Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 118/16-4
Муниципалдык кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтүү максатында, Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин кызматкерлердин профсоюздук комитетинин төрагасынын жааматтык келишими жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин кызматкерлердин жааматтык келишими бекитилсин (тиркеме).
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Токмок шаардык мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин жамааттарынын жалпы чогулушунда кабыл алынган 2018-жылдын 15-январынын № 31 протоколу
| Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 18-январынын №118/16-4 токтому менен бекитилген |
Токмок шаардык мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин эмгек жамааттарынын
ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМИ
Жалпы жоболор
Бул жамааттык келишим иш берүүчүлөр Токмок шаарынын мэри
Ж.Дж Шамыралиев, Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Т.А.Солтобаев, мындан ары карай “Администрация” менен Токмок шаардык мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин эмгек жамааттарынын Токмок шаардык мэриясы менен Токмок шаардык кеңешинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик союзунун кесиптик союзу комитетинин төрагасы Б.К.Кадыркуловдун, мындан ары карай “Кесиптик союз комитети” ортосундагы эмгек жана социалдык мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик акт болуп эсептелет.
Жамааттык келишим Кыргыз республикасынын “Жамааттык келишимдер жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык кесиптик союздун мүчөлөрү болуп эсептелген муниципалдык кызматкерлердин укуктары менен кызыкчылыктарын коргогон юридикалык документ болуп эсептелет жана мыйзамдарда каралбаган белгиленген жана кошумча эмгек, социалдык-тиричилик жеңидиктери менен кепилдиктерди камтыйт.
Ушул Келишимде пайдаланылган кыскартуулар:
ЭК- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
ЖК-Кыргыз Республикасынын «Жамааттык келишимдер жөнүндө» Мыйзамы;
ЖӨБ-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө
1-БӨЛҮК
Жамааттын ишмердүүлүгү жана андагы өз ара эмгек мамилелери
1. Кесиптик союз комиетинин мүчөлөрү эмгек жамааттарынын алдына коюлган башкы милдеттер:
1.1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Мыйзамдарын сактоо жана аткаруу;
1.2. Токмок шаарынын калкына берилген аймакта жашоону камсыз кылган социалдык жана маданий тейлөөлөрдүн иштешин жана өнүгүүсүн камсыз кылууну уюштуруу;
1.3. Токмок шаарынын стратегиялык өнүгүү программасын, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен калкты социалдык коргоо пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана ага көзөмөл жүргүзүү;
1.4. Мэрия менен шаардык кеңештин кызматкерлеринин күч-аракеттерин шаардын жашоочуларынын керектөөлөрү менен талаптарын канааттандырууга багыттоо;
1.5. Шаардын коомчулугунун баардык катмарларынын күчүн экономикалык кубаттуулукту кайрадан калыбына келтирүүгө, социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, шаардыктардын жашоо деңгээлин жогорулатууга мобилизациялоо.
2. Администрациянын милдеттери:
2.1. Кесиптик союз комитетинин мүчөлөрүнүн жогорку өндүрүмдүүлүктө жана натыйжалуу иштөөлөрү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
2.2. Ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен белгиленген эмгек акыны төлөп берүү (ЭК 157-берене): иштеген жылдарына, класстык чинге, ардак наамга, квалификациялык даражага жана иштин өзгөчө шартары үчүн (КР ЖӨБ мыйзамынын 28 беренси, КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы №161 токтому) кошумча төлөөлөрдү жүргүзүү;
2.3. Кесиптик союз комитети менен макулдашуу боюнча:
2.3.1. Ар бир кварталдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча, кызматчылардын эмгек акыларын төлөө фондунун каражаттарынын эсебинен кошумча төлөмдөр менен ошондой эле белгиленген майрам, ж.б. күндөрү менен бир айлык сый акы төлөп берилсин (КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27- октябыры № 641).
2.3.2.Мэрия менен шаардык кеңештеги күн тариби:
Иштин башталышы – саат 8:30да (ЭК 101-берене);
Иштин аякташы – саат17:30да;
түштөнүү саат12ден саат 13кө чейин (ЭК 114-берене);
техникалык тыныгуулар саат10дон саат10:20га чейин, саат15тен саат15:20га чейин.
2.3.4. Эки эс алуучу күнү бар, беш күндүк жумушчу аптасы 2 эс алуу күндөрү менен белгиленсин.
2.4. Айрым учурларда, ишемби, жекшемби күндөрү, же болбосо суткалык нөөмөткө туруу каралган.
2.5. Жумуш убагынан тышкары иштеген эмгеги үчүн компенсациалоо, иштеген күнүнүн иштеген саатынын эсебин эске алуу менен –эс алуу күндөрү иштегендиги үчүн башка күндөрү акы төлөнүүчү өргүмө берүүнү (ЭК 115-беренеси) эгерде суткасы менен кезметте турса анда ага эки төлөнүүчү өргүмө берилет.
2.6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө токтому чыккан учурда, кызматкерлердин эмгегин социалдык коргоо жана дем берүү максатында материалдык жардамдарды төлөө ишке ашырылсын.
3. Кесиптик союз комитетинин милдеттери:
3.1. Эмгек жана аткаруучулук тартипти бекемдөөгө колдоо көрсөтүү;
3.2. Кесиптик союздун мүчөлөрү болуп эсептелген жамаатты кызматтык жоопкерчилиги белгиленген милдеттерди аткарууга мобилизациялоо;
3.3. Кызматкерлерге эмгек мыйзамдуулугун, эмгек шарттарын, сыйлоону, тартип жоопкерчилигин түшүндүрүү;
3.4.Кызматкерлерди иштен тышкаркы мезгилде ишке тартуунун негиздүүлүгүн көзөмөлдөө;
3.5. Мезгил-мезгили менен эмгек акысын чегерүүнүн жана салыктын алынуусун текшерип туруу;
3.6. Кесиптик союздун мүчөлөрү болуп эсептелген ар бир кызматкердин эмгекке укуктарын коргоону ишке ашыруу;
3.7.Кыргыз республикасынын Эмгек Кодексинин 68-беренесине ылайык жетекчи курам менен катардагы кызматкердин жакынчылык, тууганчылык фактысынын бар экендигин аныктоо.
2-БӨЛҮМ
Социальные права и гарантии работников
4. Администрациянын милдеттери:
4.1.Кесиптик союз комитетинин мүчөлөрү - кызматкерлерин материалдык колдоо максатында 2018-жылдын 1-октябрынан тартып биринчи зарылчылыктагы товарлар менен тейлөөлөргө керектөөчүлөр бааларынын өсүшүнө байланыштуу тамактанууга, жол киреге, турак-жай коммуналдык тейлөөлөргө ай сайын 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр төлөнүүсү белгиленсин. (ЖК 12-беренеси).
4.2.Эмгек жамаатынын мүчөлөрүн социалдык колдоо максатында өсүп жаткан инфляцияны эсепке алуу менен Админстрация жыл сайын сентябрь айында айыл чарба азыктарын камдоого эки айлык эмгек акысынын өлчөмүндө төлөмдөрдү төлөп турууга милдеттенет.
4.3. Пенсияга чыккандыгына байланыштуу кызматтан бошогондугу менен бир айлык өлчөмүндө;
4.3.1 Кызматкерлерге ай сайын зыян шарттарда эмгектенгендиги үчүн ( компьютер менен иштөө) тиешелүү кызмат айлыгынын 15% дан 25% га чейинки өлчөмдө кошумча төлөмдөр жүргүзүлсүн (КРӨнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтому).
4.4.1Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү жана ак ниеттүү аткаруусу үчүн, узакка созулгант жана кынтыксыз кызматы, мөөнөттөн ашык иши үчүн төмөнкү сыйлыктар каралган: (ЖӨБ 17-б.)
4.4.1. Ыраачызылык билдирүү;
4.4.2. Беш айлык акыга чейинки өлчөмүндө акчалай сыйлыктар төмөнкү эсеп менен:
- квартал сайын сый акылар;
-жылдын жыйынтыгы боюнча сый акылар;
4.4.3. Майрам күндөрүнө карата сый акчалай сый акылар (23-февраль, 8-март, 21-март, 9-май, 31-август, жергиликтүү жамааттар күнү, “Орозо айт” жана “Курман айт” мусулмандар майрамдары).
4.4.4. Мэриянын ардак грамотасы менен сыйлоо;
4.4.5. Кыргыз Республикасынын сыйлыктарына сунуштамалар.
4.5. Бир айлык акы өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөк пул үйлөнгөндөргө, бала төрөлгөндө, ошондой эле жакын туугандар каза болгондо (чоң эне, чоң ата, ата-эне, эркек бир туугандар,кыз бир туугандар, ошондой эле балдар) төлөнүп берилсин.
4.6. Муктаж болгондорго, жеке турак үй куруу үчүн жер участкаларын бөлүп берүү же турак жай аянтын алуу үчүн кезекке тургузуу (ЖК 12-б.).
4.7. Турак жай курулушуна пайызы жок, же жеңилдик ссудасын алуу үчүн көмөк көрсөтүү.
4.8. Айлык акысын сактоо менен башталгыч мектеп жашындагы балдары бар аялдарга1 сентябрда эс алуу күн берилсин.
4.9. Айлык акысын сактоо менен 5-күнгө чейин өзгөчө шарттарда өргүү берүү: никелешүүдө, жакындары каза болгондо.
4.10. Жумушчу эмес майрам күндөрүнүн астында жумуштун узактыгын бир саатка кыскартуу (КРЭК 96-б.).
5. Кесиптик союз комитетинин милдеттери:
5.1. Жамааттык келишимге киргизилген иш-чаралардын аткарылышына, ошондой эле кызматкерлерди социалдык коргоо боюнча ченемдик жоболордун аткарылышына дайыма көзөмөлдүк жүргүзүп туруу.
5.2. Туулган күнүндө кызматкерлерди куттуктоону уюштуруу.
5.3 Турак жай мыйзамдарына ылайык, турак жай шарттарын эсепке алуу менен жыл сайын кайра каттоону уюштурат.
3-БӨЛҮМ
Кызматкерлердин эмгегин жана саламаттыгын коргоо
6. Администрациянын милдеттери:
6.1. Иш орундарында зарыл болгон тартипти, жарыктандыруу жана жылуулук режимин, коопсуздук техникасынын так сакталышын камсыздоо.
7. Кесиптик союз комитетинин милдеттери:
7.1. Белгиленген коопсуздук эрежелери менен ченемдеринин, эмгекти коргоо боюнча мыйзамдуулуктун сакталышына, ошондой эле ушул жамааттык келишимдин шарттарын аткарууга коомдук көзөмөл уюштуруу.
7.2. Мэрия менен шаардык кеңештин кызматкерлеринин санаториялык-курорттук дарылануусу менен эс алуусун уюштуруу.
4-БӨЛҮМ
Кесиптик союздун ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери
8.Администрациянын милдеттери:
8.1.Кесиптик союз комитетине иштөө үчүн зарыл болгон байланыш каражаттарын, компьютердик техниканы пайдаланууга бекер берүү.
8.2.Кесиптик союздун мүчөлүк төлөмдөрүн накталай эмес, бухгалтерия аркылуу кармап калууну камсыздоо.
9. Кесиптик союз комитетинин милдеттери:
9.1.Бул жамааттык келишимдин жоболорунун ишке ашырылууга көмөк көрсөтүү, эмгек жамаатында социалдык чыңалууну төмөндөтүүгө, жамааттык эмгек талаштарынын келип чыгууларынын алдын алууга.
9.2.Кайра уюштуруу, кыскартуу, эмгек талаштарын чечүү учурунда кесиптик союздун мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана кесиптик союздун мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрүү.
5-БӨЛҮМ
Келишимдин иштөө мөөнөтү жана тараптардын аны ишке ашыруудагы жоопкерчиликтери
10.1.Жамааттык келишим ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана 2 жыл аралыгында иштейт. Тараптардын Жамааттык келишимди 3 жылдан ашык эмес мөөнөткө узартууга укуктары бар (ЭК 43-беренеси, ЖК 13-беренеси).
10.2.Жамааттык келишимди ишке ашырууга көзөмөлдүк эки тараптан тең жүргүзүлөт. Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү эки тараптын өз ара макулдугу боюнча киргизилет (ЖК 14-беренеси).
10.3.Жамааттык келишимдин аткарылышынын жүрүшү жыл сайын эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда талкууланат (ЖК 15-беренеси).
10.4. Администрация ар бир кварталдын, жылдын жыйынтыг боюнча жалпы максаттарга жетүудө ар бир кызматкердин кошкон салымын эсепке алуу менен сый акы төлөонүн дифференциалду сеткасын түзөт, ал келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.
10.5. Бул жамааттык келишимде каралган милдеттер аткарылбагандыгы үчүн эки тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат. (ЖК 16-б.)
10.6. Жамааттык келишим 4 нускада түзүлдү.
«Администрация» Токмок шаарынын мэри _____________Д.Дж.Шамыралиев Токмок шаардык кеңешинин төрагасы
____________ Т.А.Солтобаев
| «Профком» Мэрия менен шаардык кеңештин кесиптик союз комитетинин төрагасы _______________ Б.К.Кадыркулов
|