Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын 10-сессиясы
2017-жылдын 1-декабры № 87
Айылдык кеңештин жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылды көрктөндүрү жана транспорт маселелери боюнча жана муниципалдык менчик (жер, мүлк), айьш чарбасы (ЖКБФ,СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2017-жылдьш 20-ноябрындагы №10 протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңешинин 2017-жылдын 8-августундагы № 67 "Кыдыр-Аке жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы светофорду куруу боюнча жер тилкесин бөлүп берүугө макулдук берүү жөнүндө" токтомунун биринчи пункту өзгөртүсүз калтырылсын.
2. Жогоруда аталган токтом дун экинчи пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан алынып берилип жаткан экинчи даана жаңы светофор Кыдыр-Аке жала Шапак-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишине, эски светофор Кыдыр-Аке жана С.Джаныбеков көчөлөрүнүн кесилишине, Кыдыр-Аке жана Т.Сыдыкбеков көчөлөрүнүн кесилишине жөө жүргүнчүлөргө ылайык светофор орнотулсун.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын, каттоо реестр журналына катталып, мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылды көрктөндүрү жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.А.Каранаевге жана муниципалдык менчик (жер, мүлк), айьш чарбасы (ЖКБФ,СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.О. Бекиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |