Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-августу № 5
Кара-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018- жылдын 9-июнунда өткөрүлгөн жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн жыйынынын №4- протоколун бекитүү жөнүндө
Кара- Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Кара-Таш айылына караштуу Капка жайлоосуна “Беккари” чуңкурун куруу боюнча долбоору менен таанышып чыгып, талкуулап айтылган сунуш-пикирлерди эске алып Кара-Таш айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара- Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018 жылдын 9-июнунда өткөрүлгөн жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн жыйынынын №4- протоколу бекитилсин. (Тиркелет)
2. Кара-Таш айылына караштуу Капка жайлоосуна “Беккари” чуңкурун куруу боюнча керектелүүчү иш-кагаздарын даярдоо жагы Кара-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Мамытов менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ветеринардык маселелер боюнча башкы адиси А.Алиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |
Кара-Таш айылдык аймагына караштуу жайыт комитетинин жыйынынын
№4 ПРОТОКОЛУ
Кара-Таш айылы 09-июнь, 2018-жыл.
Чогулушка жайыт комитетинин жалпы мүчөлөрү жана чакыруу менен катышкандар 13 киши. Чогулушту алып баруу жайыт комитетинин мүчөсү айыл өкмөт башчысы Б. Мамарасулов, катчылыгына М. Осмонов
Күн тартибиндеги маселе
2018-жылы Кара-Таш айыл аймагына караштуу Капка жайытындагы эски купканын жанына «Яма Беккари» чункурун куруу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча: жыйынды жайыт комитетинин мүчөсү Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мамарасулов ачып, сөздү Кара-Таш жайыт комитетинин төрагасы А. Мамытов чыгып, күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык аймактын ветеринардык врачтары арам өлгөн малдардын, кутурмага каршы атылган жолбун иттердин өлүгүн яма-беккер жасап аларды ошол жерге таштабаса эпизоотологиялык абал айылдык аймакта түйшүк жаратышы мүмкүндүгүн эскертишүүдө. Андан сырткары Кара-Таш айыл аймагынын ЖПБга караштуу өзүнүздөргө белгилүү Арис программасы боюнча «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоору» боюнча иш жүрүп жатат. Ошого байланыштуу Капка жайытындагы эски купканын жанына «Яма Беккари» чункуруна куруу маселесин карап берүүнү суранууда. Ошондуктан сөздү айылдык аймактын ветеринардык врачтарына соз берсек.
Андан кийин сөз айылдык аймактын ветеринардык врачы Алиев Момунга берилди. Ал сөзүндө «Яма Беккари» чункурун куруп алсак Кара-Таш айыл аймагына өтө чоң мааниге ээ. Буга чейин «Яма Беккари» чуңкуру жоктугуна байланыштуу өлгөн жан жаныбарлар туш келди жерлерде ташталып келинген. Ошондуктан «Яма Беккари» чункурун куруу өтө чоң мааниге ээ экендигин турмуш көрсөтүүдө. Элибиздин ыкыбалына эч кандай оорулар чыккан жок. Бирок ошондой болсо деле мындан кийин келечекке алдын-ала яма-беккерди куруп алсак ар кандай эпизоотологиялык абалды кармаганга жакшы болот. Жылына кутурма ооруусуна каршы дейди-жолбун иттерди атуу боюнча райондук мамлекеттик админстрациясынан, жана айыл өкмөттөн иш-чараны аткаруу боюнча буйруктар чыгат. Чыккан буйрук боюнча иш-чара аткарылганы менен атылган жолбун иттер, арам өлгөн малдар ар кандай жерлерге көмүлүүдө. Ошондуктан яма-бекерди биз айылдык аймактын бир жерине куруп, жооптуу адамдарды дайындап, ошол жерге алып барууну тапшырсак. Ал эми эл арасында яма-беккер куруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө силерден деле жер-жерлерде Кара-Таш айылдык аймагынын тургундарына, колу-коңшуларыңарга жана тууган-уруктарга жеткирсеңер жакшы болот деди.
Андан кийин Б. Мамарасулов чыгып, күн тартибиндеги маселе боюнча адистин айтканын уктуңуздар. Жайыт комитетинин төрагасы акча каражаты «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоору» боюнча чечилерин айтты. Бирок АРИС долбоорунун салымынан сырткары элдик салым 25% болсо, аны элден топтоп же топтой албасак айыл өкмөтүнүн бюджетинен болсо деле кошуп ушул иш-чараны аткарып алсак, элибиздин ден-соолугуна мал чарбасынын ар кандай козгогуч ылаңдарынын алдын алган болор эле. Андан сырткары яма-беккер курула турган жактын жайыт пайдалануучулар арасында алдын-ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнгө карата ошол тараптын жайыт пайдалануучулар арасында жайыт комитетинин төрагасы жана ветеринардык врач түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге, түшүндүрүлгөн адамдарга таанышканы же түшүндүрүлгөнү тууралуу кол тамгаларын койдурууну колго алыңыздар.
Ошондуктан А. Мамытов жана М. Алиевдин сөзүн колдоп берүүңөрдү жайыт комитетинин мүчөлөрүнөн суранамын.
Андан кийин Э. Тагаев, Б. Кааровдор чыгып, А. Мамытов, М. Алиев жана Б. Мамарасуловдун сөздөрүн колдоп берүүнү жана өздөрү колдоорун билдиришти.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап жалпы чогулуш токтом кылат.
ТОКТОМ.
Капка жайытына караштуу эски купканын жанына «Яма Беккари» чуңкуру куруу жагы колго алынсын.
Яма-Беккер чункурун курууга уруксат берүү депутаттардык айылдык кеңешинен суралсын.
Жогорку органдардан яма-беккер чуңкурун курууга уруксат алуу документтерин даярдап тапшыруу Кара-Таш ЖКнын төрагасы А. Мамытов жана айылдык ветврач М. Алиевдерге жүктөлсүн.
Яма-беккерди куруу үчүн АРИС долбоору тарабынан акча каражатын каржылоону жана элдик салымды топтоо жагы Кара-Таш ЖКнын төрагасы А. Мамытов жана айылдык ветврач М. Алиевдерге тапшырылсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш ЖКнын төрагасы А. Мамытовго тапшырылсын.
(токтом жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн бир добуштан колдоосун алды. Каршы, калыс болгон жок)
Чогулуштун төрагасы: Б. Мамарасулов
Катчысы: М. Осмонов