Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 157/24-24
2018-жылдын 9-августундагы кир. № 1981/1-4 Токмок шаарынын мэриясынын катын жана Токмок шаарын көрктөндүрүү эрежелери боюнча жаңы редакциясын карап жана талкуулап чыгып, шаардын аймагын жыйнап, шаардык кызматтарды санитардык тазалоону координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын 2011-жылы 15-июлунун №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарын көрктөндүрүү эрежелери боюнча жаңы редакциясы бекитилсин (тиркеме).
2. 2009-жылдын 4-июнун №105/19-2 Токмок шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген “Токмок шаарын көрктөндүрүү эрежелери” күчүн жоготту деп эсептелинсин.
3. Токмок шаарынын мэриясы жана структуралык бөлүмдөрү өздөрүнүн ички кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын ушул көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайыкташтырышсын.
4. Токмок шаарын көрктөндүрүү эрежелери боюнча жаңы редакциясы массалык маалымат каражаттары аркылуу шаарга жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын биринчи вице мэри К.К.Чотбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Мазмуну 1. Жалпы жоболор 2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер 3. Тиричиликтин катуу таштандыларын чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча иштерди уюштуруу 4. Шаардын аймактарын санитардык кармоо жана жыйнап тазалоону уюштуруу 5. Күз-кыш мезгилдеринде шаардын аймактарын жыйнап тазалоо өзгөчөлүктөрү 6. Жаз-жай мезгилдеринде шаардын аймактарын жыйнап тазалоо өзгөчөлүктөрү 7. Жолдорду жайында тазалоо талаптары ( айрым элементтер боюнча) 8. Көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти камсыздоо 9. Жашылдандыруу 10. Бак-дарактарды кармоо жана багуу, шаардын аймактарын жашылдандыруу 11. Жашылдандырылган аймактардагы бак-дарактарды коргоо 12. Ар кандай багыттагы объектилерди долбоорлоодо жана курууда бак-дарактардын корголушун камсыздоо 13. Жашылдандырылган аймактарды инвентаризациялоо (мүлктүк каттоо) 14. Инженердик тармактарды жана курулмаларды куруу жана оңдоо, көчөлөрдү, жанжолдорду жана аянттарды көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзүү 15. Аварияларды (кырсыктарды) жоюу боюнча калыбына келтирүү иштери 16. Токмок шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги |
Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-августундагы № 157/24-4 токтомунун тиркемеси
|
Токмок шаарын көрктөндүрүү эрежелери
I. Жалпы жоболор
1.1. Токмок шаарын ушул көрктөндүрүү эрежелери (мындан ары-Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Өндүрүштүн жана керектөөнүн таштандылары жөнүндө” мыйзамдарына жана шаардык аймактардын тышкы ыңгайлуулук абалына коюулуучу жана башка курчап турган чөйрөнү коргоого коюулуучу талаптарды аныктоочу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Эрежелер, менчик түрүнө карабастан, Токмок шаарында жайгашкан, жер пайдалануучулар жана жер ээлери болгон юридикалык жана жеке жактар, куруучулар, имараттардын, курулуштардын ээлери жана ижарачылары үчүн тышкы көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат жана аткаруу үчүн бирдей жана милдеттүү ченемдерди белгилейт, шаардык аймактарды жыйнап тазалоо жана кармоо, жашыл бак-дарактарды кармоо жана коргоо тартибин аныктайт.
1.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, шаардын аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык кармоо, жыйнап тазалоону уюштуруу, тазалыкты жана тартипти камсыздоо маселелери боюнча кабыл алынуучу бардык ченемдик укуктук актылар жана ведомстволук нускамалар ушул Эрежелердин талаптарына каршы келбеши керек.
1.4. Токмок шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, аймактарды жыйнап тазалоо, тазалыкты жана тартипти сактоо чөйрөсүндөгү шаардык кызматтардын ишин, Токмок шаарынын мэриясы жана анын ыйгарым укуктуу органдары координациялайт.
1.5.Жыйнап тазалоо, санитардык тазалоо, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, бак-дарактарды жана сугаруу тармактарын талаптагыдай кармоо “Коммуналдык ишканалар комбинаты” (мындан ары – КИК) мунуципалдык ишканасына, теңдем кармоочуларга, жер тилкелеринин, имараттардын жана курулмалардын ээлерине жана ижарачыларына жүктөлөт.
1.6. Ушул Эрежелердин талаптарынын аткарылышына контролду, компетенцияларына жана белгиленген тартипте берилген ыйгарым укуктарына ылайык, башка ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча, Токмок шаарынын мэриясынын административдик комиссиясы жүргүзөт.
1.7. Менчик түрүнө карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан объектилерди курууда, багытын өзгөртүүдө, реконструкциялоодо (кайра курууда), анын ичинде инженердик коммуникацияларды салууда, реконструкциялоодо жана оңдоодо, курулуш аянттарынын, имараттардын, курулмалардын жана турак үйлөрдүн фасаддарынын жабдылышында жана кармалышында ушул Эрежелердин сакталышын контролдоону-Токмок шаарынын мэриясы жана тиешелүү ыйгарым укуктуу ведомстволор жүргүзөт.
1.8. Шаардын аймагында көчө-жол тармактарын, анын ичинде жол белгилеринин, тосмолордун, светофор объектилеринин, ошондой эле унаа токтотмолордун талаптагыдай кармалышын жана автоунаалардын сакталышын, унаа каражаттарынын абалын (оң экендиги, тазалыгы), анын ичинде коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа каражаттарын ушул Эрежелерге ылайык контролдоону, ташталган жана комплекттерге ажыратылган унааны өз убагында аныктоону, каттоону жана эвакуациялоону, кыртышты, таштандыны, чубурма курулуш материалдарын, жеңил таралардын, жалбырактардын, бактардын таарындыларын ташууну, жол жээктериндеги курулмаларды, аялдамаларды куруу, бак-дарактарды бутоо, контейнерлерди орнотууга аянтчаларды, жарнама конструкцияларын жана жол кыймылын жөнгө салуучу техникалык каражаттар орнотулуучу жерлерге жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башка багыттагы көрсөткүчтөрдү жайгаштыруу маселелерин – Токмок шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмү (ЖККБ) жүргүзөт.
1.9. Муниципалитеттин теңдеминде турган шаардын жашыл фондунун, сугаруу тутумунун (анын ичинде магистралдык), өзөндөрдүн жана каналдардын нуктарынын, коллектордук-кургатуу тармактарынын талаптагыдай кармалышын, аймактарды жашылдандырууну, сугат суусун бөлүштүрүүнү, бак-дарактарды жана сугат тутумун алып салууну ушул Эрежелерге ылайык “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИси жүргүзөт.
2.0.Шаардын жашыл фондун кармоону, бак-дарактарды жана сугат тутумун алып салууну, автоунааларды жууганда, курчап турган чөйрөнү коргоодо, өндүрүштүн жана керектөөнүн таштандыларын башкарууда, ушул Эрежелердин сакталышын контролдоону - Курчап турган чөйрөнү коргоонун Чүй-Бишкек-Талас региондор аралык башкармалыгы жүргүзөт.
2.1. Токмок шаарынын мэриясына караштуу тиешелүү административдик комиссия, башка ыйгарым укуктуу жана аймактык мамлекеттик кызматтар менен макулдашуу боюнча, колдонуудагы мыйзамдар менен берилген ыйгарым укуктардын алкагында, административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык административдик жазаларды берет.
2.2. Белгиленген тартипте бекитилген аймактарда ушул Эрежелердин ченемдерин аткаруу жоопкерчилиги, келишимдик милдеттер менен подряддык уюмдар, ижарачылар, жер пайдалануучулар жана аймактын менчик ээлери тарабынан жүргүзүлөт.
II. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
2.1. Теңдем кармоочу – менчик ээси менен түзүлгөн келишим боюнча тиешелүү мүлк ыкчам башкарууга жана чарба жүргүзүүгө берилген юридикалык жак.
2.2. Ташталган жана комплекттерге ажыратылган автоунаа – менчик ээси белгиленген тартипте баш тарткан же менчик ээси белгисиз унаа каражаты. Унаа каражатынын таандыгы жөнүндө корутундуну (менчик ээсинин бар же жок экендигин) Токмок шаарынын жана Чүй районунун МКК органдары берет.
2.3. Шаардын тышкы көрктөндүрүүсү – шаардын чек араларында жана шаардын юрисдикциясындагы аймактарда калкка жашоонун жагымдуу, ден соолук чыңдоочу жана маданий шарттарын түзүүнү камсыздоочу иштердин жана элементтердин комплекси. Бул иштердин комплекси, аймактарды жыйнап тазалоону уюштурууну, көрктөндүрүү объектилерин жана элементтерин кармоону, колдонууну, оңдоону жана коргоону карайт.
2.4. Аймакты көрктөндүрүүнү калыбына келтирүү – аймактардын, көкмайсандардын, сугаруу тутумдарынын, жолдордун каптамаларынын, подъезддерге кире бериштеринин көрктөндүрүү бузууга алып келген иштер жүргүзүлгөнгө чейинки абалдарын, жашылдандырууларды ж.б. калыбына келтирүү боюнча иштердин комплекси, аймактарды жыйнап тазалоо жана аны тартипке келтирүүнү камтуу менен.
2.5. Калыбына келтирүү наркы – бак-дарактардын (жашылдандыруулардын) наркы, ал аларды алып салууда, башка жакка көчүрүүдө, зыян тартса жана жок кылынса алардын баалуулугун эсептөө үчүн белгиленет.
2.6. ТККны ташып чыгаруу–ТККны контейнерлерден атайын унаага жүктөө, контейнердик аянтчаларды жана аларга баруучу жолду төгүлүп калган таштандыдан тазалоо, андан ары чогултулган жерден ТККны кийин депонирлөө жана кайра иштетүү үчүн таштанды ылгоочу пункттарга, таштандыны кайра иштетүүчү заводдорго же ылгоо жана кайра иштетүү үчүн комплекстерге жөнөтүүчү шаардык таштанды полигонуна ташуу.
2.7. Көкмайсан – көрктөндүрүүнүн архитектуралык-ландшафттык объектиси, ал өзүнө көбүнчө табигый өсүүчү же чөптүү өсүмдүктөр себилген атайын жасалган чөп катмарлуу жер тилкесин камтыйт.
2.8. ТКК ташып чыгаруу графиги–ташып чыгаруу ордун (дарегин), көлөмүн жана убагын көрсөтүү менен, ТКК ташып чыгаруу келишиминин курамдык бөлүгү.
2.9. Короо аймагы–турак жай имаратынын жанындагы жана анда жашаган адамдардын жалпы пайдалануусундагы, турак жай имараттарынын, курулуштардын, курулмалардын же тосмолордун периметри боюнча чектелген аймак. Турак жай имаратынын жанындагы короо аймагында, анда жашаган адамдардын кызыкчылыгында балдар аянтчалары, эс алуу, кирлерди жаюу, автоунааларды токтотуу үчүн орундар, бак-дарактар жана башка коомдук пайдалануу үчүн объектилер жайгашат.
2.10. ТКК ташып чыгарууга келишим–тапшырыкчы менен аткаруучунун (ТКК ташып чыгаруу боюнча адистештирилген подряддык уюм) ортосунда түзүлгөн, юридикалык күчү бар, жазуу түрүндөгү макулдашуу, ага ылайык аткаруучу тапшырыкчынын тапшырмасы боюнча ТКК ташып чыгаруу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө милдеттенет, а тапшырыкчы бул кызматтарды төлөп берүүгө милдеттенет.
2.11. Жол курулмалары–жолдун конструктивдик элементтери (жер тилкеси, жасалма курулмалар (көпүрөлөр, жол өткөргүчтөр, эстакадалар ж.б.), ошондой эле автожолдорду сактоого, кармоого жана талаптагыдай иштөөгө зарыл башка курулмалар.
2.12. Жашылдандыруулар – бак-дарак, бак-бадалдуу, бадалдуу, жасалма жана табигый өскөн чөптүү өсүмдүктөр.
2.13. Чоң габариттеги таштанды–өзүнүн керектөө касиетин жоготкон жана өзүнүн өлчөмдөрү боюнча адистештирилген таштанды ташуучу машиналар менен ташуу мүмкүнчүлүгү жок, керектөөнүн жана чарба ишмердүүлүгүнүн таштандылары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.).
2.14. Контейнер – көлөмү 0,5-1,5 куб.м. болгон, ТКК чогултуу үчүн стандарттуу идиш.
2.15. Контейнердик аянтча–өндүрүштүн жана керектөөнүн таштандыларын, ТККны чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн, зарыл сандагы контейнерлерди орнотуу менен атайын жабдылган аянтча.
2.16. Компенсациялык жашылдандыруу–жок кылынган жана жабырланган жашылдандыруулардын ордун кайра калыбына келтирүү.
2.17. Таштанды–ТККны, чоң габариттеги таштандыны, өндүрүштүн жана керектөөнүн таштандыларын камтуу менен, ар кандай таштандылар.
2.18. Темир гараж –колдонуудагы ченемдик укуктук актылар менен аныкталган тартипке ылайык, капиталдык мүнөздөгү даярдоо иштерин жүргүзбөстөн, шаардын аймагында жайгаштырылган, юридикалык же жеке жакка таандык кыймылдуу мүлктүн стационардык эмес объектиси.
2.19.Чакан архитектуралык формалар - декоративдик мүнөздөгү жана практикалык пайдалануунун объекттери: скульптуралар, барельефтер, гүлдөр үчүн вазалар, чатырчалар, павильондор, отургучтар, урналар, балдардын оюну жана чоң адамдар эс алуусу үчүн жабдуулар жана конструкциялар жана башкалар.
2.20. Таштандылардын үйүлүшү–контейнердик аянтчага жана ар кандай башка аймактарга карата көлөмү боюнча 1 куб. метрден ашпаган, өз алдынча таштагандын жыйынтыгында пайда болгон ТККнын, башка таштандылардын чогулуусу.
2.21. Уруксатсыз үйүлгөн таштандылар–аянты 50 кв. метрден ашык жерге, көлөмү 30 куб. метрден ашык болгон, юридикалык жана жеке жактардын ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө түзүлгөн ТККны, чоң габариттеги таштандыны, өндүрүштүн жана курулуштун таштандыларын өз алдынча (уруксатсыз) таштоо, (жайгаштыруу) же чогултуу.
2.22. Ар кайсы жерге үйүлгөн таштандылар - аянты 50 кв. метрге чейин, көлөмү 30 куб. метрге чейин болгон, өз алдынча таштагандын жыйынтыгында пайда болгон ТККнын чогулуусу.
2.23. Өндүрүштүн жана керектөөнүн таштандылары (мындан ары-таштандылар)-кийин алар түзүлгөн же табылган жерде пайдаланбай турган жана алардан ээси кутулуп жаткан, зыянсыздаруу, кайра иштетүү же жайгаштыруу жолу менен кутулуу ою же кутула турган, өндүрүштүн жана керектөөнүн жүрүшүндө түзүлгөн сырьелордун, материалдардын, жарым фабрикаттардын, башка буюмдардын жана азыктардын калдыктары, ошондой эле өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон товарлар (продукциялар).
2.24. Жалпы пайдалануучу жашылдандырылган аймактар–шаардын бардык калкына рекреация үчүн пайдаланылган аймактар: бактар, сейил бактар, маданий жана эс алуу сейил бактары, мемориалдык комплекстер, гүлбакчалар, көчөлөр жана транспорттук магистралдар, жээктер,токой парктары, аларга кирүү бардык адамдар үчүн акысыз жана эркин.
2.25. Чектелген пайдалануу үчүн жашылдандырылган аймактар- калктын айрым топторунун пайдалануусуна эсептелген, турак жай, жарандык, өнөр жай, калкты тейлөө уюмдарынын, саламаттык сактоо, илим, билим берүү имараттарынын чегиндеги аймактар.
2.26.Атайын дайындалган жашылдандырылган аймактар–атайын функцияларды аткаруу үчүн дайындалган жашылдандырылган аймактар, анын ичинде санитардык-коргоочу, суу коргоочу, коргоо-мелиоративдик, өрткө каршы аймактар, көрүстөндөр ж.б.
2.27. Сейил бак–функционалдык зоналдаштырылгандыгы менен мүнөздөлгөн жана узак эс алуу үчүн дайындалган жалпы пайдаланылуучу жашылдандырылган аймак.
2.28. Жанаша жайгашкан аймак–ижара укуктарынан эркин, жеке менчикке, ээликке, ижарага, юридикалык же жеке жактардын теңдемине бөлүнгөн жер тилкесинин, имараттын, үйдүн, курулманын, тосмонун, курулуш тилкесинин, соода объектилеринин, жарнама жана башка объектилердин чек араларына тике периметр боюнча жанаша жайгашкан муниципалдык аймак, жанаша жайгашкан аймактардын чек аралары, көчө жактан жана жолдордун өтүүчү бөлүгүнө чейин жайылат.
Жолдордун өтүүчү бөлүгүнөн алыс жайгашкан объектилердин жанаша жайгашкан аймактары болуп, бөлүнүп берилген жер тилкесинин чек арасынан 10 метр аралыктагы аймак саналат.
2.29. Суу каптоо–өзөндөрдө, каналдарда жана арыктарда суунун горизонтунун жогорулашы менен, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнөн, атмосфералык жаан-чачындан, кар эригенден, жолдордун, жанжолдордун асфальтбетон каптамаларынын сапатсыз төшөлгөнүнөн же инженердик тутумдардан жана коммуникациялардан суу агызгандан же сызылып чыккандан, суу кабыл алуучу түзүлүштөрдү жана үстүңкү суу буруучу курулмаларды тейлөө эрежелерин бузгандан же бузулушунан жөө жүргөндөргө, автоунаага, шаардык коомдук унаага тоскоол болуп, жол тилкелерин, аймактардын бөлүктөрүн суу капташы.
Аянты 2 кв. метрден ашык жана тереңдиги 3 см.ден ашык аймак суу каптады деп эсептелет.
2.30. Жашылдандыруулардын жабырланышы–бак-бадалдуу өсүмдүктөрдүн баш жактарына, сөңгөгүнө, бутактарына,тамыр тутумуна механикалык, термикалык (ысытып), химиялык жана башка зыяндарды келтирүү, кийин алардын өсүшүнүн токтоосуна жана соолуп өлүп калышына алып келген чөптүү өсүмдүктөрдүн жер үстүндөгү бөлүктөрүн жана тамыр тутумун жабырлантуу. Ошондой эле жашылдандыруулардын жабырланышына бутактардын механикалык зыян тартуусу, кабыгынын бүтүндүгүнүн бузулуусу, зыяндуу заттар менен жашылдандырууларды же тамыр жагындагы топуракты кирдетүү, тебелөө, автоунаа менен тебелөө, өрттөө жана башка зыян келтирүү кирет.
2.31. Өтмөк –унаа каражаттарынын турак жай жана коомдук имараттарга, мекемелерге, ишканаларга жана кичи райондордун, кварталдардын ичиндеги башка шаардык имараттарга өтүшүн камсыздоочу жолдун элементи.
2.32. Жолдорду кармоо – иштердин комплекси, анын жыйынтыгында жолдордун транспорттук-колдонуу абалы, анын элементтерин жайгаштыруу, буруу тилкелери жана жол курулмалары кармалат.
2.33. Аймакты санитардык тазалоо – аймактарды жыйнап тазалоо, таштандыларды, көчө шыпырындыларын жана кокустан пайда болгон таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу.
2.34. ТКК чогултуу–таштанды камераларын тазалоо, контейнерлерди толтуруу, контейнерлерди жана контейнерлер аянтчаларын тазалоо менен байланышкан иш-чаралардын комплекси.
2.35. ТККны ташып чыгаруу графигинин бузулушу - 8 сааттан ашык, ТКК ташып чыгаруунун каттамдык, сааттык графигинин сакталбашы.
2.36. Жашылдандырууларды алып салуу - белгилүү тартипте жасалгаланган бактарды, бадалдарды, гүлзарларды, көкмайсандарды кыюу, кесип салуу, казып алуу, аларды аткаруу курулуштун тигил же бул объектилерин жайгаштыруу, инженердик көрктөндүрүүнү, жер үстүндөгү коммуникацияларды тейлөө, турак жай жана коомдук имараттардын инсоляциялык талаптарына жооп бере тургандай курчап турган чөйрөнүн сапатын түзүү үчүн шарттарды камсыздоо максатындагы, объективдүү зарыл иштер.
2.37. Гүлзар – чоң эмес көлөмдөгү жалпы пайдалануучу жашылдандырылган аймак, аянтты, коомдук борборду, магистралды жасалгалоо элементи болуп саналат, кыска мөөнөттүү эс алуу жана жөө жүргөн транзиттик кыймыл үчүн пайдаланылат.
2.38. Ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана башка чарба жүргүзүүчү субъектилердин аймагы –аянттары, чек аралары, жайгашкан орду, укуктук статусу (макамы) жана башка мүнөздөмөлөрү бар, колдонуудагы мыйзам менен каралган (ар кандай менчик түрүндөгү), максаттуу дайындалышы менен юридикалык жана жеке жактарга бекитилген шаардык аймактын бөлүгү.
2.39. Тиричиликтин катуу калдыктары (мындан ары - ТКК) –адамдардын жашоо-турмушунун негизинде түзүлүүчү керектөөнүн калдыктары, анын ичинде тамак даярдаганда, турак жайларды жыйнап тазалоодо жана оңдоодо, үйлөргө жанаша жайгашкан аймактарды жана жалпы пайдаланылуучу жерлерди кармоодо, турак жайларда үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоодо чыккан калдыктар, ошондой эле эскирген, пайдаланууга жарабай калган үй буюмдары.
2.40. Жашылдандырууларды жок кылуу - казып салуу (көкмайсандарды) гүл-декоративдик өсүмдүктөрдү, бадалдарды, бактарды казып алуу же бактарды кыюу менен, ошондой эле жашылдандырууларды жабырлантуу менен, алардын өспөй жана өлүп алышы.
2.41. Токмок ш. ИИБ ЖККБ - Токмок шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмү.
III. Таштандыны чогултуу жана ташып чыгаруу иштерин уюштуруу
3.1. Шаардын аймагында өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар, башка чарба жүргүзүүчү субъектилер, анын ичинде жеке турак жай үйлөрүнүн, көп кабаттуу үйлөрдөгү жашоого жараксыз жайлардын ээлери, белгиленген тартипте бекитилген чогултуу ченемдерине ылайык,ТКК ташып чыгарууга Коммуналдык ишкананалар комбинаты менен же ТККны көмүүгө, аларды ылгоого, зыянсыздарууга жана кайра иштетүүгө жана көмүүгө адистештирилген ишканалар менен келишимдик мамилелери бар, ТККны ташып чыгаруу боюнча башка адистештирилген подряддык ишканалар менен келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
Жарандык сектор менен мамилелерде (жеке көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары) айкын келишимдерди түзүүгө жол берилет.
3.2. ТКК чогултууну уюштуруу:
3.2.1.ТКК контейнерлерге чогултуу, контейнердик аянтчаларды тазалоо (жыйноо), жылдын кыш мезгилинде контейнердик аянтчаларга келүүчү жолду кардан жана муздан тазалоо төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнердик аянтчалар боюнча –бекитилген келишимдерге ылайык, Коммуналдык ишканалар комбинатына;
- ижарадагы, ээликтеги, пайдалануудагы башка аймактар боюнча - ведомстволорго, уюмдарга, ишканаларга, башка чарба жүргүзүүчү субъектилерге, жеке жана юридикалык жактарга.
Контейнерлерден таштанды ташуучу машиналарга жүктөөдө же бункерлерди жүктөөдө түшүп калган таштандыларды жыйноо жоопкерчилиги, ошондой эле контейнердик аянтчалардагы таштандынын үйүндүлөрүн жыйноо “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИ нин жана келишимдерге ылайык, ТКК ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишканалардын жумушчуларына жүктөлөт.
3.2.2. Чарба жүргүзүү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында түзүлгөн өнөр жай ишканаларынын өндүрүш калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо, ушул ишканалардын күчү менен ушул максаттар үчүн атайын жабдылган жерлерде жүргүзүлөт, алардын жайгашышы, ошондой эле калдыктарды жайгаштыруу ченемдери милдеттүү түрдө Коммуналдык ишканалар комбинаты менен макулдашылат.
Ишкананын аймагында атайын бөлүнбөгөн жерлерге жана ченемдерден ашык калдыктарды жыйноого тыюу салынат.
Өсүмдүк жана башка кыртыштарды атайын бөлүнгөн тилкелерге гана убактылуу жыйноого уруксат берилет.
3.2.3.Контейнерлерге таштандыны абдан толтуруп салууга,тиричилик калдыктарын контейнерлерде өрттөөгө жол берилбейт. Таштанды өз убагында графикке ылайык жок кылынышы керек.
3.2.4. Контейнердик аянтчаларды жана контейнерлерди колдонуучу жана тейлөөчү уюмдар аларды өз убагында оңдоп жана жарабай калган контейнерлерди алмаштырып туруусу зарыл.
3.3. ТККни ташып чыгаруу:
3.3.1. Үйлөрдөн жана ишканалардан таштандыларды, ыплас нерселерди ташып чыгаруу келишимдерге ылайык, ТКК ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишканалар тарабынан жүргүзүлөт.
3.3.2. Керектөөчүлөрдөн таштандыларды ташып чыгаруу үчүн акы,Токмок шаардык кеңеши бекиткен тарифтерге ылайык, түзүлгөн келишимдер боюнча ТКК ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишканалар тарабынан алынат.
3.3.3. Таштандылар, жана башка ыплас нерселер шаардык таштанды полигонуна жана кир сууларды кабыл алуучу станцияларына ташып чыгарылат. Шаардык таштанды полигонун жана кир сууларды кабыл алуучу станцияларын кармоо шаарда “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИге жана «Токмок Водоканал» МИге жүктөлөт.
Таштанды ылгоочу станциялар, таштандыны кайра иштетүүчү заводдор (комплекстер) болсо, таштанды ушул ишканаларга Токмок шаарынын мэриясы менен макулдашуу боюнча ташып чыгарылат.
3.3.4. Чоң габариттеги таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу жоопкерчилиги, ошолорго таандык болгон ишканалардын, мекемелердин жана жеке жактардын өзүлөрүнө жүктөлөт же тиешелүү келишимдери болсо таштанды чыгаруу боюнча адистештерилген ишканаларга жүктөлөт.
3.3.5. Кыймылсыз объектилерди курууну жана (же) оңдоону жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар, иштер башталганга чейин, курулуш таштандыларын кайра иштетүүгө келишим түзүп алуусу зарыл, аны ташып чыгарууну өз алдынча жүргүзөт (кайра иштетүү келишими боюнча) же Коммуналдык ишканалар комбинаты келишим боюнча ташып чыгарат.
3.3.6. Коммуналдык ишканалар комбинаты тарабынан, шаардын жашыл чарбасын кармоо боюнча жүргүзүлүүчү, көкмайсандарды түшкөн жалбырактардан тазалоодон, бактарды санитардык бутоодон, бактарды кыюудан, тирүү тосмолорду кыркуудан, көкмайсандарды чабуудан жана башка иштерден түзүлүүчү таштандыларды чыгарууну, Коммуналдык ишканалар комбинаты өз күчү менен жүргүзөт.
3.3.7. Муниципалдык тапшырык боюнча шаардын көчөлөрүн жана аянттарын жыйнап тазалоонун жыйынтыгында түзүлгөн, көчөдө үйүлгөн таштандыларды ташып чыгарууну, Коммуналдык ишканалар комбинаты жүргүзөт.
3.4. Контейнерлер атайын жабдылган аянтчаларда жайгаштырылат (орнотулат). Жайгаштыруу орундары жана тосмолордун түрү жергиликтүү архитектура органы, Токмок шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору (мындан ары –Токмок ш. МСЭКБ), Токмок шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу бөлүмдөрү, үй, кварталдык комитеттердин төрагалары жана Коммуналдык ишканалар комбинаты менен макулдашылат.
Контейнерлерди өтө турган жерлерге, жанжолдорго, көкмайсандарга, ошондой эле сугаруу каналдарынан 10 метр аралыктан жакын жерге жайгаштырууга тыюу салынат.
3.5. Контейнердик аянтчалар асфальт, бетон же башка катуу каптамалар менен капталыш керек, өтө турган жакка багытталыш керек жана ага келе турган жолдору болушу зарыл.
3.6. Контейнердик аянтчанын үч тарабынан жанындагы аймакка таштанды түшпөгөндөй, бийиктиги 1,0-1,2 м. болгон тосмосу болуш керек.
Белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган, жеке долбоорлор боюнча жабык типтеги контейнердик аянтчаларды даярдоого жол берилет.
3.7. Контейнердик аянтчалар турак жай үйлөрүнөн, балдар мекемелеринен, спорттук аянтчалардан жана калк эс алган жерлерден 20 метрден кем эмес, бирок 100 метрден ашык эмес алыс болуш керек. Өзгөчө учурларда, курулуп калган райондордо, ушул аралыктарды сактоо мүмкүнчүлүгү жок болсо, алар комиссия менен орнотулат (райондук архитектордун, Токмок шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн, Коммуналдык ишканалар комбинатынын, үй, кварталдык комитеттердин, Аймактык өз алдынча башкаруу органынын, кондоминиумдардын, Токмок ш. МСЭКБнин катышуусу менен).
Комиссиянын ишин уюштуруу жана тиешелүү Актыларды бекитүү, Токмок шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлөт.
3.8. Контейнердик аянтчалардын өлчөмү зарыл сандагы контейнерлерди орнотууга эсептелиш керек. Орнотула турган таштанды чогултуучулардын (контейнерлердин) санын аныктоо үчүн, ТКК ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишкана, таштанды чогултуучулар менен пайдалануучу калктын санына, таштандылардын чогулуу ченемдерине, таштандыларды сактоо мөөнөттөрүнө жараша эсептеш керек жана башка ар бир тилке боюнча жеке иштеши керек.
Алмаштырылбаган система боюнча, тейлөө тилкесиндеги жайгаштырылууга жаткан контейнерлердин саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Б н.с. = П х I х P1 / 365 х Е, бул жерде:
П–тилкеде ТКК жылдык пландык чогулушу (куб.м);
I –таштандыларды жок кылуу мезгили (суткада);
P1 –таштандылардын чогулушунун бирдей эместигинин коэффициенти
1,25 барабар болуп колдонулат);
Е - контейнерлердин батымдуулугу (куб.м).
Контейнерлердин тизмелик санын аныктоо үчүн, Б н.с.оңдоодогу жана жана камдоодогу контейнерлерди эсептеген Р2 = 1,05 коэффициентине көбөйтүлүшү керек.
3.9. Кайра пайдаланылуучу сырьену (банкалар, бөтөлкөлөр, башка буюмдар) таштанды чогултуучулардан, таштанды кабыл алуучу камералардан жана таштанды ташып чыгаруучу адистештирилген унаадан тандоого жол берилбейт. Таштанды салынган идиштерди таштанды чогултуучу камералардын сыртына эрте эле (бир сааттан эрте), адистештирилген унаа келгенче чыгарып коюуга жол берилбейт.
3.10. Контейнердик аянтчалар дайыма тиричилик таштандыларынан тазаланып турушу керек, теңдем кармоочулар тарабынан тазалыкта жана тартипте кармалыш керек.
3.11. Контейнелер техникалык жактан оң абалда кармалып, сырдалып турушу керек жана ээсинин, подряддык уюмдун маалым даректерин көрсөтүү менен маркировкасы болуш керек. Май куюуучу бекеттерде (МКБ) орнотулган контейнерлер кулпу менен жабылыш керек.
3.12. Таштанды кабыл алуучу камералар көп кабаттуу турак үйлөрдө кулпу менен жабылыш керек, таштанды кабыл алуучу камераларга бөтөн адамдардын кирүүсүнө тыюу салынат.
3.13. Таштанды түтүктөрүнүн, таштанды кабыл алуучу камералардын колдонуусуна жана кармалышына көп кабаттуу турак үйлөрдүн жана жашоого жараксыз жайлардын ээлери же турак жай –колдонуу уюмдары түзүлгөн келишимдерге ылайык жооптуу болуп саналышат.
3.14. Шаардын көчөлөрүндө, вокзалдарда, базарларда, сейил бактарда, гүлбакчаларда, эс алуу аймактарында, билим берүү, саламаттык сактоо мекмелеринде жана калк жалпы барган жерлерде, көп кабаттуу турак үйлөрдүн короолорунда, шаардык жүргүнчүлөр унаасынын аялдамаларында, шаардын аймагында иштеген ишканалардын жана мекемелердин, чарба жүргүзүүчү субъектилердин, соода жана кызмат көрсөтүү объектилеринин кире бериштеринде урналар орнотулушу керек.
Урналар, ушул Эрежелерге ылайык, бекитилген жана жанаша жайгашкан аймактардын кармалышына жооптуу жеке жана юридикалык жактардын менчик каражаттарынын эсебинен орнотулат.
Базарларда, вокзалдарда, сейил бактарда, гүлбакчаларда жана калк жалпы барган жерлердеги урналар бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат.
Шаардын көчөлөрүндө урналар бири-биринен 100 метр аралыкта жайгаштырылат.
Көп кабаттуу турак үйлөрдүн короолорунда ар бир подъездде жайгаштырылат. .
Шаардык жүргүнчүлөр унаасынын аялдамаларында, ишканалардын жана мекемелердин, чарба жүргүзүүчү субъектилердин, соода жана кызмат көрсөтүү объектилеринин кире бериштеринде урналардын саны экиден кем эмес болуш керек.
Урналарды тазалоо теңдем кармоочулар тарабынан, толушуна жараша тазаланат, бирок күнүнө эки жолудан кем эмес. Урналар кирдегенине жараша жуулат, бирок жумасына бир жолудан кем эмес. Шаардык жүргүнчүлөр унаасынын аялдамаларында жайгаштырылган урналар, аялдамаларды тазалаган уюмдар тарабынан тазаланып, жуулат, а соода жана кызмат көрсөтүү объектилеринин кире бериштеринде урналар - соода жана кызмат көрсөтүү объектилеринин ээлери жана ижарачылары тарабынан.
Урналарды сырдоо теңдем кармоочулар тарабынан жылына бир жолу жүргүзүлөт (жыл сайын апрелде), ошондой эле зарыл учурларда же ошого ыйгарым укугу бар органдардын эскертүүлөрү боюнча жүргүзүлөт.
3.15. Уруксатсыз пайда болгон таштандыларга, таштандыларды өрттөгөн күнөөлүү адамдар, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылышат. Уруксатсыз пайда болгон таштандыларга күнөөлүүлөр табылбаган учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксатсыз пайда болгон таштандылардын ордун рекультивациялоо, аймактын менчик ээсинин каражаттарынын эсебинен, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
IV. Шаардын аймактарын санитардык кармоо
жана жыйнап тазалоону уюштуруу
4.1. Жалпы пайдалануучу аймактарды санитардык кармоо өзүнө таштандыны, шыпырындыны, кыш мезгилинде карды, музду тазалоону, жолдордун жана жанжолдордун өтө турган бөлүктөрүнө кум чачууну, жай мезгилинде – жол, жанжол каптамдарын жууну, көкмайсандарды сугаруу, чабуу, жашылдандырууларды, чакан архитектуралык формаларды кармоону, башка иш-чараларды камтыйт.
4.2. Ишканалар, мекемелер, уюмдар,чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээлери, көп кабаттуу үйлөрдүн турак жай жана жашоого жараксыз жайларынын ээлери, жеке турак үйлөрдүн ээлери өз каражаттарынын эсебинен өз алдынча, бул иштер үчүн жалданма жумушчуларды тартышы керек же төлөп берүү шартында, адистештирилген уюм менен тиешелүү келишим түзүүлөрү керек.
Таштандыны чогултууну ТКК ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишкана менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүү керек.
4.3. Шаардын аймактарын тазалоо иштери ушул Эрежелердин талаптарына, Токмок шаарынын мэриясы бекиткен нускамалар жана технологиялык сунуштарга ылайык жүргүзүлөт. Тазалоону уюштуруу жоопкерчилиги , турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештигине, үй жана кварталдык комитеттерине, турак жай менчик ээлерине, алардын ыйгарым укуктары менен жүктөлөт.
4.3.1. Коммуналдык ишканалар комбинаты төмөнкүлөргө жооптуу болот:
- шаардын көчөлөрүн, аянттарды, сейил бактарды, гүлбакчаларды жана башка аймактарды жыйнап тазалоо иштерин уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- Коммуналдык ишканалар комбинатынын теңдеминдеги көкмайсандарды, жолдордун өтүүчү жээгинде, сейил бактарда, гүлбакчаларда жайгашкан сугаруу тармактарын толук тазалоо боюнча жыйнап тазалоо иштерин уюштурууга жана жүргүзүүгө (жаз, күз мезгилдеринде) жана аларды талаптагыдай тартипте кармоого, ошондой эле Токмок шаарынын ыйгарым укуктуу органы – муниципалдык менчик башкармалыгы менен түзүлгөн келишимге ылайык муниципалдык тапшырык боюнча суу өткөрүүчү көпүрөлөрдү, өтмөктөрдү тазалоого жана көрсөтүлгөн иштерден пайда болгон таштандыларды ташып чыгарууга.
4.3.2. Токмок шаарынын мэриясы, кичи райондордун ичин, кварталдардын ичин, муниципалдык тапшырык боюнча санитардык тазалоо менен камтылбай калган башка аймактарда, жер тилкелеринин ээлерине бекитилген жеке жана көп кабаттуу үйлөргө жанаша жайгашкан аймактарда, короо аймактарын тазалоо иштерин уюштурат, бул иштерге калкты, тейлөөчү турак жай –колдонуу уюмдарын, турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештигин, кондоминиумдарды, турак жай – курулуш кооперативдерин, ошондой эле турак жай үйлөрүндө жана кварталдын ичинде жайгашкан чарба жүргүзүүчү субъекттерди тартат.
4.4. Жыйнап тазалоо иштерин, аймактарды көрктөндүрүү, жашылдандырууларды жана сугаруу тутумун кармоону тике жүргүзүүгө жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
4.4.1. Теңдем кармоочуларга, имараттардын жана курулмалардын менчик ээлерине, жер пайдалануучуларга жана жер ээлерине, тиешелүү муниципалдык кызматтарга, жеке турак үйлөрдүн ээлерине жана жалдагандарга, көп кабаттуу үйлөрдүн турак жай жана жашоого жараксыз жайларынын менчик ээлерине, аларга бекитилип берилген аймактардын, короо, үйлөрдүн жанындагы аймактардын чегинде көчөлөрдү, аянттарды, жээктерди, көпүрөлөрдү, базар аянттарын, жол өткөргүчтөрдү, жанжолдорду, короолорду, сейил бактарды, гүлбакчаларды дайыма тазалап турууну камсыздоого милдеттүү, жашылдандырууларды жана сугаруу тутумдарын кармоого милдеттүү, анын ичинде:
- узунунан–имараттарга, үйлөргө же тилкелерге жанаша жайгашкан аймактын бардык узундугу боюнча;
- туурасынан–жолдун же аянттын өтө турган бөлүгү боюнча, бир катардуу имараттар болсо – өтө турган бөлүктүн бүт туурасына, карама –каршы жанжолду кошуу менен.
Имаратта бир нече пайдалануучу (ижарачы) болгон учурда, жанаша жайгашкан аймактарды санитардык кармоо жоопкерчилиги, имараттын менчик ээсине же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт. Жоопкерчилик аймагын чектөө бул учурда ижара келишими же имараттын бардык пайдалануучулары кол койгон келишим менен аныкталышы мүмкүн.
4.4.2. Коммуналдык ишканалар комбинаты көчөлөрдүн, аянттардын өтө турган бөлүктөрүн, жанжолдорду, коомдук унаалардын аялдамаларын, сейил бактарды, гүлбакчаларды (ижарага алынгандардан башкасын) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде көкмайсандардагы жана сугаруу тутумундагы кокус таштандыларды жыйнап тазалоону жүргүзөт.
4.4.3. Шаардын чегинде өтүүчү темир жолдору жана жээгиндеги тилке жерлер аймагы (темир жолдун капталдары, үйүлгөн таштары, жол менен кесилиштери, темир жолдон өтүүчү жерлери), перрондор, вокзалдар өз каражаттарынын эсебинен, темир жолду колдонуу уюмунун күчү менен тазаланат.
4.4.4. Шаардыктар жалпы эс алган жерлерди жыйнап тазалоо жана кармоо “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИ тарабынан жүргүзүлөт.
4.4.7. Жанжолдорду жуу, короо аймактарын, жашылдандырууларды жана көкмайсандарды кармоо, анын ичинде бактардын жана бадалдардын жээгин тосуу, өскөн чөптөрдү чабуу жана отоо чөптөр менен күрөшүү, көкмайсандарды себүү, аймактарды жашылдандыруу, ошондой эле жашыл фондду сактоо, ушул Эрежелердин 2.28. жана 4.4.1. пункттарына ылайык, ишканалардын жана жарандардын күчү менен камсыздалат.
4.4.8. Коомдук дааратканаларды кармоо жана тейлөө Коммуналдык ишканалар комбинатына жана жеке ээлерине жана ижарачыларга жүктөлөт.
4.4.9.Жашылдандыруу объектилерин кармоо (сейил бактар, гүлбакчалар,көкмайсандар ж.б.), «Коммуналдык ишканалар комбинаты» МИге жүктөлөт.
4.4.10. Бөлүштүрүү тилкелеринин көкмайсан бөлүгүн, жанжолдордун жана көкмайсандын өтө турган бөлүгүндөгү тосмолорду, жолду көрктөндүрүүнүн башка элементтерин жыйнап тазалоо жоопкерчилигин, теңдеминде турган ишканалар тартат.
Ушул иштерди аткарууда таштандыларды жолдун жана өтө турган жерлердин бөлүктөрүнө жылдырууга тыюу салынат.
4.4.11. Көчөдөгү убактылуу соода орундарын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, тез тургузулуучу соода комплекстери, чатырлар, киосктор ж.б.) 10 метрлик радиуста, а базарлар, соода-базар комплекстери үчүн 50 метрлик радиуста тазалоо жоопкерчилиги, ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөлөт.
Жанаша жайгашкан көкмайсандарда, соода чатырларынын, киосктордун чатырларына, сугаруу тутумдарына, кургатуу тармактарына тараларды чогултууга жол берилбейт.
4.4.12. Узак убакыт пайдаланылбаган жана иштетилбеген аймактарды, курулуштар бузулгандан кийинки аймактарды тазалоо жоопкерчилиги, ушул аймак бөлүнүп берилген жер пайдалануучуларга же жер ээлерине, курулушту бузуу боюнча иштерди аткарган подряддык уюмга жүктөлөт.
4.4.13. МКБнын аймагын, ага кире турган чыга турган жолдорду, автожуучу постторду, май куюучу комплекстерди жана жанаша жайгашкан аймактарды (25 метрден кем эмес аймакты) жана аларга жолду тазалоо, көрктөндүрүү, тазалыкта кармоо жоопкерчилигин, көрсөтүлгөн объектилердин теңдем кармоочулары тартат.
4.4.14. Тышкы жарыктандыруу орнотмолорунун (ТЖО) тирөөчтөрүнүн тегерегиндеги аймактарды жана жанжолдордо жайгашкан байланыш тармактарды кол менен тазалоого жоопкерчилигин Коммуналдык ишканалар комбинаты тартат.
4.4.15. Трансформаторлук жана бөлүштүргүч көмөк чордондорго, башка инженердик курулмаларга (тейлөө персоналы жок), ошондой эле ЭБК тирөөчтөрүнө жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо жоопкерчилигин, ошол объектилер жайгашкан аймактардын теңдем кармоочулары тартат.
4.4.16. Токтотмолорду, автотоктотуучу аймактарды, гараждардын аймагын ж.б., анын ичинде акы төлөнүүчү токтотмолорду, тазалоо жана тиричилик таштандыларын, карды ташып чыгаруу жоопкерчилигин, ушул объектилерди колдонуучу теңдем кармоочулар тартат.
4.4.17. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, башка чарба жүргүзүүчү субъектилердин (заводдун ички жана короонун ички) аймактарын, ошондой эле аларга жанаша жайгашкан аймактарды (тилкелердин, тосмолордун, имараттардын чек араларынан), аларга келген жолдорду тазалоо жана кармоо жоопкерчилигин, көрсөтүлгөн аймактарда жайгашкан, ээлигинде, ижарада же теңдеминде болгон ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациялары тартат.
4.4.18. Короо аймактарындагы, короо ичинде өтө турган жерлердеги жана жанжолдордогу чаңды, майда тиричилик калдыктарын шыпыруу, аларды жуу турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиги, кондоминиумдар же тейлөөчү турак жай – колдонуу уюмдарынын жумушчулары тарабынан, көп кабаттуу үйлөрдүн турак жай жана жашоого жараксыз жайларынын ээлери менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, механикалаштырган ыкма менен же кол менен жүргүзүлөт. Аймакта тазалык, жумушчу күнү бою кармалыш керек.
4.5. Талаш маселелер пайда болгон учурда, тазалоо чек араларын ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, ижарачылардын ортосунда аныктоо, Токмок шаарынын мэриясынын, Коммуналдык ишканалар комбинатынын өкүлдөрүнүн катышуусу, (жер пайдалануу жана жанаша жайгашкан аймактардын келишимдерин эске алуу менен) алар менен макулдашылган тазалоонун схематикалык картасын түзүү менен жүргүзүлөт.
4.6. Шаардык аймактарды жыйнап тазалоо күнүнө бир жолу жүргүзүлөт. Талаптагыдай тазалык бир күн бою кармалыш керек.
Короо аймактарын, эл жалпы жүргөн жерлерди (вокзалдарга баруучу жолдор, базарлардын аймактары, соода аймактары) тазалоо, жумушчу күнү бою жүргүзүлөт.
4.7. Эктремалдуу аба-ырайынын шарттары болгон учурларда (нөшөрлөгөн жамгыр, кар, жолдордогу муз, ж.б.), тазалоо иштеринин тартиби Токмок шаарынын мэриясынын, Токмок ш. ИИБ ЖККБ көрсөтмөлөрүнө, зарыл учурларда Токмок шаарынын мэриясы түзүүчү, шаардык уюмдардын аракеттерин координациялоо боюнча ыкчам топтун чечимдерине ылайык белгиленет.
Ыкчам топтун (штабдын) чечимдери бардык юридикалык жана кызмат адамдары тарабынан сөзсүз аткарылышы керек.
4.8. Шаардык суу агызгыч тармактардын кароочу жана кабыл алуучу кудуктарын алдын ала карап чыгуу жана аларды тазалоо, бекитилген графиктер боюнча «Токмок Водоканал» МИ тарабынан жүргүзүлөт, бирок кварталда бир жолудан кем эмес, тазалоодон чыккан таштандыны чыгаруу менен.
Жамгыр суусун кабыл алуучу канализация (суу агызгыч тармактардын) таштандыга толуп калбашы үчүн, таштанды жана тиричилик таштандыларын жамгыр кабыл алуу кудуктарына таштоого тыюу салынат.
Жамгыр кабыл алуу кудуктарынын тутуму (анын ичинде торлору) дайыма жумушчу абалында болушу керек. Алардын өткөрүү жөндөмүн чектөөчү толуп калууга, тунма басып калууга жол берилбейт.
Катуу жааган жаан-чачында жолдордун өтө турган бөлүктөрүн суу каптаган учурларда (суу агызгыч тармактардын иштөөсү бузулганда), суу каптоону жоюу, Коммуналдык ишканалар комбинатынын күчү менен жүргүзүлөт. Суу агызгандан ( котловандардан суу сордуруу, өткөрмө түтүктөрүндөгү кырсык кырдаалдары ж.б.) келип чыккан суу каптоолордо, аларды жоюу жоопкерчилиги (кыш мезгилинде муз жаруу жана ташуу) бузулууга жол берген уюмдарга жүктөлөт.
4.9. Өзөндөрдүн жана каналдардын акваторияларынан, коллектордук-кургатуу тармактарынан жана алып келүүчү сугаруу тутумдарынан таштандыларды тазалоо, «Коммуналдык ишканалар комбинаты» МИнин күчү менен жүргүзүлөт.
4.10. Бактарды кыюу жана аларды чыгаруу, бактардын баш жактарындагы бутактарын кесүү жана кургап калган, авариялык, декоративдүүлүгүн жоготкон бактарды кесүү (муниципалдык аймактарда) Коммуналдык ишканалар комбинаты, мамлекеттик жана жеке аймактарда- ушул иш боюнча тажрыйбасы бар башка адистештирилген уюмдар же Коммуналдык ишканалар комбинаты тарабынан жүргүзүлөт (акы төлөнүүчү келишимдин негизинде).
Ташып чыгаруу жумушчу күнүнүн ичинде жашылдандырылган аймактардан негизги көчөлөрдүн жана магистралдардын боюнан, сутканын ичинде экинчи маанидеги көчөлөрдөн жана короо аймактарынан жүргүзүлөт. Кургап калган, авариялык бактарды кыйгандан кийин калган дүмүрлөр беш сутканын ичинде негизги көчөлөрдөн жана магистралдардан жана он сутканын ичинде экинчи маанидеги көчөлөрдөн жана короо аймактарынан жок кылыныш керек.
Кулаган бактар теңдем кармоочу тарабынан, көчөлөрдүн, жанжолдордун өтө турган бөлүктөрүнөн, электр берүү кермелеринен, турак жай үйлөрүнүн жана өндүрүш имараттарынын фасаддарынан токтоосуз, а башка аймактардан – аныкталган 6 сааттын ичинде алыныш керек.
V. Шаардын аймагын күз-кыш мезгилдеринде
жыйнап тазалоонун өзгөчөлүктөрү
5.1. Көчөлөрдүн жана өтмөктөрдүн өтө турган жерлерин күз-кыш мезгилинде тазалоо, ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
5.2. Күз-кыш мезгили 1-сентябрдан 1-мартка чейин белгиленет. Аба ырайынын шарттары күтүүсүз өзгөргөн учурда (кар, суук), кышкы тазалоонун башталуу жана аяктоо мөөнөттөрү, Токмок шаарынын мэриясы жана Токмок шаарынын ИИБ ЖККБ тарабынан түзөтүлөт.
5.3. Күз-кыш мезгилине тазалоо техникасын даярдоо боюнча иш-чаралар техниканын теңдем кармоочулары тарабынан, учурдагы жылдын 1-ноябрына чейин жүргүзүлөт.
5.4. Шаардын аймагын тазалоого жооп берген уюмдар (тапшырыкчылар кызматы жана подряддык уюмдар) 1-ноябрга чейинки мөөнөткө жолдогу музга каршы материалдарды алып келүүнү, даярдоону жана чогултуп коюуну камсыздаш керек.
5.5. Кыш мезгилинде жолдор, отургучтар, урналар, чакан архитектуралык формалар жана башка элементтер, ошондой эле аларга жанаша жайгашкан аймактар жана келе турган жолдор кардан жана муздан тазаланышы керек.
5.6. Аймактардын менчик ээлери, объектилердин ээлери жана (же) пайдалануучулар, Коммуналдык ишканалар комбинаты жанжолдорду, жөө жүрүүчүлөр жүргөн жолдорду, өтмөктөрдү, бекитилген жана жанаша жайгашкан аймактагы унаа токтотмолорун, катуу каптамасына чейин кардан жана муздан тазалаш керек. Муз пайда боло турган болсо, аймак инерттик материалдар менен (кум, майда таш ж.б.) иштетилет.
Жолдордун жана аянттардын өтө турган жерлерин кардан жана муздан тазалоо, Коммуналдык ишканалар комбинатынын күчү менен жүргүзүлөт.
Коммуналдык ишканалар комбинаты, теңдем кармоочулар жана көп кабаттуу турак үйлөрдүн жанындагы тилкелерди тейлеген адистештирилген уюмдар түзүлгөн келишимдерге ылайык, карды жана музду тазалоону кол менен же аларга бекитилген аймактарда кар жыйноочу механизмдерди жана автоунааларды колдонуу менен жүргүзүшөт.
Жанжолдордон, көчөлөрдөн, аянттардан, гүлбакчалардан карды жана музду тазалап чыгаруу, унаа жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылынын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн, биринчи кезекте магистралдык көчөлөрдөн, аялдамалардан жана кайрылуучу жерлерден, кайрылуу аянтчаларынан, көпүрөлөрдөн, жол өткөргүчтөрдөн башталат.
5.7. Көчөлөрдүн жана өтмөктөрдүн, жанжолдордун өтө турган жерлерин жана короо аймактарынын тазалоо иштерин жүргүзүү тартиби жана технологиясы, аба ырайынын шарттарына карабастан, унаа каражаттарынын жана жөө жүрүүчүлөрдүн тоскоолдуксуз кыймылын камсыздашы керек.
Кыш мезгилинде суу түтүктөрүнүн жана канализациялык тармактардын авариясынын жыйынтыгында түзүлгөн музду жок кылуу, токтоосуз ошол жолдун муз болушуна күнөөлүү болгон уюм тарабынан жүргүзүлөт.
Зарыл учурларда жаңы жааган карды көчөлөргө, аянттарга жана гүлбакчаларга үймөк кылып үйүүгө, көчөнүнүн туурасына жана андагы кыймылдын мүнөзүнө жараша уруксат берилет. Үйүлгөн карды өтө турган бөлүктүн ортосуна же эки тарабына, жанжолдорду же көкмайсандарды бойлой, бордюрлардан 0,5 метрден алыс, жөө жүргөндөргө жана унаа кыймылына тоскоол болбогондой кылып жыйнаса болот. Үйүлгөн кар чогулганына жараша, атайын бөлүнгөн жерлерге ташып чыгарылат.
5.8. Магистралдардын, көчөлөрдүн жана өтмөктөрдүн өтө турган жерлерине, кварталдык өтмөктөрдөн, ишканалардын, уюмдардын аймактарынан, курулуш аянттарынан, соода объектилеринен чыгарууга жана жылдырууга тыюу салынат.
5.9. Көчөлөрдү жана магистралдарды кышында тазалоо:
5.9.1. Айрым технологиялык операциялар боюнча жолдорду кышкы тазалоого талаптар.
5.9.2. Шаардын жолдорунун өтө турган жерлерин музга каршы материалдар менен иштетүү кар жаап бүтөөр менен башталышы керек.
5.9.3.Музга каршы материалдарды бөлүштүрүү үчүн, күнү-түнү нөөмөттө болгон бардык машиналар, иштөө үчүн белгилүү көчөлөргө жана өтмөктөргө бекитилет (иштин каттоо графиги). Каттам графигинин көчүрмөсү айдоочуга жолдомо баракчасы менен кошо берилет.
5.9.4. Кар тазалангандан кийин биринчи кезекте музга каршы материалдар менен унаа кыймылы үчүн коркунучтуу магистралдардын жана көчөлөрдүн тилкелери – тик ылдый түшкөн жана өйдө чыккан жерлер, көпүрөлөр, көчөлөрдүн кесилишиндеги жана коомдук унаа аялдамаларындагы ж.б. тормоз аянтчалары иштетилет.
Коммуналдык ишканалар комбинаты тарабынан, милдеттүү түрдө биринчи кезекте музга каршы материалдар менен иштетүүнү талап кылган көчөлөрдүн тилкелеринин тизмеси түзүлөт. Бул тизме жана каттам графиги Токмок ш. ИИБ ЖККБ менен макулдашылат.
5.10. Кар тазалоо:
5.10.1.Көчөлөрдүн өтө турган бөлүктөрүн механикалаштарып тазалоо, жолдо жааган кардын калыңдыгы 2,5-3,0 см. болгондо башталат, бул жаңы жааган, тапталбаган 5 см. карга ылайык болот.
Кар узак жааганда, көчөлөрдүн өтө турган бөлүктөрүн механикалаштарып тазалоо цикли, жаңы жааган кардын калыңдыгы 5 см. болгон сайын жүргүзүлөт.
5.10.2. Бардык көчөлөрдү жана өтмөктөрдү тазалоого зарыл убакыт үч сааттан ашпаш керек (механикалаштарып тазалоонун бир цикли).
5.10.3. Кар узак жааганда, “чачуу-тазалоо” технологиялык циклинин убактысы 6 сааттан ашпаш керек.
Кар токтобой жааганда Коммуналдык ишканалар комбинаты сутканын ичинде ,“чачуу-тазалоо” толук үч технологиялык циклинен кем эмес аткарыш керек, б.а. шаардын көчөлөрүндө тазалоочу машиналардын үзгүлтүксүз иштөөсү камсыздалыш керек, аларга кыска мөөнөткө гана (бир сааттан ашык эмес) машиналарга КММ куюу жана айдоочулар тамактануу үчүн гана убакыт берилет.
5.10.4.Кезектеги тазалоо цикли аяктагандан кийин, жолдордун жана өтмөктөрдүн лотокторуна карды үйүүнү баштоо керек, шаардык жүргүнчүлөр унаасынын аялдамаларында жана жер үстүндөгү жөө жүрүүчүлөр өтө турган жерлердеги үйүлгөн карларды тазалоо иштерин аткаруу зарыл.
5.10.5. Механикалаштырып тазалоо аяктагандан кийин, өтө турган бөлүгү толугу менен кардан жана муздан тазаланыш керек.
5.11. Кар үйүндүлөрүн түзүү:
5.11.1. Көчөлөрдүн жана өтмөктөрдүн өтө турган жерлеринен, ошондой эле жанжолдордон күрөлгөн карлар, көчөлөрдүн жана өтмөктөрдүн лотоктор бөлүгүнө, карды убактылуу жыйноо үчүн жылдырылат.
Кар үйүндүлөрүн төмөнкү жерлерге түзүүгө тыюу салынат:
- Көчөлөрдүн жана өтмөктөрдүн кесилиштерине, бир деңгээлде жана темир жол өтмөктөрүнө жакын жерлерге;
- унаа тосмолору жана жогорулатылган бордюр менен жабдылган жолдордун тилкелерине;
- жанжолдорго.
Көчөлөрдүн лотоктор бөлүгүндөгү кар үймөктөрүнүн туурасы 1,5 метрден ашпаш керек, кар үймөктөрү машиналарга жүктөөгө даярдалыш керек.
Кар үймөктөрүн даярдоо убактысы, кар жаап бүткөндөн кийин 24 сааттан ашпаш керек.
Кар үймөктөрүн лотокторго даярдоодо, карды жанжолдорго жана көкмайсандарга жылдырууга тыюу салынат.
5.12. Унаа кыймылы бир тараптуу жүргөн көчөлөрдө жана өтмөктөрдө, анын ичинде гүлбакча, көкмайсан жана бетон блоктор түрүндө бөлүштүрүү тилкеси бар магистралдарда, өтө турган жерлерди шыпыруу башталган эки метрлик лотоктор аймагы тарабынан, бүт кыш мезгилинде дайыма карды жана музду тазалоо, капталындагы ташка чейин жүргүзүлөт.
5.13. Кар үймөктөрүн убактылуу сактоо мезгилинде жана эрип кетүү мүмкүнчүлүгү болсо (эриген сууну агызуу үчүн), ошондой эле өтө турган жерлерден эки метрлик лотоктор тилкесинен карды чыгаруу иштери учурунда, үйүлгөн кар менен капталындагы таштын ортосундагы туурасы 0,5 метрлик лоток тазаланыш керек.
5.14. Жанжолдорду, жүргүнчүлөр унаасынын аялдамаларындагы отуруу аянтчаларын, жөө жүрүүчүлөр жолун тазалоо:
5.14.1. Кар жааган жана муз баскан учурларда, жанжолдор жана башка жөө жүрүүчүлөр аймактары музга каршы материалдар менен иштетилиш керек.
5.14.2. Жанжолдордо, жөө жүрүүчүлөр жолдорунда жана отуруу аянтчаларында кар тазалоо иштери (механикалаштырган шыпыруу жана кол менен тазалоо) кар жаап бүткөндөн кийин дароо башталат. Үзгүлтүксүз узак кар жааган учурда, кар тазалоо жана музга каршы материалдар менен иштетүү циклдери жааган кардын калыңдыгы 5 см. болгон сайын кайталанып туруш керек.
5.14.3. Үзгүлтүксүз кар жааган учурда (1см./саат) жанжолдор жана көпүрө курулмаларынын тепкич жактары музга каршы материалдар менен иштетилиш керек, жөө жүрүүчүлөр кыймылы үчүн өтө турган жерлер тазаланыш керек.
5.15. Короо аймактарын кышында тазалоо:
5.15.1. Жанжолдор, короо аймактары жана тар жолдор кардан жана муздан тазаланыш керек. Муз пайда болгон учурларда (тоңголок) 2-5 мм.фракция майда ташы менен иштетилет.
5.15.2. Короо аймактарынан жана кварталдардын ички өтмөктөрүнөн күрөлгөн карларды, унаа каражаттары жана жөө жүргөндөр кыймылына тоскоол келбегендей, эркин өтө тургандай кылып, короолордо жыйноого уруксат берилет. Кар үйүүдө жашылдандырууларга зыян келитрүүгө жол берилбейт. Короо ичиндеги аймактарга кар жыйноодо, эриген суулар ага тургандай жерди кароо керек.
VI. шаардын аймагын жаз-жай мезгилдеринде
жыйнап тазалоо өзгөчөлүктөрү
6.1. Жаз-жай мезгилинде жыйнап тазалоо 1-марттан 1-сентябрга чейин белгиленет.
Аба ырайынын шарттары кескин өзгөргөн учурларда, Токмок шарынын мэриясынын көрсөтмөсү боюнча, жайкы тазалоону өткөрүү мөөнөтү өзгөрүшү мүмкүн. Жаз-жай мезгилине жыйнап тазалоо техникасын ишке даярдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү мөөнөтү, Токмок шарынын мэриясы жана Токмок ш. ИИБ ЖККБ тарабынан аныкталат.
6.2. Өтө турган бөлүктөрдү жууганда, жанжолдорго, көкмайсандарга, отуруу аянтчаларына, шаардык жүргүнчү унаасынын аялдамаларынын павильондоруна, жакын жайгашкан имараттардын, соода объектилеринин фасаддарына ж.б. таштандыларды суунун агымы менен айдаганга жол берилбейт.
6.3. Жалбырактар түшүп баштаган мезгилде, бекитилген аймактарды тазалоого жооптуулар, көчөлөрдү жана магистралдарды, короо аймактарын бойлой көкмайсандардагы түшкөн жалбырактарды чогултуп, чыгарышат. Жалбырактарды бактардын жана бадалдардын түбүнө (тамыр жактарына) үйүүгө тыюу салынат.
VII. Жолдорду жайкы тазалоого талаптар (айрым элементтер боюнча)
7.1. Өтө турган бөлүк толугу менен ар кандай түрдөгү таштандыдан тазаланыш керек.
7.2.Жөнгө салуу линиялары менен белгиленген октук жана резервдик тилкелер дайыма кумдан жана ар кандай майда таштандылардан тазаланып туруш керек. Шыпырып-жыйноо машиналарынын иштөө циклдеринин ортосунда пайда болуучу, жол берилген кирлердин көлөмү каптаманын 1 кв. метр аянтына 50 граммдан ашпаш керек.
7.3.Жанжолдор жана аларда жайгашкан жүргүнчүлөр унаасынын отуруу аянтчалары толугу менен кыртыш-кумдан, ар кандай таштандылардан тазаланып жана жуулуп туруш керек.
Тазалоо циклинин ортосунда пайда болуучу кум же майда таштанды менен айрым кирдеп калууларга жол берилет.
Мындай кир болуулардын жалпы көлөмү1 кв. метрге 15 граммдан ашпаш керек.
7.4. Жолдордун жээги чоң габариттеги жана башка таштандылардан тазаланыш керек.
7.5. Темир тосмолор, жол белгилери жана көрсөтмөлөрү жуулуп туруш керек.
7.6. Көкмайсан түрүндөгү бөлүштүрүү тилкелери таштандыдан тазаланыш керек, чөп катмарынын бийиктиги 15 см.ден ашпаш керек.
VIII. Көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти камсыздоо
Жалпы жоболор
8.1. Юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер Токмок шаарынын бардык аймагында тазалыкты жана тартипти сакташ керек, анын ичинде жалпы пайдалануучу жерлерде жана жеке курулуш аймактарында, көрктөндүрүү элементтерине зыян келтирүүгө жана бузууга жол бербеш керек (жолдор, жанжолдор, көкмайсандар, чакан архитектуралык формалар, тышкы жарыктандыруу, сугаруу тутуму ж.б.), ар кандай менчиктеги объектилерге аяр мамиле кылуу керек.
8.2. Токмок шаарынын аймагында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, тараларды, бактардын таарындыларын, жалбырактарды, карды ыргытууга тыюу салынат.
Көчөлөрдү, аянттарды, сейил бактарды, гүлбакчаларды жана башка коомдук жерлерди булгоого тыюу салынат.
Арыктарга жана коллектордук-кургатуу тармактарына шыпырып таштандыларды салууга, кир сууларды куюуга тыюу салынат.
8.3. Чу жана Шамшы сууларынын агымынан өз алдынча шагыл чыгарып ташууга тыюу салынат.
8.4. Урналарга, көчөнү жарыктандырган фонарларга, эстеликтерге, отургучтарга жана башка чакан архитектуралык формаларга зыян келтирип же жок кылууга тыюу салынат.
8.5. Ишканалардын жана жеке үйлөрдүн аймактарын камтуу менен, жер тилкелеринин аймактарында таштандыларды, жалбырактарды, тараларды, автодөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
8.6. Жеке автоунаалардын ээлерине кыш мезгилинде, шаардын көчөлөрүнүн жана өтмөктөрдүн өтө турган жерлерине унаа каражаттарын узак убакытка жайгаштырып, токтотмо үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
Жеке автоунааларды короо жана квартал ичиндеги аймактарга бир катарга гана токтотууга жана сактоого жол берилет, мында тазалоочу жана атайын техника тоскоолсуз өтүү камсыздалышы керек.
Жүк ташуучу унааларды, анын ичинде жеке унааларды гараждарда, автоунаа токтотуучу жайларда же автобазаларда токтотууга жана сактоого жол берилет.
Шаардын аймагында, атайын бөлүнгөн орундардан тышкары, унаа каражаттарын жууганга жана тазалоого тыюу салынат.
8.7. Каттамдары Токмок шаарынын аймагынан өткөн автоунаа ишканалары жана авточарбалар линияга машиналарды таза жана оң абалда чыгарууга, акыркы аялдамаларда автобустарда жана каттамдык таксилерде нымдап тазалоо жүргүзүүгө милдеттүү.
8.8. Топуракты, таштандыны, чубурган курулуш материалдарын, жеңил тараларды, жалбырактарды, бактардын таарындыларын, жолдор булганбас үчүн, брезент же башка материал менен жаппастан ташууга тыюу салынат.
8.9. Капиталдык эмес объектилердин ээлери (автотоктотуучу жайлар, бокстук гараждар, ангарлар, кампа көмөкчү жайлар, курулмалар, соода жана тейлөө объектилери), бөлүнгөн аймактарды санитардык тазалоого жана жыйнап тазалоого келишим түзүүгө милдеттүү.
Темир гараждардын ээлери бул иштерди өз күчтөрү жана каражаттары менен жүргүзүүлөрү керек.
8.10. Ар кандай дайындоодогу объектилерди көкмайсандарга, клумбаларга, гүлзарларга, балдар аянтчаларына, сугаруу жана коллектордук-кургатуу тармактарына жайгаштырууга тыюу салынат, ошондой эле сугаруу тутумунун жумушчу бөлүгүн ичкертүүчү түтүктөрдү салууга тыюу салынат.
8.11.Соода жүргүзүү үчүн өз алдынча объектилерди, автоунаа сактоо үчүн убактылуу объектилерди (темир тенттер, бастырмалар, гараждар ж.б.) жана жардамчы курулуштарды, тосмолорду, белгиленген тартипте уруксат алмайынча орнотууга тыюу салынат.
8.12.Үй жаныбарларын серүүндөтүү (иттер, мышыктар ж.б.) тумшук кап кийгизүү жана жетелеген кыска жип менен, атайын ушундай максаттарга бөлүнгөн жерлерде (аянтчаларда) гана жүргүзүлүш керек.
8.13. Менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилери, жарандар, Токмок шаарынын мэриясы өткөрүүчү санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча, бекитилген жана жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо боюнча айлыктарга катышуулары керек.
Фасаддарды кармоо
8.14. Ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери, жеке турак үйлөрдүн ээлери, көп кабаттуу үйлөрдөгү турак жана жашоого жараксыз жайлардын, теңдеминде имараттар жана курулмалар бар менчик ээлери, алардын фасаддарын, ошондой эле айрым элементтерин (балкандорду, лоджияларды, суу агуучу түтүктөрдү, тосмолорду, темир дарбазаларды) калыбына келтирүү, оңдоо жана сырдоо боюнча иштерди өз убагында жүргүзүүнү камсыздоого, фасаддарда жайгашкан маалыматтык табличкаларды, эстелик такталарын ж.б., тазалыкта жана оң абалда кармоого милдеттүү.
Имараттардын фасаддарын жана алардын конструктивдик элементтерин өз алдынча кайра жабдууга тыюу салынат.
8.15. Турак жай, административдик, өнөр жай жана коомдук имараттар аншлагдар жана номерлер менен жабдылышы керек, а турак жайлар, мындан тышкары, подъездердин жана батирлердин номерлерин көрсөткүчтөр менен жабдылыш керек. Аншлагдар жана номерлер тазалыкта жана оң абалда кармалыш керек. Алардын тазалыгына жана оң абалына имараттардын теңдем кармоочулары жооптуу болот.
8.16. Кыш мезгилинде имараттардын теңдем кармоочулары (ижарачылар) тарабынан чатырларды кардан жана муздан, чоргомуздардан өз убагында тазалоо уюштурулуш керек.
Жөө жүрүүчүлөр өтө турган тараптагы имараттардын чатырларынан тоңгон муздарды тазалоо, алар пайда болоор менен, алдын ала коркунучтуу тилкелерди тосуу менен токтоосуз тазалоо керек.
Тышкы суу өткөрүүчү түтүктөрү бар чатырларды мезгили менен кардан тазалап туруу керек, анын калыңдыгы 30 см.ден ашпаш керек.
8.17.Имараттардын чатырларын кардан, тоңгон муздардан аларды жанжолдорго ыргытуу менен тазалоо, күндүз гана чатырдын көчө жакка караган тарабынан жол берилет. Чатырдын башка тараптарынан, ошондой эле жапыс чатырлардан карды ыргытуу короонун ички аймактарына гана жүргүзүлөт.
Карды ыргытаардан мурда, тургундардын жана жөө жүргөндөрдүн кыймылынын коопсуздугун камсыздаган сактоо иш-чаралары жүргүзүлүшү керек. Имараттардын чатырларынан ыргытылган карлар, тоңгон муздар жана чоргомуздар токтоосуз өтө турган бөлүккө жыйналып жана кийин көчөнүн өтө турган бөлүгүн жыйноочу уюм ташып чыгаруу үчүн (келишим менен), лотокту бойлой жайгаштырылат.
Карды, музду жана таштандыларды суу агуучу түтүктөрдүн куйгучтарына ыргытууга тыюу салынат. Чатырлардан карды ыргытууда, бактардын, бадалдардын, көчө электр жарыгынын аба кермелеринин, кермелердин, жарнама конструкцияларынын, светофор объектилеринин, жол белгилеринин, байланыш кермелеринин ж.б. сакталышын толук камсыздоочу чаралар көрүлүшү керек.
Курулуш объектилери
8.18. Курулуш аянтчаларын колдонууга даярдоо жана кармоо, курулуш жана оңдоо иштери аяктагандан кийин көрктөндүрүүнү калыбына келтирүү иштери ушул Эрежелер менен тартипке келтирилет.
8.19. Курулуш аянтчалары, курулуш материалдарынын өнөр жай объектилери (ТББ заводдору, эритмелер түйүнү ж.б.) милдеттүү түрдө автоунаалардын дөңгөлөктөрүн жуучу тазалоо пункттарын жабдышы керек. Шаардын аймагына, автоунаанын дөңгөлөктөрү менен кыртышты жана кирди алып чыгууга тыюу салынат.
Курулуш, реконструкция жана оңдоо объектисинин чек арасынан беш метрлик аймакты тазалоо жана кармоо жоопкерчилиги тапшырыкчыга жана башкы подряддык уюмга жүктөлөт.
8.20. Курулуш калдыктарын курулуш аянтчаларына чогултуу үчүн, курулуш уюмунун долбооруна ылайык, атайын бөлүнгөн орун жабдылыш керек же бункер-чогулткуч орнотулуш керек.
Атайын бөлүнбөгөн орундарга курулуш өндүрүшүнүн таштандыларын, кыртышты жана калдыктарды жыйноого тыюу салынат.
Курулуш материалдарын жана буюмдарын, тосулган курулуш аянтчаларынын чегинде гана жыйноого жол берилет.
8.21. Курулуш аянтчаларынын тосмолору, белгиленген ченемдерге ылайык, тиешелүү тышкы түрү болуш керек, кирден тазаланып, жуулуш керек, долбоор менен каралбаган тешиктери, жабырланган тилкелери, бөтөн чаптамалар, кулактандыруулар жана жазуулар болбош керек, курулуш аянтчаларынын тосмолорунун периметри боюнча жарык орнотулушу керек.
8.23. Курулуштун токтотулган объектисин (узак курулуш) кармоо жоопкерчилиги, теңдем кармоочуга (тапшырыкчы-курулушчу) жүктөлөт.
8.24. Курулуштун тапшырыкчысы объектини, долбоор менен каралган аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча бардык иштерди аткаруу менен жана талаптагыдай тартипке келтирүү менен, колдонууга берүүнү камсыздашы керек.
Көркөм тариздөө жана жарнама
8.25. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттары тазалыкта жайгаштырылып жана кармалышы керек, талаптагыдай эстетикалык түрү болуш керек, караңгыда жарыктандырылып жана Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамына ылайык болуш керек.
Аларды кармоо боюнча жоопкерчилик, уруксат документациясы кимге таризделсе, ошол юридикалык жана жеке жактарга жүктөлөт.
8.26. Жарнама конструкциясы чогултулгандан (ажыратылгандан) кийин, жарнама таратуучу аймактын көрктөндүрүүсүн же жайгаштыруу объектисин төмөнкү мөөнөттөн ашырбай калыбына келтирүүгө милдеттүү:
- шаардык өзгөчө маанидеги аймактарда 2 суткада;
- шаардык жалпы маанидеги көчөлөрдө жана магистралдарда 4 суткада;
- кварталдык ичиндеги аймактарда 7 сутка.
Жарнама конструкцияларындагы тартылган сүрөттөрдү (плакаттарды) автоунааны көкмайсандарга киргизип, алмаштырууга тыюу салынат.
8.27. Имараттарга, тосмолорго, шаардык жүргүнчү унаасынын аялдамаларына, жарыктандыруу тирөөчтөрүнө, бактарга кандайдыр бир кулактандырууларды жана башка маалымат билдирүүлөрүн чаптоого же илүүгө тыюу салынат.
Ведомстволук таандыгына карабастан, бардык объектилерден (имараттардын жана курулмалардын, дүкөндөрдүн фасаддарынан, байланыш тармактарынын жана тышкы жарыктандыруу тирөөчтөрүнөн ж.б.) өз алдынча жайгаштырылган жарнамалык жана башка кулактандырууларды, жазууларды жана тартылган сүрөттөрдү жок кылуу, теңдем кармоочуларга же көрсөтүлгөн объектилердин ижарачыларына, жарнама таратуучулардын эсебинен иштерди уюуштуруу жүктөлөт.
8.28. Шаардын аймагына майрамдык борбордук жасалгалоону жайгащтыруу жана алып салууну, Токмок шаарынын мэриясы белгилеген мөөнөттөрдө, Коммуналдык ишканалар комбинаты жүргүзөт.
Тышкы жарыктандыруу
8.30.Көчөлөрдүн, гүлбакчалардын, аянттардын, имараттарга жана курулмаларга жанаша жайгашкан аймактардын тышкы жарыктандыруу тармактарын колдонууну жана оңдоону, алар теңдеминде турган адистештирилген ишканалар, юридикалык жактар жүргүзөт. Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактары “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИси жүргүзөт.
8.31. Жаңы объектилерди курууга архитектуралык-пландаштыруу шарттарын берүүдө жана долбоорлоо документтерин макулдашууда, жергилктүү архитектура тышкы жарыктандырууну аткарууну көрктөндүрүү боюнча бөлүнүп берилген жанаша жайгашкан аймакты эсепке алуу менен караш керек.
8.32. Көчө жарыктандыруу түзүлүштөрү борбордук башкаруу же теле башкаруу менен жабдылышы керек, мында жарыктандыруунун абалын контролдоо каралыш керек.
Көчөлөрдүн, жолдордун, аянттардын, кичи райондордун аймактарын жана башка жарык берүлүүчү объектилердин тышкы жарыктандыруусун күйгүзүү жана аны өчүрүү, аба ырайынын шарттарына байланыштуу өзгөртүүнү эске алуу менен, Токмок шаарынын мэриясы иштеп чыккан жана бекиткен график боюнча жүргүзүлөт.
Турак үйлөрдүн подъезддеринин, үйлөрдүн номер белгилерин жана көчөлөрдү көрсөткүчтөрүнүн тышкы жарыктандыруу түзүлүшүн, ошондой эле архитектуралык-көркөм жарык берүү тутумдарын күйгүзүү жана өчүрүү,көчөлөрдүн тышкы жарыктандыруусунун иш тартибинде жүргүзүлөт.
Көчө жарыктандыруусун борбордук башкаруу, ошондой эле тышкы жарыктандыруунун башка түрлөрүн борбордук башкаруу, эгер ал алар үчүн каралса, негизги башкаруу пункту катардан чыккан учурда, чектелген орундардан жарыкты күйгүзүү жана өчүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздаш керек.
Магистралдык көчөлөр үчүн, түн ичинде айрым шамчырактарды өчүрүү мүмкүнчүлүгү каралыш керек. Негизги аянттарда, магистралдарда жана көчөлөрдө өчүрүлгөн шамчырактардын саны 5 пайыздан ашпаш керек.
8.33. Тышкы жарыктандыруунун темир тирөөчтөрү, кронштейндери жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери жана байланыш тармактары тазалыкта кармалыш керек, дат баскан жерлери болбош керек жана теңдем кармоочулар тарабынан зарылчылыкка жараша сырдалып туруш керек, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес.
8.34.Катардан чыккан сымап камтыган газоразряддык лампалар (ДРЛ, ДРИ, ДнаТ, люминесценттик ж.б.), ушул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жайларда сакталыш керек жана иштетүү үчүн шаардык таштанды полигонуна чыгарылыш керек.
8.35.Жарыктандыруунун урулган тирөөчтөрүн жана байланыш тармагынын электрлештирилген транспортун чыгаруу, тирөөчтүн ээси тарабынан негизги магистралдарда токтоосуз чыгарылыш керек. Ажыратылган жана урулган тирөөчтөрдү башка аймактардан чыгаруу – табылган учурдан (ажыратылгандан) баштап, бир сутканын ичинде.
Көчөлөрдүн, аянттардын, жанжолдордун жана
жашылдандыруулардын, сугаруу тутумдарынын жана
тышкы көрктөндүрүү элементтеринин сакталышы
8.36. Шаардын көчөлөрү, анын курамына кирүүчү бардык курулмалар менен (көпүрөлөр, түтүктөр, автокаражаттык курулмалар) шаардын жол фондун түзөт.
Шаар көчөлөрүн пайдалануучулардын бардыгы жана жол уюмдары ушул Эрежелердин талаптарын сактоого милдеттүү.
8.37. Милиция органдары жана Токмок ш. ИИБ ЖККБ жолдордун сакталышын камсыздоого көзөмөл жүргүзүшөт жана мэриянын ыйгарым укуктуу органдарына жолдордун, көрктөндүрүүнүн тышкы элементтердин жана жашыл чарбанын сакталышын камсыздоого көмөк көрсөтөт.
8.38. Курулуш уюмдары курулуш башталганга чейин таштанды чыгарууга “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИси же башка таштанды чыгаруу боюнча адистештирилген ишкана менен келишим түзүүгө жана курулуш аймагында жайгашкан жолдордун, жанжолдордун, жол курулмаларынын, жашылдандыруулардын, сугаруу тутумдарынын сакталышына, ошондой эле курулуш иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында бузулган көрктөндүрүүнүн элементтерин жана жашылдандырууларды толук калыбына келтирүүгө милдеттүү.
8.39. Жер астында жайгашкан инженердик коммуникациялары бар уюмдар, жанжолдордо, өтө турган жерлерде жана башка аймактардагы люктардын, кудуктардын капкактары жол каптамасынын деңгээлинде жайгашышына, оң абалда жана жабык түрүндө болушуна көз салып турууга милдеттүү. Зыян тарткан же бузулган учурларда алар токтоосуз тосулуп жана бир сутканын ичинде, жер астындагы коммуникациялар тиешелүү болгон уюм тарабынан оңдолушу керек.
8.40. Жол оңдоо иштерин жүргүзүүдө, асфальттын кесиндилери иштерди жүргүзгөн уюм тарабынан, шаардын башкы магистралында токтоосуз (иштин жүрүшүндө), башка көчөлөрдө жана короолордо – бир сутканын ичинде чыгарылыш керек. Асфальтбетондун калдыктарын көкмайсандарга же жашылдандырылган тилкелерге жыйноого тыюу салынат.
8.41.Иштер аяктагандан кийин, өтө турган жерлерде жана жанжолдордо, көкмайсандарда топуракты жана курулуш таштандыларын калтырууга тыюу салынат.
Жол белгилери, тосмолор, белгилер, светофор чарбасы
8.42. Автомобиль жолдору жайгашканына ылайык, Токмок шаарынын ИИБ ЖККБ тарабынан иштелип чыккан жана белгиленген тартипте бекитилген светофор объектилери, жол белгилери, тосмолор, белгилер менен жабдылышы керек.
Жол белгилерин кармоо жана оңдоо, ошондой эле жок белгилерди орнотуу жыл бою колдонуучу уюм жана теңдем кармоочу тарабынан аткарылат, анын ичинде МКБнын, авто токтотуучу жайлардын ээлери жана башка ведомстволук уюмдар тарабынан.
Жол белгилеринин техникалык абалы ченемдик талаптарга жооп бериш керек: белгилердин үстү таза, зыян тартпаган болуш керек.
Жол белгилерин бекитүү тирөөчтөрү колдонуучу уюм же теңдем кармоочу тарабынан сырдалыш керек.
Ченемдик колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин жол белгилери колдонуучу уюм же теңдем кармоочу тарабынан алмаштырылышы керек.
Убактылуу орнотулган белгилер, аларды орнотууга зарыл болгон себептер четтетилгенден кийин, бир сутканын ичинде алыныш керек.
8.43. Светофордун айрым элементтери же аны бекитүү элементтери көзгө көрүнгөн бүлүнгөн жерлери, бузулбаган жана темир элементтерин дат баспаган болуш керек.
Жарык берүүчү түзүлүштүн сынык же жарака жерлери болбош керек.
Жарык берүүчү түзүлүшкө тартылуучу символдор 50 метр аралыктан кем эмес жерден көрүнүш керек, а светофордун сигналы – 100 метрден.
Катардан чыккан жарык булагы табылгандан кийин 72 сааттын ичинде алмаштырылыш керек.
8.44. Көчөнүн кыймыл үчүн коркунучтуу тилкелери, анын ичинде көпүрөлөр жана жол өткөргүчтөр менен өтүүчү жерлер тосмолор менен жабдылыш керек.
Жөө жүрүүчүлөр өтүүгө бөлүнгөн жерлер, тосмолор, тиешелүү жол белгилери жана белгилер (разметкалар) менен жабдылышы керек.
Тосмолордун зыян тарткан элементтери кемтиктер табылгандан кийин бир сутканын ичинде, Коммуналдык ишканалар комбинаты жана теңдем кармоочу тарабынан калыбына келтирилиши же алмаштырылышы керек.
Жол белгиси (разметка) жыл сайын “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИси тарабынана жаңыртылып туруш керек.
8.45.Маалымат көрсөткүчтөр, километрлик белгилер, тосмолор (парапет) ж.б. колдонуудагы МАСТ ылайык сырдалыш керек, кирден жуулуп, тазаланып туруш керек.
Көрсөткүчтөрдөгү бардык жазуулар так көрүнүп туруш керек.
Ташталган жана жана комплекттерге ажыратылган автоунаа
8.46. Шаардын аймагында ташталган жана комплекттерге ажыратылган автоунааны аныктоону, Коммуналдык ишканалар комбинаты жана Токмок ш. ИИБ ЖККБ жүргүзөт.
8.47. Ташталган жана комплекттерге ажыратылган автоунааны аныктоо, каттоо жана эвакуациялоо боюнча иштерди уюштуруу жоопкерчилиги, Коммуналдык ишканалар комбинатына, аймактардын, үйлөрдүн теңдем кармоочуларына, жер тилкелеринин ижарачыларына жүктөлөт.
8.48. Токмок ш. ИИБ ЖККБнын унаа каражатынын ээси жоктугу тууралуу корутундусу болсо, беш күндүк мөөнөттө кайра иштетүүгө чыгарууга жатат, темир эмес комплекттерди ажыратуу зарыл болсо – сактоо аянтчаларына чыгарылат. Сактоо аянтчаларында унаа каражатын ажыратуу жана кайра иштетүүгө чыгаруу мөөнөтү 7 күндөн ашык болбош керек.
8.49. Токмок ш. ИИБ ЖККБы унаа каражатынын ээсин аныктаган учурда, 3 күндүн ичинде унаа ээсине унаа каражатын алып кетүү же аны тартипке келтирүү жөнүндө билдирүү жөнөтүшү керек, андан баш тарта турган болсо – кийин унааны эвакуациялагандыгы жана сактоого койгондугу үчүн чыгымдарды төлөтүүгө сотко берүү менен, унааны күзөтүлүүчү аянтчага чыгарууну камсыздашы керек.
8.50. Ташталган жана комплекттерге ажыратылган автоунааны эвакуациялоону контролдоону, Коммуналдык ишканалар комбинаты жана Токмок ш. ИИБ ЖККБ жүргүзөт.
Фонтандар
8.51.Фонтандардын абалына жана колдонууга жоопкерчилик теңдем кармоочуга жүктөлөт.
Фонтандарды иштетүү мөөнөтү, иштөө тартиби, табактарын тазалоо жана жуу графиги, технологиялык тыныгуулар жана ишинин аякташы Токмок шаарынын мэриясы тарабынан аныкталат.
Фонтандар иштеген мезгилде, суунун үстүндөгү таштандыларды тазалоо зарылчылыгы боюнча жүргүзүлөт, бирок жумасына бир жолудан кем эмес. Теңдем кармоочу фонтандарды ал өчүрүлгөндөн кийин дагы тазалыкта кармаш керек.
Сугаруу тутумдарынын сакталышы
8.52. Бардык сугаруу тутуму: көчөлөрдө, сейил бактарда жана турак үйлөрдө жайгашкан жерине карабастан, магистралдык каналдар, бөлүштүрүүчү жана майда сугаруу тутуму, гидротехникалык курулмалар, сугаруучу суу түтүктөрү жана жамгырлатуу дренаж тармагы, чогултуучу коллекторлор, көлмөлөр – шаардын сугаруу чарбасы болуп саналат.
8.53. Сугаруу тутумуна жоопкерчилик:
- бардык бөлүштүрүүчү магистралдык каналдар жана берүүчү сугаруу тармактары, ачык жана жабык коллектордук-кургатуу тармактары, магистралдагы, сейил бактардагы жана көчөлөрдөгү сугаруу суу түтүктөрү боюнча -Коммуналдык ишканалар комбинатына жүктөлөт;
- кичи райондордун жана кварталдардын ичиндеги сугаруу тутумдары боюнча - турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештигине, кондоминиумдарга, ошондой эле тейлөөчү турак жай – колдонуу уюмдарына, алар менен көп кабаттуу үйлөрдүн турак жана жашоого жараксыз жайлардын ээлери менен үйдүн тургундарынын жалпы мүлкүн тейлөө жана кармоо боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык, кварталдык комитеттерге жана үй ээлерине жүктөлөт;
- менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин сугаруу тутумдары боюнча – алардын жетекчилерине;
8.54. Жаңы курулуш, ошондой эле колдонуудагы тармактарды реконструкциялоо, белгиленген тартипте макулдашуусу керек.
Чакан архитектуралык формалар
8.55.Чакан архитектуралык формаларды, монументалдык-декоративдик жасалгалоо элементтерин, отургучтарды, коммуналдык-тиричилик жана техникалык жабдууларды, шаардын аймагынын коомдук пайдалануу жерлеринде мобилдик жана вертикалдык жашылдандырууну жасалгалоо үчүн түзүлүштөрдү курууга жана орнотууга, жергиликтүү архитектуранын жана аймактын теңдем кармоочусунун макулдашуусу боюнча гана жол берилет.
8.56. Чакан архитектуралык формалардын, монументалдык-декоративдик искусство элементтеринин конструктивдик чечимдери, пайдаланууда алардын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздаш керек.
8.57. Отургучтар катуу каптамаларга же фундаменттерге орнотулуш керек. Эс алуу аймактарында, токой парктарында, балдар аянтчаларында отургучтарды жумшак каптамаларга орнотууга жол берилет. Фундамент болсо, анын бөлүктөрү жер үстүнөн чыгып турбаш керек.
8.58. Чакан архитектуралык формалар (ЧАФ), бакча-парктык эмеректер оң абалда кармалыш керек, жуулуп жана жыл сайын 1-майга чейин сырдалып туруш керек.
8.59. Архитектуранын чакан формаларын кармоо теңдем кармоочулар тарабынан жүргүзүлөт.
8.59.1. Жазында чакан архитектуралык формаларды кылдаттык менен карап чыгышат, сынган жыгачтарын жана бекиткичтерин жаңыларына алмаштырышат. Эски жыгачтарын сырлардан тазалашат, темир деталдарды –даттан жана эски сырдан, андан кийин аларды атайын жуучу каражаттарды колдонуу менен жууп, чүпүрөк менен кургата сүртүшөт. Кургаган конструкцияларды тапанча-чачкыч менен сырдашат, темирлерди кол менен сырдашат.
8.59.2.Жазында гүл вазаларынын жана урналардын сыртын жуушат (урналардын ичин дагы), эски сырлардан тазалашат, кол менен же компрессордук орнотмонун тапанча-чачкычы менен сырдашат. Андан кийин орундарына коюшат.
8.59.3. Гүл вазаларын жана урналарды дайыма жакшы түрдө жана санитардык –гигиеналык жакшы абалда кармоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- бардык сынган урналарды жана вазаларды өз убагында алып салуу жана айрым сынгандарын оңдоо;
- вазалардын жана урналардын сыртын, аккан жерлерин жана кирлерди нымдалышкан чүпүрөк менен сүртүп туруу;
- кокустан түшкөн таштандыларды чогултуп, алуу, гүлдөп бүткөн гүлдөрдү жана куураган жалбырактарды алып салуу.
8.59.4. Жай мезгилинде бардык чакан архитектуралык формаларды карап чыгуу, өз убагында оңдоо же алып салуу, ошондой эле бир нече жолу атайын жуучу каражаттарды колдонуу менен жуу жүргүзүлөт.
8.59.5. Спорт аянтчаларын, балдар аянтчаларын, ареналарды жасалгалоодо колдонуучу чакан архитектуралык формаларга өзгөчө көңүл бурулуш керек. Алар дайыма оң абалда болуш керек, бардык курамдары бири-бири менен бекем жана ажырабагандай бекитилиш керек.
8.59.6. Жашылдандырылган аймактардагы шамчырактарга электр энергиясын берүүчү кабелдер, адистештирилген уюм тарабынан дайыма контролго муктаж.
8.59.7. Стволдук тосмолорду (темир же чоюн) мезгили менен көтөрүп, оңдоп, эски сырынан тазалап жана сырдап туруу зарыл.
8.59.8. Декоративдик парктык скульптура, монументалдык скульптура, чатырлар, бастырмалар, трельяждар жашылдандырылган аймактарда оң жана таза абалда болуш керек.
IX. Жашылдандыруулар
Жалпы жоболор
9.1. Жашылдандырылган аймактар Токмок шаарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Архитектура менен катар жашылдандыруу объектилери шаардын келбетин түзүүгө катышат, санитардык-гигиеналык, жаратылышты коргоо, чөйрөнү коргоо, чөйрөнү түзүү, рекреациялык, ландшафттык-архитектуралык, маданий жана илимий мааниси бар.
9.2. Абанын жогорулатылган газдалышы жана чаң болушу, абанын температуралык жана суу тартиптеринин өзгөчөлүгү, кыртыштын жагымсыз химиялык жана физика-механикалык касиеттери, таш, бетон жана темир каптамалардын болушу, көчөлөрдүн жана аянттардын таш, асфальткаптамалары, тамырлар тутумунда жер астындагы коммуникациялардын жана курулмалардын болушу, калктын шаардык жашылдандырууларды тынымсыз пайдалануу тартиби шаардын экологиялык чөйрөсүнүн өзгөчөлүгүн жана өсүмдүктөрдүн биологиялык жана экологиялык өзгөчөлүктөрү түзүлгөн анын табигый шарттан кескин айырмасын белгилейт.
9.3. Шаардын экологиясынын бузулушунун жыйынтыгында, өсүмдүктөрдүн зат алмашуусунун туруктуулугу, өсүмү токтойт жана адаптациялык касиети төмөндөйт, б.а.шаардык чөйрөнүн өзгөрүп туруучу факторлоруна көнүү мүмкүнчүлүгү төмөндөп, бул аягында өсүмдүк организминин физиологиялык эрте картайышына алып келет.
9.4. Жашылдандыруулардын өсүү чөйрөсүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен, аларды кармоо эрежелерин сактоо, шаарда туруктуу узак жана декоративдик өсүмдүктөрдүн өсүү шарттарын түзүү болуп саналат.
9.5. Жашылдандырылган аймактардын жайгашкан орду жана чек аралары, тарыхый түзүлгөн планировканы жана жаратылыш компоненттери - рельефти, акваторийди жана ландшафты эске алуу менен, шаардын Башкы планы тарабынан аныкталат.
X. Жашылдандырууларды кармоо жана багуу,
шаардын аймагын жашылдандыруу
Жашылдандырууларды кармоо жана багуу
10.1.Жашылдандырууларды кармоого жана багууга өзгөчө көңүл буруу керек, себеби жашылдандыруу үчүн пайдалануучу өсүмдүктөрдүн биологиялык касиеттери түзүлгөн табигый шарттардан, шаардагы аба жана кыртыш чөйрөсү кескин өзгөчөлөнүп турат.
Жашылдандырууларды кармоо ушул Эрежелер жана жашылдандырууларды кармоонун ченемдик-өндүрүштүк регламенти менен тартипке салынат.
10.2. Жашылдандыруу объектилерин кармоо–бул иштердин комплекси жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- учурдагы оңдоо;
- бактарды, бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер – кошумча тоюттандыруу, сугаруу, түбүн жумшартуу, отоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, оорулардан жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту жакшы көргөн өсүмдүктөрдү жабуу (коштолуучу бардык иштер менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү, кургап калган жана авариялык бактарды кыюу ж.б.;
- көкмайсандарды багуу боюнча иштер - тырмалоо, жумшартуу, кошумча тоюттандыруу, сугаруу, отоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды тазалоо, жерлештирүү, көкмайсандардын капталдарындагы өсүмдүктөрдү кыркуу, чөптөрдү чабуу, уулуу химикаттар жана гербициддер менен иштетүү;
- бактардын түбүнө темир торлорду орнотуу жана көтөрүү;
- көкмайсандардын капталдарын тазалоо жана жуу;
- гүлбакчаларды жана сейил бактарды тосуу;
- гүлзарларды жана гүл вазаларын багуу боюнча иштер – уруктарды себүү, көчөттөрдү отургузуу, сугаруу, жумшартуу, отоо, кошумча тоюттандыруу, өсүмдүктөрдү коргоо, таштандыларды чогултуу жана башка коштолуучу иштер;
- компенсациялык жашылдандыруу.
10.3. Жашылдандырууларды талаптагыдай кармоо жана сакталышын камсыздоо милдети төмөнкүлөргө жүктөлөт:
10.3.1. Жалпы пайдалануучу аймактарда - сейил бактарда, гүлбакчаларда, шаардык көчөлөрүндө жана магистралдарында –“Коммуналдык ишканалар комбинаты” муницпалдык ишканасына.
10.3.2.Чектелген пайдалануучу аймактарда:
- турак жай кичи райондорунда жана кварталдардын ичинде – үй жана кварталдык комитеттерге, турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештигине, кондоминиумдарга, турак жай-курулуш кооперативдерине, имараттардын ижарачыларына жана жер тилкелеринин ээлерине;
- жарандык, өнөр жай, калкты тейлөө ишканалары жана уюмдары, саламаттык сактоо, илим, маданият, билим берүү имараттарынын чегиндеги аймактарда – ушул уюмдардын жетекчилерине.
10.3.3. Атайын дайындоодогу аймактарда - санитардык-коргоо, суу коргоо, өрткө каршы ж.б. аймактары бар уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине.
Темир жолдорду, көрүстөндөрдү, питомниктерди ж.б. бойлой – ушул ишканалардын жетекчилерине.
10.3.4. Жеке турак жай имараттар аймагында – жер тилкелеринин ээлерине.
10.3.5. Менчик түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, чарба жүргүзүүчү субъектилердин аймактарында – ушул субъектилердин жетекчилерине.
10.3.6. Курулуш үчүн бөлүнгөн аймактарда – жер тилкелери бөлүнүп берилген жеке жана юридикалык жактарга, курулуш иштери башталган күндөн баштап – подряддык уюмдардын жетекчилерине.
10.4. Жашылдандырууларды сугаруу.
10.4.1 Бактар жана башка жашылдандыруулар, өзгөчө шаардын көчөлөрүндө жана магистралдарында үзгүлтүксүз сугарууга муктаж, ал кыртыштын тамыр жайгашкан катмарында туруктуу оптималдуу нымдуулукту камсыздаш керек. Толук суу сыймдуулуктан кыртыш 60 пайыз нымдуулукта болгондо, бактар эң мыкты өсүп баштайт.
10.4.2. Сугаруунун ченемдери жана саны аба ырайынын шарттарына, кыртыштын механикалык курамына жана анын нымдуулугуна, нымдуулукту жактыруу деңгээлине жана бактардын кургакчылыкка чыдамдуулугуна, тамыр тутумунун жайгашышынын тереңдигине жана кеңдигине жараша болот. Бактарды орточо сугарууну, жеңил механикалык курамдагы кыртыштын 1 ч. метр тамыр түбүнө 30 литр эсебинде жана оор механикалык курамдагы кыртыштын тамыр түбүнө 50 литрге чейин эсебинде жүргүзүү керек, бирок кумдуу жана кумдак кыртыштарды сугаруунун саны чопо жана чополуу кыртышка караганда жогору болуш керек.
10.4.3. Кургак климат шарттарында жашылдандыруулардын бардык түрүн сугаруунун саны майдан сентябрга чейин 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болуш керек, бактардын жана бадалдардын жашына карабастан.
10.4.4. Түбүндө тамыр кармаган торлору бар бактарды сугаруу, торлорду алгандан кийин жүргүзүлүш керек. Сугаруу аяктап жана чуңкурлар көмүлгөндөн кийин, торлор ордуна коюлат.
10.4.5. Көкмайсандар тилкесине отургузулган бактарды сугарууну, сугаруу түтүктөрүнүн, сугаруу-жуучу машиналардын же бардык аймактагы жашылдандыруулардын баш жактарынын же чуңкурларынын проекциясы боюнча мотопомпалардын жардамы менен жүргүзөт. Акыркыдай сугаруу жүргүзүлгөндөн кийин, кыртыш катуу болуп калбас үчүн жана отоо чөптөр пайда болбос үчүн 2-3 см. тереңдикке чейин түбүн жумшартуу керек.
10.4.6.Бактар жана бадалдар топ-топ болуп же көкмайсанда жалгыздап өскөн гүлбакчаларды, бактарды жана сейил бактарды сугарууну арыктардан суу кое берүү менен, жашылдандырууларды жалпы сугаруу, алгылыктуу ыкма болуп саналат.
10.4.7. Жашылдандырууларды сугаруу тутумдары аркылуу сугарууну уюштуруу мүмкүнчүлүгү жок болсо, жашылдандыруулардын теңдем кармоочусу сугаруу түтүктөрүн орнотуу менен же көрсөтүлгөн иштер үчүн адистещтирилген техниканы тартуу менен аларды сугарууну уюштурууга милдеттүү.
10.5. Бактардын баш жактарын кесүү, “тирүү” тосмолорду кыркуу:
10.5.1. Шаардын жашылдандырууларын туура кармоонун негизги иш-чараларынын бири болуп, баш жактарын кесүү саналат, аны атайын үйрөтүлгөн бригадалар өткөрүш керек. Кесүүнүн төмөнкү түрлөрү бар: санитардык, жашартуучу, түзүүчү.
10.5.2. Баш жактарын санитардык кесүү эски, оорулуу, кургап бараткан жана жабырланган бутактарды, ошондой эле ичине жана бири-бирине жакын бутактарды жок кылууга багытталган. Милдеттүү түрдө жок кылууга, алар сынып жана бакта жара пайда кылбас үчүн, борбордук сөңгөгүнөн жогору карай тик же вертикалдуу (пирамидалдык формадан башка) бутактар кирет.
Санитардык кесүүнү жыл сайын бардык вегетациялык мезгилде жүргүзүү керек. Бирок, бир эле мезгилде чоң бутактарды жок кылуу максатка ылайык эмес, ошондуктан аларды кезеги менен, жылына 1-2 бутактан жок кылуу керек.
10.5.3.Оорулуу жана кургап калган бутактарды кесүү, оорубаган жерлерине чейин жүргүзүлөт, мында бутактар түбүнө чейин кесилет, а жаңы өсүп келе жаткан бутактар – “тышкы” бүчүрүнүн үстүнөн, ага тийбестен кесилет.
10.5.4. Форма түзүүчү кесүүлөр бакка форма берүү жана аны сактоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, скелеттик бутактарды бирдей жайгаштыруу жана жол белгилеринин, светофорлордун ж.б. көрүнүүсүн камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
Бактарга жана бадалдарга форма түзүүчү кесүүлөрдү жүргүзүү, жашылдандыруулардын шире кыймылы жүрүп жаткан мезгилде (апрель-май) болбойт.
Кесүүдө өсүмдүктөрдүн түрлөрүн жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарыл: баш жагынын формасын, жашына жараша өзгөрүү мүнөзүн, кесүүнү көтөрүү жөндөмдүүлүгүн, уктап жаткан бүчүрлөрдүн ойгонуу мүмкүндүгүн.
10.5.5.Эркин өсүп жаткан бирючина бадалдарын дайыма кыркышпайт. Мындай тосмолордун эски, кургап калган сөңгөктөрүн жана жалбырагы жок, өтө коюу болуп кеткен бутактарын кесип коюшат. Тынч турган мезгилде, эки-үч жылда бир жолу эркин өскөн тосмолорду сейрек кылып кесип турушат.
10.5.6. Жалгыздап өскөн бадалдарды же топтошкондорун дайыма эле кесишпейт. Гүл бүчүрлөрү былтыркы бутагында же жогорку жагында жайгашкан бадалдарды кесишпейт. Мындай бадалдардын гүлдөп бүткөн жерлерин же зарыл болсо мөмө байлаган жерлерин кесип коюшат.
Учурдагы жылдын гүл бүчүрлөрү бар бутактарын жана жайдын ортосунда же экинчи бөлүгүндө гүлдөй тургандарын жазында (өсүү башталганга чейин) же кеч күздө узундугунун 1/2-1/3, түрүнө жана сортуна жараша кыскартышат.
10.5.7. Бактарга жана бадалдарга терең жашартуучу кесүүлөрдү, тиешелүү кызматтардан уруксат алгандан кийин гана жүргүзүүгө болот.
10.6. Көкмайсандарды кармоо:
10.6.1. Көкмайсандарды туура кармоого аэрациия, чабуу, кырларын кесүү, отоо чөптөр менен күрөшүү, кошумча тоюттандыруу, сугаруу, күзүндө түшкөн жалбырактарды жок кылуу жана оңдоо кирет.
10.6.2. Көкмайсандарды кыркуу,көкмайсандардын теңдем кармоочусу же подряддык уюм (келишим боюнча) тарабынан, чөп каптамасы 15-20 см.жеткенде 7-10 см.ге чейин жүргүзүлөт. Чабылган чөп 3 сутканын ичинде чыгарылыш керек.
10.6.3. Кар эрип жаткан мезгилде, кар жааган мезгилде бактагы жолдорду, жанжолдорду тазалагандан чыккан кар үймөктөрүн жумшартуу жүргүзүлөт. Кар эригенден кийин жана кыртыш кургаганда, партердик көкмайсандарда курч тырмоолор менен чөп каптамасын эки багытта тырмалоону жүргүзүү зарыл, түшкөн жалбырактарды тазалап, кыртыштын аба алмашуусун жакшыртуу үчүн үстүңкү кыртышын бузуу керек.
Жөнөкөй көкмайсандардагы жалбырактарды, тынымсыз кыймыл болгон магистралдарды жана сейил бак жолдорун бойлой, объектинин маанисине жараша, туурасы 5-10 метр тилкеде чогултуу керек. Токой парктарынын жана сейил бактардын чоң көкмайсандарында, жолдордон алыс массивдерде жана топтордо жалбырактарды чогултуу жана чыгаруу сунуш кылынбайт, себеби бул органиканын чыгышына, кыртыштын баалуулугунун азайышына жана эмгектин жана материалдык чыгымдардын максатсыздыгына алып келет. Жалбырактарды өрттөөгө катуу тыюу салынат, себеби компостоштуруу өсүмдүктөр үчүн баалуу жана жеңил кабыл алынуучу органикалык семирткич болуп саналат.
Өнөр жай чыгындыларынан аба жана кыртыш өтө булганган жерлерде, жалбырактарды чогултуп жана таштандыларга чыгаруу керек.
10.6.4. Көкмайсандарда отоо чөптөрдү жок кылуу, чабуу жана отоо менен жок кылынат. Кол менен отоо жаш, бекемделе элек көкмайсандарда жүргүзүлөт. Отоо чөптөр өскөндөн баштап гүлдөгөнгө жана урук таштаганга чейин чабылат.
10.7. Гүлзарларды кармоо:
10.7.1. Кышында көп жылдык гүлзарларды өсүмдүктөрдүн түшүп калган жалбырактары менен жабууну жүргүзүшөт. Жабуудан мурда өсүмдүктөрдүн бардык бутактарын жана жалбырактарын жерден 6-12 см. өйдө кесишет. Жабуу катмарынын калыңдыгы 15-30 см. болот.
Жабууну үшүк жүргөндөн кийин жүргүзүшөт.
10.7.2. Көп жылдык өсүмдүктөрдү отургузууну жайдын аягында –эрте күздө жүргүзүшөт, жаңы отургузулган өсүмдүктөр суук түшкөнгө чейин тамыр алып калуусу үчүн. Өсүмдүктөрдү сөзсүз сугарышат.
10.7.3. Декоративдик-жалбырактуу килем өсүмдүктөрдүн сүрөттөрүнүн тактыгын сактап калыш үчүн, мезгил ичинде эки жолудан кем эмес кыркып турушат.
10.7.4. Пияз сымал, пияз түптүү гүл өсүмдүктөрүн мезгили менен казып алуу керек: нарцисстерди 4-5 жылдан кийин, сциллалар,мускарилер, крокустар 5-6 жылдан кийин, тюльпандар, гиацинттер, гладиолустар, монтбрециелер жыл сайын.
10.7.5. Гүлзарлардагы жана көкмайсандардагы өлүп калган жана декоративдүүлүгүн жоготкон гүлдөр, ордуна жаңы өсүмдүктөрдү отургузуу менен, дароо алыныш керек.
10.8. Жолдорду жана аянтчаларды кармоо:
10.8.1. Жолдорду жана аянтчаларды кармоого шыпыруу, таштандыларды чогултуу, карды тазалоо, муз болгон учурда кум чачуу жана башка жумуштар кирет. Жолдорду жана аянтчаларды шыпырууну эртең менен, кыймыл аз учурда аткаруу керек. Жөө жүрүү кыймылы жогору болгон объектилердеги бак-сейил бак жолдорун, ошондой эле мемориалдык, тарыхый жана башка жерлер шыпырылып жана зарыл учурларда күн сайын белгиленген тартип боюнча жуулуш керек.
10.8.2. Кышында муз басканда бак-сейил бак жолдоруна, аянтчаларына кум же башка сыйгалакка каршы материалдар себилиш керек.
10.8.3. Бак-сейил бак жолдорунан, аянтчалардан карды тазалап туруу керек. Кар басылганча, жумшак кезинде күрөлөт. Тынымсыз кыймыл болгон жолдордо кар ар бир жаагандан кийин күрөлөт.
10.8.4. Зарыл учурларда жолдорду оңдоо жүргүзүлөт. Кыртыштуу жолдорду бойлой кырлар (көкмайсандык) чыгарылат, кырларды кесүү жана чуңкурларды көмүү, суулоо, 2 см. кум катмарын чачуу жана таптагыч менен таптоо (үч жолу өтүү менен) жүргүзүлүп, тилкени шаблонго пландаштыруу өткөрүлөт.
Карапа каптамалуу жолдордо, сынган карапаларды тегиздөө жана негизин таптоо менен алмаштыруу керек, чөп катмарын алып салуу зарыл.
10.9. Жашылдандырылган аймактардын абалын контролдоону мэриянын тиешелүү бөлүмдөрү, үй жана кварталдык комитеттер, Токмок ш. “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИ си жүргүзөт.
Аймакты жашылдандырууга даярдоо
10.10. Аймакты даярдоону алып салууга жаткан курулмаларды, дүмүрлөрдү, курулуш материалдарынын калдыктарын, таштандылардан ж.б. тазалоодон, чогултуу ордун белгилөөдөн, өсүмдүк кыртышын уратуудан жана аны алуудан, ошондой эле, кийин ушул же башка аймакты жашылдандыруу үчүн колдонула турган өсүмдүктөрдү кайра отургузуу орундарын аныктоодон баштоо зарыл. Жер астындагы курулмаларды, дубалдарды жана фундементтерди алууда пайда болгон чуңкурларды көмүүнү, кумдак жана чополуу топурак менен аткаруу керек. Кыртыш ойдуң болуп калбас үчүн, органикалык таштанды же кандайдыр бир химиялык өндүрүштүн калдыктары менен толтурууга уруксат берилбейт.
Майда органикалык таштандыларды (жыгачтын таарындылары, жалбырактар) төгүлгөн кыртыш менен аралаштарууга болот.
10.11.Бактардын кыртыш каптамаларынын деңгээлинин сакталышын жогорулатууда, бактын тегерегине кургак кудук жана кургатуу тутумун орнотуу зарыл; деңгээл төмөндөгөндө өсүмдүктөрдүн сакталышы үчүн терраса тутумун орнотуп жана тирөөч дубалдарын коюу зарыл же бактын түбүнө, тамырларын жабырлануудан сактоочу топурак катмарын төгүү керек (бийиктиктин түрдүүлүгү чоң эмес болсо), мында бактын тамыр моюнчасын көмбөш керек.
10.12. Сакталуучу жашылдандыруулар аймактарында топуракты төгүүдө же кесүүдө бактардын чуңкурунун жана стаканынын өлчөмү баш жагынан 0,5 диаметрден кем эмес жана бийиктиги боюнча жерден 30 см. кем эмес болуш керек.
10.13. Кургаган жана начар абалдагы бактардан аймакты тазалоону, кийин сөңгөктөрүн ташып чыгаруу менен, бактарды ошол эле жерде бутап-кесүү менен (же жыгылган бактарды чет жакта кесип-бутоо) аткарса болот.
Дүмүрлөрдү казгычтар менен же дүмүр талкалагычтар менен жок кылса болот.
10.14. Отургузуу үчүн аныкталган бактарды жана бадалдарды, жашылдандырууларды отургузуу Эрежелерине ылайык казып алып жана ушул же башка объектини жашылдандырууда пайдалануу керек.
10.15. Аймактарды жашылдандыруу, курулуш материалдарынынын калдыктарынан, таштандыдан тазалангандан кийин, жер астындагы коммуникациялар жана курулмалар, жолдор, өтмөктөр, жанжолдор, аянтчалардын жана тосмолордун түзүлүштөрү салынгандан кийин аткарылат.
10.16. Курулуш аянтчасында өсүмдүк топурагын даярдоо жана аны кийин пайдалануу тиешелүү СЧжЭ менен тартипке келтирилет.
10.17. Аймактарды жашылдандырууга пайдалануучу өсүмдүк топурагын, кыртыштын үстүңкү катмарын тереңдете казып алуу менен даярдаса болот.
10.18. Кышында чоң өлчөмдөгү отургузуучу материалды тоңгон топурагы менен отургузууга даярдалган чуңкурларды, иштерди арзандатуу үчүн күзүндө же кыштын башталышында, кыртыш эриген жана тоңо элек кезинде даярдоо сунушталат.
Чуңкурларды жана траншеяларды казгандан кийин, дубалдарын жана түбүн тегиздеп, тазалашат, жанына тамыр тутумун көмүү үчүн топурак даярдап коюшат. Тирүү тосмого траншеяны өсүмдүк топурагы менен 3/4 көлөмдө көмүшөт, калган бөлүгү жанына жыйналат.
Отургузуучу материалдарга талаптар
10.19. Питомниктерден алынган отургузуучу материалдар сапаты жана параметрлери боюнча, мамлекеттик стандарт жана ушул Эрежелер менен белгиленген талаптарга жооп бериш керек.
10.20.Отургузулган токойлордон жана жасалма токойлордон отургузуучу материалдарды тандоого тыюу салынат.
10.21. Шаарга начар өскөн, кыйшык сөңгөктөрү менен (бир жактуу, ийилген ж.б.), жабырланган жерлери бар, зыян тарткан сөңгөктөрү жана штамбдары менен, ошондой эле зыянкечтер жана оорулар менен жабырланган бактарды жана бадалдарды алып келип отургузууга тыюу салынат.
10.22. Көчөттөрдү оңдоо, реконструкциялоо жана калыбына келтирүү үчүн, стандарт менен каралган (СЧжЭ III-10-75). чоң параметрдеги өсүмдүктөр пайдаланышы мүмкүн.
10.23. Республиканын башка областтарынан жана башка өлкөлөрдөн көчөттөрдү ташып келүүдө, ар бир партия Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инпекциянын карантиндик фитосанитардык сертификаты менен коштолуш керек.
Токмок шаарынын питомниктеринен отургузуучу материалдарды сатып алууда, шаардын жашылдандыруу объектилерине карантиндик жана зыянкечтердин, оорулардын жана отоо чөптөрдүн башка коркунучтуу түрлөрүнө жол бербей, өсүмдүктөрдүн ички карантин эрежелерин сактоо зарыл.
Бактарды жана бадалдарды отургузуу
10.24. Аймакты (объектилерди) жашылдандыруу боюнча иштер адистештирилген ишканалар же уюмдар, же алардын көзөмөлүндө, агротехника элежелерин, СЧжЭ сактоо менен, Башкы пландын же долбоордук-сметалык документациянын негизинде, оптималдуу мөөнөттөрдө, өсүмдүктөр табигый жалбырагы жок кезде (жалбырак таштоочу түрлөрү) же өсүмдүк организминин физиологиялык процесстери төмөн активдүүлүктө болуп турганда жүргүзүлөт.
10.25. Гибриддик теректин, ясен жалбырактуу клендун, байтеректин, кайыңдын чоң өлчөмдөгү бактары көчүрүүгө жатпайт.
10.26. Чоң өлчөмдөгү бактарды көчүрүүнү, Коммуналдык ишканалар комбинаты жана курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу керек.
10.27.Шаарга мөмө байлоо мезгилинде аймакты булгаган же гүлдөгөндө жалпы аллергиялык реакцияларды пайда кыла турган теректердин ургаачы түрлөрүн жана башка өсүмдүктөрдү отургузууга тыюу салынат.
10.28. Бактарды жана бадалдарды курулуштагы эрежелер жана ченемдерге ылайык отургузуу керек, алсак, имараттардын жана ар кандай курулмалардын дубалынан өсүмдүктөрдү отургузуучу орунга чейинки аралык тартипке келтирилет.Мында бийиктиги 0,5 метрден ашкан бактарды жана бадалдарды, үч бурчтуу көрүнүштү камсыздоо үчүн отургузууга тыюу салынат. Өнүккөн тамыр тутумдуу бактарды жана бадалдарды инженердик коммуникацияларга жана аларга жакын отургузууга тыюу салынат.
Таблица Курулмалардан баштап өсүмдүктөрдү отургузууга чейинки аралык
Курулманын элементи | Аралык ( метр менен) чейин | |
бакка | бадалга | |
Имараттын жана курулманын тышкы дубалы | 5,0 | 1,5 |
Жанжолдун жана бакча жолунун кыры | 0,7 | 3,0 |
Көчөлөрдүн өтүүчү бөлүгүнүн чети, жол четинин бекемделген тилкесинин жээги жана арыктын кыры | 2,0 | 0,5 |
Жарык тармагынын тирөөчүнүн мачтасы (мамысы) | 4,0 | 1,0 |
Бийиктиги 2 метрге чейинки тосмолор | 2,0 | - |
Бийиктиги 2 метрден ашык тосмолор | 4,0 | 1,0 |
Террасалардын капталдарынын төмөнкү беттери жана башкалар | 1,0 | 1,0 |
Тирөөч дубалдардын ички чеги | 3,0 | 0,5 |
Жер астындагы коммуникациялар, газ түтүктөрү, канализация | 1,5 | 1,0 |
Эскертүү: 1. Келтирилген ченемдер сөңгөгүнүн диаметри 5 метрден ашпаган бактарга таандык жана сөңгөгү чоң диаметрдеги бактар үчүн көбөйтүлүшү керек.
10.29.Магистралдарды бойлой отургузулуучу бактардын жана бадалдардын аралыгы, төмөндө келтирилген таблицага ылайык долбоор менен аныкталат.
Таблица Магистралдардагы бактардын жана
бадалдардын ортосундагы божомол аралыктар
Көкмайсан | Бактардын жана бадалдардын ортосундагы аралык (м) |
Бир катар отургузулган бактар менен | 5-6 |
Эки катар отургузулган бактар менен | 7-8 |
Бир катар отургузулган бадалдар менен: |
|
Бийик ( 1,8 м. жогору) | 0,5-1 |
Орто жана жапыс | 0,3-0,4 |
Тобу менен отургузулгандар: |
|
Бактар | 5-7 |
Бадалдар | 0,3 |
Эскертүү:Көп катарлуу бадалдарды отургузууда тилкенин туурасын 1,5-2 метрге өсүмдүктүн ар бир кошумча катары үчүн көбөйтүү керек.
10.30. Өсүмдүктөрдү тоңгон топурагы менен жүктөө жана түшүрүү боюнча иштерди, ушундай иштерге атайын уруксаты бар жана техникалык коопсуздук боюнча даярдык өткөн, атайын даярдалган жумушчу-такелажниктер же бакча жумушчулары аткарыш керек.
10.31. Бактарды жана бадалдарды отургузуу боюнча иштерге жана өсүмдүктөрдүн өсүп кетүүсүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында, жылына эки жолу Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгына аткарылган иштер боюнча маалыматтар берилиш керек.
10.32. Бактардын жана бадалдардын өсүп кетүүсүн текшерүү жыйынтыгы боюнча, күзүндө тиешелүү акт түзүлөт.
10.33. Жаңы отургузулган бак-дарактар, өзгөчө үйлөрдүн жанына бактарды отургузуу, СчжЭ жана ушул Эрежелерге ылайык, долбоор менен белгиленген тартипте жүргүзүлүш керек.
Көкмайсандардын түзүлүшү
10.34.Көкмайсандар жолдордун өтө турган жерлеринен төмөн жабдылыш керек жана толук даярдалган жана пландаштырылган кыртышка, жалпак курулмалардан суунун бөлүнүп агуусун жана көкмайсандагы ички кыртыш агынын камсыздагандан кийин, негизин 0,05-0,06 пайызга жантайтуу менен орнотулуш керек. Өсүмдүк кыртышынын калыңдыгы жөнөкөй, партердик жана мавритандык көкмайсандар үчүн 20 см, спорттук- 25 см. кабыл алынат.
Партердик жана спорттук көкмайсандарды түзүүдө сөзсүз топуракты тамырлардан жана керексиз өсүмдүктөрдөн жана башка кошулмалардан тазалоо үчүн кылдат ээлеп алуу же гербициддер менен иштетүү керек.
XI. Жашылдандырылган аймактардын бак-дарактарын коргоо
11.1. Шаардын чегинде жана шаардын четинде жайгашкан бардык жашылдандыруулар, менчик түрүнө карабастан, шаардын бирдиктүү жашыл фондун түзөт жана корголууга жатат.
11.2. Жашылдандырылган аймактардагы бак-дарактарды коргоо – бул административдик-укуктук, уюштуруу-чарбалык, экономикалык, архитектуралык-пландоочу жана агротехникалык иш-чаралар, алар жашылдандырууларды коргоого, калыбына келтирүүгө жана өсүп жаткан жашылдандырууларды жакшыртууга багытталат.
Жашылдандырууларды коргоо шаардын ар бир тургунунун милдети. Сейилбактарга, гүлбакчаларга жана башка эс алууга барган бардык жарандар тазалыкты, тартипти сактоого милдеттүү. Жашылдандырууларга аяр мамиле жасоого, тартип бузуучулар менен күрөшүүгө тиешеүү органдарга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
11.3.Менчик түрүнө карабастан, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери, өз аймактарында жашылдандыруулар бар юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле ушул Эрежелердин 10.3.1. -10.3.6. пункттарына ылайык, жашылдандырууларды талаптагыдай кармоо жана сакталышын камсыздоо жоопкерчилиги жүктөлгөн юридикалык жана жеке жактартөмөнкүлөргө милдеттүү:
- өсүп жаткан жашылдандырууларды зыян тартуудан жана жок кылуудан толук сактоону, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыздоого;
- ушул Эрежелерге жана башка ченемдик документтерге ылайык, жашылдандырууларды өз убагында квалификациялык кармоого жана реконструкциялоо боюнча иштерди өз күчтөрү менен же бул иштерди аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу менен өткөрүүгө;
- жашылдандыруулар өсүп турган аймактарды тиричилик жана өнөр жай калдыктары, курулуш таштандылары, кир суулар жана өсүмдүктөр үчүн башка уулуу заттар менен булгоого жол бербөөгө;
- жай мезгилинде жана кургак аба ырайында көкмайсандарды, гүлзарларды, бактарды жана бадалдарды сугарууга;
- көкмайсандарды тебелөөгө жана аларга курулуш материалдарын, кум, таштанды, кар жана муздун сыныктарын жыйноого жол бербөөгө;
- бактарды жана бадалдарды жаңы отургузууну, жол тармактарын өзгөртүү жана жабдууларды орнотуу менен кайра пландаштырууну,агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча жүргүзүүгө;
- кармоо жана оңдоо жүрүшүндө жүргүзүлүүчү бактарды жана бадалдарды кыюуну жана кайра отургузууну, ушул Эрежелердин талаптарына жана технологиялык регламентке ылайык жүргүзүүгө;
- жашылдандырылган аймактарда көлмөлөр бар болсо, аларды тазалыкта кармоого жана капиталдык тазалоону 10 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүүгө;
- жылдык сметаларда жашылдандырууларды кармоого каражат бөлүштүрүүнү кароого;
11.4. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- жашылдандырууларга зыян келтирүүгө жана жок кылууга, уруксат берилген кыюудан жана кыркуудан тышкары;
- бактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана жана отургузууга, тиешелүү кызматтардын макулдугусуз огороддорду жана көкмайсандарды түзүүгө;
- таштандылардын, кардын жана муздун үйүндүлөрүн түзүүгө, бак-сейилбак жолдорун тазалоодон чыккан таза кардан тышкары;
- көкмайсандарга шыпырындыларды жана башка кир нерселерди таштоого;
- жалбырактарды өрттөөгө, жалбырак жалпы түшө баштаганда аларды лотокторго шыпырууга, бактардын, бадалдардын сөңгөктөрүн көмүүгө (аларды көчөлөргө чачыратпай, үйүндүлөргө чогултуу, компостоо үчүн жок кылуу же таштанды таштоочу жайларга чыгаруу максатка ылайык);
- от жагууга жана өрткө каршы коопсуздук эрежелерин бузууга;
- бактарга гамактарды, селкинчектерди, кир жаюу үчүн жиптерди байлоого, бактардын сөңгөктөрүнө мыктарды, илгичтерди кагууга, бактарга жарнама такталарын, кулактандырууларды, номер белгилерин, көрсөткүчтөрдү, электр зымдарын, лапочкалардан электр гирляндаларын, желек гирляндаларды, тикенектүү зымдарды жана бактарга зыян келтирүүчү башка тосмолорду бекитүүгө;
- бактардан шире, чайыр алууга, кабыктарын кесүүгө, жазууга жана ар кандай белгилерди оюуга;
- белгиленген эрежелер боюнча макулдашпастан, инженердик коммуникацияларды салууга жер казууга;
- көкмайсандардан жана жашылдандырылган башка аймактардан унаа каражаттарынын өтүшүнө жана токтотууга;
- көкмайсандарга курулуш материалдарын жана таштандыларды жыйноого;
-гүлдөрдү үзүүгө жана бактардын, бадалдардын бутактарын сындырууга;
- балдар, спорттук, медициналык мекемелердин, мектептердин, коомдук тамактануу ишканаларынын, өзөндөрдүн, көлдөрдүн жана суу сактагычтардын суу коргоо аймактарында, суу менен камсыздоо булактарынын санитардык коргоосунун биринчи жана экинчи алкактарында, турак жай үйлөрүнө жана аба алуучу түзүлүштөрдүн жанында ар кандай пестициддерди колдонууга;
- сейилбактарда, гүлбакчаларда, көчөлөрдө жана короо аймактарында бактардын сөңгөктөрүн актоого жана сырдоого, өзгөчө кайыңдарды жана бактардын ийне жалбырактуу түрлөрүн;
Бактардын сөңгөктөрүн чыланган акиташ же атайын каражаттар менен актоого, жогорку санитардык талаптар коюлган айрым жерлерде гана жол берилет (коомдук дааратканалардын, таштандылар жана тиричилик калдыктарынын, химиялык жана тамак өнөр жай ишканаларынын жанында).
11.5. Бактардын бутактары электр өткөрүү зымдарына тийишине, светофорлорду, жол белгилерин, көчөлөрдүн аталыштарын жана үйлөрдүн номерлерин жабып калышына жол берилбейт.
Электр өткөрүү зымдарынын коргоо аймагында (1 метр радиуста) бутактарды, ошондой эле көчөлөрдүн аталыштарын жана үйлөрдүн номерлерин жабып калган бутактарды өз убагында кыюуну жашылдандыруулардын теңдем кармоочулары камсыздайт. Бутактарды кесүү график боюнча, электр өткөрүү зымдарынын ээлери менен макулдашылып жана алардын көзөмөлүнүн астында, иштерди жүргүзүү технологиясын сактоо менен жүргүзүлөт.
11.6. Мыйзамсыз кыйгандыгы же зыян келтиргендиги үчүн, ушул Эрежелерди бузган күнөөлүүлөр, жеке жана юридикалык жактар, кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жоопкерчиликке тартылат.
XII. Ар түрдүү багыттагы объектилерди долбоорлоодо жана курууда жашылдандыруулардын сакталышын камсыздоо
12.1. Жашылдандырылган аймактардагы жаңы курулуш, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана капиталдык оңдоо, ошондой эле компенсациялык жашылдандыруу боюнча бардык жаңы иштер, белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген, иштелип чыккан долбоордук документация боюнча жүргүзүлүш керек.
12.2. Имараттардын, курулмалардын, унаа магистралдарынын, инженердик коммуникациялардын долбоорлорун иштеп чыгууда долбоорлоочу уюмдар, топографиялык негизде бактардын санын көрсөтүү менен, кыйыла турган ар бир бакты тартышы керек (бактар жок болсо, бул жөнүндө түшүндүрмө берүү менен), мында өсүп жаткан жашылдандырууларды көбүрөөк сактап калуу зарыл. Жер астындагы коммуникацияларды мүмкүн болушунча бош аймактарга салууну же ушул максаттар үчүн техникалык тилкелерди кароо керек.
Башкы план менен жашылдандыруулар үчүн каралган аймактарга курулуш жүргүзүүгө тыюу салынат.
12.3. Жер тилкесин курулуш жүргүзүү үчүн тандоо актысын тариздөөдө, жергиликтүү архитектура тарабынан жашылдандырууларды, бактардын жана бадалдардын баалуу түрлөрүн көбүрөөк сактап калуу мүмкүнчүлүгү аныкталат.
12.4. Курулуш иштерин жүргүзүүдө, курулуш жана башка уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аймактын юридикалык ээси менен, жашылдандыруу аймагында курулуш иштеринин башталышын макулдашууга жана иштердин аяктоосун эки күн эрте билдирүүгө;
- курулуш аянтчасын уюштурууда, долбоордук документация менен каралбаган бак-бадал өсүмдөктөрүн жок кылууга, бактардын, бадалдардын сөңгөктөрүн жана тамыр моюнчаларын топурак менен көмүүгө жол бербөөгө, аларды сактоо боюнча чараларды көрүүгө: тосуу, айрым төмөнкү жана кеңири баш жактарын кесүү, сөзсүз сугат менен камсыздоо менен бадалдардын баш жактарын байлоого. Кыюуга жатпаган бактар бийиктиги 2 метр болгон такталар менен тосулуш керек. Такталар бактын сөңгөгүнөн 0,5 метрден кем эмес аралыкта жайгашуусу керек;
- шаардын өтмөктөрүн, аянттарын, короолорун, жанжолдорун таш менен каптоодо жана асфальттоодо ж.б., бактын тегерегине диаметри 2 метрден кем эмес бош жерди калтырууга, кийин темирбетон торлорду же башка жабууларды орнотуу менен;
- көкмайсандарда, гүлзарларда, ошондой эле бактардан 2,5 метр, бадалдарга 1,5 метр жакын жерге курулуш материалдарын жыйнабоого жана унаалардын автолордун токтотуучу жайын уюштурууга болбойт. Күйүүчү материалдарды бактардан жана бадалдардан 10 метр алыс жерге жыйноо керек;
- көтөрүүчү крандарды орнотуу үчүн келе турган жолдорду жана орундарды өсүмдүктөр жок жерлерге жайгаштырууга жана бактардын орнотулган тосмолорун бузбаш керек;
- бактардын жана бадалдардын тамыр тутумдары аймагындагы иштерди, негизги скелеттик тамырларынын төмөн жагынан, тамыр тутумуна зыян келтирбей жүргүзүүгө (кыртыштын үстүнөн 1,5 метрден кем эмес);
- жаңы курулуштун бардык тилкелеринде жогорку өсүмдүк кыртышын сактоого, аны алууну жана курулуш аянтчасынын кырына үйүүгө, кийин көкмайсандарды түзүү үчүн пайдаланууга же үйүлгөн өсүмдүк кыртышын ушул же башка жаңы аймактарды жашылдандыруу үчүн жашыл чарба ишканаларына берүүгө.
XIII. Жашылдандарылган аймактарды мүлктүк каттоо
13.1.Муниципалдык менчиктеги жашылдандырууларды мүлктүк каттоо шаардын аймагындагы жашылдандыруулардын саны жана абалы жөнүндө анык маалымат алуу үчүн “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИ тарабынан жүргүзүлөт. Маалыматтар Токмок шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берилет.
13.2. Жашылдандырууларды мүлктүк каттоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- шаардагы жашылдандыруулардын саны жөнүндө анык маалымат алуу үчүн, алардын абалын аныктоого, кармоого каржылоо жана жерлердин тиешелүү категориясына киргизүү, сактоо статусун жана кармоо тартибин аныктоо үчүн;
- бактардын жана бадалдардын түрүнүн курамын, санын, көчөттөрдүн категориясын жана тибин, өсүмдүктөрдүн жашын, диметрин (бактар үчүн), ошондой эле көкмайсандык каптамаларды жана гүлзарларды аныктоо үчүн;
- жашылдандырылган аймактарды кармоо, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо боюнча иштерди тартипке келтирүү;
- болуп өткөн өзгөрүүлөрдү өз убагында каттоо;
- жашылдандырылган аймактардын жер пайдалануучуларын аныктоо жана алардын сакталышына жана абалына жооптуу уюмдарды белгилөө;
- жашылдандырылган аймактардын стационардык инженердик-архитектуралык курулмаларынын жана жабдууларынын (фонтандар, эстеликтер, скульптуралар ж.б.) болушун жана таандыгын аныктоо;
- шаардын жашылдандырылган аймактарын сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу;
- статотчет үчүн шаардын жашылдандырылган аймактарын өнүктүрүүнүн келечек пландарын иштеп чыгуу.
13.3. Белгиленген чек аралары бар жана жооптуу жер пайдалануучуларга (мекемелер, уюмдар, ишканалар, же жеке жактар) пайдаланууга берилген (ээлик, ижара),шаардын чегинде жайгашкан бардык жашылдандырылган аймактар, мүлктүк каттоого жатат.
13.4. Жашылдандырылган аймактарда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды, аларды паспорттолуучу жашылдандырылган аймактан чыгаруу же сактап калуу чечимин кабыл алуу үчүн, имараттардын же курулмалардын функционалдык дайындалыш ылайыктыгынын баасы менен паспортто эсепке алынат.
13.5.Жер тилкелери менен бүтүмдөрдү каттоодо, жер тилкелерине укуктар өткөндө, юридикалык жана жеке жактардын укукка каршы аракеттеринен жашылдандыруулурга маанилүү зыян келтирилген учурларда, ошондой эле курулушка жер бөлүп берүүдө пландан тышкаркы мүлк катоо жүргүзүлөт.
13.6. Пландан тышкаркы мүлк катоо жүргүзүү милдети жана отургузулган бак-дарактардын категориясына жараша өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- жооптуу жер пайдалануучуларга, аларга жер тилкелерин пайдалануу, ээлик кылуу, тескөө укуктары өтөт;
- Токмок шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына, авариялык жана башка өзгөчө кырдаалдардын же укукка каршы аракеттердин жыйынтыгында отургузулган бак-дарактарга зыян келтирилгенде;
13.7. Жашылдандырылган аймактарды паспорттоштурууда чакан архитектуралык формалардын, имараттардын, курулмалардын жана гидротехникалык курулмалардын болушу белгиленет; алар жөнүндө кыскача маалыматтар берилет жана реконструкциялоо же тигил же бул курулманы аймактан чыгаруу жөнүндө маалыматтар берилет.
XIV. Инженердик тармактарды жана курулмаларды куруу жана оңдоо, көчөлөрдү, жанжолдорду жана аянттарды
көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзүү
14.1. Курулмалар жана объектилер, жолдор жана көчөлөр үчүн инженердик тармактарды долбоорлоо (жер астындагы, жер үстүндөгү жана жарнама такталары), архитектуралык же инженердик-пландаштырылган (АПТ же ИПТ) тапшырманын жана колдонуучу уюмдун техникалык шарттарынын негизинде жүргүзүлүш керек.АПТ же ИПТ да көрсөтүлгөн трассалардын багыты, топогеодезиялык иликтөөлөрдү жана долбоорлорду аткарууга укук берет. АПТ жана ИПТ иштеп чыгуу шаардык архитектура кызматы тарабынан, ар бир так учурда инженердик тармактардын салынышынын татаалдыгына жараша аткарылат.Иштерди жүргүзүүнүн алдында долбоордо курулушту уюштуруу бөлүмү болуш керек, анда ар бир объект үчүн курулуш маселеси так чечилет.
Өнөр жай жана жарандык объектилерди жана инженердик тармактарды суу объектилеринин жанында долбоорлоо, Кыргыз Республикасынын суу коргоо аймактары жана суу объектилеринин тилкелери жөнүндө колдонуудагы Жобосуна ылайык жүргүзүлөт.
14.2. Трансинженердик тармактардын долбоорлорун аткаруу үчүн, иштеп жаткан коммуникациялады кызыл сызыктар менен жана трасса боюнча вертикалдуу-пландаштыруучу белгилерин көрсөтүү менен, масштабдык (М 1:500) топографиялык съемка зарыл. Топографиялык негиз, иштеп жаткан жер астындагы коммуникациялар менен, долбоорлоо датасына карата абалын чагылдырыш керек. Жер астында жыш жайгашкан коммуникациялар топопландарында, иштеп жаткан коммуникациялардын сандык байламалары менен, сөзсүз туура кесиндилер берилиш керек. Берилген материалдардын тактыгына жана ага дал келүүсүнө жоопкерчиликти долбоорлоо уюмдары жана изилдөө иштерин жүргүзгөн уюмдар тартат. Изилдөө жүргүзгөн уюмдар иликтөө иштерин жүргүзүүдө (чакан ишканалар, ЖЧКлар, долбоорлоо изилдөө институттары, ИИИ), инженердик тармактардын жайгашкан орундарын так көрсөтүүгө милдеттүү.
14.3. Өнөр жай, турак жай – коммуналдык жана маданий – тиричилик багытындагы, саламаттык сактоо жана спорт, инженердик тармактар, курулмалар жана жолдор объектилерин куруу, реконструкциялоо жана оңдоо долбоорлорун иштеп чыгуу, долбоорлоого жана архитектуралык ишмердүүлүккө лицензиялары бар долбоорлоо уюмдары жана архитектуралык мастерскойлор тарабынан жүргүзүлөт.
14.4. Объектилерди инженердик жабдуу коммуникацияларына кошуу долбоорлорун, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбоорлорун макулдашуу үчүн инженердик тармактардын комплекстүү жыйынтык планы берилиш керек. Тармактардын жана реконструкциялардын өнүгүүсү менен байланышкан айрым аянтчадан тышкары трассалардын ар бир багыты өзүнчө макулдашылса болот.
14.5. Кварталдардын ичиндеги инженердик тармактар кварталдын аймагында долбоорлонуш керек.
Айрым учурларда кварталдардын ичиндеги инженердик тармактарды, техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана экономикалык максаттуулугуна жараша көчөлөр боюнча долбоорлоого жол берилет.
14.6. Жер астында чарбасы бар көчөлөр үчүн, жаңы инженердик тармактар, иштеп жаткан коммуникацияларга карата ченемдерге ылайык салынат.
14.7. Долбоорлоо уюмдары иштеп чыккан трассалардын долбоорлору макулдашууга тике ушул уюмдардан алынат. Долбоорлоо материалдары, долбоорлоо уюмдарынын техникалык бөлүмдөрүнүн жана администрациясынын колу болгондо каралат.
14.8. Шаардык архитектура кызматына, ведомстволук уюмдар ортосундагы долбоорлоо жана тармактарды байлоого тиешелүү пикир келишпестиктер боюнча акыркы чечимди кабыл алуу укугу берилет.
14.9. Долбоорлоо уюмдарына, тапшырыкчыларга инженердик тармактардын жана коммуникациялардын техникалык документациясын, анын ичинде жашылдандырууларды жайгаштырууга техникалык документацияны, Токмок шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы менен долбоорду макулдашканга чейин берүүгө тыюу салынат.
14.10. Токмок шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы менен макулдашуу мөөнөтү инженердик тармактар жана вертикалдык пландаштыруу үчүн, анын ичинде турак жай массивдерине макулдашылган күндөн баштап - бир жыл. Инженердик тармактар боюнча курулушу башталган долбоорлор, кайра макулдашууга жатпайт.
14.11. Мурда долбоорлонгон трассалардын жана байламалардын пландык жана бийиктик абалдарын өзгөртүү, милдеттүү түрдө Токмок шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы менен макулдашууга жатат.
14.12. Көчөлөрдүн кызыл сызык линиясынан чыгып кетсе, үйлөрдү, имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле иллюминаторлорду курууга катуу тыюу салынат.
14.13. Инженердик тармактардын долбоорлоо материалдары макулдашуу үчүн эки нускада берилет. Макулдашылгандан кийин бир нускасы долбоорлоо уюмуна кайтарылат, башкасы инженердик тармактар боюнча нөөмөт планын жүргүзүү үчүн, Токмок шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгында калат.
14.14. Инженердик тармактарды курууну уюштуруу долбоору төмөнкү маселелерди чечиш керек:
-курулуштун коопсуздугун;
-аба ырайынын шарттарына жараша курулуш жана калыбына келтирүү иштеринин сапатын;
-шаардык унаанын курулуш объектисин айланып өтүүсүн;
-маалымат таблолорун жана белгилерин орнотуу.
Иштерди аткаруу этаптары:
-кыртышты жыйноо, курулуш механизмдерин, тосмолорду, жөө өтүүчү көпүрөлөрдү, калыбына келтирүү иштердин көлөмүн жайгаштыруу.
Бардык көрсөтүлгөн жумуштар Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы, Токмок ш. ИИБ ЖККБ жана Коммуналдык ишканалар комбинаты менен макудашылыш керек.
14.15. Инженердик инфраструктуралар объектилерин жайгаштыруу (насостук бекеттер, трансформаторлук көмөкчордондор жана башка курулмалар), Токмок шаарынын мэриясынын чечими менен, долбоорлоо жана курулуш үчүн бөлүнгөн аймакта аткарылат.
14.16. Иштер аяктагандан кийин, аларды жүргүзүүчү, Токмок ш. Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын өкүлүн, инженердик коммуникациялардын аткаруучу съемкасын аткаруу үчүн чакырууга жана долбоордук чечимге ылайык, аткаруучу документацияны макулдащууга милдеттүү.
14.17. Колдонуучу уюмдарга инженердик коммуникацияларды, белгиленген тартипти бузуу менен кошууга тыюу салынат.
14.18. Ушул тартипти бузуу менен колдонууга кабыл алынган инженердик коммуникациялар жана курулмалар, долбоорлоодо жана курууда эсепке алынбайт. Кетирилген бузуулар үчүн жоопкерчилик, иш жүргүзүүчүгө жана тапшырыкчыга жүктөлөт.
Иштерди жүргүзүүгө ордерлерди тариздөө
14.19.Көчөлөрдү, аянттарды, гүлбакчаларды казуу менен байланышкан жер иштерин жүргүзүүгө ордер берүү, “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИси тарабынан, Токмок шаарынын тиешелүү кызматтары менен акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.
14.20. Иштерди жүргүзүү долбоорун макулдашуу жана ордер берүүгө төлөм кабыл алуу, “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИси тарабынан Токмок шаарынын мэриясы бекиткен Прейскуранттын (Тиркеме) негизинде жүргүзүлөт.
14.21. Ордер алуу үчүн, оңдоо же курулуш иштерин жүргүзүүчү уюм, арыз жана зарыл документацияны иштер башталганга чейинки мөөнөттөн 7 күн эрте берет, ошондой эле ордер алууда “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИнин эсептик счетуна, иштер жүргүзүлүп жаткан жерлердеги жолдордун жана жанжолдордун асфальтбетон каптамаларын калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдын акчалай түрүнүн кепилдик камсыздоосун төгүш керек.
Арыздарды кароо мөөнөтү 7 күн.
14.22. Ордер, ченемдик узактыгын жана жергиликтүү шарттарды (көчөлөрдүн категориясы, жол кыймылынын интенсивдүүлүгү, курулуштун коопсуздугу) эске алуу менен, курулуш уюмунун долбоорунда каралган мөөнөткө таризделет. Ордер, ушул ишмердүүлүк боюнча лицензиясы бар, уюмдун жооптуу кызматчысына таризделет. Иштердин башталыш мөөнөтү кармалганда, кетирилген бузууларды четтетүүгө милдеттендирип жана/же бузуучуларга материалдарды кароо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүү керек.
14.23. Иштерди жүргүзүү укугу ордеринде көрсөтүлгөн шарттар бузулган учурда, “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИси башталган ищтерди токтотуп, кетирилген бузууларды четтетүүгө милдеттендирип жана/же бузуучуларга материалдарды кароо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүүгө укуктуу.
14.24. Көрктөндүрүү элементтерин калыбына келтирүүнүн курулуш мөөнөттөрүн сактоо контролун “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИ жүргүзөт.
Иштерди жүргүзүү эрежелери
14.25.Зарыл сактык чараларын жана инженердик тармактардын жана курулмалардын зыян тартууларынын алдын алуу үчүн, иштерди жүргүзүүгө жооптуу адам, иш башталаардан бир күн эрте, ал жерге кызыкдар ишканалардын өкүлдөрүн чакырып, алар менен бирдикте иштеп жаткан тармактардын жана курулмалардын жайгашуусун так аныктап, алардын толук сакталышына чараларды көрүүгө милдеттүү.
14.26. Кызыкдар ишканалардын жетекчилери, иштер жүргүзүлүп жаткан жерге өзүнүн жооптуу өкүлдөрүнүн келишин мөөнөтүндө камсыздоого жана иштерди жүргүзүүдө аларга тиешелүү тармактардын жана курулмалардын сакталышын камсыздоо үчүн зарыл шарттар жөнүндө жазуу түрүндө толук көрсөтмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
14.27. Иштерди жүргүзүүгө жооптуу адам, иштер башталганга чейин төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
а) казган жерлердин чек араларына тосмолорду жана белгиленген типтеги эскертүүчү белгилерди коюуга;
б) жөө жүргөндөр баскан жерлерге өтмөк көпүрөлөрүн даярдоого жана казылган тилкени түн ичинде жарыктандырууга;
в) арык тармагынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
г) механизмдер иштеген аймакта жашылдандыруулар болсо, аларды белгилерди кепилдөөчү бекем такталар менен тосуу;
14.28. Траншеяларды иштетүүнү, жол каптамаларын максималдуу сакталышын камсыздоону кепилдөөчү (таштарды талкалоо,асфальтты кесүү ж.б.), алдын ала даярдоосуз баштоого тыюу салынат.
14.29. Көчөлөрдө, аянттарда жана башка көрктөндүрүүлгөн аймактарда, жер астындагы коммуникацияларды салуу үчүн траншеяларды жана котловандарды казуу, төмөнкү шарттарды сактоо менен жүргүзүлүш керек:
а) иштерди жүргүзүү долбооруна ылайык, иштер чектелген тилкелерде аткарылышы керек;
б) кийинки тилкелердеги иштерди баштоого, мурдагы тилкелердеги иштер аяктагандан кийин уруксат берилет, калыбына келтирүү жана аймактарды тазалоону камтуу менен;
в) траншеяларды жана котловандарды казуудан чыккан кыртыш, иш орундарынан токтоосуз чыгарылыш керек;
г) кайра көмүү таш-шагыл аралашмасы менен, катмарлап таптоо (калыңдыгы 0,2 метр) менен жана лабораториялык тестирлөөнүн негизинде тыгыздык коэффициентин аныктоо менен жүргүзүлөт;
д) көчөлөр боюнча магистралдык инженердик тармактарды салууда, 4-7 метр болгон асфальтбетон каптамалары, жолдун бардык туурасы боюнча калыбына келтирилет, туурасы 7 метрден ашса, асфальтбетон каптамасын калыбына келтирүү траншея жана курулуш механизмдеринин иштөө аймагы боюнча аткарылат;
е) телефондук канализацияны, электр кабелдерин жана башка инженердик тармактарды туурасы 2 метрге чейин болгон жанжолдор боюнча салганда, асфальтбетон каптамасы жанжолдун бардык туурасы боюнча салынат.
14.30. Люктардын жана камералардын капкактарын, жамгыр сууларын кабыл алуучу кудуктардын торлорун, сугаруу тутумдарынын жаймаларын, отургузулган бак-дарактарды кыртыш менен көмүүгө тыюу салынат жана көкмайсандарга, колдонуудагы жер астындагы коммуникациялардын трассаларына, газ түтүктөрүнүн, электр берүүчү кермелердин жана байланыш кермелеринин кайтарылуучу аймактарына материалдарды жана конструкцияларды жыйнап коюуга тыюу салынат.
14.31.Траншеяларды иштетүү аяктагандан кийин, иш жүргүзүүгө жооптуу адам, Токмок ш. Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын өкүлү менен бирдикте, инженердик тармактын долбоору менен траншеяны казуунун дал келүүсүн аныктоого жана тиешелүү акты түзүүгө милдеттүү.
14.32.Инженердик тармактардын трассасынын долбоору менен иштер дал келбеген учурда же курулуш-куроо иштери накта аяктаганда, Токмок ш. Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан, ушул трассаларды долбоорго ылайык салууга эскертүү берилет. Эскертүүдө көрсөтүлгөн инженердик тармактарды жана алардын жабдууларын кайра орнотуу боюнча бардык көлөмдөгү чыгымдар, иштерди жүргүзүүгө жооптуу адамдарга жүктөлөт.
14.33.Кыртыштуу жолдорду казууда, казууну жүргүзгөн ишкана, иштер аяктагандан кийин, кыртышты кабаттап тыгыздоо менен кайра көмүү иштерин аткарууга милдеттүү.
14.34.Жол каптамаларын калыбына келтирүү боюнча иштер траншеяларды жана чуңкурларды көмгөндөн кийин башталып, көчөлөрдө, жанжолдордо, гүлбакчаларда, сейил бактарда, ошондой эле унаа кыймылы жана жөө жүрүүчүлөр үзгүлтүксүз жүргөн жерлерде 3 күндүк мөөнөттүн ичинде аякташы керек, башка жерлерде – беш күндүн ичинде аякташы керек, ал иштер аткаруу долбоорунда каралышы зарыл.
14.35.Жол каптамаларын калыбына келтирүүдө жана жанындагы аймактарды көрктөндүрүүдө тосмолордун болушу зарыл. Мында жер жана курулуш-куроо иштерин жүргүзүүдө орнотулган аянтчанын тосмосун пайдаланса болот. Кыш мезгилинде жол каптамаларын калыбына келтирүү, түзүлүштүн негизинин сапатын камсыздоочу иштерди жүргүзүү атайын иштелип чыккан долбоор боюнча аткарылышы керек. Талкаланган асфальтбетондук каптама кыш мезгилинде, кийин асфальтбетонду калыбына келтирүү менен, цементбетон менен жабылат.
14.36. Наряд (иш көрсөтмө) аткарылган иштерди кабыл алуу актысы түзүлгөндөн кийин жабылды жана контролдон алынды деп эсептелет, ага бардык кызыкдар ишканалар төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен кол коюулары керек:
А) аткарылган иштердин сапатын;
Б) кемтиктердин жана жетишсиздиктердин болушун.
14.37. Инженердик тармактар салынган жерлерде асфальтбетон каптамасынын ойдуң болуп калган, үстүңкү кабаты талкаланган учурларда, курулуш уюму үзгүлтүксүз 1 жылдын ичинде асфальтбетон каптамасын кайталап калыбына келтирүүгө милдеттүү.
14.38.Инженердик тармактарды куроо аяктаганда, бирок аларды көмгөнгө чейин, ошондой эле курулган жана капиталдык реконструкцияланган жолдор боюнча аткаруу съемкасын, курулуш уюму Токмок ш. Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгына, бул иштерди алдын ала төлөө менен табыштама берүүгө милдеттүү.
14.39.Люктары жана кудуктары бар (кайрылуу бурчтары жок түз тилкелерде) коммуникациялардын аткаруу съемкасын тартуу, траншеялар көмүлгөндөн кийин жана тышкы көрктөндүрүү элементтери толук калыбына келтирилгенден кийин жүргүзүлүшү мүмкүн. Аткаруу съемкасын жүргүзүүгө табыштама берүүдө, трассанын огунун биринчи бөлүнүш багыты менен, инженердик тармактын долбоору тиркелиши керек.
14.40.Бардык инженердик тармактардын жана алардын курулмаларынын аткаруу съемкасын Токмок ш. Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы жүргүзөт. Аткаруу чиймеси инженердик тармактын же курулманын паспорту болуп саналат жана ал курулуп жаткан объектини аспаптык геодезикалык тартуунун негизинде аткарылган пландан жана профилден турат. Аткаруу чиймелеринде курулуш уюмунун жооптуу өкүлүнүн (участоктун начальнигинин, прорабдын, тапшырыкчынын) колу, Токмок ш. Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы менен долбоорлорду макулдашуунун номери жана датасы, өзгөртүүлөрдүн макулдашуусунун номери жана датасы, эгер алар долбоорго киргизилсе, иштерди жүргүзүүгө “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИнин ордеринин номери жана датасы көрсөтүлүшү керек.
14.41. Курулушу аяктаган инженердик тармактарды колдонууга кабыл алуу мамлекеттик жана жумушчу комиссиялары тарабынан жүргүзүлөт, ага тапшырыкчынын, Токмок ш. Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын, башкы подрядчиктин, субподряддык уюмдардын, долбоордук уюмдун, колдонуу уюмунун өкүлдөрү жана зарыл учурларда башка кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү киришет.
14.42.Берилген документацияларды карап чыгып, комиссия курулган курулмаларды накта кароону жүргүзөт жана төмөнкүлөрдү аныктайт:
А) аткарылган иштердин долбоорго жана аткаруу чиймелерине дал келишин;
Б) аткарылган иштердин сапатын;
В) кемтиктердин жана жетишсиздиктердин болушун;
Комиссия тарабынан белгиленген жетишсиздиктер жоюлгандан кийин, инженердик тармак туруктуу колдонууга кабыл алынат.
14.43.Инженердик тармакты колдонууга кабыл алуу, кудуктарды орнотууну жана көмүлгөн траншеялардын үстүнөн кыртышты мерчемдөөнү камтуу менен, иштер толук аяктагандан кийин жүргүзүлүшү керек.
14.44.Эгер имараттарды жана курулмаларды курууда, ошондой эле шаардын аймактарын көрктөндүрүү иштеринде, Токмок ш. Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгында катталган долбоордон четтөө менен салынган жер астындагы инженердик тармак табыла турган болсо, анда бул тармак, аны колдонууга кабыл алган уюмдун эсебинен кайра салууга жатат.
XV. Аварияларды (кырсыктарды) жоюу боюнча
калыбына келтирүү иштери
15.1. Жер алдындагы инженердик тармактар жана курулмалар бузулгандыктан авария пайда болушу мүмкүн, ушул тармактар жана курулмалар карамагында болгон ишканалардын жетекчилери же ыйгарым укуктуу уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
А) жооптуу адамдын жетекчилиги астында бузулган тармактарды өчүрүү же башка жакка которуу үчүн, токтоосуз авариядан сактоо бригадасын жөнөтүү;
Б, Токмок ш. “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИге, Токмок ш. ИИБнин ЖККБга, ошондой эле авария болгон жерде, чектешкен жер алдында чарбасы башка уюмдарга билдирүү;
Эгер чоң авария түн ичинде болсо, телефонограмма Токмок ш. ИИБнин нөөмөтчүсүнө берилет.
Токмок ш. ИИБнин ЖККБсы авария жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин, жоюу боюнча иштер өтө турган жерди жабууну талап кылса, өтө турган жерди жабуу маселесин чечүү жана зыяндарды жоюу мөөнөтүн белгилөө үчүн, авария болгон жерге жооптуу адамды токтоосуз жөнөтүүгө милдеттүү.
15.2. Аварияны жоюу боюнча иштер, инженердик тармактардын жана курулмалардын бузулуусуна жол берген уюмга жүктөлөт. 24 сааттан ашык аварияны жоюу боюнча бардык учурларда иш жүргүзгөн уюм, ишти токтотпостон, белгиленген тартипте ал иштерди жүргүзүүгө наряд алууга милдеттүү.
15.3.Эгер жер алдындагы курулмалар жарабай калса же алардын ордуна башка курулма орнотулса жана биринчи курулма колдонуудан чыгарылса, ал кыртыштан чыгарылышы керек. Кыртыштан чыгаруу көп эмгекти талап кылса, чыгаруу иштеринин баасы жогору болсо, алар кыртышта калтырылышы мүмкүн, эгер курулмалар ташылуучу продуктылардан бошотулуп, бекитилген арматуралардан ажыратылса, 1 метрден кем эмес тереңдикке камераларды жана кудуктарды ажыратуу, курулмалардын бардык бош жерлерин кылдаттык менен кыртышка толтуруу шарттары аткарылса. Жоюуда кабелдик кермелердин аяк жагы тыгындалып бекитилиши зарыл, мунай-мазут өткөргүчтөр буу менен тазаланып жана тыгындалып бекитилиши зарыл, газ түтүктөрү жана суу өтүүчү түтүктөр тыгындалып бекитилиши зарыл. Бардык аткарылган иштер аткаруу чиймелеринде чагылдырылышы керек, колдонуучу уюм, тапшырык берүүчү тарабынан аныкталышы зарыл, андан кийин чиймелер шаардык архитектура кызматына өткөрүлүп берилет.
XVI. Токмок шаарын Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын
жана жарандардын жоопкерчилиги
16.1. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык, тартиптик, административдик, жарандык-укуктук жана кылмыш жоопкерчилиги белгиленет.
16.2. Юридикалык жактар менчиктин формасына жана ведомстволук таандыгына карабастан, ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жоопкерчиликти тартат.
16.3. Аймактарды көрктөндүрүү эрежелерин, тазалыкты жана тартипти камсыздоону бузган күнөөлүү кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренесине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.
16.4.Кызмат адамдары жана жарандар, шаардын аймагындагы бактарга жана бадалдарга зыян келтиргендиги же өз алдынча кыйгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 182-беренесине ылайык же Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 279-беренесине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.
16.5. Кызмат адамдары жана жарандар, курулуш иштерин жүргүзүүдө жана инженердик тармактарды жана курулмаларды оңдоо боюнча иштерди жүргүзүүдө, аймактарды көрктөндүрүүдө ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 164, 216-беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
16.6. Жалпы пайдалануучу жерлерди санитардык кармоо эрежелерин бузгандыгы үчүн (подъезддерди, үйдүн жанындагы аймактарды ж.б.)кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 487-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
16.7. Белгиленбеген жерлерге тиричилик таштандыларын таштагандыгы жана өрттөгөндүгү үчүн кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 489-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
16.8.Келишимдик жана кепилдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн, курулуш субъектиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, административдик, жарандык-укуктук жана кылмыш жоопкерчилигин тартат.
16.9. Административдик жоопкерчиликтин чараларын колдонуу, Эрежелерди бузган адамды, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, келтирилген материалдык зыянды жабуу жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык, жол берилген бузууларды чететтүү милдетинен бошотпойт.
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | С.А.Кабаева |