Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 69
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин сметасын жана 2020-2021-жылдардын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин сметасын жана 2020-2021-жылдардын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө даярдалган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин сметасынын киреше бөлүгү 26774.7 (жыйырма алты миллион жети жүз жетимиш төрт миң жети жүз) сом, чыгаша бөлүгү 26774.7(жыйырма алты миллион жети жүз жетимиш төрт миң жети жүз) сом болуп, сессияда айтылган сунуштардын жана өзгөртүүлөрдүн негизинде бекитилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр 2019-жылдын 1-кварталынын такталган планына киргизилсин.(билдирүү тиркелет)
3. Дара айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасынын долбоору 27782,2 сомго, 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору 27394,9 сомго бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |
Дара айылдык Кеңешинин
2018-жылдын 25-декабрындагы
№69-токтомуна тиркеме
Дара айылдык кенешинин сессиясына Дара айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндө
БИЛДИРҮҮ
Дара айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү – 13659,5 (он үч миллион алты жүз элүү тогуз мин беш жүз) сомду түзөт, төмөнкү көрсөткүчтөр:
Салыктык кирешелер – 4798,3 (төрт миллион жети жүз токсон сегиз миң үч жүз) сом, анын ичинен:
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы – 2106.0 (эки миллион бир жүз алты миң ) сом,
Патенттин негизиндеги салыктар -283,1,0 (эки жүз сексен үч мин бир жүз) сом,
2 топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык – 11,0 (он бир мин )сом,
Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык - 680,0 (алты жүз сексен мин) сом,
Жер салыктары - 1718,2 (бир миллион жети жүз он сегиз мин эки жүз) сом,
Анын ичинен : - короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы – 238,0 (эки жүз отуз сегиз мин) сом,
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы - 363,7 (үч жүз алтымыш үч мин жети жүз) сом,
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы - 1116,5 (бир миллион бир жүз он алты мин беш жүз) сом.
Сатуудан салык – 389,0 (үч жүз сексен тогуз мин) сом,
Ичүүчү жана техникалык суулар – 3,0 (үч мин) сом,
Салыктык эмес кирешелер –8469,2 (сегиз миллион төрт жүз алтымыш тогуз мин эки жүз) сом, анын ичинен:
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы – 7000,0 (жети миллион) сом,
Жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн төлөө – 259.6 (эки жүз элүү тогуз мин алты жүз) сом,
Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы – 967.1 (тогуз жүз алтымыш жети мин бир жүз) сом.
таштанды салыгы – 61,5 (алтымыш бир мин беш жүз) сом,
акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр - 181,0 (бир жүз сексен бир мин) сом.
тендештирүүчү гранттар - 13115.2 (он үч миллион бир жүз он беш мин эки жүз) сом,
бардыгы - 26774,7 (жыйырма алты миллион жети жүз жетимиш төрт мин жети жүз) сом.
чыгаша бөлүгү:
тендештирүүчү гранттардан :- 13115,2 (он үч миллион бир жүз он беш мин эки жүз) сом
Эмгек акы төлөө 2111 берене – 5535,4 (беш миллион беш жүз отуз беш мин төрт жүз) сом,
Социалдык фондго төгүмдөр 2121 –берене – 831,0 (сегиз жүз) отуз бир мин) сом,
Иш сапар чыгымдары 2211 берене - 355,0 (үч жүз элүү беш мин беш жүз) сом,
Байланыш кызматына 2212-берене - 60.0 (алтымыш мин) сом,
Көмүр сатып алуу 2224 –берене - 3390.1 (үч миллион үч жүз токсон мин бир жүз) сом,
Электр энергиясына акы – 2267,0 (эки миллион эки жүз алтымыш жети мин) сом,
Дагы башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу 2215- берене - 676.7 (алты жүз жетимиш алты мин жети жүз) сом.
Жергиликтүү бюджеттен : - 13659.5 (он үч миллион алты жүз элүү тогуз мин беш жуз) сом
Транспорттук чыгымдарга – 300,0 (үч жүз мин) сом,
Имарат жана жайларды күтүүнүн санитардык кызматы (Тазалык ишканасына) 2215 берене – 218,0 (эки жүз он сегиз мин) сом,
Дагы башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу -2215 –берене – 1643,9 (бир миллион алты жүз кырк үч мин тогуз жүз) сом,
Тамак аш азыктарын алууга 2218 берене – 734,4 (жети жүз отуз төрт мин төрт жүз) сом,
Мүлктү учурдагы ондоого кеткен чыгымдар 2221 берене - 390,0 (үч жүз токсон мин) сом,
Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу 2222 берене – 875,0 (сегиз жүз жетимиш беш мин) сом,
Сууга акы 2231 берене – 252,6 (эки жүз элүү эки мин алты жүз) сом,
Резервдик фонддор 2824 берене – 265,0 (эки жүз алтымыш беш мин) сом,
Имараттар жана курулмалар 3111 берене - 8540,0 (сегиз миллион беш жүз кырк мин) сом,
атайын эсебинин тамак аш азыктарын алуу 2218 берене - 181,0 (бир жүз сексен бир мин) сом,
айыл чарбасы: (жайыт) 2215-берене – 259,6 (эки жүз элүү тогуз мин алты жүз) сом.
бардыгы - 26774.7 (жыйырма алты мин жети жүз жетимиш төрт миң жети жүз) сом.
Дара а/ө ФЭБ башчысы Токтомушова Ж