Редакцияот 20.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2017-жылдын 20-апрели № 9

Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди бекитүү жөнүндө

Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамынын резервине Каныш-Кыя айыл аймагынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизүүгө боюнча берген талапкерлердин тизмеси эске алынсын.

2. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Каныш-Кыя айыл аймагынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

3. Бул резервдик курам борбордук шайлоо комиссиясына сунушталсын.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Бегалиев

 

Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамынын резервине Каныш-Кыя айыл аймагынан көрсөтүлгөн талапкерлердин

 

тизмеси

 

№

Ф.И.О.

Туулган жылы

Билими

Иштеген жери кызматы

Кайсы эмгек жааматынан шайлоочулардын чогулушунан

1

Бектемир кызы Акзыйнат

1994

жогорку

ЧРМА

Каныш-Кыя айылынын жалпы шайлоочулар жааматы

2

Алыбаева Махабат

1977

Ат.орто

“Чаткал оттору”газетасы

Каныш-Кыя айылынын жалпы шайлоочулар жааматы

3

Жаныбек кызы Алтынай

1996

Бут. жогорку

Рай.архитектура

Каныш-Кыя айылынын жалпы шайлоочулар жааматы

4

Дүйшебай кызы Айтолкун

1992

жогорку

Телеком

Каныш-Кыя айылынын жалпы шайлоочулар жааматы

5

Кудайбердиев Алтынбек

1982

орто

Убактылуу иштебейт

Каныш-Кыя айылынын жалпы шайлоочулар жааматы

 

Каныш-Кыя айылдык

 Кеңешинин катчысы:                                                                                                                                                                                                      Г.Ибраева.