Загрузка документа…
ТАЛДЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-январы № 3
Талды-Булак айыл аймагынын Талды-Булак айыл кенеши озунун иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жана Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтомдорун колдонуп, Кыргыз Республикасынын “Оз алдынча башкаруу жонундо” Мыйзамынын 28-беренесинин 1-п.,29-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Булак айыл кенешинин Типтуу Регламенти бекитилсин.
2. Бекитилген Типтуу Регламент Талды-Булак айыл окмотунун веб-сайтына жарыялансын.
3. Бекитилген Талды-Булак айыл кенешинин Типтуу Регламентин Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгында мамлекеттик реестрине киргизилсин.
Төрага | Б. Кененсариев |
Талды-Булак айыл кеӊешинин 2018-жылдын 15-январында №3 токтому менен бекитилген |
Талды-Булак айыл аймагынын Талды-Булак айыл кеңешинин
Типтүү Регламенти
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде иштелип чыкты
I БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава
Айыл аймагынын кеңеши
1.1. Айыл аймагынын кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айыл аймагынын кеңешини иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айыл кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айыл аймагынын кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айыл аймагынын кеңешинин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2-Глава
Айыл аймагынын кеңешинин компетенциясы
2.1.Айыл аймагынын кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджети аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакттарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктердин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү аларды иштеп чыгуу;
10) кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтынан бошотуу, кенештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин Регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде мэрдин, шаардык башкаруунун, поселкалык башкаруунун жана айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
14) Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу учүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
15) Алкоголдук ичимдиктерди жанан тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды откорууго тыйу салгана чейинки чектоолорун аныктоо;
16) Ирригациялык тармактарды, уйдогу жана уй жанындагы участкаларды кутуунун тартибин аныктоо;
17)жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү
2.2.Айылдык кенештердин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгудөй маселелер чечилет:
- Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Ушул мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдируу;
- Тийешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинини баллдарын жэсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы учун салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
- Айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чоп чабындыларды кайра болуштуруу фонддорун, ижарага беруунун тартибин аныктоо.
2.3.Айыл аймагынын кеңеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
2.4. Айыл аймагынын кеңеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
II Бөлүк
Айыл аймагынын кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары.
3-Глава
Айыл аймагынын кеңешинин төрагасы
3.1. Жергиликтуу кенештердин төрагалары тийешелүү кенештин сессиясында жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруу добуш менен жергиликтүү кеңешитин ыйгарым укуктарыны мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Айыл кенештин төрагалары тийешелүү кенештин сессиясында жергиликтуу кенештин ыйгарым укуктанынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
3.3.Тийешелүү жергиликтүү кенештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүнүн тартиби жана шайлоонун дагы башка жол жоболук маселелери тийешелүү жергиликтүү кенештин регламентинде аныкталат;
3.4. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда жергиликтүү кенештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү кенештин депутаттарынын 3/2 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
3.5.Айыл кеңештердин төрагалары озунун милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кенешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарышат.
3.6. Жергиликтуу кенештин торагасы:
- Жергиликтуу кенештин сессиясын чакырат;
- Сессияларга төрагалык кылат;
- Жергиликтуу кенештин чечимдерине кол коет;
- Жергиликтуу кенеш тарабынан жуктолгон башка милдеттерди аткарат.
3.7. Жергиликтуу кенештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
4-Глава
Жергиликтуу кенештин төрагасынын орун басары.
4.1.Жергиликтүү кенештин төрагасынын орун басары кенештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же оз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүүугү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
4.2. Жергиликтуу кенештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан Жергиликтүү кенештин депутаттарынын 1/3нин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мумкун.
4.3. Жергиликтуу кенештин төрөгасынын орун басары озунун ишин, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтуу кенешинин төрөгасынын орун басарын кошпогондо, коомдук башталыштарда жузого ашырат.
5-Глава
Айыл аймагынын кеңешинин катчысы
5.1. Айыл аймагынын кеңешинин катчысынын милдетин айылдык аймагынын жооптуу катчысы аткарат.
5.2. Айыл аймагынын кеңешинин катчысы:
- Айыл аймагынын кеңешинин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
- Айыл аймагынын кеңешинин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
- Айыл аймагынын кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
- Айыл аймагынын кеңешинин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
- Айыл аймагынын кеңешинин сессия токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
- Айыл аймагынын кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
6-Глава
Айыл аймагынын кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясылары
6.1. Айыл аймагынын кеңешинин кеңешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.
Айыл аймагынын кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.
Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык округунун кеңешинин жана поселкалык кеңештин депутаттары тарабынан аныкталат.
6.2. Айыл аймагынын кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III БӨЛҮК
Айылдык аймагынын кеңешинин ишинин жалпы тартиби
7-глава
Айыл аймагынын кеңешинин сессиясын өткөрүү тартиби
7.1. Айыл аймагынын кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.
Айыл аймагынын кеңешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Айыл аймагынын кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.2. Айыл аймагынын кеңешинин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
7.3. Айыл аймагынын кеңешинин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кенештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
7.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
7.5. Айыл аймагынын кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
7.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
7.7. Айыл аймагынын кеңешинин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүрүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколко сессияга төрөгалык кылуучунун колу коюлат.
7.8. Керек болгон учурларда айыл аймагынын сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
8-глава
Айылдык аймагынын кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
8.1. Айыл аймагынын кеңешинин сессиясында каралган маселер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
8.2. Айыл аймагынын кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
- Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
- Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш;
- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
- Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунуду болуусу керек.
8.3. Айыл аймагынын кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айыл округ кеңешинин жана поселкалык кеңештин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
8.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
8.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
8.7. Айыл кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
8.8. Айыл кеңешинин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
9-глава
Жергиликтуу кенештердин ыйгарым укуктарыныны токтолушу
9.1. Жергиликтуу кенештердин ыйгарым укуктары жеергиликтуу кенештин жаны курамы тузулушуно, кенеш моонотунон мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
9.2. Жергиликтуу кенештер моонотунон мурда томондогудой учурларда таркатиылышы мумкун:
- тиешелуу жергиликтуу кенештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын 2/3 кем эмес копчулугу тарабынын кабыл аланган чечим боюнча;
- ушул мыйзамда каралаган негиздер боюнча Президент тарабынын;
- Тиешелуу шаардын же айылдын чек араларынын озгорулушуно алып келген кайра уюштуруу учурларында;
9.3. Өзүн–өзү таркатуу жоунундо жергиликтуу кенештин чечими кенештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу учун Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
9.4. Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтуу кенешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу жергиликтуу кенешти таратуу жонундо Жарлыгы, эгерде Мыйзамдын озундо башкача мөөнөт каралбаса, тийешелүү администрациялык – аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
9.5. Жергиликтуу кенеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлагы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
9.6. Жергиликтүү кенеш мөөнөтөнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти – аткаруу органынын тийешелүү башчылары, ал эми райондук кенеште райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы өз мойнуна алат.
IV БӨЛҮК
Айылдык аймагынын кеңешинин Регламенти
10-глава
Айыл аймагынын кеңешинин жана Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
10.1. Айыл аймагынын кеңешинин иш Регламентин Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат, жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
10.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кеңешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
10.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
10.4. Регламент жана Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депуттаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.