Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XIII сессия
2018-жылдын 04-декабры № 14
“Жалал-Абад” Мамлекеттик резиденциясындагы ГКТП-198 трансформаторду КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына өткөрүп берүү жөнүндө
(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 5 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 29.11.2018-жылдагы № 04-09/3070-каттын негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинде реестрде турган “Жалал-Абад” Мамлекеттик резиденциясындагы ГКТП-198 трансформаторду “Жалал-Абадэлектро” ААКнун балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 5 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктү өткөрүп берүү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |