Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июлу № 13-7
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын Абшыр-Сай бөлүмүндөгү Абшыр-Ата эс алуу жайына баруучу жолуна 2 км асфальт төшөө иши жүрүп жаткандыгына байланыштуу жолду текшерип, жол куруучу фирмага жардам берип туруу үчүн комиссия курамын бекитүү жөнүндөгү сунушту талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеӊештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын Абшыр-Сай бөлүмүндөгү Абшыр-Ата эс алуу жайына баруучу жолуна 2 км асфальт төшөө иши жүрүп жаткандыгына байланыштуу жолду текшерип туруу үчүн комиссия курамы түзүлсүн.(тиркеме тиркелет).
2. Жолду куруу үчүн конкурста женүүчү болуп келген фирмаларга жол куруу үчүн жолдун боюндагы мыйзамсыз тосуп алган тосмолорду, бак дарактарды алдырып, жолду кенейтүүгө көмөк көрсөтүлсүн.
3. «Абшыр-таза суу» ишканасы жолдун боюндагы суу чыгып жаткан түтүкчөлөрүнү ондоп, асфальт жол курууга шарт түзүп берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |
«БЕКИТЕМИН»
Т. Кулатов атындагы айылдык
кеӊештин төрагасы: А.Топчубаев
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын Абшыр-Сай бөлүмүндөгү Абшыр-Ата эс алуу жайына баруучу жолуна 2 км асфальт төшөө иши жүрүп жаткандыгына байланыштуу жолду текшерип туруу үчүн түзүлгөн комиссия курамы:
1. Д.Көчкөнов-айыл өкмөт башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы
2. Исираилов Тойчу-айылдык кенештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
3. С.Бойдонов-айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьктилерин куруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис, комиссиянын мүчөсү
4. Арынов Замирбек-айылдык кенештин депутаты, комиссянын мүчөсү
5. Паязов Жаанбай-Кожо-Арык айылынын айыл башчысы,комиссиянын мүчөсү
6. Абдиев Жамал-Абшыр-Сай айылынын жашоочусу
7. Боркош уулу Дамирбек-айылдык кенештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
8. Жунусов Раимжан - айылдык кенештин депутаты,комиссиянын мүчөсү
9. Тайлаков Алмамат-Абшыр-Сай айылынын жашоочусу
10. Рустамов Кенешбек-айылдык кенештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
11. Султанов Бектур-айылдык кенештин депутаты,комиссиянын мүчөсү