Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-июну № 2
Айыл чарба жерлерин ижарага берүү тартиби жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин 2017-жылдын 1-январына карата 1479га айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд (АЧЖФ) жерлери бар. Анын ичинен суулуу 305га, кайракы 58га, бак 1га, чоп чабык 218га, залеж 897га. Ушул фонддун жерлери Чакмак-Суу, Башкы-Терек, Коргон-Сай , Каныш-Кыя, Айгыр-Жал айылдарында жайгашкан. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйыны бекиткен “Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү тартиби” жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-111 жобосуна ылайык аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү (жакыр үй-бүлөлөргө, Ата-Мекендик согуштун,Ооган согушунун,Баткен коогаланынын,Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына)айыл өкмөтүнүн жарандарына берилүүчү жер аянттарынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд жерлери Кыргыз Республикасынын жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынында бекитилген “Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондусунун (АЧЖФ) жерлерин ижарага берүүнүн тартиби” жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-111 талабына ылайык ижарага берилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын бардык айылдарында айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд жерлерин (АЧЖФ) 1,0га жеринин суулуу жана кайракы айдоо жерлердин баштапкы баасы айылдар жана участкалар боюнча соц фонд взносторун, жер салыгынын жана ижара акысынын эсеби №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд жерлерин (АЧЖФ) аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү (жакыр үй-бүлөлөргө, Ата-Мекендик согуштун, Ооган согушунун, Баткен коогаланынын, Чернобель согушунун катышуучуларына) жана бардык ижарачылар менен келишим түзүү, айыл өкмөтүнүн фондусунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI
чакырылышынын кезексиз VII
сессиясынын №2 токтомуна 1-тиркеме
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди берүү боюнча комиссиянын курамы.
Комиссиянын төрагасы: К.Осмонбеков- Каныш-Кыя айыл аймагынын
айыл чарбасы боюнча башкы адис
Катчысы: Г.Кыдыралиева- Каныш-Кыя айыл аймагынын адиси
Мүчөлөрү:
-Иманбеков А Айылдык Кеңештин депутаты
-Алибеков А Айылдык Кеңештин депутаты
-Эргешов К Айылдык Кеңешинин депутаты
-Тотонов М. Райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси
- Ар бир айылдын айыл башчылары
Каныш-Кыя айыл аймагынын
жооптуу катчысы: Г.Ибраева
Каныш-Кыя айылдык кенешинин VI
чакырылышынын кезексиз VII
сессиясынын №2 токтомуна 2-тиркеме
Каныш-Кыя айылы боюнча:
1.Аэропорт, Кара-Эчки, Кара-Ой -491- 871
2.Ныязмат, Назалжон -491-871
3. Социализм
4.Кара-Терек, Четки-Сай , Кедей-Сай
5.Шабыр
6.Чоң-Сай, Борсобай
7.Алма-Жон
8.Чоң-Тескей
9.Шамал-Сай
Айгыр-Жал айылы боюнча:
1Түлөберди, Кара-Саз-491-871
2.Чымчык-Уя
3.Кара-Суу
4.Теке-Сүзгөн, Арашан
5.Түпкүр
6.Кара-Шоро -491-871
Чакмак-Суу айылы боюнча:
1.Аюу-Чачы, Арпа-Төктү-491-871
2.Чакмак-Суу -491-871
Башкы-Терек айылы боюнча:
1.Башкы-Терек, Орто-Терек-491-871
2.Аяккы-Терек, Кумбел
3.Жалгыз-Арча, Куу-Тал
Коргон-Сай айылы боюнча:
1.Жданов, Жуман-Терек, Кичи Кумбел-491-871
2.Төрө-Тал
3.Ур-Кедей
Каныш-Кыя айыл аймагынын
жооптуу катчысы: Г.Ибраева