Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-декабры № 4
Жалал-Абад шаары боюнча 2019-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндөгү Жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” №230-токтомун негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 14.11.2018-ж. чыг.№04-01/2917 катты шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусун эске алуу менен депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаары боюнча 2019-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын тизмеси № 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Жалал-Абад шаары боюнча 2019-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) гранттын жергиликтүү бюджеттен 30% үлүшү 9 567 857,79 сом өлчөмүндө жактырылсын жана 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизүү жагы Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялагандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылдын
“ 4 ” декабрындагы XIII сессиясынын
4-токтомуна 1-тиркеме
Жалал-Абад шаары боюнча 2019-жылы республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун тизмези
№ | Долбоордун аталышы | Каржылоонун көлөмү (сом) | ||
Муктаждык | Жергиликтүү бюджет | Республикалык бюджет | ||
| «Ак бермет» балдар үйүнүн оңдоп түзѳѳ иштери | 1 529 750,33 | 458 925,10 | 1 070 825,23 |
| №4 мектеп-гимназиянын окуу корпусунун фасадын капиталдык ремонту | 3 004 295,00 | 901 288,50 | 2 103 006,50 |
| №7 орто мектептин терезелерин алмаштыруу | 3 341 660,00 | 1 002 498,00 | 2 339 162,00 |
| №9 орто мектептин терезелерин алмаштыруу | 2 997 599,00 | 899 279,70 | 2 098 319,30 |
| №14 мектеп-гимназиянын 2 окуу корпусунун фасадын капиталдык ремонту | 746 084,00 | 223 825,20 | 522 258,80 |
| №19 орто мектептин окуу корпусунун фасадын капиталдык ремонту | 2 321 007,00 | 696 302,10 | 1 624 704,90 |
| №17 бала бакчанын имаратын капиталдык ремонту | 3 176 289,98 | 952 886,99 | 2 223 402,99 |
| «Ариет» БОБда даараткана куруу | 866 132,00 | 259 839,60 | 606 292,40 |
| №5 ҮБДБнун имаратынын капиталдык ремонту | 2 072 042,00 | 621 612,60 | 1 450 429,40 |
| «Жеңиш» багында 2 дарбазаны оңдоп түзѳѳ иштери, даараткана куруу, жарыктандыруу, отургучтарды, урналарды орнотуу. | 11 838 000,00 | 3 551 400,00 | 8 286 600,00 |
| «Токтогул» багында,2 даараткана куруу, жарыктандыруу, отургучтарды, урналарды орнотуу. | |||
| Эски тѳрѳт үйдүн имаратынын фасадынын капиталдык ремонту | |||
| Жалпы | 31 892 859,31 | 9 567 857,79 | 22 325 001,52 |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
жооптуу катчысы Б. Беркбаева