Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна ылайык КҮЧУН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 30-майы № 252
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк
объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка
өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн
тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди
эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу
"Бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик-
тин органдары тарабынан көрсөтүлчү кызматтардын мөөнөтүн кыскартуу жана
баасын төмөндөтүү жолу менен инвестициялык климатты жакшыртуу жана ку-
рулуш чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу, курулуш чөйрөсүндөгү уруксат
берүү системасын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого,
курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби
жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби
жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу
Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекет-
тик агенттик менен бирдикте 2008-жылдын 25-июнуна чейинки мөөнөттө Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча
мамлекеттик агенттиктин структуралык подразделениелери кыймылсыз мүлк
объекттерин долбоорлоого жана курууга уруксат документтерди берүү боюн-
ча, анын ичинде мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүн жүргүзгөндүк
үчүн көрсөтчү кызматтарынын бааларын негиздемеси менен аныктасын жана
аларды аныкталган тартипте бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Экономикалык
өнүктүрүү жана соода министрлиги менен бирдикте 2 айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү, анын ичинде жеке уюмдардын жана эксперттердин
долбоордук документтерди экспертизалашын лицензиялоо боюнча
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө нормативдик укуктук
актылардын долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
белгиленген тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук нормативдик укуктук ак-
тыларын ушул токтом менен бекитилген Жобого ылайык келтирсин;
- бизнес-жамааттын өкүлдөрү менен бирдикте элдин жана ыйгарым
укуктуу органдардын кызмат адамдарынын арасында долбоорлоо жана куруу
үчүн уруксат документтерди алуунун жол-жобосун түшүндүрүү боюнча иш
жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Экономикалык
өнүктүрүү жана соода министрлиги менен бирдикте:
- 3 айлык мөөнөттүн ичинде "Ишкердиктин субъекттерине тек-
шерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
жана "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана эл аралык тажрыйбаны эске
алуу менен мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн
жол-жоболорун өркүндөтүүгө багытталган Мамлекеттик архитектуралык-куру-
луштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чык-
сын жана аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- "бирдиктүү терезе" принцибин жана уруксат документтердин форма-
сын ишке ашыруу үчүн долбоорлоого жана курууга уруксат документтерди
алуу үчүн арыздын бирдиктүү формасын 2008-жылдын 10-июнуна чейин иштеп
чыксын жана бекитсин;
5. Бул токтомдун аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик
агенттиктин директоруна жүктөлсүн.
6. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн
нормативдик укуктук актыларын бир айдын ичинде ушул токтомго ылайык
келтиришсин.
7. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын жетекчилерине бул токтомдун аткарылышы үчүн жеке жоопкер-
чилик жүктөлсүн.
8. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57
"Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн
жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө
салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абза-
цы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57
"Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн
жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө
салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Калктуу ко-
нуштарда жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен
берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун № 1, 3-8-тиркеме-
лери;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы №
57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун
берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тарти-
бин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 8-майындагы № 334 токтомунун № 2 тиркемеси;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы №
57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун
берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тарти-
бин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 8-майындагы № 334 токтому менен бекитилген Калктуу конуш-
тарда жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен
берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун жана Инвестиция-
лык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобонун № 1,
3-8-тиркемелери.
9. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш
боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов