Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 27-19/6
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник З.Джумагазиевдин, 2017-жылдын 25-декабрындагы, кир.№01-7/642 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгына, аянты 30 сотых жер тилкесин, "Кашка-Суу" кичи районунан, долбоорлоо жана көп кабаттуу үй куруу үчүн бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгы төмөнкүлөргө милдеттендирилсин:
- долбоорлону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Каракол шаарында жерди пайдалануу жана курулуш Эрежелери, Кыргыз Республикасынын шаар куруу регламентин сактоо менен жүргүзүүгө;
- көп кабаттуу үйдү куруу долбоорун 5 кабаттан кем эмес кылууга;
3. Эгерде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгы, көп кабаттуу социалдык үйдү куруу иштерин 2 жылдын ичинде баштабаса, бөлүнүп берилген жер тилкеси, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, бир жактуу тартипте, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамына ылайык алынат.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |