Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-февралы № 14/4
«Салыктык укук мамилелери чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ» Жаны-Арык айыл ѳкмѳтү менен Мамлекеттик салык кызматынын Жумгал району боюнча башкармалыгынын ортосундагы келишимди бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 11.04.2016-жылдагы №202 токтому менен бекитилген «Салыктык укук мамилелери чѳйрѳсүндѳ ѳткѳрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышын тартиби жѳнүндѳ» Жобого ылайык «Салыктык укук мамилелери чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ» Жаны-Арык айыл ѳкмѳтү менен Мамлекеттик салык кызматынын Жумгал району боюнча башкармалыгынын ортосундагы келишимди карап, депутаттардын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Ѳкмѳтүнүн 11.04.2016-жылдагы №202 токтому менен бекитилген «Салыктык укук мамилелери чѳйрѳсүндѳ ѳткѳрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышын тартиби жѳнүндѳ» Жобого ылайык «Салыктык укук мамилелери чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ» Жаны-Арык айыл ѳкмѳтү менен Мамлекеттик салык кызматынын Жумгал району боюнча башкармалыгынын ортосундагы келишим бекитилсин (келишим тиркелет);
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго тапшырылсын.
Төрага | К. Саралаев |
30.12.2017-ж №34-Н МСКБ 22.02.2018-жылдагы №13 21.02.2018-жылдагы
Жумгал райондук башкармалыгынын айыл ɵкмɵтʏнʏн буйругу №14/4 айыл кенешинин
буйругу менен бекитилди менен бекитилди токтому менен
бекитилди
Салыктык укук мамилелери чɵйрɵсʏндɵ мамлекеттик
ыйгарым укуктардын жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу
органдарына ɵткɵрʏп берʏʏ жɵнʏндɵ келишими.
Келишимдеги тараптар
МСКнын Жумгал району боюнча башкармалыгы, мындан ары «аймактык салык органы» деп аталган тараптан начальниги Молдокеев Октябрь Асылбекович.
2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтʏнʏн токтому менен бекитилген «Салыктык укук мамилелери чɵйрɵсʏндɵ ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жɵнʏндɵ» Жобосунун негизинде биринчи тараптан, Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ɵкмɵтʏ жана мындан ары «жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органы» экинчи тараптан Молдобазаров Руслан Камчыбекович.
2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтʏнʏн токтому менен бекитилген «Салыктык укук мамилелери чɵйрɵсʏндɵ ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жɵнʏндɵ» Жобонун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жɵнʏндɵ Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу жɵнʏндɵ», «ЖϴБ органдарына айрым мамлекеттик укуктарды ɵткɵрʏп берʏʏ жɵнʏндɵ», «Жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарын текшерʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏʏнʏн тартиби жɵнʏндɵ» Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтʏнʏн 2016-жылдын 17-мартындагы №145 токтому менен бекитилген салыктык укук мамилелери чɵйрɵсʏндɵ ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтʏʏ ɵзалдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жɵнʏндɵгʏ типтʏʏ жобонун 10-бɵлʏмʏнʏн 10.1-пунктуна ылайык тɵмɵндɵгʏ келишимди тʏзʏштʏ:
Келишимдин предмети
Жумгал району боюнча МСКБ тɵмɵнкʏ мамлекеттик ыйгарым укуктарды ɵткɵрʏп берет:
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ɵкмɵтʏ:
Ыктыярдуу жана милдеттʏʏ патенттердин негизинде салык жыйноо;
1.2.3. жана 4 топтогу мʏлк салыгын жыйноо;
Жер салыгын жыйноо;
рейддик контролдоону ɵткɵрʏʏ:
- салык органынан салык тɵлɵɵчʏнʏн салыкты тɵлɵгɵнʏнʏн жана каттоодо тургандыгын фактысын аныктоо;
- патенттин негизинде салык тɵлɵɵчʏнʏн салыкты тɵлɵгɵнʏнʏн физикалык кɵрсɵткʏчʏн жана фактысын текшерʏʏ.
5) салык кызматынын органдары менен бирдикте салык постторун орнотуу.
2.2. Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ɵкмɵтʏ жогоруда кɵргɵзʏлгɵн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга кабыл алат.
3. Мамлекеттик органдын мамлекеттик ыйгарым укуктарын ɵткɵрʏп берʏʏдɵгʏ укуктары жана милдеттери
3.1. Жумгал району боюжнча МСКБ ɵз ыйгарым укуктарын жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу (мындан ары – ЖϴБ) органдарына ɵткɵрʏп берʏʏдɵ тɵмɵнкʏ укуктарга ээ болот:
- ЖϴБ органдарын ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы боюнча кɵзɵмɵлдɵйт;
- ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы боюнча ɵз компетенциясынын чегинде милдеттʏʏ аткаруу ʏчʏн актыларды кабыл ала алат;
- ɵткɵрʏлʏп берген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жʏргʏзʏʏдɵ ЖϴБ органдары кетирген каталарды ондоо боюнча кат жʏзʏндɵ эскертʏʏ бере алат;
- 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтʏнʏн токтому менен бекитилген «Салыктык укук мамилелери чɵйрɵсʏндɵ ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жɵнʏндɵгʏ» Жободо бекитилгендей (мындан ары – Жобо) ЖϴБ органдарынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча маалымат жана отчет сурап ала алат;
- ушул келишимде бекитилген жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды ЖϴБ органдарына ɵткɵрʏп берʏʏ жɵнʏндɵ» мыйзамына ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу келишимин мɵɵнɵтʏнɵн мурда токтотууну сунуштай алат;
3.2. Жумгал району боюнча МСКБ:
а) милдеттʏʏ тʏрдɵ Жаны-Арык айыл ɵкмɵтʏнɵ берип турат:
- ар квартал сайын, кийинки отчеттук кварталдын мезгилинин башталышына 15 кʏн калганга чейин райондук салык кызматынын башкармалыгында каттоодо турган мʏлк салыгын, жер салыгын жана патенттин негизинде салык тɵлɵɵчʏлɵрдʏн жана аталган салыктар боюнча карыздардын суммасы тууралуу;
- жыл сайын, 10-январдан кеч эмес, ыктыярдуу патент менен иштеген ишкерлердин тизмесин жана салыктын ставкаларын, эгерде жыл ичинде патенттик негиздеги салыктын ставкалары жана ыктыярдуу жана милдеттʏʏ патенттин негизинде ишмердʏʏлʏктʏн тʏрлɵрʏ кайра каралып ɵзгɵрʏлʏшʏ тууралуу кабыл алынган чечимдерди, ал жɵнʏндɵ маалыматты 5 жумушчу кʏндɵн кем эмес убакытта билдирʏʏ;
- жыл сайын, ушул келишимдин 2-бɵлʏмʏнʏн 2.1-пунктунун 1,2,3 подпункттарында кɵрсɵтʏлгɵндɵй ʏстʏдɵгʏ жылдын 1-июнунан кеч эмес салык тɵлɵɵчʏлɵрдʏн салык боюнча милдеттемелери тууралуу жалпыланган маалыматты берʏʏ.
б) ɵз компетенциясынын чегинде тɵмɵнкʏлɵргɵ милдеттʏʏ:
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын чегинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну жʏргʏзʏп жаткан ЖϴБ аткаруучу органына усулдук, уюштуруучулук, консультативдик жана башка тийиштʏʏ жардамдарды кɵргɵзʏʏгɵ;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу милдети жʏктɵлгɵн адистердин деңгээлин кɵтɵрʏʏ максатында керектʏʏ окууларды ɵткɵрʏʏгɵ;
- мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышына кɵзɵмɵлдʏ жʏргʏзʏʏгɵ;
-салык алынуучу объекттерди каттоону жʏргʏзʏʏгɵ байланыштуу келген каттарды ɵз убагында кароо ʏчʏн айыл ɵкмɵткɵ жана мэрияга жиберʏʏгɵ жана контролдоого.
4. Жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудагы укуктары жана милдеттери
4.1. Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ɵкмɵтʏ мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда тɵмɵнкʏ укуктарга ээ:
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда мамлекеттик органдардан усулдук, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардамдарды алууга;
- ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруунун жʏрʏшʏндɵ кеткен каталарды оңдоого мамлекеттик орган тарабынан кат жʏзʏндɵ берилген эскертʏʏлɵрʏнɵ соттук тартипте даттанууга;
- ушул келишимде бекитилген жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарына ɵткɵрʏп берʏʏ жɵнʏндɵ» мыйзамына ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу келишимин мɵɵнɵтʏнɵн мурда токтотууга;
- салык алынуучу объекттерди каттоо жʏргʏзгɵн органдан райондук салык кызматы башкармалыгы аркылуу зарыл болгон маалыматтарды жазуу тʏрʏндɵ алууга.
4.2. Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ɵкмɵтʏ ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарууда милдеттʏʏ:
- ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарууну тийиштʏʏ келишимге жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык жʏргʏзʏʏгɵ;
- ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруунун бɵлʏгʏнɵ байланыштуу мамлекеттик органдын тоскоолдуксуз текшерʏʏсʏнɵ шарт тʏзʏп берʏʏгɵ;
- жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин кесиптик деңгээлин кɵтɵрʏʏ ʏчʏн мамлекеттик органдар кɵрсɵткɵн окууларга жиберʏʏгɵ;
- ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруудагы кетирилген каталарды оңдоо боюнча салык кызматынын жазуу тʏрʏндɵгʏ эскертʏʏлɵрʏн аткарууга;
- Жобо менен бекитилген мɵɵнɵттɵ ɵткɵрʏлʏп берген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруунун жыйынтыктары боюнча мамлекеттик органга отчет берʏʏгɵ;
- Салыктык укуктук мамилелер чɵйрɵсʏндɵгʏ Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын так аткаруу жана ыйгарым укуктар боюнча салык жыйноонун айлык, кварталдык жана жылдык божомол пландарын сапаттуу аткарууга.
5. ϴткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адиси
5.1. ϴткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган ЖϴБ аткаруу органынын адиси муниципалдык кызматкер болгондуктан, аны кызматка алуу жана кызматтан бошотуу муниципалдык кызмат чɵйрɵсʏндɵгʏ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жʏргʏзʏлɵт.
5.2. ϴткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган ЖϴБ аткаруу органынын адиси ɵз ишмердʏʏлʏгʏндɵ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, КР Салык Кодексинин, КР Административдик кодексин, КР мыйзамдарын жана башка укуктук-ченемдик актыларын жетекчиликке алат.
5.3. ϴткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жɵнʏндɵгʏ келишимде ɵткɵрʏлгɵн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган ЖϴБ аткаруу органынын адиси аткара турган айрым мамлекеттик ыйгарым укуктардын укук менен милдеттердин толук тизмеси кɵрсɵтʏлʏшʏ керек.
6. ϴткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчет берʏʏнʏн мɵɵнɵтʏ жана формасы
6.1. ЖϴБ откаруучу органы Жободо кɵрсɵтʏлгɵн мɵɵнɵттɵрдɵ ɵткɵрʏлгɵн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча аймактык салык органына маалыматтарды жана отчетторду берʏʏнʏ камсыз кылат.
7. ϴткɵрʏлгɵн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышына мамлекеттик органдын кɵзɵмɵл жʏргʏзʏʏсʏнʏн тартиби
7.1. ϴткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ (контролдоо) келишимдеги жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптардын сакталышын камсыз кылуу ʏчʏн жʏргʏзʏлɵт.
7.2. ЖϴБ аткаруучу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵнʏ (контролдоону) мамлекеттик ыйгарым укуктуу салык органы жана Жумгал району боюнча МСКБ жʏргʏзɵт.
7.3. Ыйгарым укуктуу салык органы жана Жумгал району боюнча МСКБ
- ЖϴБ аткаруучу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды толук жана сапаттуу аткарылышына, табылган кемчиликтерди жоюу ʏчʏн эскертʏʏ берʏʏ укугу менен кɵзɵмɵл жʏргʏзɵт;
- ɵткɵрʏлʏп берилген ыйгарым укуктар чɵйрɵсʏнɵ тийиштʏʏ укуктук ченемдик актылардын, ошондой эле ЖϴБ аткаруучу органына усулдук кɵргɵзмɵ берʏʏ аркылуу кɵзɵмɵл жʏргʏзɵт;
- келишимде кɵрсɵтʏлгɵн учурларда ЖϴБ аткаруучу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышын токтотуу жана учурдагы келишимди бузуу тууралуу жогорку турган инстанцияга даярдайт жана киргизет;
7.4. Тийиштʏʏ мамлекеттик орган ЖϴБ аткаруучу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышына кɵзɵмɵлдʏ тɵмɵнкʏдɵй тʏрдɵ жʏргʏзɵт:
- ЖϴБ аткаруучу органынын ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу ишмердʏʏлʏгʏн координациялайт;
- ЖϴБ аткаруучу органынан ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары тууралуу отчетту мыйзамда жана ыйгарым укуктарды ɵткɵрʏʏ келишиминде кɵрсɵтʏлгɵн мɵɵнɵттɵ жана тартипте кабыл алат;
- ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарын аткарууда ЖϴБ аткаруу органын ишмердʏʏлʏгʏнɵ текшерʏʏ жʏргʏзɵт;
- ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча ЖϴБ аткаруу органына сунуштама бере алат;
- ЖϴБ аткаруу органы кабыл алган чечимдерге мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулугуна баа берʏʏ.
8. Келишимдин кʏчʏнɵ кирʏʏ жана аткаруу мɵɵнɵтʏнʏн тартиби
8.1. Келишим ЖϴБ ɵкʏлчʏлʏктʏʏ органы (айылдык кенеш) бекиткенден жана айылдык кенештин келишимди бекитʏʏ тууралуу токтому расмий жарыяланган кʏндɵн кийин кʏчʏнɵ кирет.
8.2. Ушул келишимдин аткаруу мɵɵнɵтʏ 1 (бир) жыл.
Эгер тараптар учурдагы келишимдин аткаруу мɵɵнɵтʏн токтотуу боюнча билдирʏʏ жасабаган учурда, келишим автоматтык тʏрдɵ ошол эле мɵɵнɵткɵ, ошондой эле шарттарда узартылат.
9. Келишимди ɵзгɵртʏʏнʏн шарттары
9.1. Келишимге ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ менен кошумчаларды киргизʏʏ тараптардын макулдугу менен жʏргʏзʏлɵт.
9.2. Келишимге киргизилген ɵзгɵрʏʏлɵр менен кошумчалар ЖϴБ ɵкʏлчʏлʏктʏʏ органы (айылдык кенеш) тарабынан бекитилиши керек жана айылдык кенештин келишимге ɵзгɵртʏʏлɵр менен кошумчаларды киргизʏʏ тууралуу токтому расмий жарыяланган кʏндɵн кийин кʏчʏнɵ кирет.
10. ϴткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды токтотуунун негиздери жана тартиби.
10.1. ЖϴБ аткаруучу органына ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тɵмɵнкʏ учурларда токтотулушу мʏмкʏн:
- келишимдин аткаруу мɵɵнɵтʏ бʏткɵндɵ;
- келишимди жараксыз деп тааныган соттун мыйзамдуу чечими кʏчʏнɵ киргенден кийин;
- Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ɵкмɵтʏ ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары аткарууну токтотуу боюнча укуктук ченемдик акт кабыл алынса;
- мамлекеттик орган тарабынан ɵткɵрʏлʏп берилген ыйгарым укуктарды ɵз алдынча аткаруу (келишимдин мɵɵнɵтʏнɵн мурда токтотуу) тууралуу чечим кабыл алынса;
- ЖϴБ аткаруучу органы ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан келишимде бекитилген шарттарда жана тартипте же Кыргыз Республикасынын «ЖϴБ органына айрым мамлекеттик укуктарды ɵткɵрʏп берʏʏ жɵнʏндɵ» мыйзамына ылайык баш тартса (келишимди мɵɵнɵтʏнɵн мурда токтотуу);
10.2. Мамлекеттик органдын же ЖϴБ аткаруучу органынын демилгеси менен ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мɵɵнɵтʏнɵн мурда токтотулушу мʏмкʏн;
10.3. ЖϴБ аткаруучу органы ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мɵɵнɵтʏнɵн мурда тɵмɵнкʏ шарттарда токтото алат:
- ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда ЖϴБ аткаруучу органы таасир эте албаган мʏмкʏнчʏлʏктɵр жок болуп калганда;
- ɵткɵрʏлгɵн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана берʏʏнʏн шарттарынын ɵзгɵрʏшʏнɵ карата укуктук ченемдик актылар кабыл алынганда;
10.4. Мамлекеттик орган ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын мɵɵнɵтʏнɵн мурда тɵмɵнкʏ шарттарда токтото алат:
- мамлекеттик орган ЖϴБ аткаруучу органы ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышы мындан ары максатка ылайык келбей калган учурда, анын ичинен аткарылбай калганда же тийиштʏʏ деңгээлде аткарылбагандыгын тааныганда;
- ɵткɵрʏлгɵн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана берʏʏнʏн шарттарынын ɵзгɵрʏшʏнɵ карата укуктук ченемдик актылар кабыл алынганда.
10.5. Эгер ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мɵɵнɵтʏнɵн мурда токтотуу демилгеси бир тараптан болсо, анда демилге кɵтɵргɵн тарап мамлекеттик ыйгарым укуктар токтой турган болжолдонгон кʏнгɵ 15 жумушчу кʏн калганда башка тарапка жазуу тʏрʏндɵ билдирʏʏгɵ милдеттʏʏ.
10.6. ϴткɵрʏлгɵн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу тууралуу билдирʏʏнʏ алган тарап, 15 жумуш кʏндʏн аралыгында аны карап чыгып, анын жыйынтыгы тууралуу башка тарапка маалымат берʏʏгɵ милдеттʏʏ.
Билдирʏʏгɵ башка тараптын макулдугу болгон учурда, ɵткɵрʏлгɵн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусу менен токтотулат.
10.7. Билдирʏʏнʏ кароонун жыйынтыгы тууралуу жазуу формасында жооп жок болгон же 30 жумушчу кʏндʏн аралыгында ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга башка тараптын макулдугу жок болгон учурда, ɵткɵрʏлгɵн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мɵɵнɵтʏнɵн мурда токтотуу маселеси соттук тартипте чечилет.
10.8. ϴткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну ЖϴБ аткаруу органы токтоткон кʏндɵн баштап ыйгарым укуктуу аткарууга берген мамлекеттик орган ɵзʏ аткарып баштайт.
10.9. ϴткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу жана аткаруудан баш тартуу тууралуу ЖϴБ аткаруу органынын чечими ЖϴБ ɵкʏлчʏлʏктʏʏ органынын токтому менен бекитилет жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылары жɵнʏндɵ» мыйзамына ылайык кʏчʏнɵ кирет.
11. Тараптардын жоопкерчилиги
11.1. Келишимдин шарттарын тийиштʏʏ деңгээлде аткарбагандыгы, укуктарын кемсинткени же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги ʏчʏн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
11.2. Айыл ɵкмɵттʏн башчысы ɵткɵрʏлʏп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жана учурдагы келишимдин жоболорун так аткарууга жеке жоопкерчиликти алат.
12. Талаштарды чечʏʏнʏн тартиби
12.1. Учурдагы келишимди аткарууда келип чыккан бардык талаштарды жана пикир келишпестиктерди тараптар ɵз ара сʏйлɵшʏʏлɵр жолу менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте чечилет.
13. Тараптардын даректери жана колдору
Жумгал району боюнча мамлекеттик Жаны-Арык айыл аймагынын
салык кызматынын башкармалыгынын айыл ɵкмɵтʏнʏн башчысы:
начальниги: Р.К.Молдобазаров _____________
О.А.Молдокеев ____________________ Жаны-Арык айылы, ϴмʏр уулу
Чаек айылы, Э.Матыев кɵчɵсʏ 125 Абик кɵчɵсʏ №36