Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 13
Жалал-Абад шаарынын 2018-2023-жылдарга туруктуу стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 29.11.2018-жылдагы чыг.№04-09/3070-каттын негизинде, вице-мэр М.Адылбековдун баяндамасын угуп, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын 2018-2023-жылдарга Жалал-Абад шаарынын Өнүгүү программасы бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына өз ишмердүүлүгүндө жогоруда бекитилген Өнүгүү программасын ишке ашыруу үчүн иш-аракет жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу бир жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеӊештин сессиясында отчет берүү жагы шаар мэрине (М.Тагаев) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |