Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI шайланган) кезектүү VIII- сессиясы
2018-жылдын 09-октябры № 45
Билим берүү мекемелеринин 2018-жылдын 9-ай ичинде аткарып жаткан иштери жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү IX - сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин жетекчилери А. Жунусбаев, У. Эшенкулова, Н. Абдыкеримова, С. Жоошбаевдердин 2018-жылдын 9-ай ичинде аткарып жаткан иштери боюнча 2018-жылдын
01.10.2018-жылдагы маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2003-жылдын 30-апрели № 92 Билим берүү жөнүндө 2017-жылдын 22-февралындагы № 32, 2017-жылдын 23-майындагы №84, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-бөлүмдүн 16-беренесинин негизинде, Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин 2018-жылдын 9-ай ичинде мектеп директорлорунун
( А. Жунусбаев, У. Эшенкулова, Н. Абдыкеримова, С. Жоошбаев) аткарылган иштери боюнча маалыматтары канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |