Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 3
Кара-Таш айыл өкмөтүнө 2018-жылга айылдык бюджетке түшүүчү физикалык тараптардан алынуучу жер салыктарынын түрлөрүнө, жердин ижарасы үчүн акы төлөмдөрүн көтөрүү сунушун бекитүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга каралган айылдык бюджетти жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчиликтеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айыл кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жеригилктүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык Кара-Таш айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга карата Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетине түшүүчү юридикалык тараптардан алынуучу үлүш жер салыктары үчүн акы төлөмдөрүн, жердин ижара акысы үчүн алынуучу салыктын түрүнө 30%дан кем эмес өлчөмүндө, жер салыктары боюнча базалык ставка 50% га көтөрүлүп - суулуу айдоо жерди - 619 сом 50 тыйынга, кайрак айдоо жерди - 93 сом 45 тыйынга, көп жылдык бакты -349 сом 50 тыйынга, чөп орунду жайды 41 сом 70тыйынга көтөрүү сунушу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. 2018-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактарына түшүүчү акча каражатын туура пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара-Таш айыл кенешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Джаныбаев |
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин
VI-чакырылышынын кезектеги XI –сессиясынын №5-токтомуна
Кара-Таш айыл өкмөтүнө 2018-жылга айылдык бюджетке түшүүчү физикалык тараптардан алынуучу жер салыктарынын түрлөрү үчүн акы төлөмдөрүн көтөрүү боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
№ | Салыктын түрлөрүнүн аталышы | 2017-жылга базалык ставкасы | Айылдык кеңештин чечими +менен | 2018-жылга карата (сом) |
1 | Суулуу жер салыгы | 413 сом | 200 сом | 619,50 |
2 | Кайрак айдоо жери | 62,3 | 30сом | 93,45 |
3 | Көп жылдык бак | 233 | 116 сом | 349,50 |
4 | Чөп жай | 27,8 | 15 | 41,7 |
5 | Өз өздөштүргөн бактар (га) | 2500 |
| 2500 |
Депутаттардын Кара-Таш
айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Орунбаева