Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 27-19/5
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2018-жылдын 12-январындагы, кир.№ 01-7/8 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгына, аянты 21 сотых жер тилкесин, "Восход" кичи районунан, долбоорлоо жана көп кабаттуу үй куруу үчүн бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл областындагы башкармалыгы төмөнкүлөргө милдеттендирилсин:
- долбоорлону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Каракол шаарында жерди пайдалануу жана курулуш Эрежелери, Кыргыз Республикасынын шаар куруу регламентин сактоо менен жүргүзүүгө;
- көп кабаттуу үйдү куруу долбоорун 5 кабаттан кем эмес кылууга;
3. Эгерде, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл обласындагы башкармалыгы, көп кабаттуу социалдык үйдү куруу иштерин 2 жылдын ичинде баштабаса, бөлүнүп берилген жер тилкеси, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, бир жактуу тартипте, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамына ылайык алынат.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |