Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
4- чакырылышынын кезексиз 36-отуруму
2018-жылдын 28-ноябры № 36/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндөгү Кабылан-Көл айылдык кенешинин № 36/1 токтомунун негизинде
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 4- чакырылышынын кезексиз 36-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө жобого ылайык Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча сандык курамы 7 адамдан турган комиссиясы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн.(Тиркеме №1)
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобого ылайык иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алып иш жүргүзсүн, Ошондой эле жылына бир жолудан 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап жергилиуктүү кеңешке киргизсин.
4. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык -техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Кадыркулов |
Ош облусунун Алай районундагы
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин
2018- жылдын 28-ноябрындагы
кезексиз 36-отурмунун № 36/2
токтомунун №1 тиркемеси
1.Кадыркулов Убайдилла – Комиссиянын торагасы, айылдык кенештин төрагасы;
(макулдашуу менен)
2.К.Абжалиев -комиссиянын төрагасынын орун басары, айыл өкмөттүн салык кызматкери;
3. С.Сактанов - Комиссиянын катчысы, айыл өкмөтүнүн жер адиси;
МҮЧӨЛӨРҮ:
4. Мадаев Гүлжигит- Айылдык кенештин депутаты; (макулдашуу менен)
5. Абдыкадырова З. – Аялдар кенешинин төрайымы, мектеп директору; (макулдашуу менен)
6. Раимбеков А.- Күнгөй баштооч мектебинин директору; (макулдашуу менен)
7. С.Сатарова - Айылдык китепкананын башчысы; (макулдашуу менен)