Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 227 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2004-жылдын 28-августу ПЖ № 277
"Президенттик "XXI кылымдын кадрлары" билим берүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 11-сентябрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу
Президенттик "XXI кылымдын кадрлары" билим берүү программасын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү, ошондой эле аны финансылоо механизмдерин андан ары өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Президенттик "XXI кылымдын кадрлары" билим берүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 11-сентябрындагы № 218 Указына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
бул Указдын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. "XXI кылымдын кадрлары" программасын финансылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактардан жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев