Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 6/2
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосунун мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорунун алкагында Баткен областынын Кадамжай районунун Уч-Коргон айылдык кенешинни жергиликтүү инвестициялык бирикмесинин чакан долбоордук сунушу менен “Уч-Коргон Жайыт пайдалануучулар Бирикмесине кубаттуу техника сатып алуу” (автогрейдер ДЗ-98) боюнча жана коомчулуктун салымын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1912500 сомдук салым которуу боюнча маселени угуп жана талкуулап чыгып, Уч-Коргон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосунун мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -2 долбоорунун алкагында Баткен областынын Кадамжай районунун уч-Коргон айылдык кенешинин жергиликтүү инвестициялык бирикмесинин чакан долбоордук сунушу менен “Уч-Коргон Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесине кубаттуу техника сатып алуу” (Автогрейдер ДЗ-98) боюнча жалпы наркы 7650000 сомдук автогрейдердин, АРИС уюмунан 5737500 сом, коомчулуктун атынан кошуу салымы 1912500 сомдук үлүшүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен которууга макулдук берилсин. (Тиркеме тиркелет №1)
2. Айыл өкмөтүнүн КЭБнун башчысы А.Рахматуллаевге жергиликтүү бюджеттин эсебинен суралган акча каражатын бөлүп берүүнү камсыздоо жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кенешинин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Джалалов |
Уч-Коргон айылдык кенешинин 2017-жылдын
24-августундагы VI чакырылышынын кезексиз
VI сессиясынын № 6/2 токтомуна №1 тиркеме
Уч-Коргон Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесине кубаттуу техника сатып алуу» (автогрейдер ДЗ-98) долбооруна айыл өкмөтүнүн өздүк салымын бөлүштүрүү жөнүндө
№ | Мазмууну | Суммасы | Статья |
1 | Жайыт комитети | 1912500 | 31121290 |
Айылдык кенештин жооптуу катчысы Г.Маматова