Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 27-15/2
Ысык-Көл областтык шаар куруу жана архитектура регионалдык башкармалыгынын башчысы М.Ш.Токоевдин, 2017-жылдын 10-майындагы, кир.№01-7/232 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 24-мартындагы, №27-14/4 "Т.Сыдыкбеков атн.көчө, үй №29а дарегинде жайгашкан жер тилкесине мечит курууга уруксат берүү жөнүндөгү" токтомуна, №2 пункт менен төмөнкүдөй кошумча киргизилсин: Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана жерди пайдалануу Эрежелеринин: Ж-3 зонасынын: коомдук угуулар аркылуу, атайы макулдукту алууну талап кылган, Эрежелердин 8,17 беренелерине ылайык: - диний муктаждыктарды өткөрүү үчүн, аянты 4,5 сотыхты түзгөн, Сыдыкбеков атн.көчө, №29 а дарегинде жайгашкан тилкесинде деген толуктоо киргизилсин.
2. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 24-мартындагы, №27-14/4 "Т.Сыдыкбеков атн.көчө, үй №29а дарегинде жайгашкан жер тилкесине мечит курууга уруксат берүү жөнүндөгү" токтомунун пунктарынын номерлөөсүнө тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |