Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры №18/69
2018-2023-жылдарга Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү суу түтүктөрүн жана сыркынды сууларды кабыл алуу системасын колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин 2018-жылдын 1-августундагы №24 “2018-2023-жылдарга ичүүчү суу жана сыркынды сууларды кабыл алуу системасын колдонуу эрежелерин бекитип берүү жөнүндө” катын карап, маселени шаардык кеңештин сессиясына сунуштоо боюнча шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 23–августундагы №16 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2023-жылдарга Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү суу түтүктөрүн жана сыркынды сууларды кабыл алуу системасын колдонуу эрежелери №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VI чакырылышы) 2018-жылдын 11–октябрындагы кезектеги
18-сессиясынын №18/69 токтомуна №1 тиркеме
2018-2023 жылдарга Кызыл-Кыя шаарындагы
суу тутуктор жана сыркынды кабыл алуу системасын колдонуу
ЭРЕЖЕСИ
1. Жалпы жоболор
Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо жана сыркынды кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүү эрежеси жергиликтүү абоненттер менен «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын ортосундагы шаарды суу менен камсыздоо жана сыркынды кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүү тармагындагы катышын мыйзамдуу күчүнө ээ болгон жарандык мыйзамдын жана башка нормативдик-укуктук актылардын негизинде жөнгө салат.
Эреже абоненттердин коммуналдык суу менен камсыз кылуу жана сыркынды кабыл алуу системасынан колдонууга болгон укугун өзүнө камтыйт, суу менен камсыздоо жана сыркынды кабыл алуу системасына объектерди кошуу, суу эсептегичтерин орнотуу жана аларды ишке киргизүү, ошондой эле аларга эсеп жүргүзүү тартибин, таза суу жана сыркынды кабыл алуу системасын колдонгондугу үчүн төлөө эрежесин, тараптардын милдеттенмелерин, кепилдиктерди жана аткаруучу тараптардын мүлктүк жоопкерчилигин аныктайт.
Эреже Кызыл-Кыя шаарынын аймагында колдонулат. Бул эреже ишканалардын же уюмдардын менчиктин кайсы бир түрүндө болуусуна карабастан, «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасына, кандайдыр бир ведомствонун карамагында болгон уюмдарга жана башка бардык абоненттер үчүн милдеттүү.
Ушул эреженин негизинде суу менен камсыз кылуу жана сыркынды кабыл алуу системасына «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы менен келишим түзгөн жана ушул Эрежеге ылайык жоопкерчиликти мойнуна алган ишканалар, уюмдар, ар кандай менчик формада түзүлгөн ишканалар, мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук уюмдар, турак-жай фонду, кондоминиумдар, шериктик турак-жайлар, ошондой эле ушул эреженин негизинде уланган өздөрүнө жеке менчик укугуна таандык болгон турак-жайларда жашаган жарандар абонент болуп саналышат.
Кызыл-Кыя шаарындагы сыркынды кабыл алуу системасы сыркынды сууну кабыл алууга, буруп кетирүүгө жана тиричиликтен бөлүнүп чыккан сыркынды сууларды тазалоого багытталган. Бөлүнүп чыгарылган сууларды сыркынды кабыл алуу системасына кошуу абоненттердин азыркы учурда колдонулуп жаткан «Ишканалардын жана уюмдардын сыркынды сууларын канализация системасына кошуу Эрежесин жана шарттарын» аткарган убакта уруксат берилет.
Суу түтүктөрүнүн жана сыркынды суу кабыл алуу тармактарынын, түзүлүштөрдун жана алардын түзмөктөрүн техникалык абалына жана камсыздоо жоопкерчилиги «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы менен абоненттердин ортосунда тармактын баланстык таандыгына ылайык аныкталат жана бөлүнгөн чек арасына карап такталат.
Бөлүнгөн чек ара деп:
- турак-жайлар үчүн, ар кандай менчик түрүндөгү өндүрүштөр жана ишканалар үчүн агын суу каналынын шаардын суу түтүк жана сыркынды суу тармагына тиешелүү кудуктарындагы кошулган же кесилген жери эсептелет.
Улануу жайынан абоненттин дубалына чейин «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы көзөмөлдөйт, дубалынан кийинки суу түтүктөрү, абоненттин өздүк менчиги болуп саналат жана абонент тарабынан көзөмөлдөнүп камсыздалат.
Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы - көп кабатуу турак үйлөрдөгү жайлардын ээлеринин жалпы мүлкү болуп саналган керектөөчү приборлорунан (кран, аралаштыргыч, суу челеги жана башкалар) башка, эксплуатациялануучу тармактардын жана жабдуулардын талаптагыдай техникалык абалын жана коопсуздугун камсыз кылат.
Ушул Эрежени коммуналдык суу түтүк жана агын суу каналдарына кошулган «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын абоненттери, ишканалар, өндүрүштөр, уюмдар, жеке турак-үйлөрдүн ээлери жана абоненттин кандайдыр бир мекеменин карамагында болгонуна карабастан милдеттүү түрдө аткарат.
Абоненттерди шаардын суу түтүгүнө кошуу алардан чыккан агын суунун шаардын сыркынды каналына кошулган убагында, андай болбогон убакта шаардык санитардык эпидемиология борбору жана Кызыл-Кыя шаардык Мэрия менен макулдашып жасалган агын суу топтолуучу кудук жасалганда «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын уруксаты менен ишке ашырылат.
Объекттин шаардык коммуналдык сыркынды каналына алыс жайгашкан убакта, шаардык сыркынды каналына сыркынды сууну кошуу үчүн жайгашкан жери ынгайсыз рельефте болгон учурда, тазалоо түзүлүшүнүн коллекторунун жетишээрлик өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болбогон учурда же андан башка далилдүү техникалык жана санитардык талапка жооп бербеген учурда «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы өндүрүш ишканалардын жана турак-үйлөрдүн сыркынды каналына улануусуна уруксат бербөөгө укуктуу. Мындай учурда өндүрүш ишканалары жана турак-үйлөр айлана чөйрөнү коргоо органдары жана Кызыл-Кыя шаардык санитардык эпидемиология борборунун макулдугу менен сыркынды сууларды тазалоочу жайларды жайгашкан жерине курууга милдетүү.
Өндүрүү ишканасынын саркынды сууну агызуу жана тазалоо коммуналдык тармагына калктуу түйүндөн чыккан тиричилик саркынды суусуна кошулуп агызылган убакта, өндүрүү ишканасынан чыккан саркынды суулар ишканалардын саркынды сууларын калктуу түйүндүн сыркынды системасына жана канализациясына кошуу эрежелеринин талаптарына жооп берүүсү керек:
канализация тармагынын жана түзүлүштөрүнүн иштөөсүн бузбай турган өндүрүш ишканалардан чыккан саркынды суулар кабыл алынуусу мүмкүн;
калктуу түйүндүн канализация системасына ишкананын өндүрүшүнөн чыккан түтүктөрдү жана кудуктарды бөгөп коюуучу заттары бар, трубалардын материалдарынын жана канализациянын түзүлүшүнүн элементтерин талкалануусуна таасирин тийгизүүчү саркынды сууларды, ошондой эле коркунучтуу бактериялдык булгоочу заттарды агызууга уруксат берилбейт;
калктуу түйүндүн канализация системасына кислоталарды, күйүүчү аралашмаларды, уулуу жана суюлтулган газ түрүндөгү заттарды агызганга каттуу тыюу салынат.
Эгерде саркынды суулар көрсөтүлгөн Эреженин талаптарына жооп бербесе, мындай учурда ишканадан чыккан саркынды сууларын тазалоо жана алдын ала тазалоо ошол ишкананын аймагында жайгашкан тазалоо курулуштарында ишке ашырылат.
Объекттердин суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулуу жана аларды ондоо келишим боюнча түзүп, макулдашып жана «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы берген техникалык шарттарды аткаргандан кийин гана жүргүзүлөт.
Шаардын суу түтүгүнөн сууну жана саркынды сууну агызуу кызматын пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү тарифтер Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык белгиленет.
II. Объектерди суу менен камсыздоо жана канализация системаларына кошуу жана кайрадан кошуу тартиби.
Объекттердин суу түтүктөрүнө жана канализацияга өз алдынча кошулуусуна каттуу тыюу салынат.
Абоненттерди суу түтүк жана канализация тармактарына кошуу «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан берилген техникалык шарттардын негизинде пайдалануучу суунун жана сыркынды суунун чыгуу көлөмүн көрсөтүү менен ишке ашырылат. Абоненттен түшкөн арызды алгандан кийин, суу түтүк жана канализация тармагына улануу үчүн техникалык шарттарды 14 иш күнгө чейинки мөөнөт менен берет.
Кошулуу үчүн берилген техникалык шарттар жана бекитилген долбоор суу түтүк линиясын курулушу бүткөнгө чейин, бирок 2 жылдан ашпаган мөөнөттө жарамдуу. Эгерде техникалык шарттардын берилген убагынан кийин 2 жылдын ичинде курулуш башталбаса, анда «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы аны өзгөрткөнгө укуктуу. Ошону менен эле суу түтүк жана канализация тармагына улануу үчүн абонентке кошумча шарттар берилиши мүмкүн.
Абонент объект курууну баштаганы жөнүндө «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасына маалымат бергенге жана жер иштерин жүргүзүүдөн эки күн мурда жер астындагы коммуникация линиялары боюнча көрсөтмө алуу үчүн «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын өкүлүн чакырууга милдетүү.
Суу түтүк-канализация тармактарына жакын жерде жер иштерин жүргүзгөн убакта, иш жүргүзүүчү адам тармактардын жана түзүлүштөрдүн сакталуусуна кепилдик берүү менен этияттыкты сактайт. Эгерде жер иштерин аткаруучулар тарабынан шаардык суу түтүк тармагы жабырланса, анын кесепетинен суу акса, ал жөнүндө күнөөкөргө акт түзүлүп, келтирилген зыян үчүн төлөмдөр эсептелинет.
Эгерде ишти жүргүзгөн объекттин же ишкананын өкүлү актка кол коюуудан баш тартса, анда «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын өкүлү кол койгон акт жарактуу болуп саналат. Башка ишканаларга материалдык зыян келтиргени үчүн (суунун берилүүсү токтогондугу же саркынды суунун басып кеткени үчүн) суу түтүк жана канализация тармагын зыянга учураткан ишкана жооптуу.
Суу түтүгүн токтотуп аткарылуучу курулуш жумуштарын жүргүзүү сөзсүз түрдө абоненттерге суу берүү токтогон убакта аткаруу керек. Эгерде ушул убакытта жумушчулар курулуш иштерин бүтүрө албай сууну токтотуп салышса, анда труба аркылуу өтүүчү суунун ылдамдыгы 1 м/с өлчөмүндө (Шевелевдин таблицасы боюнча суунун чыгымы) эсептелип, жеткирилбеген суу үчүн токтотулган бардык убакытка карап эсеп жүргүзүлөт.
Эгерде жумуш аткаруучу жумушун көрсөтүлгөн убакытта бүтүрө албай калса, анда суу берүү графигинин негизинде токтотулган суу түтүгүнүн көлөмүнө карап, суунун ылдамдыгы 1 м/с өлчөмүндө эсептелип, суу берүү графигине ылайык суу токтотулган убактан тартып кайра берилген убактагы көлөмгө эсеп жүргүзүлөт. Өз алдынча суу түтүгүн жаап салганы үчүн кандай гана учур болбосун, өчүрүлгөн убактан баштап графиктин негизинде трубанын көлөмүнө карап 1 м/с ылдамдыктагы суу агымына эсеп жүргүзүлөт.
Жогорудагы көрсөтүлгөн бардык эсеп жүргүзүүлөр берилген акттын негизинде ишке ашырылат.
Эгерде курулуш ишканасы же абонент кол коюуудан баш тартса, мындай учурларда актка «Кол коюуудан баш тартты» деген белги коюлат жана актка «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын өкүлү кол койгондо жарактуу деп эсептелет».
Жеке турак жайларды шаардын суу түтүгүнө жана канализациясына улануу «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын уруксаты менен жүргүзүлөт. Турак-үйдө жашаган абоненттер суу түтүгүнө суу өлчөгүч орнотулган болуусу керек.
Суу түтүгүнө жана канализацияга улануу «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын уруксатына ылайык жасалган долбоор (схема) бар болгондо гана уруксат берилет.
Суу түтүк жана канализацияга тармагына улануу жумуштары бүткөндөн кийин жасалган тармактар «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын өкүлүнүн уруксаты менен колдонууга берилет. Бекитилген долбоордун (схеманын) бир көчүрмөсү абонентте, бир көчүрмөсү «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасында сакталат.
Турак-үйдүн же анын бир бөлөгүнүн ээси өзгөрүлгөндө, турак-жайдын жаӊы ээси суу түтүк жана канализацияга берилген документтерди өз атына жаздырууга милдеттүү.
Шаардык суу түтүк жана канализация тармагына өз алдынча кошулуп алгандыгы билинген убакта бекитилген бир айлык суу беруу графигинин негизинде трубанын көлөмунө карап ылдамдыгы 1,0 м/с болгон өлчөмдө Шевелевтун таблицасынын негизинде эсептөө жүргүзүлөт. Мындай убакта эрежени бузуучу көрсөтүлгөн кыска мөөнөттө суу түтүгүнөн жана канализациядан үзүлүүсү керек. Үзүп токтотуу иштери эреже бузуучунун эсебинен жүргүзүлөт.
Эгерде эрежени бузуучу суу түтүгүнөн үзүлбөгөн болсо, анда «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жумушчулары суу түтүгүн мажбурлоо иретинде өчүргөнгө чейин бекитилген бир айлык суу берүү графигинин негизинде трубанын көлөмүнө карап ылдамдыгы 1,0 м/с болгон өлчөмдө эсептөө жүргүзүлөт.
III. Абоненттердин суу менен камсыз кылуу линияларын коӊшу үйлөрдүн суу менен камсыз кылуу тармагына кошуу.
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы турак үйлөргө суу беруу түтүгүн коӊшу абонеттин короосундагы линияларга же кооперативдик линияга абоненттин уруксаты менен, айрым учурларда абоненттер жок болгондугуна байланыштуу «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы уруксатысыз эле, иштетилип жаткан кудукка негизги абоненттин кошумча суу өлчөгүчтү орнотуу менен нормалдуу суу менен камсыздоо режимин жана төмөнкүдөй шарттарды сактаган учурда улаганга укуктуу:
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан бекитилген кошулуу долбоору бар болгондо;
суу түтүгүнө улануучу турак-жай ээлери суу түтүгүнүн негизги линиясын жана улана турган кудукту курууга кеткен бардык чыгымды төлөшөт, ошондой эле андан ары биргелешип колдонгон тармакты жана түзүлүштү ишке киргизүүгө жана жумуш жүргүзүлгөн территорияны иретке келтирүүгө кеткен чыгымдарды төлөөгө катышат.
Үчүнчү тараптардын негизги абоненттин суу түтүк тармагына өз алдынча уланып алган убакта, негизги абонент уланган суу тармактан аны үздүрүү үчүн «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасына тез арада маалымат берүүгө милдеттүү.
Коӊшу үйдүн территориясынан транзиттик суу түтүгүн алып өтүүдө «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы менен макулдашып, үй ээсинин жазуу түрүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
Мындай убакта коӊшу үйдүн короосунан транзиттик линияны алып отүү иштери аяктаганда, суу түтүгүн алып өткөн абонент жумуш жүргүзүлгөн жерди өз эсебинен иретке келтирет.
IV. Көчөдөгү суу берүү колонкалары
Көчөдөгү суу берүү колонкалары «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан көп кабатсыз курулуштары сейрек кварталдагы турак-үйлөргө суу түтүгү киргизилбеген учурда ар биринин аралыгы 300 метрден ашпаган аралыкта орнотулат жана бул колонкалар сууну кол менен ташып алууга багытталган.
Көчөдө орнотулган суу беруу колонкасынын жайгашуу орду «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан аныкталат. Мындай учурда эски суу өткөрүү тармагына уланган суу берүү колонкаларынын радиусу 300 метрден алыс болбошу керек. Ал эми жаӊыдан курулуучу суу берүү колонкаларынын аралыгы курулуш ченемдери жана нормалары (СНиП) 2.04.02-84-100м. талабына ылайык орнотулат.
Колонкаларда идиш жууганга, кир жууганга жана чайкаганга, автомашина жууганга, үй жаныбарларын жууганга, шланг жана трубаларды улаганга, ошондой эле санитардык-техникалык экологиялык талаптарга карама-каршы болгон иш-чараларды жүргүзүүгө тыюу салынат. Ушундай одоно бузуулар болгондо бекитилген бир айлык суу берүү графигинин негизинде трубанын көлөмүнө карап суунун агымы 1,0 м/с болгон өлчөмдө эсептөө жүргүзүлөт.
Башка ишкананын балансында турган суу берүү колонкаларын оӊдоо ошол ишкананын эсебинен жүргүзүлөт.
Коомдук пайдаланууда турган абоненттин (өндүрүштүн, ишкананын) балансындагы суу берүү колонкасынан калктын пайдалануусу «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын макулдугу менен абонент колонкага жакын жерде жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына суу бергенге укуктуу.
Абоненттер колонкалардын бузулганы жана иштебей жаткандыгы жөнүндө «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасына тезинен билдирүүлөрү керек.
V. Суунун бузулган жерден агуусу
Абонент ички суу тармагынын жана анын арматурасын, ошондой эле раковинага, ваннага, умывальниктерге, жуучу бачокторго орнотулган крандардын, уланган жеринен абонентке чейинки жер астындагы суу өткөрүү коммуникацияларынын жакшы абалда болуусуна көзөмөл жүргүзөт, эгер тармактардын бузулганы аныкталынса «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасына билдирүүгө милдетүү.
Ар кандай бузулган жерден суу акканы билингенде абонент тез арада өзүнүн күчү жана каражаты менен аны токтотуусу керек.
Суунун бузулган жерден акканы же абоненттин ички суу трубасына уланган крандан таза суунун рационалдуу колдонулбаганы маалым болгондо «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы сууну колдонгону жана сууну саркында сууга буруп салганы үчүн бул жөнүндө абоненттин жана «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын өкүлү кол койгон акт түзүлөт. Суу агып жаткан трубанын көлөмүнө жараша суунун агымынын ылдамдыгын Шеелевтун таблицасынын негизинде эсептелинет.
Келтирилген материалдык зыяндын эсебин териштирүүдө тараптар макулдукка келе алышпаса анда бул маселени Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун алдында түзүлгөн административдик комиссия карап чыгат.
Абонент «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жумушчуларына инженердик тармактарга жана түзүлүштөргө кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
VI. Сууну эсептөө
Абоненттер колдонгон суунун эсеби суу өлчөгүчтөрдүн көрсөтмөсүнө же суу берүү графигинин негизинде суу колдонуу нормасына ылайык эсептелет.
Суу өлчөгүчтү көрүүгө мүмкүнчүлүк жок болгон убакта пайдалынылган сууга трубанын көлөмүнө жараша суунун агымынын ылдамдыгын Шевелевтун таблицасынын негизинде 1 м/с өлчөмүндө 1 айга бекитилген суу беруу графигинин негизинде эсеп жүргүзүлөт.
Сууну эсептөө суу өлчөгүч приборлордун көрсөткөчүнө жана суу пайдалануу нормаларына ылайык жүргүзүлөт. Эсептөөгө кыйынчылык туудурган ишканаларда (курулуш аянттарда, суюктук аралашмасын жана бетон жасоодо) сууну эсептөө трубанын көлөмүнө жараша суу агымынын ылдамдыгын Шевелевтун таблицасынын негизинде 1 м/с өлчөмүндө эсептеп, бекитилген суу беруу графигинин негизинде жүргүзүлөт. Суу эсептегичи жок жеке үйлөрдөгү курулуш иштерине пайдаланган сууга абонент бекитилген тарифтин нормаларына ылайык төлөм жүргүзөт.
Абоненттин көчөдөгү суу колонкасынан пайдаланганы боюнча эсеп жүргүзүү колдонулуп жаткан суу берүү тарифинин нормаларына ылайык иш жүзүгө ашырылат. Ал эми мекемелерге, уюмдарга, өндүрүш ишканаларына сууну керектөө боюнча эсеп жумуш күндөргө карап жүргүзүлөт, ал эми калк үчүн бир айдын календардык күнүнө жараша эсептелет. Ички суу тармактары жок Кызыл-Кыя шаарындагы өзүнө менчик укукта таандык болгон турак-үйлөрү бар өндүрүштөр ишканалар, уюмдар, мекемелер жана башка объекттер «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын абоненти болуп саналышат. Көчөдөгү жайгашкан суу колокалардан таза сууну пайдаланганы үчүн эсеп жүргүзүү колдонулуп жаткан суу беруу тарифинин нормаларына ылайык иш жүзүгө ашырылат.
Абоненттин суунун сарпталышы жана пайдалуучулардын саны жөнүндө туура эмес маалымат берген убакта, «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы эски келишимдин негизинде абоненттин маалымат берген күнүнөн баштап мурунку өткөн айларга, бирок бир жылдан ашпаган убакытка кайрадан эсеп жүргүзгөнгө укуктуу. Ал эми жеке секторлорго сууну пайдаланганы үчүн жана канализацияга кайрадан эсептөө акыркы төлөмдөн баштап жүргүзүлөт.
Өрт өчүрүү гидрантынан өз алдынча пайдаланган учурда сарпталган суунун көлөмү гидранттын суу өткөрүү жөндөмүнө карап, өз алдынча ачып алган убактан баштап суунун ылдамдыгын Шевелевтун таблицасынын негизинде 1 м/с өлчөмүнө алып аныктайт.
Эгерде гидрантты өз алдынча ачкан убагын тактоого мүмкүн болбогон убакта, пайдаланган убакыт суу берүү графигинин негизинде бир ай эсебинде аныкталат.
Кызыл-Кыя шаардык кенештин депутаттары тарабынан бекитилген токтомдун
негизинде аныкталган жарандар сууга болгон төлөмдөн бошотулат.
VII. Абоненттерди каттоо жана сууну пайдалангандыгы жана саркынды сууну агызуу үчүн төлөм жүргүзүү тартиби.
Коммуналдык суу түтүгүнөн жана канализациядан колдонуу абонент менен «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын ортосунда келишим түзүү менен ишке ашырылат.
Сууну пайдалангандыгы жана саркынды сууну агызганы үчүн түзүлгөн келишимге ылайык алдынкы айга ай сайын 10чу числого чейин төлөм жүргүзөт. Төлөмдү кечиктирген убакта негизги суммага кошумча жаза төлөмү (пеня ) эсептелет ар бир кечиктирген күнүнө.
Пайдаланган сууга накталай төлөм абоненттин жайгашкан жеринде контролёрго төлөнөт же Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын кассасына төлөнөт.
Абоненттин сууну пайдалангандыгы жана саркынды сууну агызганы үчүн өз убагында төлөгөндүгүн «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы көзөмөлдөөгө милдеттүү. Сууну пайдалангандыгы үчүн же кошулган жаза төлөмүн 10 күндүн ичинде төлөбөгөн учурда «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы жазуу түрүндө эскертүү бергенден кийин суу берүүнү токтотконго укуктуу. Андан кийин суу жана саркынды агызуу системасын колдонгондугу үчүн карызды өндүрүү боюнча доо арыз менен сот органына кайрылат.
Сууну кайра берүүнү жандандыруу эсептелген толук карызды жана жаза төлөмүн кошуп төлөгөндө, ошондой эле өчүрүүгө жана кайра кошууга кеткен чыгымдарды «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын сметасынын негизинде төлөгөндө ишке ашырылат. Туура эмес көрсөтүлгөн эсепке (тарифтик сумманы эсептөөгө) карата арыз, төлөм эсеби берилген убактан баштап 5 күндөн кечиктирилбестен «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасына жазуу түрүндө берилет.
Сууга төлөм эсеби «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан негизги абоненттин атына жазылат.
Мекеме, жеке турак-жай жана башка объекттер учурдагы кожоюндан башка кожоюнга өткөрүлгөн убакта, сууга жана саркынды агызууга карата карыз төлөмдөрү жаны кожоюнго өткөрүлөт.
VIII. Суу өлчөгүчтөр жана андагы эсептик көрсөткүчтү алуу.
Ички суу тутук тармактарына суу өлчөгүчтү «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы техникалык шарттарын негизинде сууга жаӊы уланган абоненттерге суу өлчөгүч приборун орнотуп берүүнү камсыз кылат.
Ар бир абоненттин объектине суу түтүгү кирүүчү жайга эрежеге ылайык бирден гана суу өлчөгүч орнотулат.
Шакектелген эки өткөрүүчү жайы болгондо, ар бир кирген жайга артка өткөрбөөчү клапаны бар суу өлчөгүч орнотулат.
Суу өлчөгүчтү орнотуучу жай «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын өкүлү тарабынан жана абонент менен макулдашып аныкталат. Абоненттин суу өлчөгүчтү орнотууга макул болбогон учурда, бул абонентке сууга уланууга уруксат берилбейт.
Суу өлчөгүч кирип көрүүгө жана эсептик көрсөткүчүн алууга ылайык жана жарык жайга орнотулуусу керек. Прибордун тоӊуп калбоосу үчүн жакшылап жылуулануусу керек.
Суу өлчөгүч орнотулган жай таркатууучу тармакка жакын жерде жайгашуусу керек. Эгерде суу өлчөгүч имраттын ичинде жайгашкан болсо, анда ал биринчи дубалдын арт жагына кирүүчү труба тарапта жайгашуусу керек. Суу өлчөгүч орнотулган жер төмөнкүлөрдөн корголгон жайда жайгашуусу зарыл:
- жерден чыккан суудан;
- таштандыдан жана башка булганычтан;
- суу өлчөгүчтү бузулууга алып келүүчү ар түрдүү залакаттардан.
Суу өлчөгүч жайгашкан жайды абонент таза кармаганга милдеттүү жана «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрүн жолтоосуз киргизүүсү керек:
- орнотулган жай кулпу менен жабылуусу керек, бирок «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын контролёрунун карап эсеп көрсөткүчүн жазуусу үчүн кирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүсү керек;
- кыш убагында суу өлчөгүчтү жана ага жакын жайгашкан трубаларды тоӊуп калуудан сактоо керек.
Суу өлчөгүч орнотулуучу жайдын жана подвалдын жок болгон учурунда аны үйдүн жылуу подъездине полдун астына ушул Эреженин 8.6 пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо менен «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы менен макулдашылган долбоорго ылайык орнотууга уруксат берилет.
Эгерде суу өлчөгүч атайын жасалган кудукта же камерада орнотулган болсо, андай убакта суу өлчөгүчтүн көрсөткүчүн алуу үчүн кеӊири кирүүгө мүмкүндүк берүүсү керек.
Суу өлчөгүч приборлор «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын өкүлү тарабынан текшерилүүсү жана мөөрлөнүүсү (пломбалануусу) керек. Мөөрлөнбөгөн суу өлчөгүчтөрдү орнотууга жана пайдаланууга тыюу салынат.
Абонент суу өлчөгүчтүн, басылган мөөрдүн бүтүндүгүнө жана сакталуусуна, суу өлчөгүчтүн кошулган жерлерине, задвижкалардын шаймашайлыгына жана суу өлчөгүч прибор орнотулган жайдын санитардык абалына жоопкер. Суу өлчөгүч жоголгондо же анын уланган жайлары жараксыз болгондо (жебеси, айнеги, циферблаты, суу өлчөгүчтүн пломбасы үзүлүп калганда, түтүктөрдүн суу өлчөгүчкө улануучу бөлүктөрүнө туура эмес кошулганда), ошондой эле тоӊуп калып бузулганда, абонент өз эсебинен башка суу өлчөгүч алганга жана аны орнотууга милдеттүү, жана «Кызыл-Кыя Сууканал» мекемесине, же анын өкүлүнө (контролёрго) билдирүү бериши керек.
Абоненттердин негизги суу өлчөгүчтөн ары ички пайдаланууга койгон суу өлчөгүчү текшерилбейт жана тейленбейт.
Эгерде абоненттин сууга болгон керектөөсү бир кыйла өзгөрсө, мындай убакта суу өлчөгүчтүн орнотуу жайын жана түйүндүн түзүлүшүн «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы менен макулдашып, суу өлчөгүчтү өз эсебинен кайра оӊдотууга милдеттүү.
Ишкананын жана менчиктин кайсы түрүндө болгонуна карабастан мекеменин суу өлчөгүчүн чыгарууга же алмаштырууга ушул жумушту аткарууга түзүлгөн буйругу бар «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын окүлү гана укуктуу.
Абонент ички суу тармагын текшерүүгө «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын ички суу түтүктөрүн жана саркынды суу агуу системасын текшерүүгө укуктуу сүрөтү жайгашкан күбөлүгү бар өкүлүн киргизүүгө милдеттүү. Абонет кирүүгө тоскоолдук кылса, анда «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын өкүлү бул жөнүндө акт түзөт. Эгерде актка абонент кол коюуудан баш тартса анда «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын өкүлүнүн колу жетиштүү болот. Ушул актын негизинде абоненттин сууну колдонууда эреже бузуулар аныкталынса суу түтүгү өчүрүлөт, кайра сууга кошулууга аныкталган эреже бузууларды четтеткенден сон уруксат берилет .
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын контролеру суу өлчөгүчтүн көрсөтмөсүн алып жаткан учурда абонент сөсүз түрдө катышуусу керек.
Суу өлчөгүчтөн көрсөтмө алууда контролер суу өлчөгүчтөгү жана айланма задвижканын пломбасынын сакталуусун, суу өлчөгүчтүн бириктирүүчү бөлүктөрүнүн бузук эместигин, абоненттин территориясында жайгашкан дагы башка түзүлүштөргө орнотулган пломбалардын сакталуусун текшерүүгө, ошондой эле киргизилген трубадан сызып суу аккан жана бузулган жайлардын жок экенине көз салууга милдеттүү. Суу өлчөгүчтөгү, айланма задвижкадагы же өрт өчүрүүчү гидранттагы пломбдун үзүлгөн же бузулганы билинген учурда контролер булл жөнүндө акт түзөт. Сууну эсептөө трубанын көлөмүнө жараша суу агымынын ылдамдыгын 1 м/с өлчөмүндө эсептеп, бекитилген бир айлык суу берүү графигинин негизинде жүргүзүлөт. Бул чыгым ошол айдагы реализациялоого кошулат.
IХ. Коммуналдык суу өткөрүү түтүгүн коргоо боюнча чаралар.
Абоненттер милдетүү:
-абоненттин карамагында турган шаардык суу өткөрүү тармагынын жабдууларын коргоого, люктардын өрт өчүрүү гидранттардын, көрсөтмө жазылган тактачалардын (табличкалардын) сакталуусуна көзөмөл жүргүзүүгө, суу өлчөгүч түйүндүн, короодогу жана ички суу түтүк тармактарынын тоӊуп калуусуна сактоого, суу өткөрүү кудуктарынын капкактарын кайрдан тазалоого, орнотулган пломбдордун сактулуусуна көз салууга, суу өткөрүү кудуктарына сырттан келген суунун кирүүсүнөн сактоого, подъезддерди жана өрт өчүрүү гидранттарына баруучу жайды буюмдар менен үймөктөп толтурбоого, өрт очуруу гидранттарынын көрсөтмө жазууларынын сакталуусуна көз салууга.
Абоненнттер өзүнүн карамагында жайгашкан суу өткөрүү кудуктарынын капкагы жоктугунан келип чыккан кокустан болгон кырсык үчүн материалдык жана юридикалык жоокерчиликти мойнан алышат.
Эгерде көчдөгү суу өткөрүү түтүмдөрүндө же турак үйлөргө кирүүчү жайларда бузулган же туура эмес жагдай билинген убакта абонент бул жөнүндө тезинен «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасына кабар берүүгө милдеттүү.
Суу өткөрүү люктарын ачууга, задвижканы жөнгө салууга, ошондой эле суу өлчөгүч орнотулган жайга чейин жайгашкан суу түтүк тармактарында кандайдыр бир жумуш аткарууга «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жумушчуларынан башка эч кимге уруксат берилбейт.
Суу өткөрүү магистралынын, турай-үйлөрдүн жана тармактуу арматуралардын үстүнө туруктуу же убактылуу курулуштарды курууга жана суу өткөрүү трассасын курулуш материалдары, таштандылар жана башка ушул сыяктуу нерселер менен бастырып салууга тыюу салынат.
Абоненттер жана коммуналдык органдардын кызматкерлери суу өткөрүү жайларында жана ички суу берүүтармагында оӊдоо түзөө иштерди аткарып жаткан адамдардын кызматтык күбөлүгүн жана буйругун текшерүүгө укуктуу, эгерде буйруксуз жана кызматтык күбөлүксүз тармактык арматурадан кандайдыр бир бөлүгүн чыгаруу иштерин аткарылып жаткан учурда абоненттер жана коммуналдык органдардын кызматкерлери ошол замат милдетүү түрдө «Кызыл-Кыя Сууканал» мекемесине билдирүүсү керек.
Ушул Эреженин «Коммуналдык суу өткөрүү тутугун коргоо боюнча чаралар» пунктунда көрсөтүлгөн шаардын суу өткөрүү түтүгүн коргоо боюнча иш-аракеттерди одоно бузгандыгы үчүн аныкталган адам административдик жоопкерчиликке тартылат.
Бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер, ошондой эле жарандар коммуналдык суу өткөрүү тармактарынын, түзүлүштөрдүн жана курулуштардын бузулуусуна күнөөкөр деп табылганда «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасына залал келтиргени үчүн материалдык жоопкерчиликке тартылышат. Ишканалар жана уюмдар коммуналдык суу менен камсыз кылуу системасына жана канализация түзүлүштөрүнө зыян келтирген убакта бул жөнүндө «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасына дароо кабар берүүгө милдеттүү. Бузулган жерди «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын техникалык көзөмөлү аркылуу өз күчү жана каражаты менен оӊдойт жана ушул бузулган жерден келип чыккан чыгымды төлөшөт.
Х. Суу берүүнү токтотуу.
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы бөлөк болгон абоненттерге же бүтүн бир районго суу берүүнү төмөнкүдөй кырдаалдарда эскертүүсүз убактылуу токтотконго укуктуу жана мындай убакта суу менен камсыз кылбагандыгы үчүн абоненттердин алдында жоопкерчиликти өз мойнуна албайт:
- насос станциянын энергия системасына ток берүү токтотулганда;
- өрт чыккан жерлерге суу берөө көлөмүн көбөйтүү зарылчылыгы пайда болгондо;
- табигый кырсык болгондо;
- суу өткөрүү түзүлүштөрүндө жана куурларда кокустук болгон учурда;
- ичүүчү суунун агымы булганганда.
Абоненттин балансында турган короодогу жана ички суу түтүгү бузулган же кокустукка учураган кезде «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы суу менен камсыздоо боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна албайт.
Түзүлүштөрдү жана суу өткөрүү тармактарын план боюнча ондоо ишин аткаруу үчүн абоненттерге суу берүүнү убактылуу токтоткон убакта, «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы абоненттерге бул жөнүндө бир суткадан кем эмес убакта билдирүүгө жана графикке ылайык ичүүчү таза сууну алып келип камсыз кылганга милдеттүү. Көчөдөгү суу түтүк тармагынын коп убактан бери пайдаланылганынан же жаман гидрогеологиялык шарттын пайда болгонунан суу түтүгүн андан ары иштетүүгө жарабай калган кезде «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы өз демилгеси менен абоненттерге өзүнүн суу киргизүү түтүгүн жаны суу түтүгүнө кайрадан уланууга уруксат берүүгө укуктуу.
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы абоненттерге сууну берүүнү жана токтотууну төмөнкүдөй убактарда ишке ашырат:
- сууну колдонгону үчүн төлөөнү өз убагында жүргүзбөгөндө;
- «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын контролерун суу олчогучту же суу өткөрүү түзүлүштөрүн көрүүсүнө жол бербегенде же чыгымдалган сууга эсеп жүргүзүү үчүн маалымат бербеген убакта;
- суу өлчөгүчтүн көрсөткүчүн алууга жолтоо болгон себептерди калыбына келтирүү боюнча «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын контролеру тарабынан берилген мөөнөттө өз калыбына келтирбегенде;
- шаардын суу өткөрүү тармагына, суу түтүк түзүлүштөрүнө же алардын бир бөлүгүнө өз алдынча же бекитилбеген долбоор боюнча уланган убакта;
- суунун белгиленген чектен ашыкча чыгымдалган убакта задвижканы жөнгө салууга жана пломб орнотуу үчүн, ошондой эле ички тармактын кандайдыр бир арматурасына пломб орнотуу үчүн кирүүгө макулдук бербегенде;
- «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы менен түзгөн келишимдин шарттарын жана милдеттерин аткарбаган убакта.
- «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы шаардын көп кабаттуу үйлөрүн суу менен камсыздоону нормалдаштыруу максатында, суунун жетишпегени себептүү жеке турак-үйлөргө таза суу берүүнү убактылуу токтотууга укуктуу.
ХI. Турак-үйлөрдө жана ишканаларда канализацияны колдонуу тартиби.
11.1.Канализация тармагы аркылуу бардык чарбалык-зан чыгындылары агызылат. Өндүрүштүн чыккан агымдарды агызуу маселеси ар бир жагдайга карап өзүнчө каралып чыгат. Шарттуу таза суулар чарбалык-зан чыгындылары аккан канализацияга шаардык тармактын, тазалоочу түзүлүштүн мүмкүнчүлүгүнө жана агызылган суунун көлөмүнө карап «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жана Кызыл-Кыя шаардык Мэриясынын уруксаты менен гана агызылат.
11.2. Шаардык тармактын, тазалоочу түзүлүштүн иштен чыгып калуусун жана
Канализация тармагына саркынды агызууга уруксат берилбейт, эгерде анын тазалоо даражасы азыркы санитардык эрежелерге ылайык келбегенде же өндүрүү мекемелери үчүн бекитилген зыяндуу заттардын концентрациясына (ПДК) уруксат берилген максималдуу чектен ашып кеткенде.
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын уруксатысыз ички жана короодогу канализация тармактарын кайра курууга жана кеӊейтүүгө тыюу салынат..
Жуугундуларды жана башка тиричиликтен чыккан сууларды жана таштандыларды канализация кудугунун оозу аркылуу агызууга тыюу салынат.
Ушул талаптар бузулганда абонент шаардын суу берүү түтүктөрүнөн жана канализация тармактарынан үзүлүп, Кызыл-Кыя шаардык кенеши бекиткен штраф төлөмү салынат.
Өнөр жай ишканаларында жана мекемелерде зыяндуу заттардын концентрациясына (ПДК) уруксат берилген максималдуу чектен ашып кеткен саркындыны калктын канализация системасына анын агызуу мүмкүнчүлүгүнөн ашыра көп көлөмдө агызган убакта, «Кызыл-Кыя Сууканал» мекемеси менен түзгөн келишим негизинде 5 эсе көп өлчөмдө төлөм эсеби жүргүзүлөт. «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы калктын канализация системасына келтирген зыянды төлөтүү үчүн өнөр жай ишканасына талап койгонго жана көрсөтүлгөн тартип боюнча сотко доо арыз менен кайрылганга милдеттүү. Жогорудагы көрсөтүлгөн учурларда күнөөкөрлөрдү жоопко тартуу үчүн керектүү материалдарды прокуратура органына өткөрүп берүү керек болот.
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын тапшырмасы (предписаниеси) менен абонент канализация кудугуна сырттан аккан суунун агымын токтотконго милдеттүү. Бул пункта көрсөтүлгөн эрежени аткарбаган учурда ушул Эреженин 11.4 пунктуна ылайык эсептөө жүргүзүлөт.
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жумушчуларынан башка бардык адамдарга шаардык канализация тармагынын кудуктарынын капкагын ачууга жана анын ичине түшкөнгө тыюу салынат.
Абоненттер төмөнкүлөргө жооп беришет:
- ички жана короодогу канализация тармагынын, кошулуучу түтүк каналдарынын жана анын бутактарын туура иштетүүгө;
- канализацияны пайдаланууга уруксат берилгенге чейин короодогу саркынды тармагына коюлган пробканын сакталуусуна;
- кудуктардын капкагына басылган пломбалардын сакталуусуна.
Ушул пункту аткарбаган убакта 1.4. пунктуна ылайык саркынды агызуу мүмкүнчүлүгүнөн ашыра көп көлөмдө агызган делип эсеп жүргүзүлөт.
Абонент төмөнкүлөргө жоопкер жана көзөмөл салууга милдетүү:
- ушул Эреженин негизинде уруксат берилбеген каттуу буюмдарды жана суюктуктарды үйдүн ичиндеги канализация түзүлүшү аркылуу агызбаганга;
- суу менен талаптагыдай жуулуп, таза сакталуусуна;
- кудуктардын капкагы текшерүү үчүн жолтоосуз болуусуна жана оӊой ачылуусуна;
- чатырда курулган вентиляция түзүмдөрүн кыш убагында аяздан убак убагы менен тазалап турууга.
Абонент өзүнүн карамагында жайгашкан санитардык приборлордон сыргып аккан сууну оӊдоого жана суу түтүк арматурасына жана канализация түзүмдөрүнө талап кылынган ондоо ищтерин жүргүзүүгө милдеттүү.
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы абоненттин карамагында жайгашкан короодогу жана үйдүн канализация тармагына көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу.
Жазуу түрүндө эскертүүдөн кийин «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы абоненттин короосундагы канализация түзүмүн шаардык тармактан үзүүгө, ошондой эле келтирилген материалдык залалды абоненттин эсебине кошуп жазганга жана материалдык чыгым үчүн жаза төлөмүн төктүрүүгө төмонкүдөй кырдаалдарда укуктуу:
-шаардык саркынды агызуу тармагына трубаларды иштен чыгуусуна алып келе турган сыркынды сууну төккөндүгү маалым болгондо, жумушчулардын ден-соолугуна коркунуч алып келе турган оной от алуучу заттарды таштаганы билинген убакта жана сууну тазалоо процессине залакаттуу таасир бергенде;
-шаардык канализацияга өз алдынча кошулуп алган убакта;
-бекитилген долбоорго ылайык келбеген жумушту аткарууда.
Абонент тарабынан канализацияны колдонуу эрежеси бузулуп, анын натыйжасы шаардын канализация түзүлүшүн кыйратууга алып келген убакта, абонент «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын техникалык көзөмөлү астында өз күчү жана каражаты менен оӊдоого жана иштен чыккан канализация түзүлүштөрүн толук бойдон калыбына келтирүүгө милдеттүү. Ушундай талаптарды аткарбаган учурда келтирилген материалдык залалды төлөтүү сот органдары аркылуу жүргүзүлөт.
ХII. Канализацияга агып келген саркынды сууга эсеп жүргүзүү.
12.1. Шаардык канализацияга агып түшүүчү саркынды сууну эсептөө шаардын канализациясына кошулган жайдан саркынды сууну эсептөө прибору менен жүргузулүүсү керек.
Саркынды сууну эсептөө прибору болбогон убакта сыркынды сууну эсептөө төмөнкүдөй жол менен аныкталат:
-шаардын же ведомствонун суу өткөрүү түтүгүнөн келген суук суунун өлчөмүнө карап суу өлчөгүчтүн эсептик көрсөтмөсүнө ылайык, ошондой эле ыссык сууга орнотулган суу өлчөгүчтүн эсептик көрсөтмөсүнүн негизинде;
-ыссык сууга суу өлчөгүч орнотулбаган убакта ыссык сууга 1.3 коеффициенттин колдонуу менен;
-суук сууну пайдалануу боюнча колдонулган нормаларга карата суу өлчөгүч орнотулбаган убакта ыссык сууну аныктаган 1.3. коэффициенти колдонулат;
- жергиликтүү булактардан аккан сууну колдонгондо жана суу өлчөгүч орнотулбаган убакта агызылган саркынды суунун факт түрүндө канча көлөмдө агызылган көлөмүн өлчөөнү шаардык канализацияга кошулган жайдан эсептелет.
ХIII. Абоненттин канализациясынын абалын сактоосун текшерүү жана көзөмөл жүргүзүү.
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы абоненттин карамагында жайгашкан канализациянын техникалык пайдалануу Эрежесин сакталуусуна көзөмөл жүргүзөт.
Абоненттер «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын күбөлүгүнө ээ болгон өкүлүн бардык канализация түзүмдөрүн текшерүүгө тоскоолдуксуз киргизүүгө жана текшерүү убагында ар тараптан көмөк көргөзүүгө милдеттүү.
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын өкүлү ушул Эрежедеги талаптардын бузулганын байкаган убакта абоненттин катышуусунда бул жөнүндө акт түзөт жана аларды оӊдоо боюнча убакыт көрсөтүлгөн буйрук (предписание) берет. Ушул Эрежени бузгандар административдик жоопко тартылышат.
Турак-үйдүн канализациясына аткаруу документтери жок абоненттер «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын макулдугу менен аны өз убагында түзүүгө жана «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын өкүлү талап кылганда аны көргөзүүгө милдеттүү.
Эгерде абонент коммуналдык канализацияга өз алдынча кошулуп алган болсо анда сыркынды сууну агызгандыгы үчүн анын суу түтүгүнүн суу өткөрүү көлөмүнө карап, аккан суунун ылдамдыгы 1 м/с делип, бир айлык убакыт жана суткасына 24 саат агызылган болуп эсеп жүргузүлөт.
Курулуш ишканаларынын, жолдорду куруу-ондоо жана башка мекемелеринин жетекчилери жол куруу жумуштарында орнотулган кудуктардын люктарын жолдун үстүнкү катмарынын денгээлине көтөрүү боюнча долбоордук жана башка чечимдерди пайдалангандыгы үчүн жеке жоопкер болуп саналышат.
Бардык өндүрүү ишканалары өндүрүштөн агып чыккан сыркынды сууну алгач өздөрүнүн локалдык тазалоо түзүмдөрүнөн тазалап, андан кийин агызуусу керек. Саркынды суунун сапаты шаардын бардык өндүрүш ишканасына тиешелүү болгон ПДК нормаларынын талабына жооп бергендей болуусу керек. Бардык өндүрүү ишканалары саркынды сууну тазалоо системасына агызуу боюнча «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы менен келишим түзүүдө талап кылган саркынды сууну агызуу эрежелерин аткарууга милдетүү.
ХIV. Канализация тармактарын тазалоо.
Абонент милдеттүү:
а) Ички жана короо ичиндеги канализация тармактары таштанды менен тосулуп калуусун алдын алуу максатта бир айда бир жолу көзөмөл салганга;
б) Ички жана короо ичиндеги канализация тармактарын бир жылда эки жолудан аз эмес жолу профилактикалык тазалоо жүргүзгөнгө же жууп тазалаганга;
в) Короо ичиндеги канализация тармактары талаптагыдай каралбаган убакта «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын талабы боюнча пландалбаган тазалоо иштерин жүргүзгөнгө;
г) Ички жана короо ичиндеги канализация тармактарындагы таштандыны өз убагында тазалап ондоого.
Абоненттин карамагында жайгашкан ички жана короо ичиндеги канализация тармактарын тазалоо жумуштары «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылганда жана ушул ишкананын өкүлү тарабынан ички жана короо ичиндеги канализация тармактарын тазалоого техникалык көзөмөл жүргүзүү жумуштары ишке ашырылганда, аткарылган иш-аракеттер үчүн төлөм көрсөтүлгөн эсепти абонент талашсыз тартипте төлөйт.
ХV. «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын милдеттери.
15.1. «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы түзүлгөн келишимдердин негизинде абоненттерди суу менен камсыз кылат, саркынды сууну кабыл алат, аны агызат жана тазалайт.
15.2. «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы баланста турган суу топтомо колонкаларынын суу өткөрүү-канализация тармактарынын абалына жана колдонуусуна систематикалуу түрдө көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү жана таза суунун коромжуга учуратпоо масатында пландаштарылган чараларды аткарууга, сырткы суу тармактарынан суунун сызылып чыгуусун аныктаганга, абоненттердин ички суу тармактарынан суунун сыргып агуусуна текшерүү жүргүзгөнгө, ичүүчү таза суунун талаптагыдай чектөө менен берилүүсүн текшергенге, саркынды сууну жана булганган заттарды агызуу нормативдеринин аткарылуусун текшергенге милдетүү.
15.3. «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы убак убагы менен (кеминде бир жылда бир жолу) суу өлчөгүч орнотулбаган абоненттердин жайгашкан жериндеги суу пайдалануучулардын курамын жана эсебин текшерип туруусу зарыл.
15.4. «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы суу түтүк-канализациялык тармактарда авариялык-калыбына келтирүү иштерин аткарууда Эрежеде көрсөтүлгөн талаптарды каттуу сактоо менен жүргүзүүгө милдеттүү.
15.5. «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы түзүлүштөрдү жана суу өткөрүү тармактарын планга ылайык ондоо жумуштарына байланыштуу абоненттерге суу берүүнү убактылуу токтотуу боюнча абоненттерге 1 суткадан аз эмес убакытта бул жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
15.6. «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы cуу пайдалануучуларга жана техникалык шарттардын негизинде сууга жаны уланган абоненттерге суу өлчөгүч приборлорду орнотуп берүүгө милдеттүү. Эгерде суу өлчөөчү приборлор абонент тарабынан орнотулган учурда, сууга болгон төлөм аркылуу «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан компенсацияланат.
15.7. Шаардын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы суу чыгарууга байланышкан жана башка курулуш иштерин аткаруу боюнча тендерлерге Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин уруксаты менен гана катышат.
15.8. Шаардын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы техникаларын башка максаттарга Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин уруксаты менен гана иштетет.
15.9. Шаардын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын бюджети Кызыл-Кыя шаардык кеӊеши тарабынан бекитилет.
15.10. Шаардын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү сууну жана канализацияны улоо үчүн уруксат берүү, ал иштерди аткаруу тарифтери Кызыл-Кыя шаардык кеӊеши тарабынан бекитилет.
15.11. Шаардын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү, сугат сууну берүү жана сыркынды сууларды кабыл алуу боюнча көрсөткөн коммуналдык кызматтары үчүн төлөмдөрдү физикалык жана юридикалык тараптардан кабыл алууну банктар аркылуу жүргүзөт.
Кызыл–Кыя шаардык
кеңешинин аппаратынын жетекчиси: Р. Абдукаюмов