1 | Облус/Республикалык маанидеги шаар: |
|
2 | Район/Облустук маанидеги шаар: |
|
3 | Райондук маанидеги шаар: |
|
4 | Кыштактар |
|
5 | Айылдык аймак |
|
6 | Айылдык аймактын/шаардын курамына кирген калктуу конуштардын тизмеги: |
|
7 | Айылдык аймактын/шаардын ААОБТ МК коду: |
|
Айыл өкмөтүнүн/мэриянын расмий дареги___________________________________________________________________________
Айыл өкмөтүнүн/мэриянын электрондук почтасы______________________________________________________________________
Аткаруучунун аты-жөнү жана телефон номери________________________________________________________________________
Айыл өкмөтүнүн башчысы/шаардын мэри_________________________________ _______________________
аты-жөнү колу
Айыл өкмөтүнүн башчысынын/шаардын мэринин телефон номери____________________________
М.О
Толтурулган күнү 2014-жылдын «_______»_______________
| Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы көчөлөрдүн маалым даректерин чогултууга карата анкетаны толтуруу боюнча нускамага 2-тиркеме |
2-бөлүм. Көчөлөр жөнүндө маалымат: |
|
|
|
| Калктуу конуштун ААОБТ МК коду | Калктуу конуштун аталышы | Аймактык объекттин тиби жана аймактык объекттин аталышы |
№ | Көчөнүн тиби | Көчөнүн учурдагы аталышы | Көчөнүн мурдагы аталышы (болсо) | Көчөгө учурдагы аталышын ыйгарууга негиз болгон документтин чыккан күнү, номери жана түрү (болсо) | ||
Мамлекеттик тилде (болсо документ боюнча гана) | Расмий тилде (болсо документ боюнча гана) | Мамлекеттик тилде | Расмий тилде
| |||
1. |
|
|
|
|
|
|
2. |
|
|
|
|
|
|
3. |
|
|
|
|
|
|