Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXV сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 153/25-7
Талас шаардык Ички иштер бөлүмүнүн жалпы ишмердүүлүгү жана Талас шаарында кылмыштуулукту азайтуу багытында жүргүзгөн иш аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талас шаардык Ички иштер бөлүмүнүн (Акматов А.Н.) Талас шаарында кылмыштуулукту азайтуу багытында жүргүзгөн иш аракеттери “канааттандырарлык” деп табылсын.
Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин“Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Рыскулбекова А.К.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |