Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2018-жылдын 24-декабры № 29/17-8
Таштандыларды чыгарууга төлөмдөрдү көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 74 иш кагазы менен иштеп чыккан баалар прейскурантын , шаардык кеңештин «Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 4-декабрындагы отурумунун бүтүмүн карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын таштандыларды чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн прейскуранты (мындан ары- баалардын прейскуранты) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» муниципалдык ишканасына төлөмдөрдүн көтөрүлүшү боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3.Шаардык кеъештин аппаратына токтомду шаардык кеъештин реестрине каттоо, массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин «Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Токтомуратов |
Катар № | Аталышы | Бир жылга м.куб | 1 м. куб таштандынын баасы | Бардыгы 1 жылда | 1 айга (сом) |
1 | Таштанды чыгарууга 1 кишиге , ынгайлаштырылган көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынан (3 кичи району ПМК жана Чолпон-Ата шаары) жана Чолпон-Ата шаар тургундарына |
0,86 м.куб |
280 сом |
241 сом |
20 сом |
2 | 1 м 3 Таштанды чыгаруу | 280 сом | |||
3 | Өз авто унаалары менен таштанды төгүлүүчү жайга төгүү | 850 сом | |||
КЖЖ МИ жетекчиси Абыкеев .Э А
КЖЖ МИ башкы бухгалтери Касымбекова Г.