Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 91/15-4
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 12.12.2017-ж. №2206/1-4 “Токмок шаарынын 2018-2022-жылдарга карата өнүгүү Программасы” жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып жана Токмок шаардык кенешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 14-декабрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын 2018-2022-жылдарга карата өнүгүү Программасы” бекитилсин (тиркеме 1).
2. Токмок шаарынын 2018-2022-жылдарга карата өнүгүү Программасынын иш-чаралары бекитилсин (тиркеме 2).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш.мэрине (Ж.Дж.Шамыралиев) жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
№ 1 тиркеме
Токмок шаардык кеңешинин
2017-жылдын 21-декабрындагы
№ 91/15-4 токтому менен бекитилген.
2018-2022-жылдар аралыгында Токмок шаарынын Өнүгүү программасын аткаруу боюнча
иш-чаралардын планы
№ ирети менен | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжа |
Жооптуу аткаруучулар | |
5.2. Бөлүм Аймактарды адистештирүү | ||||||
Өнөр жайдын кубаттуулугун калыбына келтирүү | ||||||
1. | «КазГрейн» ЖЧК
| Китлап жана кукси өндүрүү боюнча жаңы цехти куруу. (Алдын ала эсептөөлөр боюнча 5,0 миллион АКШ доллары талап кылынат) |
2018-жылдын 31-декабрына чейин | -Жаңы продукт чыгаруу; -Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү; - 17 жаңы жумушчу орундарын түзүү; -Муниципалитеттин каржылык өз алдынчалуулугун жогорулатуу. | «КазГрейн» ЖЧК жетекчилиги, Токмок шаарынын мэриясы | |
2. | «Токмокский консерва заводу» ЖЧК
| Кумшекер өндүрүү боюнча жаңы цехти куруу. (Каржылык талап 700,0-800,0 миң АКШ доллары.) | 2020-жылдын 31-декабрына чейин | -Чыгарылган продукциянын ассортиментин кеңейтүү; - Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү; - 50 жаңы жумушчу орундарын түзүү.
| «Токмокский консерва заводу» ЖЧК, Токмок шаарынын мэриясы | |
3. | «Элит-Гласс» ЖЧК
| Меш куруу, жаңы машина линиясын монтаждоо (Каржылык талап 350,0 миң АКШ доллары.) | 2018-жылдын 1-апрелине чейин
| Өндүрүштү модернизациялоо; - Чыгарылган продукциянын ассортиментин кеңейтүү (айнек идиштери); -Өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу | «Элит-Гласс» ЖЧК, Токмок шаарынын мэриясы | |
4. | «Токмок-Булс» ЖАК
| Патоканы кайра иштетүү боюнча линияны куруу (кант кызылчасы) (Талап 100,0 миң АКШ доллары.) | 2018-жылдын 31-декабрына чейин | - Чыгарылган продукциянын ассортиментин кеңейтүү; - Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү; - 10 жаңы жумушчу орундарын түзүү.
| «Токмок-Булс» ЖАК, Токмок шаарынын мэриясы
| |
5. | «Токмок-Булс» ЖАК
| Буудайдан крахмал менен глютинди өндүрүү линиясын куруу. (Талап 1,0 млн. АКШ доллары.) | 2019-жылдын 31-декабрына чейин | - - Чыгарылган продукциянын ассортиментин кеңейтүү; - Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү; - 20 жаңы жумушчу орундарын түзүү.
| «Токмок-Булс» ЖАК, Токмок шаарынын мэриясы
| |
Токтоп турган өндүрүштү жандандыруу | ||||||
6. | «СССР АС» ЖЧК | Потенциалдуу инвесторго сатуу. (Ишкананын сатылуучу баасы 12,0 млн. АКШ долларын түзсө + 3,0 млн. АКШ доллары ишкананы ишке берүүгө сарпталып, баардыгы 15,0 млн. АКШ доллары талап кылынат). | 2018-2019-жылдар. | - Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү; - 650 жумушчу орундарын жандандыруу; -муниципалитеттин каржылык өз алдынчалуулугун жогорулатуу. | Күрөө кармоочу – казахстандык «Банк.Центр.Кредит» ААК «СССР АС» ЖЧК, Токмок шаарынын мэриясы
| |
7. | «ТзКСМ» ААК
| (Ишкананын сатылуучу баасы 10,0 млн. АКШ долларын түзөт+1,5 млн. АКШ доллары иштетүү үчүн, баардыгы 11,5 млн. АКШ доллары, же 167,7млн.сом) | 2022 –жылдын 31 декабрына чейин | Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жогорулашы. Жаңы 280 жумушчу орундарын түзүү. Муниципалитеттин каржылык өз алдынчалыгын жогорулатуу | Уюштуруучусу «ТзКСМ» ААК, мэрия г.Токмок ш. мэриясы
| |
7.1. Бөлүм. Социалдык саясат | ||||||
8. | Саламаттык сактоо Токмок ш. ҮМБ
| Токмок шаарында Уй бүлөөлүк медицина борбоорунда жаңы лабораториялык жана диагностикалык имаратын куруу. Болжолу (эсептик) баасы 16,7 млн сом турат.
| 2020-жылдын 31.декабрына чейин | - Диагноз коюу сапатын жогорулатуу. медициналык мекеме тарабынан берилген сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө калктын мүмкүндүк алуу
| Токмок шаарындагы УБМБ, мэрия, инвестор | |
9. | Токмок шаарында спорт.комплексин куруу. | - Жер тилкесин бөлүү; -Долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу; - Спорткомплексинин курулушу; - Инвестициялык каражаттардын болжолдуу басы 800,0 миң АКШ доллары. | 2019-2020-жылдар. | -Ошол райондогу жашоочулардын спорт менен машыгууга мүмкүндүгү; -Спорт менен машыккандардын санынын өсүшү; - Шаардагы укук бузуулардын санынын азайышы; - Оорунун, тамеки тартуунун, баңгичиликтин жана ичимдик ичүүнүн деңгээлинин өсүп келе жаткан муундар арасында азайышы; - Өсүп келе жаткан муундар менен балдар арасында бош убакытты уюштуруу көйгөйү чечилет. | Инвестору «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы, Токмок шаардык мэриясы, Дене тарбиясы жана спорт бөлүмү. | |
10. | Социалдык турак жай. УСМ № 4
|
Ленин көчөсүндө ар бири 3,5 миң чарчы метр болгон жаңы 2 турак үйлөрүн куруу. Объектинин болжолдуу баасы 168,0 млн.сом. (өз каражаттары). |
2020-жылдын 31-декабрына чейин | -турак жай фондунун көбөйүшү; - муктаж болгон шаардыктарды турак жай менен камсыздандыруу; -турак жай шарттарынын жакшырышы.
| Токмок ш.мэриясы, УСМ № 4 | |
7.5. Бөлүм. Экологиялык саясат | ||||||
11. | “Токмок шаарында таштандыларды чогултууну, чыгарууну жана жок кылууну натыйжалуу уюштуруу” Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу.
| -Атайын техникаларды сатып алуу, жаңы кенен контейнерлерди орнотуу; -Таштандыларды ылгоочу комплексти уюштуруу ; Алдын ала эсептөөлөр боюнча инвестициянын суммасы 352,9 миң АКШ долларын түзөт (же 24,3 млн. сом)
| 2018-жылдын 31-декабрына чейин | -Токмок шаарында жаратылыш чөйрөсүнүн сапатын жакшыртуу; - адамдын жашоосу үчүн экологиялык коопсуз шарттарды түзүү; - шаардын экологиялык жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.
| Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинаты менен инвесторлор, Токмок шаардык мэриясы | |
7.7. Бөлүм. Инфраструктураны өнүктүрүү | ||||||
12. | Токмок шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу. | -Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдагы долбооруна акча каражатын бөлүү маселесин киргизүү; -Долбоордук-сметалык документацияны түзүү; -Башкы планды иштеп чыгууга тендер өткөрүү; -Тендерди утуп алган субъект менен Келишим түзүү; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомуна ылайык республикалык бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө расмий өтүнүү; -Токмок шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу; -аймактарды максаттуу пайдалануу, санитардык-гигиеналык кырдаалды жакшыртуу максатында өнөр жай аймактарын кайра уюштуруу жана модернизациялоо. | 2018-2022-жылдар. | -Шаардын иштелип чыккан жана бекитилген Башкы планы; -Жер кадастрынын негизинде муниципалдык менчик жөнүндө бирдиктүү маалымат тармагын түзүү; -Кабыл алынган пландоо чечимдеринин шаардын аймагынын бирдиктүү пландоо түзүмүнө оптималдуу байланыштыруу; - Калкты тейлөө объектилерин жайгаштыруу жана көлөмүн милдеттери боюнча аймакташтыруу үчүн ар кандай категориядагы жерлердин чек аралары, кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча бир катар позицияларды тактоо; -Транспорт жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү. | Шаар курулушу жана архитектура боюнча Мамлекеттик долбоорлоо институту, мэрия, ММБ, Токмок шаарынын Шаар курулушу жана архитектура боюнча Чүй аймактык башкармалыгы. | |
13. | “Муниципалдык менчикти башкарууга жаңы мамилелер” долбоорун ишке ашыруу | -Шаардын сайтында жайгаштыруу үчүн муниципалдык менчикти каттоо менен кийин электрондук маалымат базасын түзүү; - Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча өндүрүштү ачуу үчүн ишкерлик субъектилеринин инвесторлоруна жеке менчик укугунда муниципалдык менчик объектилерин жөнөкөйлөтүп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү; -Потенциалдуу инвесторлорго кийин шаардык кеңеште бекитүү менен бош турган жер тилкелерин/имараттарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону иштеп чыгуу;
-Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде жерге/имаратка ижара акысын төлөөдөн 2 жылдык мөөнөткө бошотуу ж.б. өндүү жеңилдиктер пакетин даярдоо; -Муниципалдык менчик объектилерин берүү боюнча “Онлайн түзүлүшүндө” ачык аукцион өткөрүү процедураларын киргизүү. | 2019-2020-жылдар. | -Муниципалдык менчик объектилерин каттоодон өткөрүү; -Кыймылсыз мүлк объектилеринин бирдиктүү маалымат тармагын түзүү; -Потенциалдуу инвесторлор менен жер тилкелеринин маалымат базасына ишкерлик субъектилеринин тоскоолдуксуз кирүүлөрүн камсыздоо; -Муниципалдык менчикти пайдаланууда, ошондой эле натыйжалуу башкарууда аны пайдалануу менен башкаруу маселелеринин ачыктыгын камсыздоо; -жер фондуна салык салуу маселелерин чечүү; -Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү. | УМС г.Токмок, Мэрия, горКенеш | |
14. | Токмок шаарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо тармагын куруу жана калыбына келтирүү. “Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана суу тутумдарын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу. | Биринчи этап: Токмок шаары менен Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин ортосундагы Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын 5,1 млн. Евро көлөмүндөгү Субнасыялык Келишимине кол коюуга макулдук берүү маселесин шаардык кеңештин сессиясында кароо. Экинчи этап: -Атайын техникаларды сатып алууга тендер өткөрүү; -Жабдууларды сатып алууга тендер өткөрүү; -Жабдууларды орнотуу боюнча иштерди өткөрүү. | 2018-2022-жылдар. | Жашоочулардын таза сууга жетишүүсү | Токмок шаардык мэриясы , КИК жана «Водоканал» МИ | |
15. | Сугат тармактарын оңдоо жана калыбына келтирүү (инвестициялык долбоорду даярдоо) | -Долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу; -Арык тармактарынын схемасын иштеп чыгуу жана салуу; -Сугат скважиналарын калыбына келтирүү; -Арык тармактарын калыбына келтирүү; -Куураган бак-дарактарды эсепке алуу жана кыюу; -Кийин көчүрүү максатында бак-дарактардын жакшы породаларынын көчөттөрүн питомникке отургузуу. | 2018-2019-жылдар. | -Экологияны сактоо; -Бак-дарактардын толук сугарылышын камсыздоо; -сугат тармактарынын натыйжалуулугун жогорулатуу; - Келечекте “Токмок – жашыл шаар” брендин түзүү.
| Токмок шаардык мэриясы, ММБ, Архитектура, КИК | |
16. | «Тейлөө-борборун” өркүндөтүү | -Токмок шаары менен Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Республикалык Институттун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызмтташтык жөнүндөгү Меморандумга кол коюу; - Адистерди окутуу; -мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү борборун уюштуруу үчүн мэрия менен мамлекеттик мекемелердин өз ара аракеттенүү механизмдерин ишке ашыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу; -Мэриянын тейлөө чөйрөсүндөгү башкаруунун жумушчу процесстерин жакшыртуу боюнча Иш-аракеттер планын иштеп чыгуу. | 2018-жылдын 31-декабрына чейин. | “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча бир жерде мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көсөтүүнү жакшыртуу.
| Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Республикалык Институту, Токмок шаардык мэриясы, ММБ, МСК жана башка тиешелүү кызматтар
| |
17. | «Лунопарк» эс алуу аймагын куруу (“Манап бий” эстелигинин артында, автобекеттин жанында)
| - Потенциалдуу инвесторлорду издөө; -Долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу; - Жер тилкесин бөлүү.; -Эс алуу аймагын куруу Строительство зоны отдыха. | 2022-жыл | -Шаарды заманбап эс алуу инфраструктурасы бар эс алуу жайы менен камсыздоо; -Коомдук тамактануу жана тейлөө тармактарын өнүктүрүү; -Жаңы жумушчу орундарын түзүү; -Салыктын кошумча түшүүлөрү. | Инвестор, Токмок шаарынын ММБ, Архитектура, Токмок шаардык мэриясы | |
18. | 1-жана 3-кичи райондордун ортосундагы «Баласагын» маданий эс алуу сейил багын көрктөндүрүү | - Поиск потенциальных инвесторов; - Разработка проектно- сметной документации; - Жер тилкесин бөлүү.; - Сейил бакты көрктөндүрүү; - Отургучтарды, таштанды урналарын, тротуарларды, жарык берүүчү шамдарды, спорт жана балдар аянтчаларын ж.б. орнотуу.
| 2018-2020-жылдар. | -Кичи райондордун жашоочулары үчүн жылы бою толук эс алуулары жана бош убактыларын кызыктуу өткөрүүлөрү үчүн шарттарды түзүү; - Жаш энелер жана улгайган адамдар үчүн ыңгайлуу, көзгө жагымдуу сейил багы.
| Инвестор, Токмок шаарынын ММБ, Архитектура, Токмок шаардык мэриясы | |
Жергиликтүү экономикалык
өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ф.Малабаева
Тиркеме №2
Токмок шаардык кенешинин
2017-жылдын «21»декабрындагы
№ 91/15-4 токтому м-н бекитилген
Токмок шаарынын
2018-2022-жылдарга өнүгүү программасы
Токмок ш. 201
Токмок шаарынын 2018-2022-жылдарга
өнүгүү программасы
Мазмуну
Киришүү......................................................................................3
I. Учурдагы кырдаалды талдоо
1.1. Географиялык фактор..................................................4
1.2. Ресурстук фактор..................................................... 4-5
1.3. Инфраструктуралык фактор...........................................5-8
1.4. Экономикалык фактор..................................................8-11
1.5. Урбанистикалык фактор.............................................11-12
1.6. Саясий фактор...................................................................12
II. Талдоо жыйнагы...............................................................13-17
III. Максаттуу аудиториянын мүмкүнчүлүгүн талдоо…......18
3.1. Демографиялык мүнөздөмө.......................................18-19
3.2. Ишмердүүлүк мүнөздөмөсү............................................19
3.3. Экономикалык мүнөздөмө.........................................19-25
3.4. Географиялык таандыгы..................................................25
IV. Максаттуу аудиторияны тандоо…...............................26-27
4.1. Максаттуу аудиториядан күтүлгөн негизги баалуулуктарды бекемдөө.............................................................27-28
4.2. Шаардын өнүгүү келечегиндеги негизги баалуулуктар жана принциптер.................................................................................28
4.3. Максаттуу аудиториядан күтүлгөн негизги артыкчылыктарды көрсөтүү...............................................................28
4.4. Максаттуу аудиторияны камтыган жерге таандык ишмердүүлүктүн негизги түрлөрүн бекемдөө..................................29
V. Модель тандоо
5.1. Модель (мейкиндикке өнүгүү, окуяларды топтоштуруу, социалдык өзгөрүүлөр чөйрөсү, инфраструктуралык чөйрө)...29-30
5.2. Багыт жана философия/шаардын маңызы (долбоор)....30
5.3. Глобалдуу мейкиндик тармактарына интеграция....30-31
5.4. Максаттар-милдеттер-принциптер............................31-32
5.5. Муниципалитеттин ролунун модели (чарбалык иштерге сиңүү деңгээли жана милдеттерди бизнеске ыйгаруу)..............32-33
VI. Шаардагы маанилүү процесстер........................................33-36
VII. “Өсүү точкасы”
7.1. “Өнөр жайдын кубаттуулугун калыбына келтирүү”............................................................................................36
7.2. “Муниципалдык менчикти башкарууга жаңыча мамиле”..........................................................................................36-37
7.3. “Коммуналдык тейлөөлөр боюнча Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоору”......................................................37-38
7.4. “Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каражатына суу менен камсыздоону жана суу тутумдарын реконструкциялоо”....................................................38
7.5. Инвестициялык саясат............................................38-39
VIII. Пландарды /стратегияны/элестетүү
8.1. “Шаардын экономикалык модели” багыты ..................40
8.2. “Куруу тармагы” багыты............................................40-41
8.3. “Жалпы көрүнүш жана курчап турган чөйрө” багыты.............................................................................................41-42
8.4. “Башкаруу жана коммуникациялар” багыты............42-43
8.5. “Көрктөндүрүү” багыты.............................................43-44
8.6. “Кварталдар жана кичи райондор” багыты..............44-45
8.7. “Эс алуу жана бош убакыт” багыты..........................45-46
8.8. “Адам капиталы” багыты.................................................47
IX. Стратегиялык тартипти тандоо.........................................48
X. Каржы модели........................................................................48
XI. Өнүгүүгө катышкандар жана өнөктөштөр......................49
Киришүү
Токмок шаары 1867-жылы түзүлүп, 4131,5 гектар аянтты ээлөө менен Кыргыз Республдикасынын борбору Бишкек шаарынан 60 километр аралыкта Чыгыш тарабында жайгашкан.
Шаар Азия континентин Европа, Кичи жана Борбордук Азия менен байланыштырган “Улуу Жибек Жолунда” жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын Прехзидентинин 2003-жылдын 11-июнундагы №175 ПЖ “Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын башкаруу органдары жөнүндө” Жарлыгына ылайык шаар башкармалыгын шаардык мэрия деп өзгөртүүнүн жана шаардык кеңештин жаңы курамын шайлоонун натыйжасында шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагы түзүлгөн.
Учурда шаар облустук баш ийүүдөгү шаар макамына ээ.
Токмок шаары Бишкек шаарынан кийинки эле экинчи өнөр жайлуу шаар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүлүшү менен жалпы күч жумшоонун аркасында башкы максатка жетишилип, шаардын экономикасы өсүүсү токтогон жана узакка созулган кризистик абалдан чыгып, анын динамикалык өсүүсү кайтпас мүнөзгө ээ болду.
Учурда Токмок шаары баардык багыттар боюнча чоң резервдерге жана өсүү мүмкүнчүлүгүнө ээ өсүп жаткан шаар макамына ээ.
Шаарыбызды биз:
Токмок – экономикасы динамикалуу өнүгүп жаткан, социалдык чөйрөсү өнүккөн жана натыйжалуу башкаруусу бар шаар.
Токмок – жашоо жана бизнес үчүн ыңгайлуу деңгээли боюнча Кыргызстандагы алдыңкы шаар.
Токмок – таза, көрктөндүрүлгөн шаар.
Токмок – жашыл шаар.
Токмок – ыңгайлуу жана жайлуу шаар.
Токмок – билимдүү шаар.
Токмок – ачык башкаруудагы шаар.
Токмок – шаардыктар менен шаардык бийликтин өнөктөштүгү аркылуу жашоонун ыңгайлуу чөйрөсүн түзгөн шаар деп билебиз.
1.Учурдагы кырдаалды талдоо
1.1.Географиялык фактор
Токмок шаары Кыргыз Республдикасынын борбору Бишкек шаарынан 60 километр аралыкта чыгыш тарабында Азия континентин Европа, Кичи жана Борбордук Азия менен байланыштырган “Улуу Жибек Жолунда” жайгашкан.
Чыгыштан батышты карай шаардын түндүк тарабында 9 километр узундукта Казахстан Республикасы менен чектешет. Чүй дарыясы эки республиканын ортосундагы чек ара болуп саналат.
Чүй өрөөнүн Ысык-Көл жана Нарын облустары менен байланыштырган эл аралык маанидеги 2 автомобиль жолдору, Бишкек-Балыкчы темир жолу шаар аркылуу өтөт.
Токмок шаарынын чек ара аймагында Бишкек-Кемин автомобиль жолунун 63-километринде “Токмок-Автодорожный” бажы посту (кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункту), ошондой эле чек ара посту бар.
1990-жылдары шаарда аскердик аэродром иштеп турган. Учурда аэродромду ДОСААФ автомектеби машина айдоону үйрөтүү жана “картинг” автожарыштары үчүн пайдаланат.
Жыл ичиндеги 230 жылуу күнү жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү күнөсканаларды өнүктүрүү үчүн шарттын бар экендиги жаратылыш-климаттык мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет.
1.2.Ресурстук фактор
Шаарда 64 улуттун өкүлдөрүнөн турган 61,8 миң адам жашайт.
Токмок шаары Кыргыз Республикасынын Чүй, Кемин жана Ысык-Ата райондорунун аймактык борбору болуп эсептелет. Шаарда 2 чоң базар бар. Борбордук “Булак” базарында айыл чарба продукциялары жана эл керектөөчү товарлар соода кылынса, Мал сатылуучу базарда Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарынан алынып келген мал соодаланат.
Шаар Чүй облусунун борборунда жайгашуу менен Токмок шаарынын жашылча базарында өздөрүндө өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатууга мүмкүндүгү бар Чүй, Кемин жана Ысык-Ата райондору менен чектешет.
Токмок шаарынан 12 километр түштүк тарабында байыркы Караханиддер мамлекетинин борбору болгон “Баласагун” шаар калдыгы, 11-кылымда курулган ачык асман алдындагы “Бурана” мунара музейи бар.
“Баласагун” шаар калдыгы, ошондой эле байыркы Суяб шаары, же болбосо Ак-Бешим шаар чалдыбары (Токмоктон 3 км. алыстыкта) туризм объектиси болуп саналат.
Токмок шаарынан 20-25 километр түштүк тарабында жаратылышы кооз “Шамшы” жана “Кегети” капчыгайлары жайгашкан.
Токмоктон 35 километр алыстыкта Орловка шаарынын лыжа базасы жайгашса, жаратылышынан ысык минералдык суусу бар ачык бассейндери бар, жылы бою иштеген “Ысык-Ата” курорту 50 километр алыстыкта жайгашкан.
Аталган туристтик объектилерден ашуулар аркылуу башка райондорго баруу мүмкүн экендигин белгилөөгө болот. Мисалы, Шамшы капчыгайы аркылуу Кочкор районуна, Кегети капчыгайы аркылуу Кочкор районуна жана Суусамыр өрөөнүнө, Кызыл-Суу (Кемин району) аркылуу Боом капчыгайына, Калмак-Ашуу аркылуу Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына барса болот.
Шаардын түштүк чыгыш тарабында, 100 километр алыстыкта туздуу деңиз суусу жана дарылык касиети бар булактары менен Ысык-Көл курорттук аймагы жайгашкан.
Токмок шаарында Кыргыз Республикасында иштеген банктардын, ошондой эле чакан кредиттик уюмдардын жана кредиттик кошундардын филиалдары бар. Алар: Бакай-Банк, Оптима-Банк, Кыргызстан КБ, Дос-Кредо Банк, Айыл-Банк, Финанс-Кредит Банк, БТА-Банк, РСК Банк, Роситнбанк, Финка банк, KISB, Аман-Банк.
1.3.Инфраструктуралык фактор
Социалдык-маданий көп түрдүүлүк
· Башталгыч, орто, атайын орто жана жогорку билим берүүнүн (бала бакчалар, орто мектептер, чыгармачыл борборлор, музыкалык мектеп, орто жана жогорку окуу жайлары) калыптанган тармагынын бар экендиги;
· Дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн инфраструктуранын бар экендиги (БӨОРСМ);
· Саламаттык сактоо тармагынын бар экендиги (ооруканалар, ҮБДТ, медициналык жана диагностикалык борборлор, дарыканалар);
· Борбордук китепканалар тармагынын бар экендиги (9 филиалы бар).
Сапаттуу тейлөөнүн сервистик борбору
· Кыргыз Республикасында иштеген банктардын, ошондой эле чакан кредиттик уюмдардын жана кредиттик кошундардын филиалдары бар экендиги;
· Коомдук тамактанунуунун өнүккөн тармагынын бар экендиги;
· Тейлөө көрсөтүүнүн өнүккөн тармагынын бар экендиги (мейманканалар, ТТС, автожуугучтар, коомдук транспорт, сулуулук салондору, эс алуучу объектилер ж.б.).
Чыгармачылыкты ишке ашыруучу чөйрө
· Насирдин Байтемиров атындагы Маданият ордосу (ийримдик иштер).
· Балдар менен өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв спорт мектеби (БӨОРСМ дене тарбиясы жана спорт).
· Достук Үйү (фестивалдар, майрамдар ж.б.).
Шаардын жашоосун камсыздандыруучу сектор
Шаарда көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, көчө жарыктарын, светофорлорду, шаардын жолдорун тейлөө, жол белгилерин коюу жана башка маселелер боюнча Коммуналдык ишканалар комбинаты (КИК) иш алып барат.
Шаарды таштандылардан арылтуу боюнча иштер таштандыларды контейнерлерге топтоо жана таштанды полигонуна чыгаруу менен чектелген.
Биз тараптан шаарды санитардык тазалоо боюнча Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар башталды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча инвестициялардын суммасы 24,0 миллион сомду түзөт. Таштанды чыгарылуучу полигондун ай магында таштандыларды ылгоочу комплекстин курулушу, 3 таштанды ташуучу “КамАЗ” автомашиналарын, темир бактардан көлөмү 7 эсе чоң болгон, учур талабына жооп берген тереңдетилген таштанды ташталуучу бактарды сатып алуу пландаштырылууда.
Аталган долбоор таштандылардын санын азайтып, анын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин төмөндөтмөкчү. Аталган долбоор Токмок шаарынын 20182022-жылдарга өнүгүү программасын ишке ашыруудагы “Токмок – таза, көрктөндүрүлгөн шаар” багытында ишке ашырылмакчы
Токмок шаарында жылуулук энергиясы жана ысык суу менен шаардын калкы, бюджеттик уюмдары жана башка керектөөчүлөрү эки ишкана тарабынан камсыздалат: “Токмок жылуулук менен камсыздоочу ишканасы” мамлекеттик ишканасы жана “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасы.
Көрүлгөн чаралардын аркасында “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасында буу казандар чарбасы менен жылуулук трассасын реконстркциялоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлинин алдындагы Мамлекеттик экономикалык өнүгүү фонду аркылуу 70,0 миллион сом ссуда алынган.
GX6 моделиндеги эки жаңы буу казандарын орнотуу пландаштырылган. Жаңы жылуулук берүү мезгилин ийгиликтүү жана үзгүлтүксүз өтүүгө мүмкүндүк берген жаңы жылуулук берүүчү буу казанын да орнотуу пландалууда
Буу казандар чарбасы менен жылуулук трассасын реконстркциялоону өткөрүү өз кезегинде төмөдөгүлөргө таасир этет:
-жаңы жылуулук берүү мезгили үчүн жаратылыш газын колдонуунун көлөмүн азайтууга;
-жылуулук энергиясына тарифтин камсыз болушу ишкананын чыгашаларын жабууга мүмкүндүк берерлигине;
-жылуулук берүү мезгилинде буу казандарынын сапттуу жана үзгүлтүксүз иштешине;
- 1 Гкал. Жылуулукту иштеп чыгуу боюнча өздүк наркынын төмөндөшүнө;
-бюджеттик уюмдардын коммуналдык тейлөөлөр үчүн акы төлөө боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджетке салмак салууларын азайтууга;
-шаардын калкы үчүн тарифтин өлчөмүнүн төмөндөшүнө.
Бүтүндөй алганда бул маеселенин чечилиши шаардагы социалдык кырдаалга тикелей таасир этет. “146” ыкчам кызматына, ошондой эле ушул эле кызматтын ишине даттануулар менен кайрылгандардын саны азаят. Бул өз кезегинде коммуналдык кызматтын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчү болот. Өткөн жылуулук берүү мезгилинде ыкчам чара көрүү кызматына 7211 кайрылуулар жана даттануулар түшкөн, бул баардык кайрылуулардын 91,3% түзөт.
“Токмок Водоканал” муниципалдык ишканасы ичүүчү суу жана канализациядагы агынды сууну тазалоо боюнча кызмат көрсөтөт. Ишкананын карамагында 31 скважина бар.
Ичүүчү суу менен камсыздоону жана канализациядагы агынды сууну тазалоо боюнча иштерди жакшыртуу максатында шаарда баасы 5,1 миллион Евро көлөмүндөгү Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каражатына “Токмок шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тармактарын реабилитациялоо” долбоору ишке ашырылуунун алдында турат. Аны ишке ашыруу мөөнөтү 216-жылдан 2018-жылдарга чейин. Аталган долбоор ишке ашса Токмок шаарынын тургундары жана уюмдары суу менен камсыздоо жана суу тутумдарынын сапаттуу тейлөөлөрүнөн пайдалана алышат.
Токмок шаарын электр энергиясы менен камсыздоону Токмок райондук электр тармактары узундугу 101,4 километр болгон (ВЛ-10 кВ) жана 63 километр болгон (КЛ-0,4 кВ) 10 киловаттык 32 фидер боюнча 6 трансформатордук подстанциялар аркылуу, ошондой эле жалпы узундугу 403 километр узундуктагы 0,4 киловаттык электр чубалгылары аркылуу жүргүзөт. Аталган түзүмдүк бөлүм тарабынан кардарларга электр энергиясын жеткирүү, “акылдуу эсептегичтерди” орнотуу аркылуу электр энергиясын пайдаланууну эсепке алууну өркүндөтүү, трансформатордук подстанцияларды оңдоону жакшыртуу боюнча иштер аткарылат.
“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун Чүй-Токмок филиалы 15700 абонентке байланыш кызматын көрсөтсө, анын ичинде 2100 абонент Интернет тейлөөлөрүнөн пайдаланышат. Ошондой эле уюлдук “О”, “Мегаком”, “Билайн” операторлору иш алып барышып, аларга кошулгандардын саны күн санап өсүп барат. Аталган түзүмдүк бөлүм тарабынан Интернеттин сапатын жакшырткан жана ылдамдаткан айнек-жиптүү (оптико-волоконный) кабельге объектилерди туташтыруу боюнча иштер улантылууда. Ошондой эле абоненттерди Интернеттин сапатын жакшыртууга жана ылдамдатууга мүмкүндүк берген көчмө станцияларга кошуу улантылууда.
Жолдордун абалы боюнча Токмок шаарынын аймагында 203,2 километр жол бар экендигин, алардын 123,6 километри (60,8%) асфальталганын, 79,6 километри таш төшөлгөн жол, 36,4 километр жөө адамдар басуучу жол экендигин айтсак болот. Тактап айтканда жыл сайын жергиликтүү бюджетте жолдорду оңдоого акча каражаты каралып тургандыгына карабай, жолдордун абалы аларды мезгил-мезгили менен оңдоону талап кылат. Жакынкы аралыкта жолду толук асфальттоо жана чуңкурларын оңдоо, жөө адамдар басуучу жолдорду оңдоо үчүн 1,7 миллион сом, ал эми шаардын 3 көчөсүн оңдоого 12,2 миллион сом каражат жумшоо пландалууда.
1.4.Экономикалык фактор
Экономикалык жана ишкерликтин мүмкүнчүлүктөрү
· Мунципалдык эркин жер тилкелеринин бар экендиги;
· Инженердик инфраструктуранын бар экендиги;
· Казак Республикасы менен чектешкендиги;
· Ири мал базарынын бар экендиги;
· Эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун жана өнөр жай аймагына баруучу бутактары бар темир жолунун бар экендиги;
· Айыл чарба багытындагы жакын жайгашкан райондордун сырьелук базасынын жакындыгы;
· Ишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук ассоциациялардын бар экендиги (“ЖИА” ОЮЛ жана Токмок шаардык ишкерлер кошуну).
Шаарда чакан бизнестин 3 ири, 8 орто, 22 объектиси жана эң эле чакан деп эсептелген 143 объектиси иш алып барышат. Тармактар чөйрөсүндөгү ири ишканалар:
-курулуш индустриясы 4 ишкана;
-жеңил өнөр жайы 4 ишкана;
-тамак-аш өнөр жайы 5 ишкана;
-жылуулук сууэнергетикалык тармак 6 ишкана.
Токмок шаары эң жогорку экспорттук кубаттуулукка ээ. Россия, Германия, Кытай, Италия, Монголия, Кипр, Белоруссия, Казахстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен маанилүү соода-экономикалык өз ара катнашы бар.
Негизги экспорттук товарлар: ар кандай маркадагы терезе айнектери, күзгүлөр, жеңил жана тамак-аш өнөр жайынын продукциялары жана кен эмес материалдардан алынган гранит, мрамор ж.б. курулуш материалдары.
Иштеп жаткан эң ири ишканалардын бири “Интергласс” жопкерчилиги чектелген коому. Ал өндүргөн продукция Россияга, Казахстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жана Кипрге экспорттолот. Ишкананын 2,5 миллиард сомдон ашуун продукция чыгарууга мүмкүндүгү бар.
2017-жылдын январь айында “Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү ишкер заводу” жоопкерчилиги чектелген коому ишке киргизилген. Ишкана күн санап кубаттуулугун арттырып, жылына 400,0 миң тонна чийки мунайды иштетет.
“Токмок-Булс” жабык акционердик коому заманбап жогорку технологиядагы жабдуулар менен жабдылып, Орто Азиядагы эң ири ишканалардын бири болуп эсептелет. Техникалык жабдуу деңгээли боюнча “Токмок-Булс” спирт заводунун өндүрүштүк базасы эң жогореку талаптарга жооп берет. Ишкана “Альфа” маркасындагы, ГОСТ 51652 2000 жогорку сапаттагы этил спиртин өндүрөт.
“Каз-Грейн” жоопкерчилиги чектелген коому Казахстандын “Бас Астык” компаниясынын клейковинасы жогору болгон дандан чыгарылган “Алия” брендиндеги түрдүү ассортименттеги ун өндүрүлөт. Заводдун кубаттуулугу суткасына 250,0 тонна ун чыгарууга эсептелген.
“Кыргыз-Тоо-Таш” ачык түрдөгү акционердик коому дубалдарды беттөөчү гранит, мрамор жана башка такталарды өндүрөт жана негизинен продукциясын Россия менен Казахстанга экспорттойт.
“Вива-Текс” жоопкерчилиги чектелген коому жарымы жүн жиптен жана таза жүн жибинен токулган даяр продукция өндүрөт жана Россия, Казахстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Монголияга экспорттойт.
“Железобетон” акционердик коому темир-бетон конструкцияларын, товардык бетон өндүрөт.
Мындан тышкары шаарда 6774 жеке ишкерлер иш алып барышат.
Жогоруда атлган экспортко чыгарылган продукциялардан башка ар кандай көлөмдөгү айнек идиштери, тери өндүрүшүнүн калдыктары жана тордомо кийимдер экспорттолот.
Шаардын ишканалары жогорку технологиядагы түркүн жабдууларды, станокторду жана машиналарды, ошондой эле химиялык буланы, композиттик материалды, темирди, жыгачты, тилинген жыгачтарды, акрил боёкторун, цемент, бюуудай жана көмүрдү импорттойт.
Бирок, шаардын бир катар өнөр жай ишканаларында техникалык деңгээли менен технологиялык жабдуулар менен камсыздалышы тиешелүү деңгээлде болбой жатат жана айрым өндүрүштүк кубаттуулуктар толук көлөмдө пайдаланылбай жатат.
Жаңы өндүрүштү жана технологияны, же болбосо өндүрүштү диверсификациялоо үчүн алардын көпчүлүгүнүн каражаты жетишпейт.
Шаардын алдыга койгон башкы маселелеринин бири өнөр жайдын кубаттуулугун калыбына келтирүү болуп саналат. Көптөгөн ишканалар узак мөөнөттүү инвестицияларга жана карыз каражаттарына муктаж.
Шаарда “иштебейт” деген макамга ээ болгон 2 ишкана бар – алар “СССР АС” жоопкерчилиги чектелген коому менен “Токмоктогу керамикалык дубал такта заводу” жоопкерчилиги чектелген коому бар. Алардын бири сүт иштетүүгө, экинчиси бышырылган кыш чыгарууга багытталган.
Ошондой эле инвестициялардын жоктугуна байланыштуу “Токмок-Плодоовощ” жоопкерчилиги чектелген коому менен “Консера заводу” жоопкерчилиги чектелген коому толук кубаттуулукта иштей албай жатат.
“Токкож” жоопкерчилиги чектелген коому тери иштетүү боюнча Кыргызстандагы жалгыз завод. Анын продукциялары Украина менен Белоруссияга экспорттолот. Мындан сырткары аталган ишкананын продукциясы ит менен мышыктарга тоют өндүрүүдө кошумча тоют катары пайдаланылат.
Шаарда “ТАКУ” жоопкерчилиги чектелген коому курулуш компаниясы бар. Аталган ишкана курулуш иштеринен тышкары пайдалануучуларга газ жеткирүүдө түтүктөрдү да орнотушат. Ишкананын өндүрүштүк чоң базасы бар: кампалар, цехтер, окуу борбору, подстанция жана жыгач иштетүүчү цех. Ишкана өз каражаттарынын эсебинен иштеп баштаган. Келечекте инвесторлор үчүн инвестиция салууга ишмердүүлук аянты бар.
“Токмокплодоовощ» жоопкерчилиги чектелген коому консерва чыгаруучу завод.
Чектелбеген сандагы жашыча-жемиш продукциясын чыгаруу үчүн зарыл болгон баардык инженердик-техникалык жабдуулары бар: томат-паста, повидло, компот, маринаддар, ашкабак жана баклажан икралары, нукура ширелер, аралашма ширелер, кондитер өндүрүшү үчүн салаттар жана мөмө пасталары.
Ишкананын жайгашкан орду ага келүүгө өтө ыңгайлуу. Ири консерва заводун уюштуруу үчүн жакын жерлердеги жана анын айланасындагы аймактар продукция өндүрүүнүн зор кубаттуулугуна ээ.
Концентрацияланган азыктарды өндүрүү боюнча томат-паста, мөмө пастасын чыгаруучу 160 тонна өндүрүмдүү венгерлик Р-16 линиясы бар.
Продукцияларды дүйнөлүк стандартка жооп берүүчү ар кандай сыйымдуулуктарда өндүрүү үчүн технологиялык линияны модернизациялоо зарыл.
“Инкубатор” инкубатордук-канаттуулар станциясы 1,89 гектар аянтты ээлөө менен мезгилдүү иш алып барат (толук жүктөлүшү айына 200 миң балапан, иштеген мезгилинде 1,0 миллион балапан).
Шаардын түштүк тарабындага 62,0 гектар жер аянтына Токмок “Технопаркын” түзүү мүмкүндүгү бар. Чехтердин “Berman Group” консалтинг компаниясы тарабынан инженердик инфраструктурага туташтыруу мүмкүндүгү менен (энергия менен камсыз кылуу 2,5 км, суу менен камсыздоо 2,5 км, канализация 800 метр жана жаратылыш газы 5 метр) өнөр жай аймагынын концептуалдык дизайны иштелип чыккан. Учурда инвесторлорду издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары шаардын чыгыш тарабында 11,0 гектар жер аянты бар (жеке браундфилд). Мурда бул жерде Кант заводу бар болучу. Ал жерге баардык инженердик инфраструктура киргизилген жана темир жол бутагы бар.
1.5.Урбаникалык фактор
Миграциялык өсүш 50 адамды түзгөн. 2016-жылдын январь-декабрь айларында 952 адам келсе 902 адам чыгып кеткен.
“Булак” борбордук базарында айыл чарба продукцияларын жана калк керектөөчү товарларды Чүй, Кемин, Ысык-Ата райондорунун жана Казахстан Республикасынын жакын жайгашкан айылдарынан келишкендер сатышат жана сатып алышат.
Мал базарда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын малы сатылат.
Токмок шаарынын өнөр жай аймагы шаардыктарды гана эмес Чүй, Кемин, Ысык-Ата райондорунун тургундарын да жумуш менен камсыз кылат.
Токмок шаарынын тургундарынын бош убактыларын өткөрүүлөрү үчүн Насирдин Байтемиров атындагы Маданият ордосунда 15 ийиримдер уюшулган. Мындан сырткары “Баласагын”, “Бурана Ак Элечек айымдары” фольклордук топтору, “Славянка” ардагерлер хору, балдар менен иштеген чыгармачылык “Жаштык” жана “Биримдик” бий жамааттары ишешет.
Шаардыктардын эс алуусу үчүн 4 сквер (Ы.Борончиев, Ленин көчөлөрүндө, Трест жана Боордоштор мүрзөсүнүн жанында) жана 4 сейил бак (С.Ибраимов атындагы борбордук аянт, “Манап бий” эстелиги жана 3-кичи райондогу 2 сейил бактары) бар.
Калктын дене тарбиясы жана спорт менен машыгуулары үчүн төмөндөгүлөр бар:
-18 спорт залдары;
-5 спорт комплекстери: “Касиет”, “Шумкар”, “Люксор”, “Арена” жана Балдар менен өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв спорт мектеби;
-12 чакан футбол аянтчалары.
Жакында 2,0 гектар бөлүнүп берилген аянтта “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун каражатына спорт комплексин куруу пландалууда.
Шаарда туристтерди тейлөө үчүн зарыл болгон баардык инфраструктура бар. Тактап айтканда, коомдук тамактануу тармагы, транспорттук тейлөө жана мейманкана комплекси. Шаарды туристтер үчүн токтоп өтүүчү база катары колдонсо да болот.
1.6.Саясий фактор
Токмок шаардык кеңеши 31 депутаттан турат. 2016-жылы шаардык кеңешке 4 партия өткөн, алар: КСДП – 14 мандат, Кыргызстан – 10 мандат, Республика – 4 мандат жана АК – 3 мандат.
Көпчүлүк коалицияны КСДП жана Республика партиялары түзгөн. 2016-жылдын 15-июнунда Токмок шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлгөн. Шаардагы саясий кырдаал туруктуу эле.
Токмок шаардык кеңешинде депутаттар 7 туруктуу депутаттык комиссияларга бөлүнүп иштешүүдө:
-мандат, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун калыптанышы комиссиясы;
-экономика, бюджет, каржы, салык жана инвестицияларды тартуу комиссиясы;
-социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, дин, туризм жана жаштар иштери) боюнча комиссиясы;
-ишкерликти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча комиссиясы;
-өнөр жайы, курулуш, архитектура, транспорт жана турак-жай-коммуналдык кызматтары боюнча комиссиясы;
-укук коргоо жана коргоо боюнча комиссиясы;
-экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясы.
II Бөлүм
SWOT –Токмок шаарынын анализи
Артыкчылыктар (S) (Күчтүү тараптары) | Кемчиликтер (W) (Алсыз тараптары) | Мүмкүнчүлүктөр (O) | Коркунучтар (T) |
Ички факторлор | Тышкы факторлор | ||
Экономикалык жана ишкердиктин мүмкүнчүлүктөрү Муницпипалдык бош жерлердин бар экендиги; · Инженердик инфраструктуранын бар экендиги; · Казахстан Республикасы менен чектешкендиги; · Ири мал базарынын бар экендиги; · Эл аралык автомобиль жолунун жана темир жолунун өнөр жай аймагына барган бутактарынын бар экендиги; · Жакын жайгашкан райондордун айыл чарба багытындагы сырье базасынын жакындыгы; · Ишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук ассоцоиациялардын бар экендиги (ОЮЛ «ЖИА» жана Токмок шаарынын ишкерлер союзу).
| Экономические
· Мамлекеттик жөнгө салуунун жогорку деңгээли; · Өнөр жайынын заманбап жабдуулар жана жаңы технологиялар менен жабдылышынын төмөнкү деңгээли; · Ишкерлик ишмердүүлүгүн ченемдик-укуктук камсмыздоонун; · Жергиликтүү бюджеттин каражатынын чектелүүсү; · Башкы пландын жоктугу; · Көмүскө экономиканын деңгээлинин жогорулугу; · Чакан жана орто ишканалардын тышкы рынокко чыгууларынын татаалдыгы; · Импорттун ордун толтурууда компаниялардын продукциясынын ассортиментинин чектелүүсү жана товарлардын атаандаштыкка алсыздыгы;. · Жылуулук, суу түтүктөрү жана канализация тармактары сыяктуу инженердик коммуникациялардын эскилиги жеткендиги; · Шаардын аймагы инженердик коммуникациялар менен толук камтылбагандыгы; · Коммуналдык кызматтардын алдындагы дебитордук карыздардын деңгээлинин жогорулугу; · Шаардын жолдорунун канааттандырарлык абалда экендиги; · Бизнести узак мөөнөткө насыялоонун жоктугу; · Насыя ресурстарына баанын жогору экендиги.
Инфраструктуралык · Коомдук унаа автопаркынын чектелүүсү; · Шаардагы көчөлөрдүн көпчүлүгүн асфальттап оңдоонун зарылдыгы; · Коммуналдык тейлөө көрсөтүүнүн деңгээлинин төмөндүгү; · Инженердик коммуникациялардын моралдык эскириши (суу, жылуулук, агынды суулар ж.б..); · Таштандыларды чогултуп, чыгаруу боюнча автопарктын эскилиги жеткендиги; · Бак-дарактарды сугаруу үчүн арык тармактарын калыбына келтирүүнүн зарылдыгы.
|
· Кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрү. · 62,0 га. аянтта Токмок «Технопаркын» түзүү. · ЕврАзЭС рынокторуна чыгуу
|
· ЕврАзЭСке катышкан мамлекеттерден товарларды импорттоо · Шаардын электр энергиясын пайдалануусуна коюлган чектөө. · Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаал
|
Социалдык-маданий көп кырдуулук · Башталгыч, орто, адистештирилген жана жогорку билим берүүнүн калыптанган тармагынын бар экендиги. · Дене тарбиясы жана спорт менен машыгуу үчүн инфраструктуранын бар экендиги (БӨОРСМ). · Саламаттык сактоо тармагынын бар экендиги (ооруканалар, ҮБДТ, медициналык жана диагностикалык борборлор, дарыканалар); · Борборлоштурулган китепканалар тармагынын бар экендиги (9 филиал).
| Социалдык:
· Дарыгерлер менен камсыздоонун деңгээлинин төмөндүгү. · Медициналык жардам көрсөтүүнүн деңгээлинин төмөндүгү. · ҮБМБ менен ТАОда медициналык жабдуулар менен жабдылышынын деңгээлинин төмөндүгү. · Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги. · Мектептердин жана окуу адабиятынын жетишсиздиги. · Мугалимдердин эмгек акыларынын деңгээлинин төмөндүгү. · Билим сапатынын деңгээлинин төмөндүгү. · Калктын аз камсыз болгон катмарынын санынын төмөндөө динамикасынын жоктугу. · Экономиканын бир катар тармактарында, бюджеттик чөйрөдө, тейлөө чөйрөсүндө, коммуналдык чарба тармагында кесипкөй адистердин тартыштыгы. · Өз алдынча иштегендердин саны өсүүдө. |
|
|
Маданий-тарыхый жайлар
Баласагун — азыркы Токмок шаарына жакын жайгашкан орто кылымдагы шаар. «Бурана мунарасы»–Орто Азиядагы X-XI кылымдардагы исламдын баштапкы архитектуралык эстеликтеринен болуп эсептелет. | Маданий · Маданий эстеликтердин санынын аздыгы. · Маданий объектилердин материалдык-техникалык жабдылышынын төмөндүгү. · Маданият кызматкерлеринин эмгек акыларынын төмөндүгү. |
|
|
Сапаттуу тейлөө сервис борбору Кыргыз Республикасындагы баардык банктар менен чакан насялоочу уюмдардын өнүккөн тармагынын бар экендиги; Коомдук тамактануунун өнүккөн тармагынын бар экендиги; Тейлөө көрсөтүүнүн өнүккөн тармагынын бар экендиги (мейманканалар, СТО, авто жуугуч жайлар, коомдук транспорт, сулуулук салондору, эс алуу объектилери ж.б.). | Жана башкалар “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча тармактын/борбордун жоктугу; Шаардын коомдук турмушуна коомчулуктун катышуу деңгээлинин төмөндүгү; Коомчулутун ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн чечүүдөн четтеши. |
|
|
Чыгармачылыкты ишке ашыруучу чөйрө Н. Байтемиров атындагы Маданият ордосу (ийримдик иштер) БӨОРСМ (дене тарбиясы жана спорт) Достук үйү (фестивалбдар, майрамдар ж.б.) |
|
|
|
III. Максаттуу аудиториянын мүмкүнчүлүгүн талдоо
Токмок шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын негизги максаттуу аудиториясы катары анын тургундары каралууда. Шаардыктар өнүгүү программасы боюнча муниципалдык өзгөрүүлөрдүн натыйжаларын аягында пайдалануучулар болуп эсептелет.
Ошондой эле максаттуу аудиторияга инвесторлор менен жакын жайгашкан райондордун жашоочулары да кирет. Ушул программанын башкы максаттарынын бири шаардыктардын жашоосу, бизнести жүргүзүү жана инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат.
Жаңы ишканаларды ачуу, иштеп жаткан өндүрүштөгү кубаттуулуктарды жакшыртуу аркылуу шаардыктар менен жакын жайгашкан райондордун жашоочуларынын ийгиликтүү жашоосун жогорулатуу шаардын инфраструктурасынын жакшырышына, көрсөтүлүп жаткан тейлөөлөрдүн сапатына, шаардыктар менен шаардын меймандары үчүн маданий-оюн-зоок жайлары менен эс алуунун жаңы түрлөрүн түзүүгө көбүрөөк көңүл бөлүүгө мүмкүндүк берет эле.
3.1. Демографиялык мүнөздөмөлөр
Статистикалык маалымат боюнча 2017-жылдын 1-январына карата Токмок шаарынын калкынын саны 61814 адамды түзгөн. Эмгекке жарамдуу жаштан төмөнкү 15 жашка чейинкилер 21732 адам болсо, анын ичинен 11256сы эркектер, 10476сы аялдар. Эмгекке жарамдуу калктын саны 34053 адам болсо, анын ичинен 16318и эркектер, 17735и аялдар.
Шаарда 6189 пенсионерлер жашашат. 2016жылдагы пенсиянын орточо көлөмү 5396 сомду түзгөн.
2012-жылдан 2016-жылга чейин Токмок шаары боюнча пенсиянын орточо көлөмүнүн өсүү динамикасы
3.2. Ишмердүүлүк мүнөздөмөлөрү
Ишке жарамдуу курактагы адамдардын саны 34053 адамды, же болбосо шаардын калкынын жалпы санынын 55,1% түзөт.
Шаардын жашоочуларынын негизги иштеген жерлери: өнөр жайында – 32,1%, билим берүү тармагында – 23,7%, саламттык сактоо тармагында – 11,8%, тейлөө тармагында -10,9% жана башка тармактарда -21,5%.
Мындан тышкары жеке ишкерликтин түрлөрү боюнча экономиканын башка чөйрөлөрүндө 6,5 миңден ашуун адам иштешет.
3.3. Экономикалык мүнөздөмөлөр
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык көрсөткүчтөр
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча шаар боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4222,8 миллион сомду түзсө, номиналдык өсүү ыргагы 130,3% түзгөн. 2016-жылдын отчеттук мезгилинин жыйынтыктары боюнча физикалык көлөмдүн индекси 108,4 пунктту түзгөн.
Токмок шаары боюнча 2012-2016-жылдар аралыгындагы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү
2016-жылдын 12 айында чакан жана орто бизнес субъектилеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1681,9 миллион сомду, өсүү ыргагы былтыркы жылдын деңгээлине салыштырмалуу 167,1% түзгөн.
Отчеттук мезгил аралыгында чакан жана орто бизнестин 35 субъектилери ишке берилип, 204 жаңы жумушчу орундары түзүлгөн.
2016-жылы 1401,8 миллион сом суммасындагы чакан кредиттер (9885 адамга) берилсе, мурунку жылы 1233,7 миллион сом суммасындагы чакан кредиттер (9880 адамга) берилип, мындагы өсүү ыргагы 113,6% түзгөн.
Токмок шаары боюнча 2012-2016-жылдар аралыгында чакан жана орто бизнес өндүрүшүнүн көлөмү
Отчеттук мезгил аралыгында жалпы аянты 5,7 миң чарчы метр болгон 50 жеке турак үйлөр ишке берилген болсо, мурунку жылы жалпы аянты 10,5 миң чарчы метр болгон 67 жеке турак үйлөр ишке берилген. Мында өсүү ыргагы 54,7% болгон.
Токмок шаарында 2012-2016-жылдар аралыгында жеке турак-жайды ишке киргизүү
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча чекене товар жүгүртүү 4971,9 миллион сомду түзүп, мында накта баасына алганда өсүү ыргагы өткөн жылга салыштырмалуу 102,3% түзгөн.
Токмок шаарында 2012-2016-жылдар аралыгында товар жүгүртүүнүн көлөмү
2016-жылдагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн көлөмү 450,0 миллион сомду түзүп, мында накта баасына алганда өсүү ыргагы өткөн жылга салыштырмалуу 100,8% түзгөн.
Токмок шаарында 2012-2016-жылдар аралыгында акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн көлөмү
Каржы блогу
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын 2017-жылдын 28-февралындагы XI сессиясынын №58/11-4 токтому менен бекитилген 2017-жылга Токмок шаарынын жергиликтүү бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолдору.
2017-жылга шаардын бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча атайын каражаттарды эске алуу менен 198 353,3 миң сом суммасында бекитилсе, 2018-жылга болжолу 209 914,3 миң сом, 2019-жылга болжолу 219 479,3 миң сом деп бекитилген. Кирешелер бөлүгүнүн болжолу 5-7% өсүү багытына ээ.
Жергиликтүү бюджеттин кирешелер булактары болуп саналат:
-жөнгө салынуучу кирешелер: киреше салыгы, ишкерлик субъекттери үчүн бирдиктүү салык, милдетүү патент алуу негизиндеги салык, ыктыярдуу патент алуу негизиндеги салык, сатуудан алынуучу салык жана роялти.
-бекемделген кирешелер: кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салык (1-2-3-топтор), транспорт каражатына салык, жер салыгы, жерди ижарага алуу салыгы, имараттарды ижарага алуу салыгы, таштанды чыгарууга төлөмдөр, автоунааларды токтотууга төлөмдөр, акы төлөнүүчү тейлөөлөрдөн түшкөн төлөмдөр, айыл чарбасына тиешеси жок жерлерди сатуудан түшкөн төлөмдөр.
Жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүн толтуруунун булактары болуп саналат:
-муниципалдык менчиктеги жер ижарасы жана имараттардын, бөлмөлөрдүн, курулмалардын ижарасы өңдүү салык эмес төлөмдөрдү натыйжалуу пайдалануу;
-акы төлөнүүчү тейлөөлөрдөн түшкөн жана айыл чарбасына тиешеси жок жерлерди сатуудан түшкөн төлөмдөр.
Бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча иш-чаралар:
-шаардын жергиликтүү бюджетин этаптан этапка өтүү процессин калыптандырууну ылдамдатууну программалык негизге которуу;
-баардык коммуналдык тейлөөлөрдү (жылуулукка, электр энергиясына, сууга жана агынды сууга) электр, жылуулук жана суу эсептегичтеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде гана эсепке алууну кийирүү;
-таштанды чыгарууну жана коммуналдык төлөмдөрдү төлөөнү салыштыруу актысы ж.б. болгондо гана ишке ашыруу;
-сырткы жана ички донорлордун инвестицияларын тартуу;
-мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык Кодесинин 52-1 беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин кирешелик кубаттуулугун жогорулатуу мүлк салыгы, жер салыгы, милдеттүү жана ыктыярдуу патенттөө негизиндеги салык боюнча салыктын укуктук чөйрөсүндөгү салык көзөмөлү жана салык карыздарын өндүрүүдөгү ыйгарымдарды ылдамдатуу жолу аркылуу жетишсе болот.
Салык саясаты чөйрөсүндө жергиликтүү бюджетке түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берген салыкты администрациялаштыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу көйгөйлүү маселе бойдон калууда. Биринчи кезекте:
-мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерге салыктык жана салык эмес төлөмдөрдүн баардык түрлөрү боюнча чогултуу планын ай сайын аткарып турууну камсыздоо;
- “көмүскө экономиканын” деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштер;
-салыктар жана төлөмдөр боюнча карыздарды кыскартуу боюнча иштер.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жыл сайын аткарып туруу шаардын социалдык инфраструктурасын максаттуу жакшыртууга жана кеңейтүүгө, көрсөтүлүп жаткан коммуналдык тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатууга жана ошону менен бирге шаардыктардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган шаардын тиричилик ишмердүүлүгүндөгү маселелерди жана көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет.
2017-жылдын аягына чейин жергиликтүү бюджетке түшүүчү күтүлүп жаткан салык төлөмдөрү 132,7 миллион сомду түзмөкчү.
2016-жылдагы жергиликтүү бюджет 210,8 миллион сомду түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 12,7% аз, же болбосо 30,7 миллион сомго аз болгон.
Диаграмма: Токмок шаарынын 2012-2016-жылдар аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү (млн.сом менен)
2016-жылдагы бюджеттин кирешелеринин 71,0% салыктан, 13,2% салык эмес төлөмдөрдөн, 14,0% трансферттен, 1,8% активдерден жана милдеттенмелерден турат.
Диаграмма: Токмок шаарынын 2012-2016-жылдар аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн салыштырмалуу түзүмү
Диаграмма: Токмок шаарынын 2012-2016-жылдар аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин чыгашалар бөлүгүнүн түзүмү
(диаграмма бар)
Диаграмма: Токмок шаарынын 2012-2016-жылдар аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин чыгашалар бөлүгүнүн салыштырмалуу түзүмү.
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Токмок шаары боюнча жумушсуздуктун деңгээли 5,7% түзгөн. Мисалга алсак бул көрсөткүч 2015-жылда 6,0% түзгөн. Көрүнүп тургандай 0,3% төмөндөө бар.
2016-жылдын январь-декабрь айларында кызматкерлерге эсептелген орточо айлык акы 105,4% номиналдуу өсүү ыргагында 11655,6 сомду түзгөн. Салыштыра турган болсок 2015-жылдын январь-декабрь айларында кызматкерлерге эсептелген орточо айлык акы 101,3% номиналдуу өсүү ыргагында 10952,0 сомду түзгөн, же болбосо 703,6 сомго өскөн.
Токмок шаары боюнча 2016-жылы жан башына эсептегенде орточо айлык киреше 5846,2 сомду түзсө, чыгашалар 5389,0 сомду түзгөн. Мисалы Чүй облусу боюнча киреше 4838 сомду түзсө, чыгашалар 4065 сомду түзгөн.
3.4. Географиялык таандыгы
Шаар “Шаардын борбору”, “Кант заводу” жана эки кичи райондор бөлүктөрүнөн турат. 1-жана 3-кичи райондор өнөр жай аймагынан жогору, шаардын башка бөлүгүнөн 8-10 километр алыстыкта жайгашкан. Аталган бөлүктө жашаган калктын саны төмөндөгүдөй:
-“Шаардын борборунда” 45,0 миң адам, же калктын 72,8%.
-кичи райондордо 12,5 миң адам, же калктын 20,1%.
-“Кант заводунда” 4,3 миң адам, же калктын 7,1%.
Калктын 1 чарчы километрге болгон жыштыгы 1496 адамды түзөт.
IV. Максаттуу аудиторияны тандоо
Токмок шаарын өнүктүрүү боюнча максаттуу аудиторя болуп анын жашоочулары эсептелет. Өз кезегинде алар муниципалдык өзгөрүүлөрдүн түпкү пайдалануучулары болуп саналат.
Максаттуу аудиторияга ошондой эле инвесторлор, ишкерлер, бизнесмендер жана жаштар киришет.
Шаардын өнүгүү программасын ишке ашырууга шаарда түзүлгөн жана иштеп жаткан төмөндөгү уюмдар көмөк көрсөтүп келген жана көмөк көрсөтө беришмекчи:
1.Токмок шаарынын Ишкерлер кошуну;
2.Соода, коомдук тамактануу жана ишкерликтин Бириккен кесиптик кошундар комитети;
3.Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА);
4. “Токмок жаштар кеңеши” жаштар уюму;
5.Өнүгүүнүн Токмок демилгечил тобу (ТИГР);
6.Достук үйү (14 диаспора);
7.Ардагерлер кеңеши.
Шаарда Ишкерлик ишмердүүлүгүн аркалаган 3500 ишкердин башын бириктирген Ишкерлер кошуну түзүлгөн. Мындан сырткары Соода, коомдук тамактануу жана ишкерлик кесиптик кошундарынын бириккен комитети да иш алып барат. Шаардын ишкерлери өткөрүлүп жаткан семинарлага, жолугушууларга, тегерек столдорго активдүү катышышат. Андан тышкары шаарда массалык иш-чаралар өткөрүлгөн учурда алардын баардыгына соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө ишкерлик ишмердүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу да катышышат.
“ЖИА” бизнес ассоциациясы убакыт өткөн сайын күч алып барат. Жаш ишкерлер бизнес чөйрөсүндө иштөө менен шаарыбыздын экономикасына өз салымдарын кошуп жатышат. жана семинарлага, жолугушууларга, тегерек столдорго активдүү катышышат.
“Токмок жаштар кеңеши” жаштар уюму бир нече багыттар боюнча иштеп жаткан жаштар бирикмеси. Ал багыттар: “Экомаданият”, “ПодРОСТок”, “Биргеликте”, “Демилге” жана “Негиз”. Уюм ааламдашууну, байымдуулукту, билимдүүлүктү үгүттөө менен социалдык долбоорлорду түзүү, адам укуктары боюнча семинарларды өткөрүп, шаардыктардын экологияга маданияттуу мамиле жасоолорун үгүттөө ишин жүргүзүү менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жатак мекемелеринин тарбиялануучуларына жардам көрсөтүшөт. Ар кандай сынактарга, фествалдарга (республикалык, облустук, шаардык) жана биздин ишмердүүлүгүбүздү жайылтууга (PR) катышышат.
Өнүгүүнүн Токмок демилгечил тобунун (ТИГР) катарында Кызыл Жарым Ай коомунун волонтерлору, бийчилер, реперлер, аэрографтар жана ага “Колорфест” төрагалык кылат. Демилгечил топ шоу программаларды, жайкы мезгилде балдардын бош убактыларын өткөрүү боюнча иш алып барат. ТИГР Токмок шаары боюнча жаштар программасын жазган жана шаардык жаштарды өнүктүрүү боюнча GIZ тарабынан өткөрүлгөн сынакка катышкан.
Шаарда ошондой эле курамында волонтерлор жана мектеп окуучулары болгон “Жакшылык жаса” жаштар бирикмеси иштейт. Жаштар бирикмеси кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүү менен ар кандай акцияларды, концерттерди өткөрүшөт. Алардан түшкөн акча каражатына муктаж балдарга, карылар үйлөрүнө жана майыптарга тамак-аш, тиричилик техникаларын сатып беришет. Жаштар бирикмеси Кызыл Жарым Ай коомунун, карылар жана балдар үйлөрүнүн көптөгөн ыраазылык каттарына татыктуу болушкан.
4.1.Максаттуу аудиториядан күтүлгөн негизги баалуулуктарды бекемдөө
Ушул өнүгүү программасын ишке ашыруудан максаттуу аудиториянын негизги күтүүлөрү өзүнө шаарды өнүктүрүүнүн төмөндөгү башкы маселелерин чечүүнү камтыйт:
· Экономикалык өнүгүү (мэрия тарабынан инвесторлорду тартууга, боордош шаарлар менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүүгө, товарларды сатуу рыногун түзүүгө, муниципалдык жерлерди бөлүп берүүгө, ишкананын толук иштешине шарттарды түзүп берүүгө ж.б.);
· Шаардын инфраструктурасы (маданий жана спорттук эс алуу жайлары, жолдорду оңдоо);
· Социалдык тейлөөлөр: сапаттуу билим алууга, саламаттык сактоого жана башка социалдык тейлөөлөргө мүмкүндүктү камсыздоо;
· Коомдук коопсуздук, улуттар ортосундагы ынтымак жана байымдуулук (көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана алардын чечилиши үчүн тегерек столду өткөрүүгө шарттарды түзүү, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү);
· Шаарды жана муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу (“Маалыматты иштеп чыгуучу” борборго эркин кирүү мүмкүндүгүн берүү менен кыймылсыз мүлк объектилеринин электрондук маалымат базасын түзүү, “Тейлөө борбору” борборунун милдеттерин өркүндөтүү, тактап айтканда “Бирдиктүү терезе” сыяктуу тейлөөлөрдү бир жерден көрсөтүү);
· Шаардын жана ага жакын жайгашкан калктуу пункттардын жашоочуларынын жашоо деңгээлин бирдейлештирүү (инфраструктуранын жаңы объектилерин, биринчи кезекте маданий жана спорт объектилерин түзүү);
· Шаардын жер ресурстарын башкаруу (муниципалдык менчик объектилерин мөөнөттүү пайдаланууга берүү боюнча “Онлайн” түзүлүшүндө аукцион өткөрүүнүн ачыктыгын камсыздоо);
· Бизнес-ассоциация, ишкерлер аткаруу бийлиги менен өз ара пайдалуу кызматташууну күтүшүүдө. Тактап айтканда, бизнес үчүн жеңилдик берүү маселелеринин чечилишин, бийликтин өкүлчүлүктүү органдарына катышууну, рынокто иштин тиешелүү шарттарын камсыз кылууну (жарык, суу, таштанды ж.б.), шаардын өнүгүү маселесинде чечимдерди кабыл алууга катышууну;
· Коомдук уюмдар, жаштар бирикмелери чыгармачыл өнүгүү үчүн шарттарды түзүүнү, өздөрүнүн ойлорун ишке ашырууну күтүшүүдө;
· Мүмкүндүгү чектелген адамдардын тобу жашоо үчүн шарттардын жакшырышын күтүшүүдө. Тактап айтканда, шаардагы баардык коомдук жайларда пандустардын орнотулушун, ошондой эле курорттук-санаториялык дарыланууга жолдомолорду, отун, дары, тамак-аш продуктуларын сатып алуудагы жеңилдиктерди жана башкаларды күтүшүүдө.
4.2. Шаардын өнүгүү келечегиндеги негизги баалуулуктар жана принциптер
Шаардын өнүгүү келечегин аныктоочу негизги баалуулуктар жана принциптер:
· Шаардын тургундарынын жашоосунун сапаты менен деңгээли артыкчылыктуу негизде;
· Туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн натыйжалуу башкаруу;
· Натыйжалуу, заманбап чечимдердин алдыңкы практикасын пайдалануу менен бизнеске дем берүү;
· Шаар үчүн маанилүү делген маселелерди кабыл алуу процессине шаардыктарды натыйжалуу тартуу;
· Белгиленген долбоорлорду ишке ашырууга жаштардын активдүү катышуусу;
· Муниципалдык бийликтин ачыктыгы жана отчеттуулугу.
4.3.Максаттуу аудиториядан күтүлгөн негизги артыкчылыктарды көрсөтүү
Шаардын стратегиялык өнүгүүсүнө карата максаттуу аудиториядан күтүүлөр менен баалуулуктарды талдоонун негизинде негизги күтүүлөрдүн төмөндөгүдөй артыкчылыктары аныкталды:
· Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жергиликтүү жана чет элдик капиталды тартуу үчүн шарттарды түзүү жолу аркылуу шаар менен жакын жайгашкан калктуу пункттардын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо;
· Шаардын жашоочулары үчүн шаардык ыңгалүү чөйрөнү түзүү жана колдоо;
· Шаардын жашоочулары менен меймандары үчүн коопсуздук деңгээлин көтөрүү;
· Сапаттуу билим, медициналык тейлөө жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин тейлөөлөрүн алуу үчүн шарттарды түзүү;
· Интеграцияланган шаар;
· Шаар үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга жарандардын активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүү.
4.4. Максаттуу аудиторияны камтыган жерге таандык ишмердүүлүктүн негизги түрлөрүн бекемдөө
Токмок шаарынын өнүгүү программасы биринчи кезекте максаттуу аудиториянын коомдук жерлери менен окуяларын камтыган муниципалитеттин ишмердүүлүгүн жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталган:
· Билим берүү, саламаттык сактоо жана башка социалдык тейлөөлөр;
· Маданият менен спорттун тейлөөлөрү;
· Коомдук тарнспорттун тейлөө көрсөтүүсү;
· Турак-жай коммуналдык тейлөө көрсөтүү;
· Мамлекеттик натыйжалуу тейлөө көрсөтүү;
· Коопсуздукту камсыздоо боюнча тейлөөлөр.
Локалдаштырылган жерлер:
· Сапаттуу жолдор;
· Жөө жүргөндөр жана велсипед инфраструктурасы;
· Логистика жана жүк ташуулар;
· Шаардык боштуктун локалдык борборлору – саясий активдүүлүк;
· Социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
· Эски имараттарды кайрадан колдонуу.
V. Модель тандоо
5.1. Модель (мейкиндикке өнүгүү, окуяларды топтоштуруу, социалдык өзгөрүүлөр чөйрөсү, инфраструктуралык чөйрө)
Токмок шаарынын мейкиндикке өнүгүүсү үчүн жер ресурстрарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу каралган модель тандалып алынган. Ишкердүү, административдик, маданий-зоок багытындагы объектилерди жыш жайгаштыруу менен шаардын тургундарынын жашоо мейкиндигин модернизациялоо.
Узакка созулган келечекте, 20-30 жылдан кийин шаарга шаардык мейкиндикти уюштуруунун саясий активдүүлүк моделге өтүүсү зарыл.
Ал үчүн шаардын борбордук бөлүгүндө, чет жактарында жана кичи райондордун чектеринде социалдык-экономикалык активдүүлүктү топтоштуруунун жаңы точкаларын калыптандырууга демөөр берүү талап кылынат. Шаар социалдык жана экономикалык өнүгүүнүн төмөнкү борборлорун калыптандыруу аркылуу өнүгүүгө тийиш:
· Административдик аймактар;
· Инфраструктуралык аймактар;
· Экономикалык өнүгүү үчүн экономикалык аймактар жана техно борборлор;
· Экономикалык жана социалдык долбоорлордун пилоттук өнүгүүсү үчүн келечектүү аймактар.
5.2. Багыт жана философия/шаардын маңызы (долбоор)
Токмок – шаардыктар шаар бийлиги менен биргеликте жашоонун ыңгайлуу шарттарын түзгөн ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары.
Токмок – жашоо менен бизнес үчүн ыңгайлуу деңгээли боюнча Кыргызстандагы алдыңкы шаар.
Токмок – экономикасы динамикалуу өнүгүп жаткан, социалдык өнүккөн чөйрөсү жана натыйжалуу башкаруусу бар шаар.
Шаардын багытында: Токмок – экономикалык мүмкүндүктөр менен инновациялардын шаары.
Шаардын багытында: Токмок – ыңгайлуу жана жайлуу шаар.
Шаардын багытында: Токмок – жашыл шаар.
Шаардын багытында: Токмок – көрктөндүрүлгөн таза шаар.
Шаардын багытында: Токмок – билимдүү шаар.
Шаардын багытында: Токмок – ачык жана тунук башкаруудагы шаар.
5.3. Глобалдуу мейкиндик тармактарына интеграция
Дүйнөнүн учурдагы өнүгүүсү бир өлкөдөгү өтүп жаткан процесстердин башка башка өлкөлөрдөгү кырдаалга өз ара өтүп кетүүсү менен өз ара байланышта болуусун болжолдойт. Аймактык саясат аймакка карата ички саясатка таасир этүүгө мүмкүндүгү бар дүйнөлүк жана аймактык олуттуу тренддердин болуусун эске алууга тийиш. Сырткы алкакты эске алуу Борбордук Азиядагы республикалардын аймактарынын башка өлкөлөрдүн аймактары менен мүмкүнчүлүктүү атаандашуу факторун эске алууга мүмкүндүк берет.
Токмок шаарынын мамлекеттик жана эл аралык мейкиндик тармактарына карата интеграциялык саясаты БУУнун миң жылдык өнүгүү максаттарына, ЕАЭС жөнүндө келишимге жана башка алкактык документтерге, Улуу Жибек жолун калыбына келтирүү жана модернизациялоо ойлору менен байланышкан. CASA – 1000 жана эл аралык демилгелерге ылайык курулган.
Чийки зат, товар, каржы, адам, транспорт жана технологиялык агымдарды камтыган глобалдаштыруу процесстеринин күчөшү эске алынат.
Келечектеги мезгилдин башкы мүнөздөмөлөрүнүн бири дүйнөлүк экономиканын нано-технологиянын, биотехнологиянын, композиттик материалдардын, маалымат технологияларынын, энергиянын альтернативдүү булактары менен жаңы медицинанын өнүгүшүнө байланышкан жаңы технологиялык негизге өтүшү болуп эсептелет. Ушуну менен бирге эле талабы өсө турган ресурстарга – энергияга, тамак-ашка, сууга атаандаштык күчөй берет. Токмок шаары шаарды жалпы экономикалык мейкиндик тармагына кошуу максатындагы теенденцияларды эске алууну пландоодо.
5.4. Максаттар-милдеттер-принциптер
Моделди баяндоонун алкагындагы негизги максаттар менен милдеттер өзүнө камтыйт:
Экономиканын өнүгүүсү:
· Токмок шаарынын социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо;
· Өнөр жайынын туруктуу өнүгүүсү менен энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууну камсыздоо;
· Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү;
· Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, инвесторлорго шарттарды түзүү;
· Кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүү;
· Азык-түлүк алкагын өнүктүрүү;
· Аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү;
· Инвестициялык жагымдуу климатты түзүү;
· Шаардагы инновациялык климатты жакшыртуу.
Адам кубаттуулугун өнүктүрүү:
· Мектепке чейинки билим берүүнүн оңойлугун камсыздоо;
· Орто билим берүүнүн сапаты менен инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу;
· Орто жана жогорку билим берүүнүн деңгээлинде IT билим берүүнү өнүктүрүү;
· Жаштар үчүн сервистик аянтты түзүү: жаштардын жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндөгү талаптарын жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууларын канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү;
· Шаар менен өлкөнүн экономикалык талаптарын эске алуу менен кесиптик билим берүүнү специализациялоону камсыздоо;
· Калктын саламаттыгын жакшыртуу жана саламаттык сактоонун атаандаштык тармагын түзүү;
· Жумушчу орунунда коопсуздукту камсыз кылуу;
· Жакырчылыктын деңгээлин азайтуу;
· Муктаждыгы бар жарандарга социалдык коргоону камсыздоо;
· Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү;
· Массалык спортту өнүктүрүү;
· Улуттун туруктуу өнүгүүсү үчүн коомдун биригүүсүн камсыздоо.
Аймакты өнүктүрүү:
· Укук тартибин камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу тармагын өнүктүрүү;
· Техногендик авария, кыйроо жана башаламан кырсыктардын учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо;
· Коммуникациялык тармактарды өнүктүрүү;
· Турак-жай менен социалдык инфраструктуранын объектилеринин жеңилдигин камсыздоо;
· Турак-жай объектилери үчүн сапаттын жогорку стандарттарын камсыздоо;
· Жол тармактарынын жүктөлүү деңгээлин төмөндөтүү;
· Коомдук транспорттун ыкчамдыгын жана жеткиликтүүлүгүн арттыруу;
· Пайдалануучуларды сапаттуу жана ишенимдүү коммуналдык тейлөөлөр менен камсыздоо;
· Абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү;
· Таштандыларды чыгаруунун жана шаардын аймактарынын санитардык абалын тиешелүү камсыздоонун заманбап башкаруу тармагын түзүү;
· Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
· Токмок шаарынын сугат тармактарын экологиялык жактан калыбына келтирүү;
· Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу түзүмдөрүн өнүктүрүүдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн теске салууну жакшыртуу.
Төмөнкү принциптерде жетишүүгө мүмкүн:
ü Шаар тургундарынын жашоо сапаты менен деңгээлинин артыкчылыктуу негиздинде;
ü Туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн натыйжалуу башкаруу;
ü Бизнеске дем берүү үчүн алдыңкы практиканы колдонуу менен натыйжалуу жана заманбап чечимдер;
ü Шаар үчүн маанилүү делген процесстерге шаардыктарды натыйжалуу тартуу;
ü Муниципалдык бийликтин ачыктыгы жана отчеттуулугу.
5.5. Муниципалитеттин ролунун модели (чарбалык иштерге сиңүү деңгээли жана милдеттерди бизнеске ыйгаруу)
Тандалып алынган моделдеги муниципалитеттин ролу төмөндөгүлөр:
· Ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү;
· Шаардыктар менен шаардын меймандарынын бош убактыларын өткөрүүлөрү үчүн кызыктуу коомдук мейкиндикти уюштуруу;
· Шаардын муниципалдык жана жеке долбоорлору менен жеке бизнеске ичк жана тышкы капиталды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
· Муниципалитеттин аймагында бизнести ыңгайлуу жана жеңил жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү.
VI. Шаардагы маанилүү/ аныктоочу процесстер
Токмок шаарынын 2013-2017-жылдардагы Өнүгүү стратегиясынын алкагында шаар үчүн төмөндөгүдөй орчундуу жетишкендиктер белгиленди:
Өнөр жай чөйрөсүндө
Технологиялык оңдоолорду өткөрүүгө байланыштуу 3 жылдык токтоп туруудан кийин 2012-жылдын июнь айында “Интергласс” жоопкерчилиги чектелген коомунун айнек эритүүчү меши кайрадан иштеп баштаган. Айнек эритүүчү жаңы меш ар кандай маркадагы айнек өндүрүү боюнча заоддун жылдык кубаттуулугун 20% көтөрүүгө мүмкүндүк берди. Ишканада 1,5 миң жумушчу орундары жандандырылган.
2012-жылдын сентябрь айында 70 жаңы жумушчу орундарын түзүү менен өндүрүштүн жылдык көлөмү 100,0 миллион сом даяр продукция (айнек идиштери) чыгара турган “Чүй-Гласс” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2-кезеги ишке киргизилген.
6 жыл токтоп туруудан кийин Казак Республикасынын инвесторлору тарабынан мурдагы “Буудай Токмок” мамлекеттик ишканасынын 60% акциясынын көзөмөлдөөчү пакети сатылып алынгандан кийин “КазГрейн” жоопкерчилиги чектелген коому түзүлгөн жана ишканада имараттар, курулмалар жана технологиялык жабдуулар толугу менен реконструкцияланган. Өндүрүш 2012-жылдын 1-декабрында ишке берилген.
Ишканда Казакстандык “Бас Астык” компаниясынын жогорку жабышкактуу тандалып алынган данынан түрдүү ассортименттеги ун чыгарылат. Жаңы тегирмендин кубаттуулугу жылдык өндүрүштүк көлөмү 500,0 миллион сомдук продукция өндүрүүгө жетсе, суткасына 250,0 тонна ун чыгарууга ылайыкталган.
2013-жылы шаардын өнөр жай кубаттуулугун жогорулатуу максатында шаардын түштүк жагындагы 62,0 гектар жер аянтына Токмок “Технопаркын” түзүү маселеси иштелип чыккан. “ЮСАИД” программасынын жардамы аркылуу “Berman Group” аттуу чехтердин консалтинг компаниясы тарабынан өнөр жай аймагын инженердик инфраструктурага мүмкүн болгон точкаларда кошуу боюнча концептуалдык дизайны иштелип чыккан.
2014-жылы “КазГрейн” жоопкерчилиги чектелген коомунда макарон азыктарын өндүрүү боюнча цех ишке киргизилген.
2017-жылы жаңы кубаттуулуктарды ишке кийирүү боюнча иш-чаралардын алкагында “Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү ишкер заводу” жоопкерчилиги чектелген коому иштеп баштаган. Анда АИ-93, АИ-95 маркаларындагы бензинди, изомердик бензин, түз чыгарылуучу бензин, кургак газ, парафин өндүрүлөт.
Токтоп турган жана жаңы кубаттуулуктарды түзүү, ишке кийирүү боюнча иш-чаралардын алкагында инвесторлорду издөөнүн узакка созулган мезгилинен кийин “СССР АС” жоопкерчилиги чектелген коомун ишке киргизүү боюнча ижара келишимин түзүлдү. Ишкананы Индиялык инвесторлор алышмакчы.
Курулуш чөйрөсүндө. Шаардыктардын турак-жай шарттарын жакшыртуу максатында 2012-жылдан 2017-жылдын сентябрь айына чейин аянты 40092,0 чарчы метр болгон 321 жеке турак үйлөр ишке берилген. Мындан тышкары жалпы аянты 2829,0 чарчы метр болгон 70 батирлүү үй ишке берилген.
Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн коттедждик “Социум” шаарчасынын курулушу “Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн тез курулуучу каркастык жеке үйлөрдүн курулушу” долбоору боюнча аяктоо алдында турат. Жалпы саны 56 батир болгон, аянты 4368 чарчы метрлик төрт батирлүү 14 үй.
Ошондой эле инвестициялык каражаттарды тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, 2016-жылы 224,2% өсүү ыргагында 1387,8 миллион сом тартылган. 2017-жылдын 9 айынын ичинде 75,2% өсүү ыргагында 687,0 миллион сом тартылган.
Ишкерлик. Чакан жана орто бизнестин өнөр жай продукцияларынын көлөмү жыл сайын өсүүдө. Жалпы үлүшү 43,7% түзөт. 2017-жылдын 1-октябрына карата өнөр жай продукцияларынын көлөмү 1883,3 миң сомду түзгөн. Жыл сайын чакан жана орто бизнестин 30 объектиси жана 200дөн кем эмес жаңы жумушчу орундары түзүлөт.
Чоң ресторандар тармагы өсүүдө, учурда “Хан-Ордо”, “Бакай-Ата”, “Баласагын”, “МиК”, “Бону”, “Мегаполис”, “Достук”, “Арна”, “Майбах” ресторандары иштөөдө.
Ыкчам таксилердин тейлөө иштери жакшы жолго коюлган. Азыр “Грант такси”, “Мир”, “Берёзка”, “Люкс”, “Алло-такси”, “Голд-такси” иштеп жатышат.
Билим берүү чөйрөсүндө №5 “Келечек муундары” мектепке чейинки билим берүү уюму түзүлгөн. Учурда 6 тайпа иштеп, ага 47 балдар барышат.
-№6 балдарга билим берүү уюмунда 180 баланы камтыган 6 тайпа ачылып, 60 баланы камтыган 2 тайпа Балдарды окутуу борборун Балдарга билим берүүчү “Келечек” уюмуна өзөртүүнүн натыйжасында кошумча ачылган.
Жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоону эсепке алуу менен 40,0 миң АКШ долларына №2, №8 жана №6 орто мектептеринин спорт аянтчаларын реконструкцияланган.
№4 орто мектепти 120 орундуу “Балажан” №1 мектепке чейинки билим берүү уюмуна которуу иштери бүткөрүлгөн.
Маданият чөйрөсүндө. 2013-жылдын 22-августунда ысымы ыйгарылган Борбордук аянттагы скверде көрүнүктүү Мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун айкели ачылган. 2014-жылдын ноябрь айында Токмок шаарынын аймагында облустук Жаштар ордосу ачылган.
Жаштарга маданият менен дени сак жашоо образын үйрөтүү менен “Жылдыз” элдик ансамбли ийгиликтүү иштөөдө. Ансамбль бий искусствосунда кесиптик бийиктикке жетип, облустук, республикалык, эл аралык сынактарга дайыма катышат жана көптөгөн сыйлыктардын ээси. 2015-жылы бий тобу Москва шаарында өткөн XII Бүткүл дүйнөлүк бий Олимпиадасынын жеңүүчүсү, Казахстандагы Эл аралык Олимпиадасынын сыйлыгынын ээси, маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Алкыш катына татыктуу болгон.
Дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү максатында демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен алты чакан жасалма футбол аянты курулуп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2602,2 миң сом суммасындагы жана түрткү берүүчү грант менен демөөрчүлөрдүн 2574,3 миң сом суммасындагы каражаттарына спорт объектилери оңдолгон.
Спорт базасын өнүктүрүүгө жетишилди. Шаарда 80 спорт объектилери бар болсо, алардын ичинде 4 спорт-комплекстери бар. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв спорт мектеби спорт клубу, “Шумкар”, “Касиет”, “Люксор” спорт клубдары. Шаар өзүн ар кандай деңгээлдеги спортсмен-чемпиондорду даярдоочу шаар катары көрсөтө алды. Азыр шаарды Азиянын жана Дүнөнүн 10 чемпиону, Азия Чемпионатынын сыйлыктарынын 11 ээси бар.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнүн алкагында Токмок шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын имаратында ЮСАИД программасынын өбөлгөлөөсү менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча “Салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү администрациялаштыруу боюнча бирдиктүү терезе” Борбору салтанаттуу түрдө ачылган. Бул салык төлөөчүлөрдүн катталуусу менен отчет берүүлөрүн, төлөмдөрдү, декларацияны өткөрүүнү, патент берүүнү, маалымкат алууну жана башка иштерди олуттуу жеңилдетти.
2014-жылы Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында жана муниципалдык органдар менен бюджеттик мекемелердин муниципалдык тейлөө көрсөтүүлөрүнүн оңой болушунун сапатын арттыруу боюнча жарандарга жана юридикалык тараптарга тейлөө көрсөтүүнүн артыкчылык маселелеринин бирин чечүү үчүн Токмок шаарында Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы №78/123 токтомунун негизинде “Тейлөө борбору” түзүлгөн.
“Тейлөө борборун” түзүүнүн башкы максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө алуудагы маалыматтын ачыктыгы жана анын жергиликтүү тургундарга абдан жакындашуусу болуп эсептелет.
Шаардык мэриянын тейлөөлөрү жөнүндө маалымат жеринде, электрондук почта аркылуу көрсөтүлөт. Жарандар тиешелүү документтердин тизмесин, мөөнөтүн, баасын билүү, муниципалдык тейлөөгө даттануу тартиби боюнча маалымдалышкан.
Саламаттык сактоо чөйрөсүндө медициналык мекемелерди жаңы заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо максатында гранттык каражаттардын эсебинен 4660,0 миң сомго жана 115,4 миң АКШ долларына медициналык жабдуулар сатылып алынган. Мындан тышкары демөөрчүлөрдүн эсебинен Япониялык Atom Medical Corporation өндүрүшүнөн чыккан жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн жылыткычы бар ачык жандандыруу системасы, жандандыруучу чакан УФО, небулайзер, ларингоскоп, интубациялык түтүктөр 1 052,4 миң сомго сатылып алынган.
Көрктөндүрүү чөйрөсүндө акыркы жылдар аралыгында биринчи жолу жергиликтүү бюджеттин 1157,4 миң сом суммасындагы каражатына балдардын аянтчаларынын (1-жана 3-кичи райондордо, аскер шаарчасында, мейманкана тарапта жана Железнодорожный көчөсүндө) курулушу жүргүзүлгөн.
Шаардын көчөлөрүн оңдоо, көчө жарыктарын тейлөө жана санитардык тазалык боюнча чоң иштер жүргүзүлгөн. Жыл сайын жолдорду оңдоого жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралып турат. 2012-жылдан бери 4,9 миллион сом суммасындагы 98,3 миң чарчы метр жолдор оңдолгон. Шамшы көчөсү менен Ленин көчөлөрүнүн 25,8 миң чарчы метр жол бетин толук асфальттоого 11512,5 миң сом жумшалган. Мындан тышкары жолдордун 9,2 миң чарчы метр чуңкурлары оңдолгон.
Көмөкчү гранттардын линиясы боюнча республикалык бюджеттин салым каражаты 10881,4 миң сом жана жергиликтүү бюджеттин үлүштүк салымы 4375,3 миң сом катышы менен 6 долбоорду ишке ашыруу аяктоо алдында турат.
Ошондой эле көчөнү жарыктандыруучу лампаларды которуу боюнча республикалык бюджеттин салым каражаты 5053,3 миң сом жана жергиликтүү бюджеттин салымы 1809,7 миң сом катышы менен 6863,0 миң сомдук долбоор ишке ашырылууда
VII. “Өсүү точкасы”
7.1. “Өнөр жайдын кубаттуулугун калыбына келтирүү” өсүү точкасы.
Токмок шаары өнөр жай индустриясы багытында өскөн жана өсүүдө. Ушуга байланыштуу шаарда экономиканын өнөр жай секторун өнүктүрүү үчүн тиешелүү инфраструктуранын баарысы бар.
Өнөр жай кубаттуулугун калыбына келтирүү биринчи кезекте жаңы кубаттуулуктарды ишке кийирүүнүн, тактап айтканда “КазГрейн” жоопкерчилиги чектелген коомунда китлап жана кукси өндүрүү боюнча цехти, “Токмок косерва заводу” жоопкерчилиги чектелген коомунда жаңы кумшекер өндүрүүчү цехти, “Элит-Гласс” жоопкерчилиги чектелген коомунда жаңы машина линиясы менен мешти куруу, “Токмок-Булс” жабык акционердик коомунда патоканы (кант кызылчасы) кайра иштетүү боюнча линияны куруу жана буудайдан крахмал менен глютинаны өндүрүү боюнча линияны куруунун эсебинен ишке ашыруу пландалууда.
Ошондой эле токтоп турган “СССР АС” ЖЧК менен “ТКДМЗ” ААК өндүү ишкналарды жандандыруу.
Аталган ишканаларды жандандыруу шаарыбызда ишкерликти колдоого, инновациялык технологияларды кийирүү менен кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн шарт түзөт.
7.2. “Муниципалдык менчикти башкарууга жаңыча мамиле” өсүү точкасы
Муниципалдык менчик объектилеринин тизмесин тактоо, кыймылсыз мүлк объектилеринин, анын ичинде муниципалдык менчик бирдиктүү маалымат тармагын түзүү ишкерликтин субъектилерине жана потенциалдуу инвесторлорго маалымат базасына эркин кирүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берип, ошону менен муниципалдык менчикти пайдалануу менен натыйжалуу башкаруу маселелеринин ачыктыгын камсыздайт. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө таасир берүүчү жер фондусуна салык салуу боюнча бир катар маселелер чечилет.
“Маалыматтарды иштетүү борборунун” курулушу менен “Тейлөө-борбору” борборун өркүндөтүү пландалууда. Токмок шаарында муниципалдык тейлөө көрсөтүүнү жакшыртуу максатында 2017-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасындагы Эл аралык республикалык институт менен Токмок шаарынын мэриясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлган.
Муниципалдык менчикти башкарууну өркүндөтүү жана жаңы ыңгайлуулуктарды колдонууну ишке ашырууда төмөдөгүдөй иш-чаралар белгиленген:
-шаардын сайтына чыгаруу үчүн электрондук маалымат базасын түзүү менен муниципалдык менчиктин тизмесин тактоо;
-айыл чарба продукцияларын кайрадан иштетүү боюнча өндүрүштү ачуу үчүн муниципалдык менчик объектилерин ишкерлер/инвесторлор субъектилерине жеке менчик укугунда берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү;
-кийин шаардык кеңеште бекитүү менен потенциалдуу инвесторлорго бош жер тилкелерин/имараттарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону иштеп чыгуу;
-Муниципалдык менчик башкармалыгынын деңгээлинде жерге/имаратка ижара акысын төлөөдөн 2 жылга бошотуу өндүү жеңилдиктер пакетин даярдоо;
-муниципалдык менчик объектилерин мөөнөттүү берүү жөнүндө “Онлайн” режиминде тунук аукцион өткөрүү процедурасун кийирүү.
7.3. “Коммуналдык тейлөөлөр боюнча Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоору” өсүү точкасы
Экологиялык саясатты ишке ашыруу “Токмок шаарында таштандыларды чогултууну, чыгарууну жана жок кылууну натыйжалуу уюштуруу” Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунда чагылдырылган жана ал шаардын экологиялык жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Шаарды таштандылардан тазалоо таштандыны контейнерлерге чогултуп, таштанды полигонуна чыгаруу менен гана чектелет.
Таштандыны чогултууну жана чыгарууну уюштуруу боюнча Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу өзүнө сыйымдуулугу чоң атайын техникаларды сатып алууну камтыйт. “КамАЗ” үлгүсүндөгү 3 таштанды чыгаруучу автомашинаны сатып алуу жана сыйымдуулугу кеңейтилген учур талабына ылайык азыркы темир контейнерлерден 7 эсе чоң контейнерлерди орнотуу пландалууда.
Таштанды полигонунда таштанда сорттоочу комплексти (ТСК) орнотуу да пландалууда.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча инвестициянын суммасы 352,9 миң АКШ долларын (же 24,3 миллион сомду) түзмөкчү. Азыркы учурда “Токмок шаарында таштандыларды чогултууну, чыгарууну жана жок кылууну натыйжалуу уюштуруу” Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбооруна консультациялык тейлөөнү сатып алууну өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Аталган долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында шаар курчап турган чөйрө менен экологиялык кырдаалдын, шаардыктардын жашоосу үчүн жана инвестициялык жагымдуулук шарттарынын жакшырышын алат.
7.4. “Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каражатына суу менен камсыздоону жана суу тутумдарын реконструкциялоо” өсүү точкасы
“Токмок Водоканал” муниципалдык ишканасы Токмок шаарындагы пайдалануучулардын эки категориясы боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык: калкка, ишканаларга, башкаларга жана бюджеттик уюмдарга таза суу берүү жана агынды сууну тазалоо боюнча тейлөө көрсөтөт.
Суу менен камсыздоо тармагынын курулушу 1960-1964-жылдары жүргүзүлүп, пайдалануучулардын сууну пайдалануу көлөмү менен суунун айланыш шарттарына эсептелген. Ишкананын каржылык кудуретсиздигине байланыштуу 56 жылдан бери реконструкциялоого чоң салымдарды кошо албагандыктан капиталдык ремонт иштери жүргүзүлбөгөн. Учурда Токмок шаарында калктын санынын жана таза суу пайдалануучулардын санынын өскөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле суу түтүктөрү менен канализациялык тармактардын жана ичүүчү суу менен камсыздоочу жана канализациялык жабдуулардын эскиргендигине байланыштуу кайра калыбына келтирүүгө жана реконструкциялоого муктаж.
Шаар тарабынан таза суу берүүнү жана канализациялык агынды сууларды тазалоону жакшыртуу максатында Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын 5,1 миллион Евро каражатына “Токмок шаарында суу жана канализация тармагын реабилитациялоо” долбоору ишке ашырылуу алдында турат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2016-2018-жылдар аралыгы.
Токмок шаардык мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин ортосунда 2,0 заемдук, 3,1 кредиттик каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө даярдык иштери өткөрүлүп, Субкредиттик келишимге кол коюлган.
7.5. Инвестициялык саясат
Инвестицияларды тартуу максатында шаардын жетекчилиги тарабынан Кытай Эл Республикасына, Түркияга, Казахстан Республикасына барып келүүлөр жүргүзүлгөн.
Алардын биринин натыйжасы инвестициялык салымы 2637,6 миллион сом болгон “Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү ишкер заводунун” курулушу.
“СССР АС” жоопкерчилиги чектелген коомун реабилитациялоо үчүн потенциалдуу инвесторлорду узакка издөөнүн натыйжасында Индиялык бизнесмендер менен ижара маселеси чечилди. Учурда “СССР АС” ЖЧК “Етрея Фуд” ЖЧКсына субижарага берүү келишимине кол коюлган.
“ТКДМЗ” ААК үчүн инвесторлорду издөө улантылууда. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды алга жылдыруу боюнча агенттик менен биргеликте келүүлөр уюштурулууда. Дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 17 делегациянын келүүлөрү уюштурулган.
Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын 5,1 миллион Евро каражатына “Токмок шаарында суу жана канализация тармагын реабилитациялоо” долбоору ишке ашырылуу алдында турат.
Таштандыны чогултууну жана чыгарууну уюштуруу боюнча Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун колдонуу максатында таштандыларды чогултуу жана чыгаруу боюнча суммасы 352,9 миң АКШ долларын түзгөн долбоор ишке ашырылуу алдында турат.
Шаардын өнөр жай кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында Токмок шаардык мэриясы логистикалык борборлор менен социалдык объектилерди куруу үчүн (муниципалдык гринфилд) аянты 62,0 гектар болгон жер тилкесин сунуштоодо.
Ошондой эле саламаттык сактоо тармагында имараттарды капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн бейөкмөт уюмдары менен эл аралык уюмдардын каражаттарын тартуу боюнча иштер аткарылууда. Алсак, 2015-жылы “Чөптүн тамыры жана адамдын коопсуздугу” Япон гранты боюнча балдардын билим берүү уюмдары 101,8 миң АКШ доллары суммасына эмеректер менен жабдылган. Аймактык оорукана үчүн 4660,0 миң сом жана 101,8 миң АКШ доллары суммасына медициналык жабдуулар алынган.
Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Чүй облусунун Өнүктүрүү фондунун 1624,0 миң сом суммасындагы сынагына катышуу үчүн “Токмок шаарындагы Жеңиш сейил бакчасын” жарыктандырууну калыбына келтирүү боюнча долбоор кароого кийирилген.
VIII. Пландарды /стратегияны/ элестетүү
Токмок шаары – бул:
Токмок – шаардыктар шаар бийлиги менен биргеликте жашоонун ыңгайлуу шарттарын түзгөн ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары.
Токмок – жашоо менен бизнес үчүн ыңгайлуу деңгээли боюнча Кыргызстандагы алдыңкы шаар.
Токмок – шаардыктар шаар бийлиги менен бирдей өнөктөштүктө жашоонун ыңгайлуу чөйрөсүн түзүп жаткан ачык мүмкүндүктөр шаары.
Токмок шаарынын багытында:
Токмок – экономикалык мүмкүндүктөр менен инновациялардын шаары.
Токмок – ыңгайлуу жана жайлуу шаар.
Токмок – жашыл шаар.
Токмок – көрктөндүрүлгөн таза шаар.
Токмок – билимдүү шаар.
Токмок – ачык жана тунук башкаруудагы шаар.
8.1. “Шаардын экономикалык модели” багыты
Максат: Аныкталган “өнүгүү точкаларын” ишке ашыруу
Милдеттер:
1.Шаардын өнөр жай кубаттуулугун калыбына келтирүү;
2.Муниципалдык менчикти башкарууну өркүндөтүү жана жаңы мамилелерди колдонуу;
3.Коммуналдык тейлөөлөр боюнча мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу;
4. Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын каражатына суу менен камсыздоо жана суу тармагын реконструкциялоо.
-артыкчылыктуу экономикалык багыттар;
-инвестициялык долбоорлор жана иш-чаралар;
-муниципалдык активдер жана алардын натыйжалуулугу;
-атайын режимге болгон талап (фискалдык, жөнгө салуучу, инвестициялык).
Токмок шаарынын багытында: Токмок – экономикалык мүмкүндүктөр менен инновациялардын шаары.
Бул багытта биринчи кезекте төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда:
-Шаардын өнөр жай кубаттуулугун калыбына келтирүү;
-Муниципалдык менчикти башкарууну өркүндөтүү жана жаңы мамилелерди колдонуу;
-Коммуналдык тейлөөлөр боюнча мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу;
-Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын каражатына суу менен камсыздоо жана суу тармагын реконструкциялоо.
8.2. “Куруу тармагы” багыты
Максат: кыймылсыз мүлк объектилеринин, анын ичинде муниципалдык менчиктин бирдиктүү маалыматтык базасын түзүү
Милдеттер: Башкы планды иштеп чыгуу
-жер пайдалануу пландары (ГП, ПЗЗ ж.б.)
-аймактарды аймактарга бөлүү жана пландары (борбор, ишкер райондор, уктоочу райондор, четки жерлер, өнөр жай аймактары, артыкчылыктуу аймактар)
Токмок – экономикалык мүмкүндүктордүн шаары багыты.
Токмок шаарында шаардык архитектура бөлүмүнүн иши 1986-жылы бекитилген Башкы план боюнча ишке ашырылат.
2003-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын “Токмок шаарын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун административдик борбору деп аныктоо жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынган.
2006-жылы Токмок шаардык кеңешинин 2006-жылдын 26-апрелиндеги №146/28-1 токтому менен бекитилген “Токмок шаарында куруу жана жер пайдалануунун эрежелери” “Chemonics International Ink” колдоосу менен иштелип чыккан. Тилекке каршы шаардын андан ары өнүгүү багытын аныктоо боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн жетишсиз болуп чыкты.
Учурда шаардын Башкы планын иштеп чыгуу маселеси курч бойдон калууда. Муниципалдык менчик объектилеринин тизмесин тактоо, кыймылсыз мүлк объектилеринин, анын ичинде муниципалдык менчик бирдиктүү маалымат тармагын түзүү ишкерликтин субъектилерине жана потенциалдуу инвесторлорго маалымат базасына эркин кирүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берип, ошону менен муниципалдык менчикти пайдалануу менен натыйжалуу башкаруу маселелеринин ачыктыгын камсыздайт.
Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө таасир этүүчү жер фондусуна салык салуунун бир катар маселелери чечилет.
8.3. “Жалпы көрүнүш жана курчап турган чөйрө” багыты
Максат: Шарды, сейил бактарын жана токой тилкелерин жашылдандыруу
Милдеттер:
-Шаардын арык тармагын калыбына келтирүү
-сууларды, көлмөлөрдү жана каналдарды ыңгайлаштыруу
Токмок – жашыл шаар багыты.
Токмок шаары жашыл шаар деп эсептелет, бирок шаардагы бак-дарактардын негизги бөлүгү 60-70-жылдары тигилген. Алардын көпчүлүгүнүн жашоосу аяктап калгандыгына байланыштуу куурап бараткандарын кыюу керек.
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан тартып мамлекеттик органдар тарабынан турак-жай фондунун объектилерине, ишкерликке жана башкаларга көзөмөл катуу болбогондуктан арык тармактары бузулган, же болбосо толугу менен жок болгон.
Салыштырмалуу ала турган болсок шаардагы 203 километр жолго болгону 14 километр арык тармагы туура келет.
Сугат суусунун жетишпегендигинин себебинен жыл сайын отургузулган бак-дарактар күткөн натыйжаны бербей келет. Шаардын тургундары жазгы-жайкы мезгилдерде бак-дарактарды ичүүчү суу менен сугарууга аракет кылышкандыктан, бул ичүүчү суунун тартыштыгын жаратууда.
Шаардын жолдорунун узундугуна барабар арык тармактарын калыбына келтирүү бак-дарактарды сугат суусу менен камсыздоого мүмкүндүк бермек. Андыктан суу чыгаруучу насос станцияларын калыбына келтирүү зарыл.
Тез өсүүчү бак катары Чынар тереги каралууда. Себеби ал жылына 2 метрге чейин жайыла өсүп, салкын көлөкөнү жаратат.
8.4. “Башкаруу жана коммуникациялар” багыты
Максат: Ачык жана тунук башкаруудагы шаарды түзүү
Милдеттер:
-байланыш жана телекоммуникация чөйрөсүндө “Маалымат иштетүү борборун” куруу;
-Токмок шаарынын жарандары менен юридикалык тараптарга сапаттуу жана ыңгайлуу мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча “Тейлөө-борборунун” милдеттерин өркүндөтүү;
-шаардыктардын шаардын коомдук турмушуна катышуулары үчүн (форумдар, үн кошуулар ж.б.) “Демилге” ыкчам тиркемесин кийирүү.
Токмок – ачык жана тунук башкаруудагы шаар багыты.
Көйгөйлүү маслелерди чечүү, шаардын инфраструктуралык объектилерин жаңылоо жана оңдоо артыкчылыктарын аныктоо, Токмокк шаардык мэриясы менен шаар тургундарынын ортосундагы ачык пикир алышуу шарттарын түзүү максатында шаардык сайт тейленет жана социалдык тармактарда “Фейсбук”, “Одноклассники” өңдүү тайпалар п жана WhatsApp ыкчам тиркемесинде номер иштейт.
Токмок шаарында байланыш жана телекоммуникация чөйрөсүндө Маалымат иштетүү борборун ачуу пландаштырылууда. Анын курулушу менен келечекте маалыматтын электрондук базасы түзүлүп, жергиликтүү бюджетке кирешенин кошумча булагы болмокчу.
Ошондой эле калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүүдөгүбагыттардын бири Кыргызстан боюнча биринчи болуп 2014-жылы ачылган жана иштеп жаткан Токмок шаарындагы “Тейлөө-борбору” “Бирдиктүү терезе” режиминде, тактап айтканда тейлөөлөрдү бир жерде жүргүзүүнү өркүндөтүү пландалууда. Ал калкка сапаттуу муниципалдык тейлөө көрсөтүүнү камсыз кылмакчы.
Токмок шаарында муниципалдык тейлөө көрсөтүүнү жакшыртуу максатында 2017-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасындагы Эл аралык республикалык институт менен Токмок шаарынын мэриясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлган.
Токмок шаарынын жашоочуларына жана тейлөөлөрдү түпкү пайдалануучуларына Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын коммуникацияларынын шарттарын жакшыртуу максатында (Демилге) ыкчам тиркемесин кийирүү пландалууда – бул Токмок шаарынын шаар тургундарын электрондук референдумдар (добуш берүү жана сурамжылоо) тармагы.
Долбоордогу башкы милдеттердин арасында – Токмок шаарынын өнүгүүсүнө тиешеси бар көйгөйлүү маселелер боюнча шаардыктардын пикирин алуу. Токмоктуктар шаар бийлиги тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге таасир эте алышат жана көзөмөл милдеттерин пайдалануу жолдору аркылуу коомдук долбоорлорду демилгелей алышат, шаардагы окуялардан кабардар болушат жана шаардын көйгөйлөрүн натыйжалуу чече алышат.
Тиркеменин жардамы аркылуу баардык тартип бузуулар жөнүндө – кажы-кужуларды, жолдордогу чуңкурлар, унааны туура эмес токтотуу, таштандыны туш келди ыргытуу жана башка мыйзамсыз көүнүштөр тууралуу кабардап, тиешелүү кызматтардга кабарлай алышат.
Аталган долбоорду ишке ашыруу шаардын калкына шарт түзөт:
-шаардагы окуяларды башкарууга катышууга;
-шаар үчүн маанилүү чечимдердин кабыл алынышына;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгына жана тунуктугуна;
-муниципалдык тейлөөлөрдүн баардык түрлөрүнүн оңойлугуна;
-шаардык кеңештин шайланган курамы менен өз ара тыгыз байланышуунун оңойлугуна.
8.5. “Көрктөндүрүү” багыты
Максаты: “Көрктөндүрүү”
Милдеттери:
-“Токмок шаарында таштандыларды чогултууну, чыгарууну жана жок кылууну натыйжалуу уюштуруу” Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу
-“Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каражатына суу менен камсыздоону жана суу тутумдарын реконструкциялоо” долбоорун ишке ашыруу
Токмок – көрктөндүрүлгөн таза шаар багыты.
Токмок шаарында санитардык тазалоо, таштандыларды чыгаруу жана жок кылуу боюнча коммуналдык тейлөө көрсөтүү “Токмок шаарындагы Коммуналдык ишканалар комбинаты” тарабынан ишке ашырылат. Шаарды таштандылардан тазалоо таштандыны контейнерлерге чогултуп, таштанды полигонуна чыгаруу менен гана чектелет. Мындан тышкары атайын техникалардын эскилиги жеткендиги санитардык тазалоо жана таштандыларды чыгаруу боюнча иш-чараларды оз убагында жүргүзүүгө кедергисин тийгизүүдө.
Таштандыны чогултууну жана чыгарууну уюштуруу боюнча Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу өзүнө сыйымдуулугу чоң атайын техникаларды сатып алууну, таштанды полигонунда таштанды сорттоочу комплексти (ТСК) орнотууну камтыйт.
Долбоорду ишке ашыруу жеке компания таштанды чогултууну уюштуру, аны чыгаруу жана таштанды сорттоочу комплексте иштетүү укугун алган Мамлекеттик жеке өнөктөштүк шарттарында пландалууда .
Аталган долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында шаар курчап турган чөйрө менен экологиялык кырдаалдын, шаардыктардын жашоосу үчүн жана инвестициялык жагымдуулук шарттарынын жакшырышын алат.
“Токмок Водоканал” муниципалдык ишканасы Токмок шаарындагы пайдалануучулардын эки категориясы боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык: калкка, ишканаларга, башкаларга жана бюджеттик уюмдарга таза суу берүү жана агынды сууну тазалоо боюнча тейлөө көрсөтөт.
Суу менен камсыздоо тармагынын курулушу 1960-1964-жылдары жүргүзүлүп, пайдалануучулардын сууну пайдалануу көлөмү менен суунун айланыш шарттарына эсептелген. Ишкананын каржылык кудуретсиздигине байланыштуу 56 жылдан бери реконструкциялоого чоң салымдарды кошо албагандыктан капиталдык ремонт иштери жүргүзүлбөгөн. Учурда Токмок шаарында калктын санынын жана таза суу пайдалануучулардын санынын өскөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле суу түтүктөрү менен канализациялык тармактардын жана ичүүчү суу менен камсыздоочу жана канализациялык жабдуулардын эскиргендигине байланыштуу кайра калыбына келтирүүгө жана реконструкциялоого муктаж.
8.6. “Кварталдар жана кичи райондор” багыты
Максат: Аймактык өз алдынча башкаруу органдары менен кварталдык комитеттердин иштерин жандандыруу, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдөгү жоопкерчиликтерин жогорулатуу
Милдеттер: Жандануу борборлорун түзүү
· Мэриянын аймактык өз алдынча башкаруу органдары жана кварталдык комитеттер менен тыгыз иш алып баруусу (көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана чечүү боюнча шаардын жетекчилери менен жума сайын кездешүү);
· Аймактык өз алдынча башкаруу органдары жана кварталдык комитеттердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо;
· Аймактык өз алдынча башкаруу органдары жана кварталдык комитеттердин төрагаларын материалдык сыйлоо;
· Аймактык өз алдынча башкаруу органдары жана кварталдык комитет сынагын уюштуруу.
Токмок – ыңгайлуу жана жайлуу шаар багыты.
Шаарда 48 кварталдык комитеттердин башын бириктиреген 8 аймактык өз алдынча башкаруу органдары бар. 56 менчик ээлеринин шериктештиктери, 1 “Токмок турак-жай пайдалануу башкармалыгы” муниципалдык ишканасы, 1 “Жилсервис” жоопкерчилиги чектелген коому жана аскер гарнизонунун үй башкармалыгы иштейт.
Аймактык өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ошол аймакта жашаган жарандардын коомдук кызыкчылыктарын билдирет жана коргойт. Шаар тургундарынын жашоосун камсыз кылуудагы көйгөйлүү маселелер: жарык, газ, муздак жана ысык суу берүү, таштандыларды чыгаруу жана башкалар болуп саналат. “Ишеним” кызматына кайрылуулардын 95% коммуналдык маселелер боюнча.
Көйгөйлүү маселелердин өз учурунда чечилиши шаардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өз ара тыгыз аракеттенүүлөрүнө байланышкан. Аймактык өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жандандыруу мэрия тарабынан көйгөйлөрдү өз учурунда аныктоого жана жоюуга өбөлгө болмокчу. Ушуга байланыштуу шаардагы баардык кызматтардын өз ара тыгыз иштөө маселесин кароо жана аймактык өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин натыйжалуулугун жакшыртууга өбөлгө болуучу маселелерди кароо пландалууда.
8.7. “Эс алуу жана бош убакыт” багыты
Максат: Эс алуу аймактарын түзүү
Милдеттер:
“Лунапарк” эс алуу аймагын куруу
1-жана 3-кичи райондордун ортосундагы Сейил бакты ыңгайлаштыруу
Заманбап спорт комплексин куруу
“Эс алуу жана бош убакыт” багытында келечектүү өнүгүү бар жана төмөндөгү чаралар аткарылмакчы:
Шаардын баркын көтөрүүгө өбөлгө болуучу маданий объектилер капиталдык ремонтко жана заманбап техникалык жабдууга муктаж.
1981-жылы курулуп, учурда капиталдык ремонтту талап кылган (илинме шыбын, көрүүчүлөр залын жэана сценасын жылуулоо, отургучтарды которуу, имараттын маңдайын реконструкциялоо, сырткы тосмосун орнотуу) Насирдин Байтемиров атындагы Маданият ордосу бар. Имаратты оңдоо калктын көп санын камтыган ийримдердин, кызыкчылыктар боюнча клубдардын көбөйүшүнө, балдар менен чоңдордун камтылышынын өсүүсүнө, тактап айтканда шаардыктардын өздүк көркөм чыгармачылыгынын массаллуулугун камсыздоого, кароо-сынактарды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды дардоого жана өткөрүүгө өбөлгө болмокчу. Мындан сырткары аталган маданий объект шаардын кире беришинде жайгашкандыктан аны оңдоо шаардын көркүн ачкан көрүнүктүү архитектуралык объект болор эле.
Борбордук китепкана тегерек столдорду, жолугушууларды, илимий конференцияларды өткөрүү үчүн учур талабына ылайык жасалгалоого муктаж. Ошондой эле “Космос” кинотеатрын 3Д, 4Д, 5Д форматындагы фильмдерди көрсөтүү үчүн заманбап жабдууларга муктаж жана анда оюн автоматтарын орнотуп, кафе-бар жана башкаларды куруу зарыл.
Кичи райондо кинотеатр куруу маселеси каралмакчы.
Шаарда дене тарбия жана спорт объектилеринен карамагында 7140 чарчы метр келген стадиону бар балдар менен өспүрүмдөрдүн спорт мектеби бар. Ал шаардын ортосунда жайгашканы менен өз багытында пайдаланылбай келет. 2012-жылы жергиликтүү бюджеттен тегерете тосмо орнотуу үчүн 600,0 миң сом бөлүнгөн, ал эми толук жабдуу үчүн 54,0 миллион сом талап кылынат.
Токмоктогу индустриялык-педагогикалык жана агро өнөр жай колледждеринин карамактарындагы стадиондордун абалдары да ушундай эле.
Токмок – ыңгайлуу жана жайлуу шаар багыты.
Токмок шаарында бош убактыны өткөрүү үчүн Султан Ибраимов атындагы борбордук аянттын жанында сейил багы жана балдар аянчасы, 80-жылдары ишке берилген Аттракцион сейил багы, Борбордук китепканалар тармагы жана Балдар менен өспүрүмдөрдүн адистештирилген олимпиадалык резерв спорт мектебинин комплекси бар.
Шаар тургундары менен жакын жайгашкан аймактардын жашоочулары келип бош убактыларын өткөрүүчү өзгөчөлөнгөн эс алуучу жай шаарыбызда жок.
“Манап бий” эстелиг8инин батыш тарабындагы 14 гектар аянтка коомдук тамактануу тармагы, тейлөөлөрдүн башка түрлөрү бар “Лунапарк” оюн-зоок эс алуучу баардык инфраструктурасы бар сейил багынын курулушу шаардыктарга кошумча жумушчу орундарын, салыктын түшүшүн жана башкаларды камсыз кылмакчы.
Шаардын кичи райондорунда бош убакытты өткөрүүчү, дене тарбиясы жана спорт менен машыгууга (спорт аянтчалары), мектепке чейинки жаштагы балдар үчүн (балдар аянтчалары) атайын аянтчалар жок. 1-жана 3-кичи райондордун ортосунда сейил багы деп аталган бак-дарактар тигилген токой тилкеси бар. Ошол жайды өз аталышына ылайыктап, баардык зарыл болгон инфраструктуралык объектилерди – орунтуктарды, урналарды, жарыкты орнотуп, спорт жана балдар аянтчаларын куруу пландалууда.
“Мейманкана” жана “Кант заводунун” ортосундагы Мунайзат базасынын маңдайындагы аянтка “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун демөөрчүлүк каражатына заманбап спорт комплексин куруу пландалууда. Аймагы боюнча алганда аталган аймактардагы жашоочулар үчүн спорт жана эс алуу объектиси зарыл. Анткени шаардын борборунан алыс жайгашкандыктан мындай мекемелерге баруу кыйынчылыктарды жаратат. Миына ушул максатта Токмок шаардык мэриясы 2,0 гектар жер аянтын бөлүп берүү боюнча иш-чараларды өткөргөн.
8.8. “Адам капиталы” багыты
Максат:
Билимдүү шаар макамына жетишүү
Токмок – Кыргыз Республикасынын IT борбору
Милдеттер: Билим берүү борборлорун түзүү
- Билим берүү борборлорун түзүү (китепканалар, интернет-клубдар, багыттар боюнча каалоочуларды даярдоо жана кайрадан окутуу борборлору);
-рационализатордук сунуштар, илимий-техникалык жаңылыктар боюнча сынактарды уюштуруу;
-өнөр жай ишканалары тарабынан аталган иш-чараларга демөөрчүлүк кылуулары;
-өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн аянтты/орунду (IT борбору/ийрим), чыгармачылык демилгени көтөрүүчү, тажрыйбаны өнүктүрүү жана алмашуу боюнча орунду аныктоо;
- IT окутуу боюнча жогорку, атайын орто окуу жайларына жана мектептерге волонтерлорду тартуу;
-турак-жай маселесин чечүү аркылуу IT окутуу боюнча волонтерлорду, же жаш мугалимдерди тартуу үчүн шарттарды түзүү;
-Агроколледждин жатаканаларын муниципалитетке жатакана уюштуруу үчүн өткөрүп берүү маселесин кароо.
Токмок – билимдүү шаар багытында.
Шаарда 12 орто билим берүүчү мектеп, 6 бала бакча, 1 балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачыл борбору, 1 музыкалык мектеп, 2 жогорку жана 6 атайын орто окуу жайлары иштейт.
Булардан тышкары “Ак-Бата” христиан мектеби, Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейи, кыргыз-түрк “Сабат” кыздар лицейи, кыргыз-түрк “Сабат” балдар лицейи иштешет.
Атайын орто окуу жайлары: Медициналык колледж, №23 кесиптик лицейи, Агроөнөр жай колледжи, ИСИТО Токмок филиалы, индустриялык-педагогикалык колледжи, республикалык маданият колледжи.
Жогорку окуу жайлары: Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы академик Х.А.Рахматулин атындагы Токмок техникалык институту жана Борбор Азиядагы Эл аралык университет (МУЦА).
Мыкты мектеп, мыкты класс, эс алууга жолдомо жана сыйлыктарды төлөп берүү жолу менен билмдүү муунду тарбиялоого мүмкүндүк берген мыкты мугалим аталышындагы сынактарды өткөрүү аркылуу шаардын мектептеринин мугалимдер курамына өбөлгө болуу пландалууда.
Мындан тышкары шаардагы билим берүүнүн жогорку деңгээли анын аймакта, өлкөдө таанымал болуусуна, абройлуу жогорку окуу жайларынын филиалдарынын өсүүсүнө өбөлгө болмокчу. Башталгыч, орто, атайын орто жана жогорку билим берүүнүн калыптанган тармагынын бар экендиги.
Билимдүү жаштар шаардын жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүсүнүн келечеги.
IX. Стратегиялык тартипти тандоо
9.1.Орто келечекке эң маанилүү 4-5 багытты тандап алуу.
Жумушчу топтун иштеринин жыйынтыгы боюнча 2018-2022-жылдар аралыгында шаардын өнүгүүсү пландалып жаткан 8 багыт тандалып алынган:
9.1. “Шаардын экономикалык” модели багыты
9.2. “Куруу тармагы” багыты
9.3. “Башкаруу жана коммуникациялар” багыты
9.4. “Ландшафт жана курчап турган чөйрө” багыты
9.5. “Көрктөндүрүү” багыты
9.6. “Кварталдар жана кичи райондор” багыты
9.7. “Эс алуу жана бош убакыт” багыты
9.8. “Адам капиталы” багыты
9.2. Масштабдуу шаардык долбоорлор (10 долбоорго чейин)
X. Каржы модели
10.1. Моделдин баасынын эсеби (инвестициялык жана операциялык чыгашалар)
Ушул өнүгүү программасынын алкагында Токмок шаардык мэриясы тарабынан шаардын экономикалык өнүгүүсүнө, шаардын инфраструктурасын жакшыртууга, шаарды жана муниципалдык менчикти натыйжалуу башкарууга, шаардын жана жакын жайгашкан калкттуу пункттардын жашоочуларынын жашоо деңгээлин интеграциялоого жана башкаларга багытталган бир нече долбоорлор демилгеленүүдө.
Инвестициялык сунуш катары жумушчу тобу тарабынан тандалып алынган 8 долбоор сунушталууда. Анын ичинде:
№1 долбоор: “Башкы планды иштеп чыгуу” долбоору (жергиликтүү бюджет менен донорлордун каражаттарынын эсебинен);
№2 долбоор: “Баласагын” маданий эс алуу сейил багын көрктөндүрүү долбоору (жергиликтүү бюджет менен инвесторлордун каражаттарынын эсебинен);
№3 долбоор: “Мейманкана” жана “Кант заводунун” ортосундагы Мунайзат базасынын маңдайындагы аянтка Спорт комплексин куруу долбоору (“Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун демөөрчүлүк каражатына);.
№4 долбоор: “Шаардын арык тармактарын калыбына келтирүү” долбоору (жергиликтүү бюджеттин эсебинен);
№5 долбоор: “Таштандыны чогултуу жана чыгаруу боюнча Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча” долбоору (жергиликтүү бюджет менен инвесторлордун каражаттарынын эсебинен);
№6 долбоор: “Токмок шаарында суу менен камсыздоо жана суу тармактарын реконструкциялоо” долбоору (Европа өнүктүрүү банкынын гранттарынын эсебинен);
№7 долбоор: “Лунапарк” эс алуу аймагын түзүү” долбоору (инвесторлордун каражаттарынын эсебинен);
№8 долбоор: “Демилге” ыкчам тиркемесин кийирүү” долбоору (демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен).
Инвестициялардын болжолдонгон жалпы суммалык чыгашалары 700,1 миллион сомду түзмөкчү. Бул жыйынтыктоочу сумма болбогондуктан долбоордук сумма аны ишке ашыруунун жүрүшүндө такталат.
10.2. Киреше бөлүгүн баалоо (киреше бөлүгүн, жүрүп жаткан процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана стратегиянын эсебинен мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү).
Ушул Программада көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен шаарда шаардын өнөр жай кубаттуулугун калыбына келтирүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, маданий эс алуучу жана спорттун жаңы объектилерин (чакан жана орто бизнестин жаңы кубаттуулуктарын жана жаңы объектилерин ишке кийирүү) түзүү жана пайдалануу, шаардын жер ресурстарын натыйжалуу башкаруу, шаардагы муниципалдык жана жеке долбоорлорго, жеке бизнеске ички жана чет элдик капталды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мүмкүндүгү пайда болот.
XI. Өнүгүүгө катышкандар жана өнөктөштөр
9.1.Саясий жана экономикалык элиталар
9.2.Ишкерлер, кесиптик кошундар
9.3.Жаштардын уюмдары
9.4.Активдүү шаардыктар
9.5.Коомдук бирикмелер
9.6.Эл аралык уюмдар
9.7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташуу