Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз ХVI заседаниеси
2018-жылдын 18-декабры № 23/1
2018-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы,ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2019-жылга бекитүү, 2019-2020-жылдарга болжолдуу пландары жөнүндө
2018-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2019-жылга бекитүү, 2019-2020-жылдарга болжолдуу пландары жөнүндөгү Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXIII заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, жылдын жыйынтыгы боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун билдирүүсү жактырылсын ( № 1 тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыздоо үчүн Ата Мекендик, Чет Элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине жана жамааттын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына, айылдык кеңештин төрагасына калтырылсын.
Төрага | З. Боронов |
Жошолу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18- декабрындагы 23-заседаниесинин №23/1 токтому менен бекитилген
Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 2018-жылдын «18» -декабрындагы XХIII заседаниесинин № 23/ 1 токтомунун № 1 тиркемеси
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети боюнча маалымат жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2019-жылга бекитүү жана 2020-2021-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө айылдык Кенештин заседаниесинде Жошолу айылдык өкмөтүнүн башчысы Абдырахманов Туратбектин
Б И Л Д И Р Ү Ү С Ү
2018-жылга отчет
Жергиликтүү бюджеттин өз алдынчалуулугунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттин шайкештигинин жана бюджеттик каражаттардын аткарылышынын натыйжалуулугуна жетиштик. Жошолу айылдык кенештин өткөн 2017-жылдын 9-февралындагы сессиясында 2018-жылга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү каржы министрлиги тарабынан берилген контролдук цифранын негизинде 7971,3 мин сомго бекитилген. Анын ичинде айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен каржылануучу тендөөчү гранттын планы 6363,0 мин сом жана өздүк кирешелер 1458,3 мин сом жана атайын каражат 150,0 мин сом. (№ 1 таблица)
2017-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планы 14481,9 мин сомду түздү, анын ичинде өкмөткө республикалык бюджеттен каржылануучу тендөөчү гранттын планы 6363,0 мин сом, өздүк кирешелер 7971,3 мин сом жана атайын каражат 160,0 мин сомду түздү.
Мындан тышкары жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен электр энергиясы үчүн калкка женилдиктерге 693,5 мин сом, статистер үчүн ыйгарымдуу каражат (делегирование) 149,7 мин сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 7.08.2017- жылдагы № 466 токтомунун негизинде муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысынын көбөйгөндүгүнө 447,5 мин сом, жалпысынан 597,2 мин сом республикалык бюджеттен кошумча бөлүнүп берилген.
Ошондой эле 2017-жылдын 1-январына карата калган калдык 2348,0 мин сом, анын ичинен атайын каражаттан 17,0 сом акча каражаттарын айылдык Кенештин чечимдери менен жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тиешелүү беренелерге бекитип бергенсиздер.
Өздүк киреше такталган план боюнча 1608,3 мин сом болуп, аткарылганы 4480,2 мин сомду түзүп 2871,9 мин сомго ашыкча аткарылган.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча
Республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын (средства передоваемаядан) жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каржыланышы төмөндөгүдөй болду:
- айыл өкмөттүн аппаратында эмгектенген статистердин эмгек акысына 149,7 мин сом.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 7.08.2017-жылдагы № 466 токтомунун негизинде муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысына 447,5 мин сом.
- электр энергиясы үчүн калкка женилдиктерге 693,5 мин сом.
2017-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы төмөндөгү таблицадагыдай:
№ | Чыгаша бөлүмдөрү | Бекитил ген план | Тактал ган план | Касса лык чыгым | Аткарылганы |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | Мамлекеттик башкаруу | 50520 | 8199,7 | 7965,7 | 5393,5 |
2 | Коргонуу | 50,0 | 50,0 | 30,0 | 310,0 |
3 | Экономикалык маселе | 40,0 | 90,9 | 48,4 | 48,4 |
4 | Жайыт |
| 112,7 | 103,0 | 103,0 |
5 | Саламаттык сактоо |
|
|
|
|
6 | Маданият тармагы |
| 1181,3 | 1051,1 | 1081,4 |
7 | Билим беруу тармагы | 1789,5 | 3883,8 | 1548,4 | 2391,8 |
8 | Социалдык коргоо | 120,0 | 863,5 | 863,5 | 843,3 |
| Жалпысы | 7971,3 | 14481,9 | 8805,5 | 9344,8 |
Жалпы айыл өкмөтү боюнча төмөндөгү беренелер боюнча;
- жалпы эмгек акы - 4389,3 мин сом,
-соц.фондго төлөмдөр - 683,1 мин сом,
- кызматтык сапар чыгымдарына - 93,1 мин сом,
- байланыш кызматына жана интернетке - 213,1 мин сом,
- транспорт чыгымдарына - 143,4 мин сом,
- ар түрдүү чыгымдарга - 873,4 мин сом,
- балдар бакчаларынын тамак ашы үчүн - 270,0 мин сом,
- мекемелердин кезектеги ремонту үчүн - 143,2 мин сом,
- ар түрдүү инвентар жана
- көмүр үчүн - 575,8 мин сом,
- электр энергияга коммуналдык чыгымдар - 35,0 мин сом,
- электр энергиясы үчүн калкка женилдиктерге - 693,5 мин сом,
- имараттар жана курулмаларга - 814,8 мин сом,
- машиналар жана жабдууларга - 76,4 мин сом,
- атайын каражаттар - 142,2 мин сомго
Балдар бакчаларынын атайын каражаттар эсебине 2017-жылда ата-энелерден түшүүчү мүчөлүк акы (род.взнос) 150,0 мин сом план бекитилген болсо, ата-энелер тарабынан 159,8 мин сом төгүлүп, аткарылганы 142,2 мин сомду түздү.
Ошентип 2017-жылда жогоруда көрсөтүлгөн бюджеттик акча каражаттар өз максатында мыйзамдуу, сарамжалдуу пайдаланылып жумшалды.
2017-жыл ичинде келип түшкөн акча каражатын бекитилген сметанын чегинде, кошумча республикалык бюджеттен келип түшкөн акча каражатын жана өткөн жылдан каган калдыктарды, ошондой эле салыктын пландан ашыкча аткаруунун эсебинен мыйзамга ылайык айылдык кенештин токтомдору менен бөлүнүп берилди.
Айыл өкмөтүндө жана райондо өткөрүлүүчү маданий массалык иш-чараларга жалпысынан 385,0 мин сом акча каражаты жумшалган.
2018-жылга маалымат
Жошолу айылдык Кенештин 2017-жылдын 18- декабрындагы сессиясында 2018-жылга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген контролдук цифранын негизинде 12201,9 мин сомго бекитилген, анын ичинде республикалык бюджеттен каржылануучу тендөөчү гранттын планы 6154,9 мин сом жана өздүк кирешелер 6047,0 мин сом (анын ичинде атайын каражат 170,0 мин сом).
2018-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планы 12728,0 мин сомду түзүшү күтүлүүдө, анын ичинде Жошолу айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен каржылануучу тендөөчү гранттын планы 6154,9 мин сом, өздүк кирешелер 4449,9 мин сом жана атайын каражат 170,0 мин сом.
Мындан тышкары жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен электр энергиясы үчүн калкка женилдиктерге 708,6 мин сом, статистер үчүн ыйгарымдуу каражат (делегирование) 206,7 мин сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 7.08.2017-жылдагы № 466 токтомунун негизинде муниципалдык кызматкерелердин эмгек акысынын көбөйгөндүгүнө 1413,4 мин сом, жалпысынан 2123,2 мин сом республикалык бюджеттен кошумча бөлүнүп берилүүсү күтүлөт.
Ошондой эле 2018-жылдын 1-январына карата калган калдык 651,8 мин сом, анын ичинен атайын каражаттан 17,0 мин сом акча каражаттарын айылдык Кенештин чечимдери менен жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тиешелүү беренелерге бекитип бергенсиздер.
Өздүк киреше такталган план боюнча 6047,0 мин сом болуп, ушул күнгө аткарылганы 4423,9 мин сомду түзүп 1623,1 мин сомго кем аткарылды.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча
Республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын (средства передоваемаядан) жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каржыланышы төмөндөгүдөй күтүлөт:
- айыл өкмөттүн аппаратында эмгектенген статистердин эмгек акысына 203,1 мин сом.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 7.08.2017-жылдагы № 466 токтомунун негизинде муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысына 3105,4 мин сом.
- электр энергиясы үчүн калкка женилдиктерге 708,6 мин сом.
2018-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы төмөндөгү таблицадагыдай:
№ | Чыгаша бөлүмдөрү | Бекитил ген план | Тактал ган план | Касса лык чыгым | Аткарылганы |
|
|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
1 | Мамлекеттик башкаруу | 9071,8 | 921,1 | 6160,0 | 6160,0 |
|
|
2 | Коргонуу | 40,0 | 150,0 | 100,0 | 100,0 |
|
|
3 | Экономикалык маселе | 40,0 | 200,0 | 48,3 | 48,3 |
|
|
| Маданият тармагы | 1514,7 | 4432,5 | 3034,9 | 1319,7 |
|
|
| Билим беруу тармагы | 1165,4 | 1629,8 | 1319,6 | 3035,0 |
|
|
| Социалдык коргоо | 170,0 | 170,0 | 147,0 | 147,0 |
|
|
Жалпы айыл өкмөтү боюнча төмөндөгү беренелер боюнча;
- жалпы эмгек акы - 4547,6 мин сом,
-соц.фондго төлөмдөр - 677,0 мин сом,
- кызматтык сапар чыгымдарына - 91,4 мин сом,
- байланыш кызматына жана интернетке - 31,3 мин сом,
- транспорт чыгымдарына - 77,3 мин сом,
- ар түрдүү чыгымдарга - 825,5 мин сом,
- балдар бакчаларынын тамак ашы үчүн - 235,0 мин сом,
- мекемелердин кезектеги ремонту үчүн - 325,6 мин сом,
- ар түрдүү инвентар жана
ар түрдүү чарбалык буюмдарды сатып алууга - 305,6 мин сом,
- көмүр үчүн - 864,0 мин сом,
- электр энергияга коммуналдык чыгымдар - 507,8 мин сом,
- электр энергиясы үчүн калкка женилдиктерге - 708,6 мин сом,
- имараттар жана курулмаларга - 1093,3 мин сом,
- машиналар жана жабдууларга - 908,8 мин сом,
- атайын каражаттар - 159,7 мин сомго аткарылган.
Анын ичинен
Балдар бакчаларынын атайын каражаттар эсебине 2018-жылга ата-энелерден түшүүчү мүчөлүк акы (род.взнос) 170,0 мин сом план бекитилген болсо, ушул күнгө ата-энелер тарабынан 141,9 мин сом төгүлүп, аткарылганы 141,9 мин сомду түздү.
Ошентип 2018-жылда жогоруда көрсөтүлгөн бюджеттик акча каражаттар өз максатында мыйзамдуу, сарамжалдуу пайдаланылып жумшалууда.
2018-жыл ичинде келип түшкөн акча каражатын бекитилген сметанын чегинде, кошумча республикалык бюджеттен келип түшкөн акча каражатын жана өткөн жылдан каган калдыктарды, ошондой эле салыктын пландан ашыкча аткаруунун эсебинен мыйзамга ылайык айылдык кенештин токтомдору менен бөлүнүп берилип келүүдө.
2019-жылга бюджет жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолдуу планы
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген 2019-жылдын бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга болжолдуу планы боюнча Жошолу айыл өкмөтүндө өзүбүздүн расчетторубуздун негизинде толуктоочу грант 10013,7 мин сом биринчи кезекте корголгон беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга толугу менен жетишерлик коюлду. Өздүк киреше финансы министрлиги тарабынан 10010,6 мин сом план берилип, отчеттук жыл ичинде түшкөн “жер казнасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы” беренесинен 1200,0 мин сом акча каражатын келерки жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошо киргизилген, бирок бул акча каражатынын түшүшүнө кепилдик жок.
Сиздердин кароонуздарга коюлуп жаткан бюджеттин долбоорунда корголгон беренелердеги – эмгек акы, соц фонд, бала бакчаларга каралган тамак-аш нормативдик документтердин жана расчеттордун негизинде эсептелди. Электр энергиясына, көмүр үчүн 100% акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралып жатат. Электр энергиясын колдонуучу бюджеттик мекемелер үчүн айыл өкмөтү боюнча 320,0 мин Квт/саат лимит бөлүнгөн. Бул азыркы тариф боюнча эсептегенде 821,4 мин сомду түзөт. Көмүр үчүн 1003,2 мин сом акча каражаты расчеттордун негизинде каралып жаткан бюджеттин сметасынын чыгаша бөлүгүнө отургузулду.
Урматтуу депутаттар!
Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулардын бирикмеси мурда ушул мезгилге чейин финансылык-чарбалык иштерин өз алдынча жүргүзүп келген. Жылына бир жолу жайыт пайдалануучулардын жана жергиликтүү кенештин алдында отчет берип келчү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 7.06.2016-жылдагы № 307 токтому жана КР Каржы Министрлигинин 8.12.2016-жылдагы № 198-П буйругунун негизинде акча каражаттарынын кыймылы Казначейство системасы аркылуу жүргүзүлүүсү көрсөтүлгөн.
Ошол себептен айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардан түшүүчү акча каражатын 2018-жылдагы көрсөткүчтөрүн эсептеп жана анализдеп чыгып, 2019-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун сиздердин алдыныздарга сунуштап жатабыз.
Урматтуу райондон келген өкүлдөр жана депутаттар!
2018-жылга карата каржы министрлиги тарабынан берилген контролдук цифраны чыгымдалуучу статьяларга туруктуу бюджет комиссиясы менен карап чыгып жана анализдеп, сиздердин кароонуздарга коюп жатабыз. Ал көрсөткүчтөр сиздерге чыгаша жана киреше бөлүктөрү менен жергиликтүү бюджеттин долбоору катары таблица түрүндө көрсөтүлүп сиздерге таркатылып берилди. Алымча кошумчасын талкуулоо менен өзүнүздөр бекитесиздер. Толуктоочу грантты биринчи кезекте корголгон беренелерге, башкача айтканда тарификациянын негизинде эмгек акы, соц фондго чегерүүлөргө, балдар бакчаларына керектлүүчү тамак – ашты жетишээрлик денгээлде нормативдин негизинде коюшубуз керек. Андан кийин коммуналдык чыгымдарга (эл.энергия, көмүр, байланыш ж.б.) айыл өкмөтүнүн керектөөсүнө жараша коюшубуз керек. Калган акча каражатты тиешелүү беренелерге бөлүнүп, таблица түрүндө көрсөтүлгөн долбоору колунуздарда. Бул жерде айта кетүүчү нерсе толуктоочу гранттар жана өздүк киреше, атайын каражат баардыгы биригип айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин түзөт. Алар сиздердин кароонуздарга коюлду. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга болжолдуу бюджетинин планын сунуш кылабыз. Алардын долбоору таблицада көрсөтүлгөн. Жошолу айылдык Кенешинин сессиясы тарабынан бекитилген бюджтти өз макстында туура, сарамжалдуу пайдалануу ар бир мекеменин жетекчисинин жана анда иштеген кызматкерлердин милдети деп баса белгилеп кетет элем.
Көнүл бурганыныздар үчүн чон рахмат!
Башчы : Т. Абдырахманов