Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-ноябры № 19
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле 26-июль 2016-жылдагы жергиликтүү жамааттын Уставын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин 3 жана 6-пунктунда көргөзүлгөн кызматтардын стандарты бекитилсин (№1 жана № 2 тиркеме).
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Барскоон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Барскоон айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Чекиров |
Тиркеме№1
Барскоон айыл аймагынын муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин 3-пунктунда кѳргѳзүлгѳн муниципалдык кызматтын стандарты.
1. Кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо | Көп балалуу аз камсыз үй-бүлөөлөргө кары адамдарга кышкы мезгилге жыгач отун менен камсыздоо. |
2. | Кызматтарды көрсөткөн органдын толук аталышы | Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү |
3. | Кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Айыл ѳкмѳттѳ каттоодо турган, айыл аймакта туруктуу жашаган жалгыз бой (куйөсү жок, ажырашкан, жесир) колунда 18-жашка чейинки 4 же 4-төн көп баласы бар аялдар. |
4. | Кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | «Балдар жонүндѳ» Кыргыз Республикасынын Кодекси. «ЖѲѲБ жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамы. «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» КР Мыйзамы |
5. | Көрсөтүлгөн кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жылдын 15-ноябрына чейин ар бир кызмат алуучуга: - 1 куб кургак жыгач отун менен камсыздоо; |
6. | Кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат алуучу айыл ѳкмѳтүндѳ каттоодо турушу шарт. 18-жашка чейинки 4 же 4-төн ашык балдары кызмат алуучу менен чогу жашоосу; Кызмат алуучу жылдын 15-октябрына чейин арыз менен кайрылуусу; Балдар энеси менен чогуу жашоосу; Кызмат алуучуга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери маалыматты тактоону, арыз алууну жана башка иш-аракеттерди жүргүзүү кызмат алуучунун жашаган үйүндѳ же башка ынгайлуу жерде алып барууга мүнкүн. |
7. | Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабылдоо жеке кабыл алуу учурунда 30 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт, Кызмат кѳрсѳѳтүү толугу менен жылдын 15 ноябрь айына чейин кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш. |
2. Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу орган жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - айыл аймактын айыл ѳкмѳтүнѳн; - айыл аймактагы мектеп, жана бала-бакчалардан; Маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке жолугушуу учурунда); - электрондук түрдө. Маалыматты маалымдоо такталарынан алууга болот |
9. | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - радио, теле көрсөтүү, маалымат сайттары; - газеталар; - айыл ѳкмѳтүнүн кызмат кѳрсѳтүү бирдиктүү терезеси; - айыл ѳкмѳттүн башчысынын кабылдамасы; - мектеп жана бала бакчанын башкаруу аппаратынан жана алардын маалымат такталарынан; - телефон боюнча. |
3. Тейлөө жана кызмат көрсөтүү | ||
10. | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат алуучулар менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин карманат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербестен, кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс мамиле кылууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши зарыл. Жашы-жете элек балдар менен маектешүүдѳ этияттык менен жүргүзүү керек, психологиялык трамва келтирүүдѳн алыс болуу тийиш. Өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат жѳнүндѳ маалымат таркатууда кызмат алуучулардын аты-жѳнү, дареги кѳргѳзүлбѳшү зарыл. Жыйын, курултай, сессия жана башка элдик чогулуштарда кызмат алуучуларга башка адамдардын кѳзүнчѳ түз кайрылуу, же кызмат алуучулардын аты-жѳнүн аташка тыйуу салынат. |
12. | Керектүү документтердин жана/же кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат алуучу төмөндөгү документтерди берет: - жеке арыз; - балдардын туулгандыгы туралу күбѳлүктөр (көчүрмөлөрү); - ажырашуу тууралу кубөлүк (көчүрмөлөрү), же күйөсүнүн өлгөндүгү тууралу күбѳлүк, же болбосо жалгыз бой экендигин тастыктаган башка иш-кагаз; |
13. | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14. | Кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Электрондук формада кѳргѳзүлбѳйт |
4. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16. | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - бул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына дал келбеген учурда; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда; |
17. | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси айыл ѳкмѳт башчысына же айылдык кенештин тѳрагасына оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар айыл ѳкмѳтү тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 3 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18. | Кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 1 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш. |
Тиркеме№2
Барскоон айыл аймагынын миниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин 6-пунктунда кѳргѳзүлгѳн муниципалдык кызматтын стандарты.
1. Кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо | Тоголок жетим жана аз камсыз үй-бүлөөнүн балдарын мектеп формасы менен камсыз кылуу; |
2. | Кызматтарды көрсөткөн органдын толук аталышы | Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү |
3. | Кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Айыл ѳкмѳттѳ каттоодо турган, айыл аймакта туруктуу жашаган ата-энелеринин экөө тең өлгөн же ата-энелери аз камсыз мектеп курагындагы балдар |
4. | Кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | «Балдар жөнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Кодекси. «ЖѲѲБ жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамы. «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» КР Мыйзамы |
5. | Көрсөтүлгөн кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жыл ичинде ар бир кызмат алуучу: - мектеп формасы менен камсыз болот. Эркек балдарга: 1. Костюм; 2. Жилет; 3. Көйнөк; 4. Шым; 5. Галстук; 6. Туфли; Кыз балдарга; 1. Костюм; 2. Жилет; 3. Көйнөк; 4. Юбка; 5. Галстук; 6. Туфли; |
6. | Кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат алуучу айыл ѳкмѳтүндѳ каттоодо турушу шарт. Кызмат алуучуга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери маалыматты тактоону, арыз алууну жана башка иш-аракеттерди жүргүзүү кызмат алуучунун жашаган үйүндѳ же башка ынгайлуу жерде алып барууга мүмкүн. |
7. | Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабылдоо жеке кабыл алуу учурунда 20 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт, Кызмат кѳрсѳѳтүү толугу менен жыл ичинде кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш. |
2. Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу орган жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - айыл аймактын айыл ѳкмѳтүнѳн; - айыл аймактагы мектеп, жана бала-бакчалардан; Маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке жолугушуу учурунда); - электрондук түрдө. Маалыматты маалымдоо такталарынан алууга болот |
9. | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - радио, теле көрсөтүү, маалымат сайттары; - газеталар; - айыл ѳкмѳтүнүн кызмат кѳрсѳтүү бирдиктүү терезеси; - айыл ѳкмѳттүн башчысынын кабылдамасы; - мектеп жана бала бакчанын башкаруу апаратынан жана алардын маалымат такталарынан; - телефон боюнча. |
3. Тейлөө жана кызмат көрсөтүү | ||
10. | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат алуучулар менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин карманат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербестен, кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс мамиле кылууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши зарыл. Жашы-жете элек балдар менен маектешүүдѳ этияттык менен жүргүзүү керек, психологиялык трамва келтирүүдѳн алыс болуу тийиш. Өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат жѳнүндѳ маалымат таркатууда кызмат алуучулардын аты-жѳнү, дареги кѳргѳзүлбѳшү зарыл. Жыйын, курултай, сессия жана башка элдик чогулуштарда кызмат алуучуларга башка адамдардын кѳзүнчѳ түз кайрылуу, же кызмат алуучулардын аты-жѳнүн аташка тыйуу салынат. |
12. | Керектүү документтердин жана/же кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат алуучунун камкорчусу же жакын тууганы же айыл ѳкмѳттүн соц.кызматкери төмөндөгү документтерди тапшырат: - жеке арыз; - туулгандыгы туралу күбѳлүк; - ата-энелеринин өлгөндүгү тууралу күбѳлүк, же болбосо ата-энелери белгисиздигин тастыктаган соттун аныктамасы (чечими); |
13. | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14. | Кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Электрондук формада кѳргѳзүлбѳйт. |
4. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16. | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - бул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына дал келбеген учурда; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда; |
17. | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси айыл ѳкмѳт башчысына же айылдык кенештин тѳрагасына оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар айыл ѳкмѳтү тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18. | Кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 1 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш. |