Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-чакырылышы) кезектеги он төртүнчү сессиясы
2018-жылдын 27-октябры № 14-3
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү жана бир жылдык планын бекитүү тууралуу
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү жана бир жылдык планын бекитүү тууралуу Кеңеш айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесиинин жалпы жыйынын чечими тууралуу жайыт комитетинин төрагасы Карыбеков Нурландын билдирүүсүн угуп жана талкууулапКРнын 2009-жылдын 26-январындагы «Жайыттар жөнүндөгү» № 30-мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктуна таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү жана бир жылдык планы, ошондой эле жайыт комитетинин ички эрежелери бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү жана бир жылдык планынын негизинде иш алып баруу жагы Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |
Мал жайуунун алдында Жайыт комитетинен жайыт билетин алууга.
Ветеринардык палатада катталган жергиликтуу ветеринардан бардык эмдөөлөр жана вакцинациялар жургузулгөндугу тууралуу маалымкат алууга.
Малды Райондук агрардык өнуктуруу башкармалыгы менен макулдашылып жана жергиликтуу кеңештин сессиясында бекитилгенден кийин гана Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайытка жаюуга (мал жаюу планы жана графиги бул пландын негизги бөлуктөрунун бири болуп саналат).
Жайыт мезгили 25 марттан башталат.
Кузгу жайыт мезгили 15 ноябрда аяктайт, климаттын шарттарына жараша 30 ноябрга чейин узартылышы мумкун.
Жайыт пайдалануучуларды жазгы (орто) жайыттарга которуу 1-майдан 10-майга чейин жургузулушу шарт.
Жайыт пайдалануучуларды жайкы жайыттарга которуу 25-майдан 30-майга чейин жургузулушу керек.
Ортоңку кузгу жайыттарга 1-сентябрдан баштап кайтып келсе болот, ал эми мал жайылуучу участокторго тушум жыйналгандан кийин, 1-октябрдан баштап көчсө болот.
Айдоо аянттарына жакын жерде жайгашкан бардык жайыт пайдалануучулар 20-апрелден баштап жазгы жайыттарга которулуусу талап кылынат.
Жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимге ылайык, айыл ичинде 1 жумушчу ат, 2 саан уйлар, 3-5 койду калтырууга уруксат берилет, калган мал жайкы жайыттарга чыгарылышы керек.
Башка учурларда бардык жайыт пайдалануучулар менен келишим тузулөт, жана жайыт пайдалануу акысы келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнундө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун беруунун тартиби жөнундө типтуу жобого ылайык төлөнөт.
Жайыт пайдалануучулар жайыттан кайткандан кийин чарбасы менен жайытка конгон ордун тазалап, таштандыларын чогултуп ала кетиши талап кылынат.
Айлана чойрону коргоо багытындагы бардык талаптарды сактоо.
Райондук агрардык өнуктуруу башкармалыгы менен макулдашылып жана жергиликтуу кеңештин сессиясында бекитилген өлчөмдөгу жайыт пайдалануу акысын төлөөдөн баш тартылган учурда, жайыт комитети карызды жана айыпты жана жайыт пайдалануучунун укуксуз иш-аракетинин натыйжасында келип чыккан башка чыгымдарды өндуруп алуу учун документтерди сотко беруугө укугу бар.
Жайыт пайдалануу учун акы төлөө мөөнөту өтуп кеткен учурда жайыт билетинде көрсөтулгөн төлөмдун жалпы көлөмунөн ар бир кечиктирилген кун учун 0,5% өлчөмундөгу туум алынат.
Эгерде айылда 1 аттан, 2 саан уйлардан, 3-5 койдон ашык мал калтырылса, төмөнку чаралар колдонулат: Жалпы чогулуштун чечими жана аксакалдар сотунун чечими боюнча малдын ар бир башына 500 сом өлчөмундө айып салынат.
Эгерде мал айдоо аянттарына жайылып кетсе, алгачкы жолу ооз эки эскертуу берилет, андан кийин:
Бодо малга биринчи жолу - 250 сом, экинчи жолу -500 сом өлчөмундө айып салынат.
Майда малга биринчи жолу 50 сом, экинчи жолу 100 сом өлчөмундө айып салынат, эреже бузуу учунчу ирет кайталанган учурда, кетирилген зыян эсептелип, иш аксакалдар сотуна же сот органдарына жөнөтулөт.
Жазгы, жайкы жана кузгу жайыттарда мал жаюу графигин бузган жайыт пайдалануучуларга, бодо малдын ар бир башына – 250 сом, майда малга – 50 сом өлчөмундө айып салынат жана жайытка 1 сутканын ичинде кайтып баруу жөнундө жазуу жузундөгу билдирме берилет.
Жайыт пайдалануучу айып төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Айлана–чойрону коргоо багытындагы талаптар аткарылбаган учурда административдик жоопкерчилик боюнча кодекске ылайык жоопкерчилик тартат.