Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-апрели №5
Айылдык кеңештин иш-планын 2018-жылга карата бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык Кеңешинин 2018-жылга аткара турган иш-планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткаруу жана көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасы Мамасадык Кеңешбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |
Ленин айылдык Кеңешенин
16.01.2018-ж. IX-сессиясынын
№5 токтомуна №1 тиркеме
Ленин айылдык Кеңешинин 2018-жыл ичинде аткара турган
ИШ ПЛАНЫ.
Катар № | Каралуучу маселелер | Кароо мөөнөтү | Ким даярдайт |
| Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылга аткарылышы, 2018-жылга кабыл алуу | I – квартал | Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясы |
| Кыргыз Өкмөтүнүн №451 токтомуна ылайык айыл өкмөттүн түзүмүн жана штаттык санын бекитүү | I – квартал | Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясы |
| Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ленин айылдык аймагынын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү | II – квартал | Бюджет, экономика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялары |
| Жергиликтүү бюджеттин жана аймакты социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысы Б.Токтосуновтун отчету | II – квартал | Бюджет, экономика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялары |
| Калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылышы боюнча социалдык адис Мамырасуловдун М. отчету | III – квартал | Бюджет, экономика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялары |
| Айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышы | IV – квартал | Административдик укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
| Мамлекеттик фондунун жерлеринин пайдаланышы жөнүндө | IV – квартал | Агрардык комиссиясы |
Ленин айылдык кеңешинин катчысы: К.Курманалиев