Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/7
Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкарууларынын Жобосун карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 20.10.2015-жылдагы №26-36/4 "Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөгү Жобону" бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндү" токтомунун 1-пункту жокко чыгарылсын жана 01.07.2011-жылдагы №25-35/4 "Каракол шаарынын муниципалдык аймактык коомдук өзүн башкаруулары тарабынан калкка берилген маалымдамалар үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндөгү" токтому жокко чыгарылсын.
2. "Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкарууларынын" Жобосу бекитилсин ( №1 тиркеме ).
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |
"Бекитилди"
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин
2017-жылдын "27"декабрь
№27-18/7 токтому менен
Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык
башкаруусу жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. МАБтын негизги маселелери жана функциялары
III. МАБтын ыйгарым укуктары
IV. МАБтын структурасы жана штаттык сыраттамасы
V. МАБтын ишмердүүлүгүн уюштуруу жана көзөмөлдөө
VI. Эсеп жана отчет берүү
VII. МАБтын материалдык-финансылык каржылоосу
VIII. Эмгектик мамилелер
IX. МАБты кайра уюштуруу жана жоюу
I. Жалпы жоболор
Бул Жобо Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруусунун уюштурулушунун, ишмердүүлүгүнүн жалпы тартибин жана анын укуктук макамын аныктайт. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдуулукка ылайык иштеп чыгарылды.
1.1 МАБ Каракол шаарынын мэриясы тарабынан, калк жыйнактуу түрдө жашаган аймактарда, турак үйлөрдүн, кварталдардын, конуштардын, кичи райондордун табийгий чектеринде, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча, өзүнүн жоопкерчилиги менен чечүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарган функцияларды, өзүнүн компетенциясынын чегинде аткаруу үчүн түзүлөт.
МАБ тейлеген аймактын чектерин жана МАБ жөнүндөгү Жобону, Каракол шаардык мэриясынын сунушу боюнча, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши бекитет.
МАБтын түзүүчүсү – Каракол шаарынын мэриясы.
1.2 МАБтын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү жана координациялоону Каракол шаарынын мэриясы жүргүзөт.
1.3 МАБ - юридикалык жак, анын уюштуруу-укуктук формасы - "Мекеме", мамлекеттик каттодон өткөндөн тартып, аталышы жазылган гербдүү мөөрү, тиешелүү штамптары, эсептик счеттору, фирмалык бланктары болот.
1.4 МАБ - Каракол шаарынын мэриясынын аймактык бөлүкчөсү, МАБтын жетекчилери - "Айыл башчысы" макамына ээ болушат.
1.5 Өзүнүн ишмердүүлүгүндө МАБ Кыргыз Республикасынын конституциясы, мыйзамдарын, башка укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.6 МАБ өзүнүн ишмердүүлүгүн, мамлекеттик бийликтин аймактык бөлүкчөлөрү, мэриянын структуралык бөлүкчөлөрү, коомдук өз алдынча башкаруунун түрдүү формалары, менчик түрүнө карабастан, юридикалык жактар, калк менен, Каракол шаарынын мэриясынын, аймактын калкынын кызыкчылыктарын талашуу менен алып барат.
1.7 Коммуналдык кызматтар жана ар кандай менчик формасындагы юридикалык жактар менен мамилелерди, МАБ келишимдик негиздерде түзөт.
1.8 МАБ өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөнкү принциптерде түзөт:
а) өз функцияларын жана ыйгарым укуктарын, Каракол шаарынын мэриясынын структуралык жана аймактык бөлүкчөлөрү менен бөлүштүрүү;
б) Каракол шаарынын мэриясынын алдында отчет берет;
в) карамагындагы аймактын коомдоштугунун мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
г) ишиндеги социалдык калыстык, ачыктык жана айкындык, коомдук уюмдар жана калк менен тыгыз байланышта болуу;
д) жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн, жергиликтүү маанидеги маселелерди жыйналыштарда, жыйындарда активдүү талкууга тартуу;
II. МАБтын негизги маселелери жана функциялары
2.1 МАБтын негизги маселеси – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү уюштуруу.
2.2 МАБтын негизги функциялары:
а) ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечимдерин аткаруу;
б) Кыргыз Республикасынын жана шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун чечимдери жөнүндө калкты маалымдоо жана аларды аткарууну уюштуруу;
в) функцияларын келишимдик негиздерде жүргүзүү, берилген ыйгарым укуктарын, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна ылайык, Каракол шаарынын мэриясынын макулдугу менен жүргүзүү;
г) кварталдык жана үй комитеттердин, ак сакалдар сотторун, турак-жай ээлеринин шериктештиктерин жана башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө жардам берүү;
д) жарандардын кайрылуулары менен, түздөн-түз жана коомдук башкаруунун ар кандай формалары, ак сакалдар соттору, мэриянын алдындагы административдик комиссия жана мамлекеттик органдар менен иш алып баруу;
е) калктын күнүмдүк тиричилигин камсыздоо маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү;
ж) же коммуналдык кызмат көрсөтүүчү уюмдардын, калк менен түзгөн келишимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
з) өз алдынча башкаруунун формаларына дем берүүчү гранттарды жана бюджеттен тышкаркы булактарды тартууга жардам берүү;
и) жакшы иштеген кварталдык, үй комитеттеринин, турак-жайлардын ээлеринин шериктештиктеринин жана башка коммерциялык эмес уюмдардын тажрыйбасын жалпылоо жана таркатуу;
к) Каракол шаарынын жергиликтүү башкаруусу берген башка функцияларды аткаруу;
III. МАБтын ыйгарым укуктуры.
3.1 Өзүнүн компетенциясынын чегинде МАБтар төмөнкү иштерди аткарышат:
а) аймакты социалдык –экономикалык өнүгүшүнүн программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
б) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө, мамлекеттик бийлик органдары менен иш алып барат;
в) коомдук өз алдынча башкаруунун органдарына чарба жүргүзүүчү субьекттер менен турак-жай фондун оңдоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча келишимдерди түзүүгө жардам берет;
г) билим берүү уюмдарына, мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды, алардын окулушун камсыз кылуу үчүн, тактоого жардам берет;
д) бекитилген аймак боюнча маалымат базаларын түзөт жана жаңыртат;
е) Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык, МАБка өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлк обьектилерине ыкчамдык башкаруу жүргүзөт;
ж) Каракол шаарынын мэриясына, мамлекеттик органдарга, менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, МАБка тиешелүү маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
з)аймагындагы абаттоо, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу, өсүмдүктөрдү сугаруу иштеринин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
и) калкка кызмат көрсөтүү боюнча, кварталдык жана үй комитеттеринин, коммуналдык кызматтар жана менчиктин ар кандай түрүндөгү уюмдары менен, өз ара аракеттерин камсыз кылат;
к) үй жана квартал комитеттери менен бирдикте, үйлөрдүн, алардын жер төлөөлөрүнүн, чатырларынын, подьездеринин абалына, жер, ландшафттык куруу, жолдору куруу жана оңдоо, инженердик тутамдарды курууга, эксплуатациялык уюмдар тарабынан, жылуулук, электроэнергия, суу менен камсыздоо системалардагы аварияларды, бузууларды жоюушуна көзөмөл жүргүзөт;
л) Каракол шаарынын мэриясынын макулдугу менен, белгиленген тартипте катталган, коомдук өз алдынча башкаруу субьектилерине, өзүнүн функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын бөлүгүн, келишимдин негизинде жолдойт;
м) Каракол шаарынын мэриясынын структуралык бөлүкчөлөрүнө керектөө рыногунун жана кызматтардын тутамдарын, шаардык унаалардын, маршруттук тутамдарын өнүктүрүү, анын жүрүү сыраттамасын жана башка карамагындагы аймактын маселелери боюнча сунуштарды киргизет;
н) карамагындагы аймакта, коомдук тартипти сактоо боюнча укук коргоо органдарына көмөк көрсөтөт;
о) мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ар кандай фонддор, юридикалык жана физикалык жактар тарабынан, калктын аз камсыз болгон катмарларына, даректүү социалдык жардам берүүнү уюштурууга катышат;
п) шайлоолорду, референдумдарды, ар кандай деңгээлдеги депутаттардын шайлоочулар менен кезигүүлөрүн, коомдук пикирлерди сурамжылоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүп, шайлоочулардын тизмелери боюнча маалыматтын толуктугуна жооп берет;
р) шаардын аткаруу бийлигинин органдары менен бирдикте, балдар, жеткинчектер, жаштар, үй-бүлөөлөр менен, алардын жашаган жеринде иш алып барат, балдар, жеткинчектер, жаштар менен социалдык –педагогикалык иш алып баруучу клубдардын борборлордун ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт;
с) Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна ылайык, ак сакалдар сотунун, мэриянын административдик комиссиясынын кароосуна материалдарды жолдойт;
т) белгиленген тартипте акылуу кызматтарды көрсөтөт;
у) Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
3.2 МАБтын алдында, карамагындагы аймактын тургундарынан турган, калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу, аймакты өнүктүрүү, абаттоо, балдар жана жеткинчектер менен иш алып баруу, турак-жай, коммуналдык маселелер боюнча комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
IV. МАБтын структурасы жана штаттык сыраттамасы
4.1 МАБтын структурасынын жана штаттык сыраттамасынын долбоорун Каракол шаарынын мэриясы даярдайт.
V. МАБтун ишмердүүлүгүн уюштуруу жана көзөмөлдөө
5.1 МАБты башкаруунун жогорку органы – Каракол шаарынын мэриясы.
5.2 Каракол шаарынын мэриясынын гана компе
тенциясына тийиштүүлөр:
а) Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин бекитүүсү үчүн, МАБ жөнүндөгү Жобону жана МАБтын структурасын жана штаттык сыраттамасын иштеп чыгуу жана даярдоо;
б) Ушул Жобого ылайык, мэрия тарабынан МАБка, жолдолуучу функциялардын жана ыйгарым укуктардын тизмегин аныктоо:
в) МАБты кайрадан уюштуруу жана жоюу;
г) функциялардын жана жолдонулган ыйгарым укуктардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;
д) МАБтын башкаруучусун дайындоо, Кыргыз Республикаасынын Өкмөтүнүн, 2016-жылдын 18-декабрындагы, № 669 Токтомуна ылайык жүргүзүлөт, айлык акысы жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат, кызмат акысы - Каракол шаарынын мэриясынын жетектөөчү адисинин айлыгындай болот;
е) МАБтын башкаруучусу, талапкердин квалификациялык талаптарга жооп берүүсүн баалаган комиссиянын сунушу боюнча, аймактын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен, Каракол шаарынын мэри тарабынан, бир жылдык мөөнөткө, контракттык негизде дайындалат. Бир жылдык иштин жыйынтыгы боюнча, мэриянын, тургундардын алдында отчет берет. Иши канааттандырарлык болсо, контракт узартылат. Канааттандырарлык болбосо, бул кызматка башка талапкер, ушул Жобого ылайык, дайындалат.
ж) МАБтын башкаруучусун кызматтан бошотуу, өздүк арызы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган тартипте жүргүзүлөт;
з) МАБтын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү;
5.3 МАБтын ишмердүүлүгүн жетектөөнү Башкаруучу аткарат.
5.4 МАБтын башкаруучусунун кызматына талапкерлердин жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес, же кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес стажы болуш керек. Ал Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугун билиши керек. МАБтын башкаруучусунун кызматын, Кыргыз Республикасынын атуулу болбогон, сот тарабынан жөндөмсүз деп табылган жана мыйзамдуу тартипте соттолгондугу алынбаган, өчүрүлбөгөн адамдар ээлей албайт.
5.5 МАБтын башкаруучусу:
а) МАБтын ишмердүүлүгүн, ушул Жобого ылайык жүргүзүүнү уюштурат, МАБтын мүлкүн, финансылык каражаттарын тескейт, насыя-эсептик мекемелерде эсептик жана башка эсептерди ачат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, ишеним каттарды берет;
б) ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна каршы келбеген, МАБтын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелерди өз алдынча чечет;
в) МАБтын ишмердүүлүгүн камсыз кылуучу, документтерге кол коюуга укуктуу;
г) МАБтын атынан ишеним катсыз аракет кылат, аны юридикалык жана физикалык жактар менен мамилелерде жактайт;
д) кызматтык милдеттерди бекитет, МАБтын кызматкерлеринин баарына жана келишим боюнча, штаттан тышкары, убактылуу жана туруктуу негизде иштеп жаткан кызматкерлерге аткаруу үчүн милдетүү буйруктарды чыгарат;
е) чарбалык жана башка келишимдерди, алардын ичинде эмгек келишимдерди (контракттарды) жана макулдуктарды, ушул Жобо аныктаган ыйгарым укуктардын чегинде түзөт;
VI. Эсеп жана отчет берүү
6.1 МАБ өзүнүн чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына эсеп жүргүзөт, бухгалтердик жана статистикалык отчетторду, бекитилген тартипте жүргүзөт.
6.2 МАБтын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгөунө, Каракол шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу аныктаган компетенттүү органдар жүргүзөт.
6.3 МАБтын башкаруучусу жана башык бухгалтерии эсептин жана отчеттун тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
6.4 Мэриянын сурамы боюнча, МАБ өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча маалыматты берет.
VII. МАБтын материалдык-финансылык каржылоосу
7.1 МАБка ыкчам башкаруу укугунда мүлк бекитилет.
7.2 МАБ, ага бекитилген мүлккө, Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун ыйгарым укуктуу органынын макулдугу менен тескегенге акылуу.
7.3 МАБты кармоого кеткен чыгымдар төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
а) чыгымдар сметасына ылайык, Каракол шаарынын бюджетинин каражатынан;
б) атайын каражаттардан жана юридикалык жана физикалык жактар акысыз берген каражаттардан;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу тыюу салбаган башка кирешелерден;
VIII. Эмгектик мамилелер
8.1 МАБтын кызматкерлеринин эмгектик мамилелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдуулугу менен жөндөлөт.
8.2 МАБтын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, алардын социалдык камсыздоосу, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугу менен жөндөлөт.
IX. МАБты кайра уюштуруу жана жоюу
9.1 МАБты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык, анда каралган тартипте жүргүзүлөт.
9.2 МАБ жоюлгандан кийин каралган мүлк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунда каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
9.3 Юридикалык жактардын мамлекеттик Реестрине тиешелүү жазуу киргизилгенден тартып, жоюу бүткөн болуп эсептелет.
9.4 МАБтын ишмердүүлүгү учурунда пайда болгон документтер, ал жоюлса, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" мыйзамга ылайык сакталышат жана пайдаланылат.
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат башчысы | С. Кубатов |