Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-февралы № 4
Жайыт комитетинин 2019-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин Vlll чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата иш планы бекитилсин(тиркеме тиркелет).
2. Жайыттын абалын жакшыртуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |
Бекитемин:_______________
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы:Бекназаров Р.
Жайыт комитетинин 2019-жылга карата иш планы.
Аткарылуучу иштер | аткаруу мөөнөтү | Жооптуу лар | |
Айыл аймагы боюнча малдын башын тактоо | I квартал | ЖК | |
ЖКнын мүчөлөрү менен биргеликте ар бир айылдарда чогулуштарды өткөрүп, өткөн жылдагы аткарган иштер жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берүү. | I квартал | ЖК | |
Жайыт пайдалануучуларга жайыт билеттерин берүү жана алар менен келишим түзүү, жайытты кандай пайдалануу экендигин түшүндүрүү. | II квартал | ЖК | |
Жайыт боюнча көйгөйлүү маселелерди сурамжылоо жүргүзүп, жеринен көрүп билүү. Жктин мүчөлөрү менен бирге аларды чечүүгө чара көрүү. | II,III квартал | ЖК | |
Айылдык Кенештин токтомунда бекитилген жакынкы, ортонку, алыскы жайыттарга көчүп баруу келүү, мөөнөттөрүнүн аткарылышына көзөмөл жүргүзүү . Көчүп өтүү жолдорун багыттарын жана түнөө орундарын белгилөө. | II квартал | ЖК | |
Жайлоого чыккан малдын эсебин алып, кайдан келгендигине карап жайыт акысын белгилөө | II квартал | ЖК | |
Малдарда өз убагында вакцинациялоого мал ээлерине түшүнүк берүү | өз убагында | ЖК | |
Жайыттарда өрт коопсуздугун Сактоого малчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. | II-III квартал | ЖК | |
Жайыттарды башка максатта пайдалануу (дары чөп чогултуу ж.б) | өз убагында | ЖК | |
Алынган жайыт акыны райондогу сактык кассадагы эсепке которуп туруу. | Ай сайын | Мамакеев С Алманбет уулу А | |
Пайда болгон чыр чатактарды ордунда чечүү | өз убагында | ЖК | |
ЖПБ бир жылда эки жолу чогулушун , ЖК квартал сайын чогулушун өткөрүү. |
| ЖК | |
Райондук жайыт департаментине, райстатка, соцфонтко, салык инспекциясына отчётторду тапшырып туруу. | Ай сайын | Мамакеев С Алманбет уулу А |
Жайыт комитетинин төрагасы: Мамакеев С.