Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 29/17-6
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126 буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу» Типтүү жобонун негизинде иштелип чыккан Чолпон-Ата шаардык мэриясынын бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобону, шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын
6-декабрындагы отурумунун бүтүмүн карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кенеши
1. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдында бузуулар жонундо иштерди кароо боюнча комиссия түзүлсүн.
3. Токтом Чолпон-Ата шаардык кеңешинин ченемдик-укуктук актыларды каттоо журналына катталсын, массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2015-жылдын 21-октябрындагы Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы «Административдик укук бузуулар жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу» №2821-4 токтому жокко чыгарылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Токтомуратов |
Чолпон-Ата шаардык кенешинин
2018-жылдын 24- декабрындагы
№29/17-6 токтому менен бекитилди
1.Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин ( мындан ары кодекс) негизинде, Чолпон-Ата шаар мэриясынын алдындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын макамын, курамын түзүү жана иштөө тартибин, анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Чолпон-Ата шаар мэриясынын алдындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо үчүн мэриянын алдында түзүлү=чү туруктуу иштөөчү коллегиялык орган болуп саналат.
3.Комиссия Чолпон-Ата шаардык кеңеш тарабынан түзүлгөн, жобосу бекитилген туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
4.Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алат.
5.Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6.Комиссия жергиликтүу кенештин алдында отчет берет.Комиссия жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап шаардык кенешке киргизет.
7.Комиссиянын ишмердүулүгүн материалдык техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралаган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2.Комиссиянын түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда 5-11 адамдан, комиссиянын төрагасынан, төрагасынын орун басарынан, катчысынынан жана башка мүчөлөр=нүн курамында түзүлөт. Комиссиянын сандык, жеке курамы жана жеке курамына өзгөртүүлөр Чолпон-Ата шаардык мэриясынын чечими менен бекитилет.
9. Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
-жергиликтүү кенештин депутаттары;
-муниципалдык, мамлекеттик кызматчылар;
-шаардын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтү= жамааттын өкулдөрү(макулдашуу боюнча)
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен ал эми комиссиянын катчысы муниципалдык кызматчы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
10.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто же жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны комиссиянын мүчөсү боло алат.
11.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
-соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
-соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар;
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган,мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
-медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар комиссиянын мүчөсү боло албайт.
12.Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтү= кенеш комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13.Комиссиянын ыйгарым укуктары ошондой эле:
-жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген комиссиянын мүчөсүөз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазүү жүзүндө арыз берген учурда;
-комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
-комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
Күчүнө кирген соттун чечими менен комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
-медициналык корутундуга ылайык,комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
-комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кыдыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;
-Комиссиянын мүчөсүөлгөндө;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-Жергиликтүү кенештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
-Жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
14.Комиссиянын жаны мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүн=н ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
15.Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
16.Комиссиянын жаны курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3.Комиссиянын ишинин тартиби
17.Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18.Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19.Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса,комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20.Бузуулар жөнүндө ишти комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын чечими менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын жана коомдук башталышта иштей турган коомдук уюмдардын, жергиликтү= жамааттардын өкүлдөрүнүн тизмеги бекитилет.
22.Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
23.Комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:
а)төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат
1)жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
(Бузууларды жасагандыгы үчүн жаза чараларынын төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат: 1) эскертүү; 2) айып пул.
-Эскертүү комиссия тарабынан жазуу жүзүндө чыгарылат жана келечекте буга окшогон бузууларга жол бербөө максатын көздөйт. Эскертүү, Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган учурларда, зыяндуу кесепеттерге алып келбеген бузууларды жасаганда колдонулушу мүмкүн.
- Айып пул акчалай жаза чарасы болуп саналат, бузууларды жасагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактарга Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте салынат. Салынган айып пул шаардык бюджеттин атайын эсебине түшүрүлөт жана шаардын кызыкчылыгы үчүн колдонулат.
2) жаза чарасын убагында аткарбаса туумду кошуп эсептөө жөнүндө;
3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;
б) Ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы аныкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
24.Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4.Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
25.Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы
уюштурат.
26.Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
27.Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин
материалдары менен танышууга;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөө жана далилдерге баа
берүүгө катышууга;
-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана
добуш берүүгө катышууга;
-жүрүм-турумдун эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга .
Төмөндөгүлөргө укуктуу;
-бузуу жөндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроо берүүгө;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдерге
сунуштарды кийирүүгө;
-Кодексте каралган башка укуктарга.
28.Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары,төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
-Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго),ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктарынан сырткары ,төмөнкүдөй укуктарга ээ;
-өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары,жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
29.Комиссинын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
30.Комиссиянын катчысы , Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын ала даярдоону уюштурат;
-ѳз ишмердүүлүгүн Комиссиянын тѳрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
-Комиссиянын тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-келип түшкѳн материалдарды, билдирүүлѳрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин кѳрсѳткѳн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
-бузуулар жѳнүндѳ протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздѳѳнү камсыз кылат;
-Комиссиянын мүчѳлѳрүн, бузуулар жѳнүндѳѳндүрүшкѳ катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын каросуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзѳт жана тариздейт, аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
-аныктамардын жана токтомдордун кѳчүрмѳлѳрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мѳѳнѳттѳрдѳ тапшырууну же жѳнѳтүүнү камсыз алат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзѳт;
-Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
-Бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароонун тажрыбайсын иликтейт жана жалпылайт, комиссиянын ишмердүүлүгүн жѳнгѳ салуучу ченемдик укуктук актыларды ѳркүндѳтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзѳт;
-Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат;
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын тѳрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчѳлѳрүнүн бири аткарып турат;
31.Эгерде Комиссиянын мүчѳлѳрү:
-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн, коргоочусунун, ѳкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбѳсүнүн, эксперттин, адисттин, котормочунун туугандары болушса;
-иштин чечилишине тике же кыйыр түрдѳ кызыкдар болушса, алардын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароого катышууга акысы жок.
5.Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
32. Иш кагаздарын жүргүүзүгѳ жалпы жетекчилик Комиссиянын тѳрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
33.Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматардын ѳз убагында жана анык, так киргизилиши, үчүн жоопкерчиликти комиссиянын катчысы тартат.
34. Бузулар жѳнүндѳ иш ѳндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жѳнѳтүү комиссиянын катчысы тартат.
35. Бузуулар жѳнүндѳ иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндѳн кеч эмес жиберилиши керек (№3-тиркеме).
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу комиссиянын тѳрагасында билдирүүгѳ, анын кѳрсѳтмѳсү боюнча кабарламанын ѳз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды кѳрүүгѳ милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бѳлүгү ишке тигилет.
36. Бузуу жасалган жерде айып пул ѳндүргѳн учурда айып пулду тѳлѳѳ банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлѳт, ал эми тѳлѳѳнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдѳгү, атайын финансалык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчѳгүн (квитанция) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу тѳлѳѳгѳ макулдугун билдирип айып пул дүмүрчѳгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
37.Комиссиянын катчысы бузуулар жѳнүндѳ иштерди түзүүнү, аларды тѳмѳндѳгүдѳй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигинүү камсыздайт;
-бузуулар жѳнүндѳ протокол жана ишке байланыштуу башка
материалдар;
-отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкѳн иретинде
жайгаштырылган бардык документтер;
-белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун
протоколу;
-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар,
токтомдор.
Бардык документтер кѳктѳмѳгѳ алардын тексти кѳрүн=п тургандай
болуп кѳктѳлѳт.
38.Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат.
Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип
түшкѳн жылды камтыйт.
39.Бузуулар жѳнүндѳ протокол түзүүчү кызмат адамдарды бузуулар жѳнүндѳ каралган иштер тууралуу маалыматтарды комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
40.Комиссия ай сайын комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бѳлүмү менен салыштырып текшерип турат.
41.Комиссия тѳмѳндѳгүдѳй эсеп журналдардын жүргүзѳ алат;
-бузуулар жѳнүндѳ иштерди эсепке алуу журналы;
-айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга
жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).
42.Журналдардын барактары номурланган, кѳктѳлгѳн, мѳѳр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, кѳк же сыя кѳк түстѳгү сыя (паста) менен жазылат.
43.Журналдарды сактоо мѳѳнѳтү 3-жыл.Бузуулар жѳнүндѳ иштерди сактоо мѳѳнѳтүү 5-жыл. Кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳт аяктагында алар тизме боюнча архивге тапшырылат.
44.Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, комиссиянын тѳрагасынын уруксатысыз берилбейт.