Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июлу № 13-9
Т. Кулатов атындагы айыл аймактын жергиликтүү кеңешинин депутаттары айыл өкмөттүн кошумча кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегин жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын талкуулап,Т.Кулатов атындагы айылдык кеӊештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн кошумча кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестри жаңы редакцияда бекитилсин
2. Т. Кулатов атындагы айылдык кеӊештин 2015-жылдын 3-декабрындагы 27-5 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн кошумча кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестри жөнүндөгү токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Топчубаев |
Тиркеме
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган | Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер | Муниципалдык кызматты көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү, акысыз) |
1 | Салыктардын жана ижара төлөмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө тактама берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
2 | Табигый кырсыктардан, өзгөчө кырдаалдардан жана форс-мажордук (өрт) кырсыктардан жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүү. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
2 | Улуу Ата-Мекендик согуштун, Баткен окуясынын, Ооган согушунун ардагерлерине жылына бир жолу материалдык жардам көрсөтүү. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
3 | ЧАЭС өзгөчө кырдаалынын кесепетин жоюуга катышкан катышуучуларга материалдык жардам көрсөтүү. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
4 | Жалгыз бой жашаган улгайган карыларга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көргөзүү. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
5 | Аз камсыз болгон, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын ар кандай мелдештерге катышып келүүсү үчүн жол чыгымын төлөп берүү. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
6 | Кургак учук, адамдын иммунно-жетишсиз вирусу (АИВ-ВИЧ), жуктурулган иммуну кем синдрому (СПИД) менен ооруган жабырлануучуларга акчалай жана материалдык жардам көргөзүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |