Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 2
Кара-Таш айыл кенешинин 2019-жылга карата негизги иш аракет планын бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Таш айыл кенешинин 2019-жылга карата негизги иш аракет планы бекитилсин. (тиркелет)
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин укук, регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |
“БЕКИТЕМИН”
Кара-Таш айыл кеңешинин төрагасы
______________________Н.Джаныбаев
“_____” _____________ 2019-жыл
“Бекитемин”
Кара-Таш айыл кеңешинин төраагсы ___________Н.Джаныбаев
“____” _______ 2019-жыл
Кара-Таш айыл кенешинин 2019-жылга карата негизги иш аракет
ПЛАНЫ
№ | Сессияда каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар | Эскертүү |
1 | Кара-Таш айыл аймагында жазгы талаа жумуштарына жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандырууга даярдык көрүү жөнүндө. Аймактагы СПА, ИСКАКБ жана ЖПБ нын (жайыт пайдалануу бирикмесинин) жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү тууралуу | Март 2019-жыл | Айыл өкмөтүнүн жер адиси, айыл башчылары, СПА, ИСКАКБ, Жайыт комитетинин жетекчилери | Калган маселелер сессияга киргизилет |
2 | Аймактагы №20 ҮДТ, аймактык тескөөчүлөр, имамдар, аксакалдар соту, аксакалдар кеңеши жана биилм берүү мекемелеринин жетекчилеринин отчетун угуу
| Апрель, 2019-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, социалдык кызматкер, Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, №20 ҮДТнын директору Ф.Коргонбаева, аймактык тескөөчү –З.Абжапаров, У.Сатибаев, А.Мамытов |
|
3 | Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин 2019-2020- жаны окуу жылына жана 2019-2020-жылга карата күз- кыш айларына даярдык көрүү жөнүндө | Июль 2019-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана туруктуу комиссия. |
|
4 | “2019-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата - айыл аймагындагы аткарылган иштер боюнча | Декабрь 2019-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысы жана аппарат кызматкерлери, туруктуу комиссия |
|
5 | Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга бюджетин бекитүү
| Декабрь 2019-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБнүн башчысы жана туруктуу комиссия |
|
6 | Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жөнүндө | Декабрь 2019-жыл | А/о экономист- статисти жана туруктуу комиссия |
|
7 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019-жылдын 2-жарым жылдыкта аткарылган иштери жөнүндө отчету | Декабрь 2019-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысы, Туруктуу комиссия |
|
Уюштуруу иштери боюнча:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | Айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын иш пландарын түзүүгө алардын негизинде заседаниелерин өткөрүүгө кабыл алынган чечимдерди көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтүү | Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери |
|
2 | Депутаттар менен шайлоочулардын өз ара байланыштарын жакшыртуу максатында жолугушууларды уюштуруу | Квартал сайын | Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери |
|
3 | Айылдык кенештин заседаниесинде айтылган сын пикирлер кабыл алынган чечимдерди көзөмөлдөп баруу | Дайыма | Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери |
|
4 | Айылдык кенештин дарегине келген арыз даттанууларды анализдеп алып себептерин коюуга аракеттенүү | Ар бир айда | Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери |
|
5 | Коомдук уюмдардын, мамлекеттик эмес уюмдардын жана жамааттардын иштерине көмөктөшүү | Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери |
|
6 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, КР Өкмөтүнүн токтомдорун үйрөнүп баруу жана анын аткарылышына системалуу түрдө чара көрүү | Өз убагында | Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери |
|
7 | Айылдык кенештин аймагында китепканалардын маданий мекемелердин мезгил талабына жараша иштөөсүнө жардамдашуу | Жыл ичинде | Маданият бөлүмүнун башчысы, Аппарат кыматкерлери |
|
8 | Айылдык кенештин аймагында жаштардын спорт оюндары менен машыгуусуна шарт түзүү | Жыл ичинде | Спорт комитеттери, аппарат кызматкерлери. |
|
9 | Айылдык кенештин аймагында майрамдарды өткөрүү | Жыл ичинде | Спорт комитеттери, аппарат кызматкерлери. |
|
10 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамы | 4-квартал | А/кеңештин төрагасы, Жооптуу катчы |
|
Төрага | Н. Джаныбаев |