Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 2
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарын 2019-жылга карата өнүктүрүү планына (СРС) үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу долбоорлоду бекитүү жөнүндө сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарын 2019-жылга карата өнүктүрүү планына (СРС) үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлор тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркеме тиркелет).
2. Долбоорлордун бюджетинин 15% ден кем эмес өлчөмдөгү суммасы өздүк салым катары 2019-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизилсин.
3. Исфана шаардык Кенешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда белгиленген сунуштарды өз убагында четтетпегендигине байланыштуу мэриянын тийиштүү адистерине чара көрүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Н. Хамраевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын
2018-жылдын 27-ноябрындагы кезексиз
XIX сессиясынын № 2 токтомуна тиркеме
Үлүштүк гранттардын эсебинен 2019-жылы каржылоого сунушталуучу долбоорлордун
ТИЗМЕСИ
№ | Мекеменин, обьекттин аталышы | Жетекчисинин фамилиясы, аты | Долбоордун аталышы | каржылоо | |||
жалпы бюджет | грант | өздүк салым | салым % | ||||
1 | № 1 Гимназия жатак-интернаты | Тагаева Айнура | № 1 Гимназия жатак-интернатына чарбалык имараттарды куруу жана мектептин аймагын абаттоо | 4656,047 | 3000,0 | 1656,047 | 36 % |
2 | Исфана орто мектеби | Худойназаров Давронбек | Исфана орто мектебинин жылытуу системасын оңдоо жана мектептин аймагын абаттоо | 3968,215 | 3000,0 | 968,215 | 24,4 % |
3 | А.Навои атындагы орто мектеби | Сатарова Орозгуль | А.Навои атындагы орто мектебинин жылытуу системасын жана котелун капиталдык оңдоо | 3570,700 | 3000,0 | 570,700 | 16 % |
Исфана шаардык Кенешинин жооптуу катчысы: З. Туяков