Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы ПЖ № 525 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 14-декабры ПЖ № 227
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө
(КР Президентинин 2016-жылдын 22-январындагы ПЖ № 15, 2016-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 105, 2017-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 35, 13 марта 2017 года УП № 48, 2018-жылдын 2-мартындагы ПЖ № 46, 2018-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 142 , 2019-жылдын 22-майындагы № 69, 2020-жылдын 1-февралындагы № 11, 2020-жылдын 29-августундагы ПЖ № 168, 14-декабрындагы ПЖ № 57 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Өлкөнүн гуманитардык, илимий жана кадрдык потенциалын өнүктүрүү, интеллектуалдык жана кесипкөй башкаруучу элитаны калыптандыруу, ошондой эле таланттуу жаштарды, зээндүү окуучулар менен студенттерди колдоо жаатындагы демилгелерди колдоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Билим берүү фонду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фондуна кайра түзүлсүн.
2. Билим берүү маселелери боюнча комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө Жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 11-сентябрындагы № 218 "Президенттик "XXI кылымдын кадрлары билим берүү программасы жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 24-ноябрындагы № 309 "Президенттик "Жеткинчек" жана "Үмүт" стипендияларын түзүү жөнүндө" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 11-февралындагы № 41 "Билимге жетишүү (Жеткинчек) программасынын негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;
4) "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 11-сентябрындагы "XXI кылымдын кадрлары" Президенттик билим берүү программасы жөнүндөгү" Указына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 20-августундагы № 221 Жарлыгы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 17-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
6) "Билимге жетишүү (Жеткинчек)" программасынын негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 11-февралындагы Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 9-июнундагы № 196 Жарлыгы;
7) "Президенттик "XXI кылымдын кадрлары" билим берүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 11-сентябрындагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 28-августундагы № 277 Жарлыгы;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-апрелиндеги № 76 "Президенттик "XXI кылымдын кадрлары" жана "Билимге жетишүү (Жеткинчек)" билим берүү программаларын жүзөгө ашырууга тиешелүү болгон айрым маселелер жөнүндө" Жарлыгы.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2020-жылдын 29-августундагы ПЖ № 168 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
1-тиркеме
Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ
(КР Президентинин 2020-жылдын 29-августундагы ПЖ № 168, 2020-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 57 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Зулпиев Бектур Рысбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасы; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Бейшеналиев Алмазбек | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Молдобекова Гулкан Сакиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Кайрат Олжобаевич | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Усубалиев Максат Абдыкадырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн орун басары; |
Досматов Камчыбек Султанмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Комиссиянын жооптуу катчысы. |