КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-марты № 21/1
Кызыл-Дыйкан айыл аймагындагы СПА “Март-2001” ассоциациясынын “Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана азыктандыруулусун жогорулатуу тууралуу” проектинин алкагында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 649 Токтомунуна ылайык алып жаткан техникалык кредиттин 50% дык (элүү пайыздык) кайтарымын төлөп берүүгө Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин астында кепилдик милдеттемесин алуу тууралуу Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн материалын карап жана талкуулап токтом кылат
ТОКТОМ:
1.Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн СПА “Март-2001” ” ассоциациясы алып жаткан техникалык кредиттин 50% дык (элүү пайыздык) кайтарымын төлөп берүүгө Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин астында кепилдик милдеттемесин алуусуна макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 649 Токтомунуна ылайык ассоциация карызды төлөбөсө Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтү карызды өз каражатынан төлөөгө милдетендирилет.
3.Кызыл-Дыйкан айыл аймагын башчысы А.К. Манаповго Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги менен түзүлгөн кепилдик келишимге кол коюга тапшырык берилет.
Төрага | Т. Джыбыкеев |