Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 16/4
ВТТ-90М-РС-4 тракторунун базасындагы бульдозерин сургучу жанга 4 корпустуу кошу менен экспуатациялоо боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ВТТ-90М-РС-4 тракторунун базасындагы бульдозерин сургучу жанга 4 корпустуу кошу менен экспуатациялоо боюнча Жобо бекитилсин.(тиркелет)
2. Жобого ылайык каз тамандуу бульдозер тракторунун коммерсиялык максаттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи афыл өкмөтү жана жайыт комитети менен биргеликте иштелип чыгуусу милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго тапшырылсын.
Төрага | Б. Арынбаев |
«Бекитемин»
айылдык кеңешинин төрагасы
колу ФАА
№____ “____”________________
ВТГ-90 М-РС-4 тракторунун базасындагы бульдозерун сургучу жана 4 корпустуу кошу менен эксплуатациялоо жөнүндө
ЖОБО
Ушул жобо ВТГ-90 М-РС4 маркасындагы каз тамандуу бульдозер тракторуп пайдалануу тууралуу жобо болуп эсептелет, (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган.
I. Жалпы жоболор
Айыл өкмөтү алынган техниканы АРИС, айылдык кеңеш, айыл өкмөтү жана жайыт комитетинин ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге негиз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өз балансына кабыл алат.
ВТГ-90-М-РС-4 бульдозер тракторун эксплуатациялоо жана пайдалануу тартиби (мындан ары атайын техника), Айыл өкмөттүн муниципалдык менчигиндеги атайын техниканы, Жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна берилүүсү өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына ылайык механизатор менен түзүлгөн келишимге негиз жүргүзүлөт.
Атайын техниканы эксплуатациялоону пайдалануу боюнча укугун өткөрүп берүү жана анын мөөнөттүн белгилөө жайыт комитетинин жана айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишим негиз болот.
Атайын техника айыл аймагынын аймагында жана ага жакын турган айылдарда пайдаланылат жана төмөндөгү Жайытты башкаруу планында жана жылдык планда белгиленген жумуштарды жана комерциялык кызматтарды көрсөтөт.( Спец техника будет использоваться на территории Ленинского АА и близ лежащих сел. И оказывать следующие коммерческие услуги и работы предусмотренные в Плане управления пастбищ и годового плана управления пастбищ).
Жайытты башкаруу планында белгиленген иш-чаралар:
Жайыт жолдорун оңдоо;
Өтмөк жолдорду жана көпүрөнү оңдоо;
Топурактын эрозияга учуроо коркунучу бар жерлердеги дамбалардын жеектерин бекемдөө;.
Тоют камдоо максатында жер айдоого,малалоо жана башка айыл чарба шаймандары менен иштоого
Жогоруда белгиленген планда көрсөтүлгөн жана башка айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган иш-чараларды аткарууга колдонулат;
Комерциялык кызматтар буюртмачынын кайрылуусуна негиз аткарылуучу жумуш техника аткаруучу жумушка туура келсе көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн кызматка акы төлөө жайыт комитети тарабынан иштелип чыгылган жана айылдык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү тарифине негиз төлөнөт. (тиркеме №1).
Атайын техниканы эксплуатациялоодо жайыт комитети техникалык коопсуздук, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен ушул жобону жетекчиликке алат.
Механизатор, мехинизаторду тандап алуу боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына негиз тандалып алынат. (Тиркеме №2).
Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча келип чыккан талаш-тартыш маселелер аксакалдар сотунун отурумунда жайыт комитетинин жана текшерүү комиссия мүчөлөрүнүн, айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусунда чечилет.
2. Тараптардын милдеттери:
Кыргыз Республкасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен атайын техниканы башкаруу жана тейлөө боюнча персоналдын сандык жана сапаттык курамын аныктайт;
атайын техниканын иштөө графигин иштеп чыгат жана ЖПБ мүчөлөрүнө жеткирет;
атайын техниканы пайдалануу менен аткарылган жумуштардын эсебин алат;
көрсөтүлгөн коммерциялык кызматтар үчүн алынган каражаттарга финансалык документерди берүүгө (чек/киреше ордердин квитанциясыж.б.) жана алынган, жумшалган каражаттардын финансалык эсебин алууга;
айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган жумуштар боюнча финансалык отчетторду берүүгө;
техниканы кармоону ветеринардык, экологиялык жана санитардык нормаларды, техниканы башкаруучу персоналдын техникалык коопсуздугун сактоо менен кармоо;
эксплуатациялоо боюнча кабыл алынган чечимдердин жана түзүлгөн келишимдин талаптарын аткаруу;
тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБО корутунду сунуштарын аткарууга алуу;
Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча мониторинг жана баалоо иш чараларын жүргүзүү үчүн талап кылынган документерди ЖӨАБО, донорлорго керектүү документерди берүү;
Даярдаган _______________ЖК
төрагасы___________________
_____________________(подпись) М.О.
“___”___________201___ год